Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Энергетика: арзан тариф, араңжан система


Өкмөт энергиянын тарифи көтөрүлөрү тууралуу жоромолдорду расмий төгүндөп, жыл аягына чейин электр баасы сакталарын билдирди.

Ошентсе да электр акысы кымбаттайт деген маалыматтын чыгышы жарандардын терс маанайын пайда кылып койду.

Энергетиктер өкмөттө тарифти көтөрүү планы акыркы жылдары актуалдуу болуп турганын, бирок саясий чыңалуудан тайсалдап, калкка ачык айта албай жатканын, бирок бааны жогорулатмайынча энергетика системасында тетиктерди жаңылоо мүмкүн эмес экенин айтышат.

Маалымат кайдан чыкты?

Айрым интернет сайттарда Кыргызстанда электр энергиянын баасы көтөрүлөрү тууралуу маалымат чыккандан көп өтпөй социалдык тармактарда жарандардын нааразычылыгы күчөдү. Интернет сайттар бул маалыматты Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигине шилтеме берип жарыялаган.

Бирок аталган комплекс энергиянын тарифи көтөрүлөрү тууралуу маалыматты төгүндөп, азырынча бул маселе өкмөттө талкуулана электигин билдирди.

Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Таалай Нурбашев “Азаттыкка” интернет сайттар эски маалыматты жайгаштырып салганын айтып берди.

- Быйыл электр энергияга болгон баа көтөрүлбөйт. Интернет порталдарга чыккан маалыматтардан улам мен расмий бардык тарапка кабарлап, баалар көтөрүлбөсүн айтып жатам.

Анткен менен өкмөт мындан эки жыл мурун электр тарифин акырындык менен көтөрүү тууралуу баа саясатын иштеп чыккан. Ага ылайык электр тарифи быйыл жайында он пайызга чейин көтөрүлүшү керек эле.

Бааны көтөрү - муктаждык

Бааны көтөрмөйүнчө өлкөнүн энергосистемасында олуттуу оңдоп-түзөө иштерин жасоо мүмкүн эмес экенин энергетик Бакирдин Сартказиев айтат. Ал эгемендүүлүктөн бери энерготармакка алынган 1 миллиард долларга жакын насыяны кайтарууга учур келгенин да белгилөөдө.

- Энергетикага алынган насыялар 1 млрд. доллардан ашып кетти. Бул акчаны бюджеттен бере албайбыз жана бир гана жолу тарифти көтөрүү менен насыяларды төлөш керек. Өлкөнүн энергетика тармагы Советтер союзунун убагында курулган. Алиге чейин олуттуу реконструкциялык иштер жүрө элек. Өкмөт бул иштерди аткаруу үчүн акырындык менен баары бир тарифти көтөрүүгө барат.

Сартказиев кошумчалагандай, соңку эки революцияда энергия тарифи саясатташып кеткендиктен, өкмөт калкка абалды түшүндүрө албай жатат. Ал аз келгенсип кымбаттаган электр баасы оппозициядагыларга ири упай алып келет. Ушундан улам, жакынкы жылдарда энергетика тармагындагы шаймандар, өлкөнүн ГЭСтериндеги тетиктер жаңыланбай кала берээрин айтат Бакирдин Сартказиев.

- Азыр оппозиция кыйкырса эле тарифтерди көтөрбөйбүз деп өкмөт кетенчиктеп жатат. Бул деген кайсы бир жерде боло турчу реконструкциялык объектке акча бөлүнбөй калды деп түшүнүш керек. Азыркы светтин баасынан түшкөн каражат учурдагы эксплуатациялык чыгымдарды эле жаап, андан ашпайт. Убакыт-сааты келгенде Токтогул, Күрп-Сай ГЭСтериндегидей аварияларга туш болобуз.

Бакиров: энергия өз баасында берилсин

Бир жарым жыл мурун Дүйнөлүк банк Кыргызстандын электр энергиясынын тарифи өзүн актабасын айтып, бааны жогорулатуу сунушун берген. Анда жылына энергияны колдонуу көлөмү өсүп жатканы айтылып, 2020-жылга барып Кыргызстанда электр тартыштыгы 30 пайызга жетери айтылган.

Бирок, саясатташып кеткен электр баасы Жогорку Кеңеште да байма бай айтылып жүрөт. Алсак 9-февралдагы жыйында бир катар депутаттар бийик тоолуу райондорго тариф саясатын жеңилдетип, атүгүл кээ бир айылдар өз баасында алышы керектигин өкмөттөн талап кылды. Депутат Мирлан Бакиров энергетика тарифин козгогондордун катарында болду:

Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров

- Электр энергия тарифи азыр актуалдуу болуп турат. Токтогул району боюнча өзүнчө атайын мыйзам кабыл алынган. Ал жерде Токтогул районунун Каракөл шаары, Жазы-Кечүү айылдарына да энергия өз баасында берилиши керек. Бирок, бүгүн андай болгон жок да. Ошондой эле 700 кВт лимити бир гана тоолуу райондор эмес, жакынкы райондогу калкка жетишсиз болуп жатат.

Энергетиктердин айтуусунда, өлкөнүн энергетикасы кирешелүү тармакка айланганга чейин кайсы бир аймактарга өкмөт жеңилдетилген тарифтерди бериши күмөн.

2014-жылы өкмөт Кыргызстандын 2017-жылга чейинки кыска мөөнөттүү тарифтик саясатын иштеп чыккан. Ага ылайык энергиянын бир киловатт сааты 2017-жылга чейин 70 тыйындан 84 тыйынга көтөрүлүшү керектиги камтылган. Бирок былтыр жазында президент Алмазбек Атамбаев өзү кийлигишип, тарифти антип көтөрүүгө болбой турганын билдирген.

Кыргызстанда электр тарифи акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Ага ылайык энергия 10% кымбаттап, бир кВт саат 70 тыйындан 77 тыйынга жеткен.

Ошондой эле кризиске байланыштуу Кыргызстан электр энергиясын коңшулардан сатып алууга аргасыз болгон. Ошол импорттук чыгымдарды жабуу максатында 700 кВт сааттан ашык колдонгондорго 2,16 сомдук тариф коюлган. Бирок учурда Кыргызстан башка өлкөдөн электр импортун токтотконуна карабай, энергия тарифи ошол бойдон сакталып келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG