Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

"Акылдуу" эсептегичтин күмөндүү санагы


Электр энергиясын пайдалануучулар жаңы "акылдуу" эсептегичтерден күмөн санап жатышат. Жаңы аппарат койдурган соң айрым жарандар жарыктын эсеби дароо эки эсе көбөйгөнүнө нааразы.

Токмок шаарынын тургуну Еленанын үйүндөгү эски электр эсептегич быйыл жыл башында жаңысына алмаштырылган. "Акылдуу" эсептегич орнотулган январь айы үчүн ага 7,5 миң сом эсеп чыгып келген. Мурда ушундай эле көлөмдө пайдаланган электр жарыгы үчүн 3 миң сомдун тегерегинде төлөп келген аял нааразы болуп Токмоктун энергия сатуу ишканасына барган.

- Бул эсептегич кандай тездик менен айланып жатканына түшүнбөй калдым. Жарыкты мурдагыдай өлчөмдө пайдалансак да акчасы дароо эки жарым эсе көп болгону эмнеси? Азыр Токмоктун жарымы ушундай абалга туш болуп, дендароо болуп отурушат. Кошуналарым, тааныштарымдын баары айтып жатат. Баарынын эсептери дароо эселеп өсүп кетти. Баары "Энергосбытка" барып чыр салып жатышат. Ал жактан деле эч нерсе түшүндүргөн жок. "Текшерели" дейт. Жүрөгүм ооруп, үйдөгү болгон оокаттын баарын өчүрүп салып отурам.

Токмок энергия сатуу ишканасынын башчысы Нурлан Иманалиев нааразылыктар болуп жатканын моюнга алып, айдын аягында дүмүрчөк колго тийген соң аларга 20дай киши келгенин, бул күндөрү дагы эки-үчтөн жарандар кайрылып жатканын билдирди. Ошол эле учурда ал “акылдуу" эсептегичтен айып издөөнүн кереги жоктугун, маселе баары анын өтө эле тактыгынан чыгып жатканын айтты.

- Жаңы эсептегичти койгон соң пайдалануу көбүрөөк болуп жатат деп келип жатышат. Эскилери же бизге каршы, же абонентке каршы иштечү да. Ал эми "акылдуу" эсептегич өтө сезимтал келип, так иштейт. Баарын эсептей берет. Ошондуктан көп болушу мүмкүн. Кээ бирөө тескерисинче пайдалануу азайып калды деп айтып жатат. Телефондун зарядкасы, телевизорду пульт менен өчүрсөң ал дагы эсептелет. Бир киши көп айланып жатат дегенинен монтёрлорду жибердим. Эсептегичти текшертсек туура эле экен. Үйүнө кирсек эски муздаткычы бар экен. Анын өчүрүп-күйгүзгөн механизми иштебей калып, тынбай иштегени үчүн көбүрөөк чыгыптыр.

Социалдык тармактарда да жарык акысын ырааты менен эле төлөп келатып, акыркы учурда ойго келбеген эсептерди алып, эси чыгып жаткандар “акылдуу" эсептегичтин тууралыгынан шектенип жаткан кези.

Энергетикалык жоготуулар азаябы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:48 0:00

Жарандарды бушайман кылган "акылдуу" эсептегичтин күмөнү парламентке чейин жетип, учурунда автоматташтырылган эсеп системасын киргизүүнү демилгелеген депутат Кожобек Рыспаев өзү долбоорду ишке ашыруу жараянына ичи чыкпай жатканына кейиди. Электр энергиясын пайдаланганы боюнча эсептер башаламан жүргүзүлүп, бирөөнө аз, экинчисине көп келип жатканын белгилеген эл өкүлү бул үчүн "акылдуу" эсептегичтерди ишке киргизген аткаминерлерден жооп талап кылуу керектигин айтууда.

“Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз катчысы Гуля Мураталиеванын маалымдашынча, "акылдуу" эсептегичтерден сигнал серверге "Сапатком", "Билайн" жана "Мегаком" уюлдук операторлору аркылуу түшөт. Декабрь айында "Сапаткомдун" өзүндө чыккан көйгөйлөрүнөн улам айрым участкадагы маалымат алуу процесси үзгүлтүккө учураган. Мындан улам жарандарга декабрь айы үчүн эсеп мурдагы айлардыкына теңелип, орточо баа жиберилген. Бирок анын айырмасы кийин кайра эсептелип чыгып, январь айына кошулгандыктан, акыркы эсептер керектөөчүлөрдү чочутушу мүмкүн.

- Бир себеби ошол "Сапаткомдун" көйгөйүнөн улам болуп жатат. Алардын “Кыргызтелеком” менен өз ара талаш-тартыштары болуп жатпайбы. "Телеком" ошол талаштан улам "Сапаткомдун" жабдыктарын электр энергиядан өчүрүп койгон. Ошол себептен биздин серверге 10 пайыз концентраторлордон сигнал келбей калат. Ошол участкалардагы кардарларга биз электр энергияга болгон эсеп-кысабын орто эсеп менен эсептеп, ноябрдагы, мурдагы көрсөткүчүнө таянып жиберүүгө туура келди. Ал эми ноябрда шарт башка да, күн жылуу дегендей. Ошондуктан декабрда азыраак эсеп жөнөтүлүп жатат. Бирок январь айында болсо, кайра эсептер так калыбына келди. Декабрда аз чыкканы менен, андагы айырма январь айына кошулду. Ошон үчүн акчасы эки эсе эмес, бир-бир жарым эсе көбүрөөк чыгып калды.

Мураталиева автоматташтырылган эсептегичке сырттан же ишкананын кызматкерлери тарабынан кийлигишүү болушу мүмкүн эмес деп ишендирет.

Эскилери же бизге каршы, же абонентке каршы иштечү да. Ал эми "акылдуу" эсептегич өтө сезимтал келип, так иштейт.
Нурлан Иманалиев

Энергетика тармагы боюнча эксперт Нурзат Абдырасулова энергокомпаниялар "акылдуу" эсептегичтерди орнотууда жарандардан түшкөн кайрылууларга көңүлкош мамиле кылбашы керек деп эсептейт. Анын пикиринде, кайрылуулар болуп, нааразылыктар чыгып жаткан соң, атайын техникалык комиссия түзүлүп, маселени жеринен изилдеп, жарандардын суроолоруна так жооп бериши керек.

- Энергокомпаниялар тарабынан атайын техникалык комиссия түзүлүп, ошол маселе жараткан эсептегичтер текшерилип, протоколдор түзүлүп, ачык-айкын түшүндүрүү болушу керек. Анткени "Энергосбыттагылар" болгону эсеп төлөмдөрүн кабыл алышат. Офисте отуруп алып, техникалык жактан чыгып жаткан маселени айтыш кыйын. Комиссиялык түрдө эле карап чыгыш керек.

Энергоишканалардын болжолунда жалпы Кыргызстанга 400 миң "акылдуу" эсептегич орнотулушу керек болчу. 2012-жылдан тарта алардын 174 451и гана коюлган. Алардын ичинен 117 485и Бишкекте, 42 965и Чүйдө жана 6 902 даанасы Таласта орнотулган. Кыргызстанда жалпы кардарлардын саны 1 миллион 300 миңди түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG