Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Санаага салган сасык тумоо


Кыргызстанда сасык тумоого байланыштуу жабылган мектептердин саны 140тан ашты, көпчүлүгү Бишкекте жана Чүйдө. 6-декабрда маселе өкмөттө талкууланып, тиешелүү мекемелерге оорунун мындан ары жайылышына жол бербөө, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Бишкек шаарынын тургуну Анара Сагынбаева ооруканага төрт күн мурда эки баласы менен жатып калган. Азыр абалы дурус болуп калганын айтты:

- Тамагынан кармап ооруп, температурасы 40тан түшпөй койду. Эки балам менен жатам. Улуум тогузда, кичүүсү 2,5 жашта. Бүгүн төртүнчү күн болуп калды. Тамчылатма дары куюшту. Бүгүн ингаляция кыла башташты. Кызыма ийне сайып жатышат.

Анара менен бир бөлмөдө майда балдары ооруган дагы үч келин, анын бири эмчектеги баласы менен жатат. Бөлмөдөгүдөй эле коридордо да дем жетпейт. Себеби 40 орунга эсептелген жерге 51 керебет коюлган, көбү балдар. Ар биринин жанында энеси же башка тууганы.

Жугуштуу илдеттер ооруканасында он бөлүм бар, учурда анын жетөө жалаң сасык тумоологондорду кабыл алууда. Реанимация бөлүмүндө сегиз оорулуунун алтоо бир жашка чыга электер. Алардын абалы оор, бирок өмүрүнө коркунуч жок дешет дарыгерлер.

Мекеменин бөлүм башчысы Койсун Бегалиева бейтаптардын көбөйүшү ноябрдын аягында аба кескин сууктай түшкөндө башталганын айтууда:

- Кыйынчылыктар болуп жатат. Анткени 40 орундуу бөлүмдө 51 адам жатат. Ар бирине көңул буруу зарыл. Оор абалда, дене табы 39-40 градус болуп кеткенде келип жатышат. Кичине балдардын 80% жогорку температураны көтөрө албай, карышып калууда. Ошондуктан ыкчам иштөөгө туура келүүдө. Түшүнбөстүктөр да көп, “Эмне үчүн биз коридордо жатабыз?” деп нааразы болушат...

Сасык тумоо маселеси 6-декабрда өкмөттө, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова өткөргөн жыйында да талкууланды.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, республика боюнча үстүбүздөгү жылдын 10 айында өткөн жылдын ушундай эле мезгилине салыштырганда оорунун саны дээрлик 6% жогорулаган.

Билим берүү жана илим министрлиги бүгүнкү күндө республика боюнча 141 мектеп убактылуу жабылганын айтууда. Карантиндин мөөнөтү жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалга жараша болот. Бала бакчаларда ооругандар анчалык көп болбогондуктан карантин киргизилген жок.

Көпчүлүк бейтаптар быйылкы сасык тумоо жылдагыдан өзгөчө оор болуп жатканын айтса, доктурлар адаттан тыш белгилер байкалбаганын, ооруканада орун жетишпей жатса да баарын айыктырып үйүнө жөнөтүп жатканын белгилешет. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл мекемесинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева:

- Жок, сасык тумоо өзү негизи ошондой жүрөт. Муундар, сөөктөр, дене бүт ооруйт. Дене табы жогору болот. Сасык тумоодон тышкары азыр ага караганда жеңилирээк деген парагрипп, риновирус, аденовирус жүрүп жатат. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча грипптин А жана В түрү жүрүүдө. Бул жылда эле катталат.

Доктурлардын белгилешинче, мектептерде карантин киргизилгени жардам сурап кайрылган бейтаптардын саны бүгүн гана бир аз басаңдай түштү. Бирок жылдагы сезондук өзгөчөлүктөрдү эске алганда алдыда дагы бир нече ай сак болуш керек дейт Динара Оторбаева.

- Октябрдан апрелге, февралдын аягына чейин сасык тумоо ушинтип жүрүп турат. Таптакыр жок болуп кетпейт. Анткени бул оорунун сезону. Оорубайм деген адам беткап тагынып, жеке тазалыгын сактап, киши көп жерде мурдунун көңдөйүнө Оксолин сүйкөп, үйгө келгенде аны жууп коюушу зарыл. Жашылча, витаминдүү тамактан көп жеш керек. Жамаат болуп иштеген жер дайыма жабык турса бир эле адам ооруп келген учурда, аны жуктурганга абдан жакшы шарт түзүлөт.

Адатта декабрь-январда күчөгөн сасык тумоо быйыл кыш түшө электе башталганын адистер ноябрдын аягында аба ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктап кеткени менен байланыштырууда.

Сасык тумоо элди жүдөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

Кандай болгон күндө да доктурлар оорунун алгачкы белгилери байкала баштаганда мүмкүнчүлүк болсо бир-эки күн төшөктө жатып, организмге күч келтирбөө, суюктукту көп ичип, бөлмөгө таза аба үзгүлтүксүз кирип турушун камсыз кылуу маанилүү экенин айтышат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG