Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Орусияга тымызын "учкан" миллиондор


Иллюстрация
Иллюстрация

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы беш жыл ичинде Орусияга 170 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен эки кишини кармап, кылмыш ишин козгоду.

Дарексиз 11 миллиард...

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кыргызстандан Орусияга 170 миллион доллар (болжол менен 11 млрд 390 млн сом) кылмыштуу жол менен чыгарылып кеткенин аныктады.

Мекеменин маалымат катчысы Азамат Шейшеевдин “Азаттыкка” ырасташынча, кармалгандардын бири Д.Н. аттуу жаран Финансы министрлигинин кызматкери болгон.

- Эки адам кармалып, бирөө тергөө изоляторунда отурат. Экинчиси үй камагында. Чыгарылып кеткен акча 170 миллион долларды түзөт. Кандай жол менен чыгарып кеткени тергөө иштери менен такталып жатат. Шектүүлөрдүн бирөө 2004-жылдан 2016-жылдын башына чейин Финансы министрлигинде иштегени аныкталды. Экинчи адам аны менен байланышта болгон.

Кармалган эки кишиге мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу беренелери боюнча иш козголду. Тергөөнүн маалыматы боюнча ири өлчөмдөгү шектүү каражаттар 2011-жылдан 2016-жылга чейин “Манас” аэропорту аркылуу Орусияга чыгарылган. Бул ишке айрым коммерциялык банктардын да катыштыгы бар экени айтылууда.

Деген менен Финансы министрлиги шектүү жарандын аталган мекемеде иштегени белгисиз экенин айтууда. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү ачыкка чыга элек, ортодо фамилияларын өзгөртүүгө үлгүрүшкөн. Финансы министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Гүлмира Түгөлбаева буларга токтолду:

- Ал кызматкердин Финансы министрлигинде иштебей калганына жарым жылдан ашты. Эгерде учурда иштеп жаткан болсо териштирмекпиз. Анын үстүнө анын 2016-жылдын январына чейин иштегени айтылып жатат. Жарым жылда министрликке кимдер келип, кимдер кетип жатканын биз билбейбиз.

Кылмышка шектүүлөр кайсы каражатты чыгарып кеткени аныктала элек. Алдын ала маалымат боюнча, чет өлкөлөрдөн табылган арам акча Кыргызстан аркылуу адалданган болушу мүмкүн.

Накталай жүгүртүү талоон топтун жемиби?

Мындай фактылар өлкөдө алгач ирет катталган жок. Эксперттердин баамында, коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүсү кымбат болгондуктан ири суммадагы накталай акча Ош аба майданы аркылуу да Орусияга байма-бай чыгарылып турары белгилүү.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев акча каражаттарын накталай жүгүртүү кооптуу экенин айтууда.

- Өнүккөн өлкөлөрдө банктар көп, атаандаштык жогору. Ошондуктан банктык кызмат көрсөтүүнүн пайыздары төмөн. Бизде ишкерлер, соодагерлер үнөмдөө максатында каражаттарын Кытайга, Орусияга нак түрүндө которушат. Ошол себептен Ошто кылмыштуу топтор тарабынан карактоо боюнча эки-үч факт катталды. Банктар кызмат көрсөтүүлөрүн арзандатса жакшы болмок. Алардын айланткан каражаты да көбөймөк.

Жарым жылда министрликке кимдер келип, кимдер кетип жатканын биз билбейбиз.

Кыргызстандан ири суммадагы каражаттарды сыртка чыгарып кетүү оңой экени айтылып келет. Экономист Азамат Акелеев көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, акча жүгүртүүлөрдү көзөмөлдөбөсө мындай кылмыштар улана берерин айтат.

- Бизде көп операциялар накталай жүрөт. Көмүскө экономиканын көлөмү чоң. Ошол үчүн кылмыштуу операциялар токтобой жатат. Ал үчүн көмүскө тармакты, мыйзамсыз акча которууларды көзөмөлдөө керек. Бизде акча чыгаруу боюнча мыйзамдар абдан эле либералдуу.

Буга чейин Ош аэропортунда миллиондогон долларлар белгисиз адамдар тарабынан каракталган окуя бир нече ирет кайталанган. Байкоочулардын баамында, накталай акча жүгүртүүлөрдүн көптүгү көмүскө экономиканын көлөмү чоң экенине далил. Көпчүлүк жарандар кирешесинин булагын так көрсөтпөй, мыйзамдуу төлөмдөрдөн буйтап өтүү максатында арам акчаларын накталай жүгүртүү аркылуу адалдашат.

XS
SM
MD
LG