Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Бишкек шаар мэриясы Ош базарынын айланасын иретке келтирүүгө ынтызар жана бул демилгени коомчулук, өкмөт жана парламент колдооруна ишенет. Шаар мэри Иса Өмүркулов “Азаттыкка” курган маегинде калааны көрктөндүрүү пландары тууралуу айтып берди.

- Сиздердин демилгеге каршы чыгып жаткандардын акцияларына кандай баа бересиз?

- Мен туура баа берем. Албетте алар нааразычылыгын билдириш керек, айтыш керек, чыгыш керек. Тынч, куралсыз, башкаларга тоскоол болбой, каалаган жерине чыксын. Тилекке каршы алардын талабын аткара албайбыз. Көчөлөрдүн баарын оңдошубуз керек, шаардын тургундарына жөнөкөй шарт түзүп, коопсуздугун сакташыбыз керек, көчөлөрүн жарык кылып беришибиз керек, коммуникациялар, жөө жүргүнчүлөр баса турган көчөлөр иштеш керек. Бүгүн соода-сатык кылып аткандар, бүгүн нааразы болуп аткандар кийин ыраазы болот го деген ойдомун.

- Саясий чоң күрөшкө айланып кетет деп ойлогон жоксузбу? Эгер андай болсо сиз чегинесизби?

- Анда бир да иш ишке ашпайт. Ошондуктан азыр мен чегинбейм. Себеби Ош базарынын тегерегин иретке келтириш керек деген терең ишенимим бар. Муну мен он чакты айдан бери карап атам, көрүнүш өтө эле оор. Кеч курун эл тарагандан кийин барып көрсөңүздөр таштандылар калат, алардан кийин бул таштанды төкчү жерби, же шаарбы деп ойлойсуз.

Келемиштердин көбөйүшү инфекцияга алып келет. Кудай сактасын, чоң инфекция чыкса эмне болот? Баарын эске алганда шаардын ортосунда мындай жерди калтырууга мүмкүн эмес. Андан тышкары бул жерден Ала-Арча дарыясы өтөт, ошол суу жүгүргөн жерин көрсөңүздөр өзүнчө таштанды төккөн чуңкур. Аң сезими туура адам бизди толугу менен колдош керек.

Ош базары - Бишкектин тамыры

- Ош базары бишкектиктердин тамыры деп койсок болот, ошол жерден азыктанышат, акча табышат, жашайт. Мен сизден интервью алып аткан кезде парламенттин алдына жүздөй киши чогулуп чыкты деп жатат. Сиз тургундардын талылуу жерине тийип алган жоксузбу?

- Биринчиден, соода-сатык жүргүзүп аткан жарандарды түшүнүп турам, албетте алар жөнүндө да биз ойлоп атабыз. Менде да жүрөк бар, элдин арасында эле жүрөм, бирөөнүн кызыкчылыгына тийейин деген эч оюм жок.

Ош базары
Ош базарынын айланасын көрсөңөр, унаалардын өтүшү аябай эле чоң көйгөй болуп калды, тегерете унаалардын тыгындысы. Киши басчу жолдордун баарында убактылуу жеңил дүкөндөр, күркөлөр коюлган, боз үй тигилген, баса турган жер жок, жолдун бою тегерете соода-сатык, унааларды коюу жайлары.

Андан тышкары буга чейинки арендага алган жерлер бар экен, аларды көрктөндүрөбүз деп ал жерге базар курушуптур. Мисалы унаа турган жерлерге контейнер коюп, базар кылышыптыр. Ошонун баарын азыр ордуна келтирип атабыз. “Көрктөндүрөм деп алдыңыз беле, көрктөндүрүү чараларын көрүңүз, контейнерлерди алыңыз” деп атабыз.

“Кыял” кол өнөрчүлүк имарат турган жер, ошонун короосу, ал жер да унаа токтоочу жайга берилген экен, булар да мыйзамсыз базар кылган экен. Анын тегереги дүңүнөн соода-сатык, ылдый жагында 31-мектеп. Бул жерге жүк ташуучу чоң унаалар келип токтогонунан ал жерде балдардын да коопсуздугуна чоң коркунуч келип атат. Өйдө жагында төрөт үйү бар.

Бул жакта саат үчтөн тарта 5-6га чейин унаалардын өтүшү көйгөй, Белинский көчөсүнө чейин тыгынды болуп калат. Мунун баарын биз былтыр жасайлы дегенбиз. Албетте саясий кырдаал да оңой эмес эле ал кезде, жанагыдай окуялар болду. Ошондо тегерегинде соода-сатык жүргүзгөн биздин жарандар суранышкан, "быйыл күзгө чейин туралы, ноябрда кетебиз" деп. Ошол сунуштарды эске алып, биз макулдук бергенбиз.

Быйыл болсо ушул маселени кайра жандандырып атабыз. Себеби азаят деген кээ бирөөнүн ойлору болгон, бирок күндөн-күнгө көбөйүп атат. Убактылуу дүкөндөрдүн баарын мыйзамсыз коюп атышат. Ошон үчүн мунун баарын тең комплекстүү түрдө чечип атабыз.

Соодагерлерге башка сунуштар болот

- Мен сатып алуучу катары Ош базарына маал-маал менен барып турам. Ошол тегеректе сиздер реконструкция жасай турган аймактардын бардыгында канча киши иштейт экен? Менимче, миң киши деп эсептөө аздык кылар. Ошол жарандар эмне кылышат, алардын андан аркы ишмердүүлүгү кандай уланат?

- Миң кишиби, 2 миң киши соода-сатык кылышы мүмкүн. Базардын тегерегинде жеңил күркөлөрдү, мыйзамсыз турган контейнерлердин баарын алабыз. Булардын баары мыйзамсыз турат, 50-100 павильондун уруксаты жок. Мыйзамды да кичине сыйлаш керек.

Ош базары
Экинчиден, жолдорду жасагандан кийин базардын тегерегиндеги батыш жактан Кара-Балтадан бери Бишкекке каттаган жеңил унаалар, бусиктердин баары базардын тегерегине токтошот. Ал жерде күнүгө миңдеген бусик турат. Мунун баары тең батыш автовокзалга жөнөтүлөт.

Соода-сатык кылган жарандарыбызга сунуш берип атабыз, алты базар чакырып атат, келгиле деп. Ошонун эң ириси Термечиков менен Лев Толстойдо жайгашкан "Пишпек" базары жана “Дордой” дыйкан базары. "Кудайберген" авто тетик саткан көчөгө “Дордой” дыйкан базары жайгашкан, ал жерде 5 гектардан көбүрөөк аянт экен. Ал жерде транспорттук аялдамалар жайгашкан. Ошол жерге базардын ичинен 1600 орунду бүгүн сунуш кылып атат. Жаңы көчүп баргандардан 3 айга чейин эч кандай арендалык төлөмдөрдү албайт. Мындан артык кандай шарт керек?

- Сиз элди кантип көндүрөсүз? Мисалы көнбөгөндөр азыр чыгып жатат. Ушул күчөп кетпейби?

- Эмне үчүн күчөйт? Бул жерде күчтөр бар. Ушул жерде биздин белгилүү адамдардын 15тей мыйзамсыз турган павильондору бар. Булардын баары албетте ал жерден кеткиси келбейт. Алар жөнөкөй адамдарга "чыккыла” деп түрткү берип атат. Бүгүн ошол жерде жөнөкөй соода-сатык кылып аткандарды биз айдаган жокпуз. Алар соода-сатык кылып атышат. Биз павильондорду гана алып атабыз.

Менимче, шаардын өзүнүн эрежеси бар. Бул биздин борбор шаарыбыз. Батыш тарапка каттоого мүмкүн болбой калды деп көп жарандар кайрылып атат. Ал эми базардын тегерегинде көп чиновниктердин кызыкчылыгы бар.

Түрткүлөгөндөр жана чөкпөгөндөр

- Сиз ошого каршы туруштук бере аласызбы?

- Ушуга мен туруштук берем деп жоопкерчиликти өзүмө жүктөп атам. Эгерде бүгүн ушул чиновниктерди тартипке чакырбасак жөнөкөй жарандарга сөз да айтпаш керек.

Ош базары
“Кыял” бирикмесинин ичиндеги жерлерди, ошол жердеги аялдамаларды деп арендага алган жерлерди базар кылгандарды, фонтандын үстүн көрктөндүрөм, жашылдандырам деп, үстүнө базар салган аттуу-баштуу инсандар бар. Ошолордун баарына бирдей мамиле жасайбыз. Эгерде аларга бир мамиле, жөнөкөй адамдарга башка мамиле болсо, анда уят болуп калат. Бирөө өз кызыкчылыгын коргоп, тоскоол кыла турган болсо, мен бул жөнүндө сиздер аркылуу, башка ММКлар аркылуу элдин баарына фамилияларын, ээлеген кызматын айтам. Кылып аткан аракетти эл көрсүн.

- Демек сиздердин демилгеге Бишкек коомчулугунан, өкмөттөн, парламенттен колдоо бар деп ойлойсузбу?

- Мен ойлойм, парламент жергиликтүү бийликке кийлигишпеш керек. Жергиликтүү бийликтин өзүнүн мыйзамы бар. Эгерде мен мыйзамсыз нерсе кылсам жооп бергенге даярмын. Биздин парламенттин төрагасы Акматбек Келдибеков менен да жолуктум. Ал түшүнүү менен кабыл алды, базардын тегерегин иретке келтирүүнү ал киши да айтып атат.

- Азыр сиз шаардын имараттарын бир боек менен бойоо демилгесин көтөрүп атасыз. Ушул демилгенин логикасы кандай, же социализмдин илебин кайра кайтаруу максатыбы?

- Жок, бул жерде социализмдин жыты да жок. Көп кабаттуу үйлөрдү көрсөңүздөр, алыс эмес жаныңыздарда турган эле, мисалы акча алмаштыруу пункту, экинчиси дарыкана, үчүнчүсү дүкөн, төртүнчүсү дагы бир нерсе, баарынын түсү ар кандай боелуп турат. Үйдүн жалпы көрүнүшүн көрсөңүз, өзүнчө эле кубик-рубик, же ребус. Ошону бир түстө актап коелу деп атабыз. Ошол жерде ишкер адамдар курулушта колдонуп аткан материалдар менен кооздосо аларга рахмат айтабыз.

- Бишкек мамлекеттин баш калаасы. Көбүнчө Бишкек шаарына карата сындар айтылат, бозоргон шаар, улуттук келбети жок деп. Ушул баш калаа деген келбетке келтириштин кандай айла-амалы бар? Дегеле жанагыдай айтылган сындарга макулсузбу?

- Албетте шаардын кайсы булуң-бурчун албаңыз ошондой эле көрүнүш. Жаңы конуштардын көрүнүшүн көрсөңүздөр жүрөк кейийт. Бул маселе албетте көптөн бери келген. Мага чейин иштегендерди сынга алган жокмун, албайм да, менин ишим ал эмес, алдыга караш керек, ошол иштин перспективасын караш керек.

Ала-Тоо аянтындагы “Эркиндик” эстелиги
Бүгүнкү күндө генералдык план менен өнүкпөсөк шаарды дагы он жылдын ичинде чоң базарга айлантып коюшубуз мүмкүн. Ошон үчүн ар бир кичи райончуларга, мисалы борбордогу көчөлөрдү алалы, деталдуу пландоо деп архитектурага тапшырма берип атабыз. Андан жакшы салам дей турган болсо, биз толугу менен мүмкүнчүлүк беребиз.

Андан тышкары бүгүн шаардын борборундагы Чүй менен Совет көчөлөрү кошулган Уркуя Салиеванын эстелиги турган жерде көп кабаттуу имарат салалы деген оюбуз бар. Ошого байланыштуу баарын реконструкция кылабыз.

Эң негизинен архитектуранын жана курулуштун эрежесин бузбаш керек. Каалаган жерге там салып, же май куйуучу жай салып, кара жолдун таманына имарат салып атышат. Мына ушунун баары мындан ары жоюлуш керек.

- План жакшы, бирок аны албетте ишке ашырыш керек. Баш планды ишке ашыруунун мөөнөтү кандай, мүмкүнчүлүк кандай?

- Бул бир күндө жасай турган нерсе эмес. Мен 1-2 жылда шаарга жаңы дем келгени сезилет деп ишенем.

- Сиз Уркуя Салиеванын эстелиги турган жерге деп атасыз, тактап койсоңуз, ошол эстелик алынабы?

- Эстелик алынбайт. Ошол эстелик менен аркы Чернышевский атындагы китепкананын ортосунда болот.

- Китепкана да калабы?

- Китепкана да калат.

Тарыхый имараттардын тагдыры

- Бул жерде менин сурап атканым, азыр тарыхый имараттардын тагдыры эмне болуп жатканын билесиз. Буга чейинки эгемендик келгенден тарта 20 жылдын ичинде тарыхый имараттар абдан көп жабыркады. Башка өлкөлөрү, чоң шаарлар айрыкча тарыхый имараттар менен мактанышат, бул улуттун сыймыгы деп эсептелет. Ошолорду сактап калуу, коргоо, реконструкциялоо жагында кандай иш-чаралар жүрүп жатат?

- Албетте бул эң орчундуу маселелердин бири. Тарыхый шаарлардын көркүн чыгарган ошондой имараттар. Албетте биз бул имараттардын баарын коргоого алабыз. Өткөн жылы Токтогул менен Дзержинск көчөлөрү кесилишкен жердеги бурчта турган эки үйдү татынакай абалына алып келип койдук. Мунун баары мындан ары колдоого гана алынат.

- Сиз жаңы конуштарды козгоп кеттиңиз. Азыр эми ички миграция күчтүү, баш калаага каражат таап, тыйын таап, курсак тойгузганга да кичине жөндүүрөк болуп атат. Ушул жагынан алганда абдан көп келип атат. Шаар маданияты деген өзүнчө. Шаар маданиятын интеграциялоо маселесине кандай карайсыз? Маданий өнүгүү деген нерсени биз кантип калыптай алабыз?

- Туура айтып атасыз, жалпы шаардын коммуникацияларына көп оорчулук келип атат. Ички миграциянын эсебинен бүгүнкү күндө шаарда кеминде 1 млн. 300 миң адам жашайт. Мурунку шаарга эсептелинген коммуникациялардын кубаттуулугу жетпей атат.

- Канчага эсептелинген?

- Расмий түрдө 875 миң шаардын тургуну бар деп эсептелинет. Ооруканаларда, мектептерде, бала бакчаларда орун жетишпейт. Жумушсуздук чоң социалдык проблема. Ошондуктан бул маселенин баарын тең өкмөт менен бирдикте чечишибиз керек. Айтылган иш-чаранын баары план катары, каржылоосу менен бирге бюджетке кириш керек. Ошондо биз ушул проблемаларды чечебиз.

- Жол демекчи, шаар тургундары айтышат, бир топ жолдор оңолду-түздөлдү. Мен да өзүм айдоочу катары күбө болуп жүрөм. Азыр эми унаа көбөйдү. Унааларды токтотуучу жайлар абдан көбөйүп кетти. Ошону иретке келтирүүнүн кандай жолдору бар?

- Биринчиден, Бишкек шаарындагы 1450 км. жол бетон жол болуп эсептелет. Ошонун 80 пайызы ремонтко муктаж. Былтыр эң негизги 22 көчөнү оңдодук, бул 23 км. болду. Быйыл да 30га жакын көчөнү оңдойлу деген ниетибиз бар. Ошол жолдордун боюна унаа токтой турган чөнтөкчөлөрдү жасаш керек сөзсүз түрдө. Мындан тышкары көп кабаттуу унаа токтоочу жайларды салыш керек. Мунун долбоорлорун иштеп чыгып атабыз, инвесторлорго сунуш кылабыз. Көп кабаттуу унаа коюучу жайларды салганга атайын жер беребиз.

- Кошумча, асма жол куруу маселеси барбы планда?

- Жөө жүрүүчүлөр өтө турган асма жолдор планда бар. Алдын ала айтпай турайын, Ош базардын проблемасын чечели, анан бул проблемага өтөбүз.

Ири долбоор көп каражатты талап кылат

- Сиз айтып аткан пландардын бардыгы өтө чоң каражатты талап кылчу нерсе экени түшүнүктүү. Ошол эле мезгилде Бишкек Кыргызстандагы бюджет түзүүчү негизги шаар болуп эсептелет. Бюджетти кантип бөлүштүрөсүз, кайсы маселе биринчи, экинчи кайсы, акыркы дегендей?

- Каражат жетпейт деп отура берсек болбойт. Каражаттын булактарын табыш керек. Коррупциялык схемалардын баарын токтотуш керек. Ошондо бюджеттин киреше жагы көбөйөт. Көбөйгөндөн кийин жанагындай программаны ишке ашырса болот. Өткөн жылы кырдаал кандай болуп атты эле, шаардын ичинде 339 митинг өтүптүр, шаардын борбор көчөлөрүндөгү соода түйүндөрү тонолуп, өрттөлүп, чачылып калды эле. Мына ушунун баары калыбына келди да, бүгүн анын бир да изи калган жок. Ага да, жолду оңдоого да каражат таптык. Демек каражат тапса болот. Албетте көбүрөөк болсо жакшы болот эле. Бирок жогоруда айткан иш-чараларды аткарууга каражат бар.

- Адатта бюджет түзүүчү негизги шаар катары Бишкектин бюджетин жулуп кетет деген дооматтар башынан айтылып келатат. Сиздерде ошондой проблема барбы? Кантип бөлүшөсүздөр өкмөт менен?

- Бүгүнкү күндө шаардын бюджетинин басымдуу бөлүгү республикалык бюджетке кетет, кетпесе да болбойт. Алып, жулуп кетет деп айтпаш керек. Мамлекеттик көз караш болуш керек. Себеби канча жыл депутат болдум, алыскы райондордун да абалын, кырдаалын, алардын өнүгүүсүн эске алыш керек. Ошон үчүн Бишкекте бүгүнкү күндө иштеп аткан ишканалардан салык чогулушун көбөйтүш керек, жергиликтүү салыктын чогулушуна көбүрөк көңүл бөлүшүбүз керек.

- Салык чогултуу маселесиндеги негизги проблемалар кайсылар деп эсептейсиз? Сиз коррупцияга каршы күрөшүп, ошону токтотуш керек деп атасыз. Шаар башчысы катары эмне аракеттерди көрүп атасыздар?

- Салык маселеси боюнча проблемалар бар. Салыктын толук чогулбашы, толук учеттун жоктугу, мисалы шаарда унаа токтоочу жайлардын саны мен келгенче такталбаптыр. Ким турат, ким колдонуп атат, арендалык төлөмдөрдү ким алып атат, ошондой эч түшүнүк жок. Ушунун баарын тең тизмеге алып, төлөмдөрдүн баары тең бюджетке кайрылып атат.

Жогоруда айткан Ош базарынын тегерегиндеги 157 павильон бир дагы тыйын Бишкектин казынасына төлөгөн жок. Булар чиновниктерге, айрым тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине жана башкаларга төлөмдөрдү бериши мүмкүн. Бирок бюджетке бир тыйын түшкөн жок. Эмне үчүн ал жерде соода-сатык жүрүп, бюджетке бир дагы тыйын түшпөш керек.

Дагы бир мисал келтирейин, Токтогул көчөсү менен Бейшеналиева көчөсүнүн алдындагы жөө жүргүнчү өтө турган жолдун ичинин баары тең арендага берилген экен, бир айда 14 миң сом гана төлөйт экен. Бул – коррупциянын булагы. Ушунун баарын, кудай буйруса, тыям, тыйыш керек.

- “Жаңырган баш калаа” деген Максим Бакиев жетектеген ЦАРИИ көтөргөн долбоорду улантам деп айткан экенсиз?

- Максим Бакиевдин андай программасы биздин шаар боюнча жок. “Жаңырган баш калаа” деген Мэриянын иштеп чыккан программасы бар экен, ал негизги багыттары белгиленген программа. План болсо күнүгө өзгөрүп турат. Ошол планды негиздеп, кошумча толуктоо менен бүгүнкү күндө ишти алып барып атабыз.

- Бардык учурда өткөн бийликтин жасаган иштеринин бардыгы начар деген стереотип бар. Сиз жакшы нерселер бар экенин колдоп атасыз. Моралдык бушаймандык салган жокпу сизди?

- Мамлекеттик көз караштагы жетекчи болсо андай моралдык жагын албаш керек, шаардын кызыкчылыгын биринчи орунга коюш керек. Ошон үчүн буга чейин жасалган жолду жакшы деп айтыш керек. Түштүк магистраль деп атабыз, жакшы жол салынган, шаарда жакшы фонтан салынган, аны кубатташ керек, эмне үчүн жаман деп айтышым керек? Туура эмес болот. Ал эми мен ыңгайлуу абалда каламбы, калбаймбы ал менин өзүмдүн жеке ишим. Мен да бир күнү бул кызматтан кетем.

- Парламенттик башкаруу келди, коалицияга бириккен фракциялар бийлик кызматтарды бөлүштүрүп алды деп атышат. Сиз өзүңүздүн кызматыңызды кантип сактап калдыңыз?

- Сактап калды дегендей бул менчик эмес. Коалициялык өкмөттүн чечими, коалицияда мурда чогуу жүргөн эле саясатчылар. Буга чейинки өзүмдүн саясатта, Кыргызстандын экономикасына жетекчи катары салымдарымды эске алса керек. Апрель айынан берки окуяны шаардын ичиндеги эле эмес, саясатчылар да көрүп атса керек. Себеби республиканын стабилдүүлүгү бул - борбордогу стабилдүүлүк. Ошондуктан стабилдүүлүктү, жер басып алууну, бир топ мыйзамсыз нерсенин баарын тең өткөн жылы кудай колдоп сактап калдык. Ошонун баарын эске алышса керек. Мен ойлойм, бүгүнкү өкмөт ишеним көрсөтсө шаардыктар үчүн сөзсүз түрдө иштейм.

- Сиз жөнүндө көп сөздөр айтылат. Кылмыш иши козголгон учурлар болду эле. Ошонун бири "темир жолго байланышкан кыңыр иши бар" деген сөздөр көп айтылды эле. Азыр бийликте турган кезде эмне деп айта аласыз, анан эл айткан сөздүн канчалык чындыгы бар, же кантип төгүндөй аласыз?

- Биринчиден, ошондой чоң ишкананы жети жылга жакын жетектедим. Ошондой чоң чарбаны жетектеп анан оппозицияга өттүм. Чыкканда да президентке, үй-бүлөлүк бийликке каршы деп менин позициямды кыргызстандыктар жакшы эле билет болуш керек. Эгерде баскан-турганым таза болбосо, ошол жерде кыңыр иштерим болсо, каршы чыгышы керек. Жанагыдай кыңыр иштерге мен жол берген эмесмин, катышкан да эмесмин. Фальсификация жасаган тартип коргоо органдары бир нече иш козгошкон, анын баары негизсиз, жокко чыккан.

- Темир жол боюнчачы?

- Темир жол боюнча эч маселе жок. Ал жерде пара алган деген казак жараны шылуун болуп чыкты. Менин аброюма зыян келтирүү үчүн мурунку бийлик ошондой адамдарды колдонгон. Бирок ал далилденген жок.

- Биздин студиябызга келип, маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

- Сиздерге да чоң рахмат. “Азаттык” радиосун мен аябай сыйлайм. Өзгөчө оппозицияда, куугунтукта жүргөндө сиздер аркылуу элге үнүбүз жетип атчу. Демократиянын орношуна сиздердин зор салымыңыздар бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG