Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:56

ИИМдин маалыматы боюнча өлкөнүн жабык жайларындагы маңзаттарды көмүскө жүгүртүүдөн жылына 370 млн. сомго жакын киреше түшөт.

Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын маалыматында маңзат соодасынан айланган каражаттар кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобуна келип түшөт.

Өлкөнүн абактарында 500 жаран маңзаттын оор түрүн, күнүнө ар бири орточо бир граммдан колдонот. Ал эми 2 миңге жакын эркинен ажыратылган адам маңзаттын жеңил түрүн, күнүнө 500 граммдан пайдаланат. Ошентип жылына жалпы колдонууга 200 килограммга жакын героин жана 1500 килограммдай гашиш керектелет. Аталган маңзаттардын жылдык наркы 367 миллион сомду чапчыйт. ИИМдин уюшма кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметовдун ырасташынча, маңзат соодасынан түшкөн киреше кылмыш дүйнөсүнүн орток казынасынын - “общактын” бюджетинин 20 пайызын гана түзөт.

- Маңзат бизнеси "общактын" негизги киреше булагы деп айтканга болбойт. Анализ көрсөткөндөй маңзаттан түшкөн каражат уюшма кылмыштуу топтор түзгөн бюджеттин ашып кетсе 15-20 пайызын жабат. "Общактын" казынасы телефон аркылуу жасалган шылуундук, мүчөлүк акы жана башка булактардан толот.

Жабык жайлардагы маңзаттын айланышы
Абактарда маңзат колдонгондордун болжолдуу саныБир күндө Айына ЖылынаАбактагы маңзат соодасында айланган сумма
Маңзаттын оор түрүн колдонгондордун болжолдуу саны 500 адам500 грамм15 кг180 кг73 300 000 сом
Маңзаттын жеңил түрүн колдонгондордун болжолдуу саны 2000 адам4 кг120 кг1440 кг288 000 000 сом

Маалыматтарга ылайык, аталган каражаттар уюшма топтордун ишмердигин жүргүзүүгө, мыйзамдагы уурунун, кримтөбөлдөрдүн үй-бүлөсүн камсыз кылууга, тиешелүү кызматтарды сатып алууга жана башка кылмыш дүйнөсүнүн керектөөлөрүнө жумшалат.

Кылмышкерге жалданган кызматкерлер...

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын билдиришинче, маңзаттар жабык жайларга тамак-аш жана түрмө тосмолорунан ыргытуу аркылуу жетет. Деген менен №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков маңзаттарын түрмөлөргө киргизүүдө абак кызматкерлеринин салымы чоң экенин жашырбайт.

- Тергөө абактарында маңзаттарды негизинен кызматкерлер алып кирип беришет. Алар көрсөткөн кызматы үчүн кадимкидей акы алышат. Түрмөдөгүлөрдү сураганда маңзаттарды кайсы кызматкерлер жеткиргенин ачык эле айтып беришчү. Кылмышкерлер менен жашыруун иштешкен абак кызматкерлери жок эмес.

Абактарда айланган акчалардын көлөмү расмий сандардан алда канча көп. Мындай оюн “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бакытбек Калмаматов ортого салды. Анын айтымында, жабык жайлардагы көмүскө акча айлантууга абак жетекчилери, жогорку бийлик өкүлдөрү да кызыкдар.

Бакытбек Калмаматов

Бакытбек Калмаматов

- Түрмөдөгү байланыш абак кызматкерлери менен эле чектелбейт. Ал жакта миллиарддаган сомдор айланат. Эркиндиктеги уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрү, абак кызматкерлери кызуу иштешет. Керек болсо соттолгон адамдар кызматкерлерди акчасын төлөп, кадимкидей жалдап алышат. Муну азыркы бийлик билет, бирок, тилекке каршы каршы тура албайт.

Абакта айланган миллиондор

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы ыкчам аракеттенүү башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Энтериев мындай дооматтарга кошулбайт.

- Жабык жайларда миллиондогон акчалар айланат деген туура эмес. Ооба, соттолгондордун жакындары түрмөгө маңзат киргизгенге аракет кылышат. Бирок биз дайым текшерип турабыз. Азыркы учурда маңзат колдонгондордун көбү метадонго өтүп жатышат. Жалпысынан 500гө жакын жаран дайым маңзат колдонот. Бирок алар жогоруда айтылгандай каражат колдонушпайт.

Кыргызстанда жалпысынан 31 жабык мекеме бар. ИИМдин атайын иликтөөсүндө түрмөдөгү 8000 миңдей кишинин ар бири ”общак” үчүн айына 400 сомдон "мүчөлүк акы" төлөгөнү көрсөтүлөт. Бул акыны көлөмү жылына 34 миллион сомду чапчыйт. Мындан сырткары кылмышкерлер телефон алдамчылыгы аркылуу жылына 12 млн. сомдой акча табышары айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG