Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Кыргызстанда баңгиликке берилгендердин саны жыл санап көбөйүп жатат. Расмий эсептер боюнча, акыркы төрт жыл ичинде маңзаттын кулуна айлангандардын саны 25 пайызга арткан.

Бул илдеттин таралуу очогу катары түрмөлөр айтылып келет. Мындан улам Жаза аткаруу кызматы эл аралык уюмдар менен бирге абактардагы баңгиликке берилгендерди бул жаман адаттан арылтуу аракеттерин көрө баштаганын билдирүүдө.

Учурда Кыргызстанда расмий маалыматтар боюнча маңзат колдонгондордун саны 11 миңге жакын адамды түзөт. Булар өлкөнүн наркологиялык мекемелеринде каттоодо тургандар. Бирок адистер иш жүзүндө бул сан 2-3 эсе көп болушу мүмкүн деп болжошот.

Республикалык наркология борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө маңзатты колдонгондордун саны жыл өткөн сайын өсүш көрсөтүп жатат. Айрыкча абактарда бул көрүнүш жапырт орун алган.

Оштогу абактардын бири

Оштогу абактардын бири

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагылар арасында баңгиликке берилгендердин саны арбын экенин четке деле кагышпайт. Бул кызматтын медициналык башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Асановдун айтымында, расмий маалыматтарда маңзаттардын туткунуна айлангандардын саны көрсөтүлбөгөнү менен иш жүзүндө кыйла эле жогору:

- Учурда түрмөдөгүлөрдөн 600дөй адам сот тарабынан баңгизатына көз каранды деп табылып, милдеттүү дарылануудан өтүп жатат. Ал эми сот тарабынан баңгизат колдоноору аныкталбай, бирок наша чегип же ийне сайынгандардын саны аз эмес. Албетте бул санды такташ керек. Ошентсе да биздин эсептер боюнча түрмөдөгү ар бир үчүнчү адам баңгизатка көз каранды деп айтсак болот.

Соттолгондор арасында баңгиликтин жайылышын түрмө жетекчилери жалпы коомдогу кырдаал менен байланыштырышат. Мындан улам кайтарууга карабай, темир тордун артына да ар кыл жол менен маңзаттар кирип жатканын абактардын жетекчилери мойнуна алат. Абактардагы баңгизаттарды токтотуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар боюнча Жаза аткаруу кызматынын төрага орун басары Калмурат Байтөлөев буларды билдирди:

- Биз баңгиликке берилгендерди өзүнчө дарылайбыз. Бул үчүн атайын ооруканалар бар. Кургак учукту дарылагандай эле баңгилер да атайын курстардан өтүшөт. Методондук система менен дарылоо да каралган. Башка да реабилитациялык методдор бар.

"Азаттык": Бирок буга карабай түрмөдөгүлөр арасында баңгизатына берилгендердин саны өсүп жатканы чынбы?

- Бул жерде аны биз кылган жокпуз да, коом ушундай…

"Азаттык": Негизи ушундай нерсе барбы?

- Негизинен ушундай эле…

Байтөлөев айтып жаткан методондук дарылоо делген ыкма Кыргызстанда 2002-жылдан бери колдонула баштаган. Ага ылайык, баңгиликке берилгендерге баңгизаттын ордуна методонду колдонуп, көз карандылыгын убактылуу жоготот. Өлкө боюнча методон менен дарылаган 20 борбор иштесе, анын үчөө абак жайларда ачылган.

Маңзат туткунунан чыгуу оңой эмес

Муну менен катар бир катар эл аралык уюмдардын жардамы менен Молдовановка айылында жайгашкан №31 жаза өтөө мекемесинде өзгөчө шарттагы реабилитациялоо борбору ачылган. "Таза аймак" деп шарттуу аталган бул борбордо өз ыктыяры менен баңгиликтен арылууну көздөгөн соттолуучулар кармалат. Алар жаза мөөнөтүнүн аягына чейин шарттары кадимки абакка караганда бир кыйла дурус бул жайда дарыгерлер менен психологдордун көзөмөлүндө туруп, баңгизатка болгон көз карандылыгын азайтышы керек.

Аталган борбордун башчысы Ирина Лапузинанын айтымында, борбор 100 орунга ылайыкташканына карабастан учурда 37 гана адам дарыланууда:

- Бул жайда Менисондук дарыялоо деген ыкма менен дарыланышат. Ага ылайык, башка түрмөлөрдө ачылган "Атлантис" деп аталган жайда өз ыктыяры менен баңгизаттан баш тарткандар 6 ай дарылануудан өтүшү керек. Бул дарылануудан өткөндөн кийин гана биздин борборго келишет. Борбордо дарыгер жана психологдор иштейт. Булар менен катар атайын кесиптик билим берилет. Бул жайга соттолуучуларды мөөнөтү же жашына карабай эле кабыл ала беребиз. Негизи анын баңгиликтен арылууга болгон каалоосу болушу керек.

Ирина Лапузинанын айтымында, бул - баңгиликтен арылтуу боюнча эл аралык уюмдардын жардамы менен Борбор Азияда иштеп жаткан биринчи долбоор. Ошондуктан өзүнүн алгачкы жемиштерин бере баштады. Маселен, борбордон дарыланып чыгып, кесиптик билимге ээ болгондор өнөктөш бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен жумушка да орношуптур.

Лапузинанын айткандарын тастыктоо үчүн борбордо дарылынып жаткан Таштанбек аттуу соттолуучу менен да сүйлөшүп көрдүк.

- 20 жылдан бери түрмөдөмүн. Түрмөгө отургандан бери маңзат колдонуп жүрүп оорукчан болуп калдым. Анан ойлонуп отуруп андан арылууну чечтим. Бул жакка келгени баңгизаттан арылып, тазарып калдым. Аз күндө айыгып чыгайын деген ой бар.

Түрмөдөгү баңгиликти азайтуу максатында азыр дагы борбор ачуу пландалууда Аны эл аралык уюмдар колдоого алса, №2 аялдар коллониясында ачылышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG