Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Кыргызстанда жарандык коом Жаза аткаруу кызматы өз алдынча калышы керектигин билдирүүдө.

Буга чейин Жогорку Кеңеште абак жайлардагы туруксуз кырдаалдан улам түрмөлөргө көзөмөлдү мурдагыдай Юстиция же Ички иштер министрликтерине өткөрүп берүү демилгеси көтөрүлгөн болчу.

Укук коргоочулар абактарды башкаруу күч органдарына берилсе, жаза мекемелеринде кыйноо фактылар күч алат деп кооптонуп жатат.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилованын “Азаттыкка” билдиришинче, мындай кадам Кыргызстанды гумандаштыруу саясатына каршы келет:

- Кыргызстан өлүм жазасынан баш тарткандан кийин гумандуу өлкөлөрдүн катарына кирген. Бирок реформалар жакшы жүрбөй жатат. 2005-жылы түрмөдө тынымсыз бунт болуп, депутаттар жана жөнөкөй жарандар каза болгондо өз алдынча институт кылып, бардык көңүлдү мыйзам чегинде иштегенге, эл аралык стандарттарга келтирүү багытында иштеп жатканбыз. Бирок, тилекке каршы, бул кызматка келген чиновниктер, мисалы, ошол эле Байзаков ички эрежелерди өзүнө ыйгарып алган. ИИМдикине окшоштуруп койгон. “Өзүм чечем, өзүм билем, өзүм коем” дегенге өткөн. Бул институт толук иштеш үчүн биринчи кадам өкмөт аябай көңүл бурушу керек. ИИМдин, же Адилет министрлигине бербеш керек. Ушундай чоң тоскоолдуктардан өткөндөн кийин экинчи этап гумандаштыруу болушу керек.

Исмаилова Жаза аткаруу кызматын социалдык институт бойдон калтыруу кылмыш топтордун түрмөлөргө таасирин азайтат деген пикирде:

- Жакшылап көңүл бурулса, абактар кылмыштуу жана сырдуу технологиялардан өзүнөн өзү арылат. Анткени бул социалдык институт жана адилеттүү жана жакшы менеджмент, жетекчилик болсо, криминал өзүнөн өзү кетет. Криминал башкарбайт. Жаза аткаруу кызматынын төрагасы анча деле чоң фигура эмес. Анткени ал жерде кадрдык потенциал чоң. Мурунку башчысы Байзаков криминал менен күрөшкөнү менен биздин эсте калды. Бирок ошонун эле фонунда Акмат Бакиев качып кетти. Биз сот эмеспиз, биз эксперт катары айтып жатабыз. Ал жерде ким болбосун жакшы менеджмент жана жакшы эрежелер болсо кайсы киши келбесин жеңил болот. Ал эрежелерди коомчулук билсе дайыма талап кылып текшерип турганга мүмкүнчүлүк болот.

Жыл башында ошол кездеги түрмө башчысы Шейшенбек Байзаковдун кызматтан кетишин жана абактардагы абалдын оңдолушун талап кылып, ири нааразылык акциялар өткөн. Түрмөлөрдө жүздөгөн адамдар тамактан баш тартып, ооздорун төөнөп алышкан. Муну кылмыш топтор менен байланыштырган жоромол айтылган.

Жеке кызыкчылыктар аралашканда...

Парламентте түрмөлөрдөгү кырдаал боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынан депутат Токон Мамытов депутаттык комиссия тыянак чыгаргандан кийин Жаза аткаруу кызматын Юстиция же Ички иштер министрликтерине өткөрүп берүү демилгеси көтөрүлгөнүн айтып берди:

- Комиссиянын тыянагы боюнча каржылык мыйзам бузуулар бир жылдын ичинде эле 15 миллион сомго чыгып кеткен. Жаза аткаруу кызматы Юстиция министрлигине карап турганда мынчалып желип-ичилчү эмес экен. Азыр кайра Юстиция министрлигине берсекпи деген талкуу жүрүп жатат. Ошол эле учурда айрым депутаттар жана ИИМдин айрым жетекчилери "эгер Юстиция министрлиги албайм десе, анда ИИМге деле берсеңер каршы эмеспиз" деген ойлорду айтышкан.

Депутат Мамытовдун айтымында, Жаза аткаруу кызматын өзүнчө органга айландырууга мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин жеке кызыкчылыгы болгон:

- Изилдеп келсек, бул Жаныш Бакиевдин демилгеси экен. Муну аталган кызматтын кызматкерлери айтып беришти. Жаныш Бакиев криминал менен байланышы бар болуп, анча-мынча тескери, криминалдык иштерге түрмөдө жаткандарды абак башчысы аркылуу эле алып чыгып кетип, каалаганча пайдаланып, анан кайра түрмөгө кийирип койчу, муну эч ким билбей калчу деп айтып беришти. Экинчиси, бул кызматка тендерге миллиондогон акча бөлүнөт да. Анан ошол акчаны каалаган картошка, пияздан баштап май-чай, тузга чейин өзүнүн фирмалары аркылуу алып келип, ошол акча жагын карап, сол чөнтөгүнө киреше кылуу үчүн Адилет министрлигинен бөлдүргөн деп айтып беришти.

Мурунку түрмө башчысы Шейшенбек Байзаков экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиев жатак абактан качып кеткенине байланыштуу кызматтан алынган болчу. Жаза аткаруу кызматынын жетекчи орун басары Калмурат Байтөлөков жетекчинин алмашканы аталган системага таасир этпегенин билдирди:

- Эч нерсе өзгөргөн жок. Байзаковдун иши уланып жатат. Ал киши чиндүү генерал. Азыркы түрмө башчысы экөө жакшы мамиледе, бири-бири менен тыгыз иштешкен. Чынын айтканда ар бир мамлекеттик кызмат өзүнүн ишин так билсе, ошол туура деп эсептейм.

Жаза аткаруу кызматы 2002-жылга чейин Ички иштер министрлигинин карамагында болчу. 2002-жылы Адилет министрлигине өткөрүлүп берилген. Ал эми 2009-жылы Жаза аткаруу кызматы болуп өзүнчө органга айланган.

Кыргызстанда азыр 10дон ашык түрмө, алты тергөө абагы бар. Анда 15 миңдей адам отурат. Өлкө эгемен алган жылдан бери эле түрмөлөрдү реформалоо иш-аркети майнаптуу болбой жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG