Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:03

"Манаска" кеткен жол кайрадан оңдоло баштады


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектен “Манас” аэропортуна чейин жаңы курулган жол бир жылга жетпей бузула баштады.

Бишкектен “Манас” аэропортуна чейинки 23 чакырым жол былтыр күздө толугу менен кайрадан асфальтталган. Ушул тапта бул жолду оңдоо башталды.

Транспорт министрлигинин Жол чарба департаментинин көзөмөлдү камсыздоо жана кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Акылбек Мусабаев жолдогу жаракалар жеке ишкананын эсебинен жасалып жатканын айтууда.

- Ал жерде өтө деле чоң жаракалар жок. Майда эле жыртыктар бар. Жол сапатсыз салынган деген туура эмес. Мындай жаракалар капиталдык ремонттон өткөн жолдордо боло берет. Анткени асфальт мурунку эски жолдун үстүнө салынган. Майда жаракалар боло берет. Эми жол омкорулуп калган жок да. Курган ишкана өз каражатына кемчиликтерди оңдоп жатат.

Борпоң кыртыш, жарылган жол...

"Манас" аэропортуна кеткен жолду оңдоого тендерден уткан “Технотоп” аттуу ишкана курган. Ишкана жетекчиси Евгений Тимошенко курулуштагы кемчиликтер тууралуу Транспорт министрлигине убагында бир нече ирет кат жолдогонун айтууда. Анын ишендиришинче жол курган ишкана асфальт төшөлчү кыртыштын борпоңдугун, аны алмаштыруу зарылдыгын эскерткен.

- Биз кыртыштын негизин өзгөртүү боюнча бир канча ирет суранганбыз. Бирок бизге уруксат беришкен эмес. Курулуш бүткөндө кыртыш бузуларын айтып расмий кат менен да кайрылганбыз. Министрлик бизге кыртышты алмаштырууга негиз жоктугун айткан. Биз ошентип мурдагы кыртыштын үстүнө асфальт төшөгөнбүз. Кемчилик кимден кеткенин изилдеш үчүн алгач лабораториялык анализ жасашыбыз керек. Бирок айрым кемчиликтер бар, биз аларды оңдойбуз.

Бул жол былтыр Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алдында шашылыш бүтүрүлгөнү белгилүү. Курулуштун долбоорун “Кыргыздортранспроект” ишканасы чийген.

Транспорт министрлигинин байкоочу кеңешинин төрагасы Талант Саадакбаев сапатсыз курулган курулуш үчүн тиешелүү адамдарды жоопко тартмайын курулбай жатып тешилген жолдор көбөйө берерин айтат.

- Эски жолдун асфальтын кичине кырып туруп эле анын үстүнө эки кат асфальт куюп салышкан. Күнөө кимде? Туура эмес курган ишканабы же долбоорду туура эмес чийгендерби? Жолду кабыл алып жатканда эмнени карашкан? Ошолордун жоопкерчилигин караш керек. Эгер эч ким жооп бербесе кандай болот? Лабораториялык экспертиза жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу керек.

Кепилдикти узартуу аракети

Азыркы мыйзамдар боюнча курган ишкана жолго бир жыл гана кепилдик берип, бул мөөнөттө оңдоолорду өз эсебинен жасайт.

Ал арада Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жолдун кепилдик мөөнөтүн беш жылга чейин узартуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Демилгечилердин бири Дастан Бекешов буларды айтты:

- Аэропортко кеткен жол бир жылдан кийин кайра эле бузулат. Бюджеттен акча сурай башташат. Көп өлкөлөрдө кепилдик мөөнөтү бир жылдан ашат. Мисалы, Финляндияда беш жыл. Биз ушул мыйзам аркылуу толук оңдолгон жолдорго беш, жарым-жартылай оңдолгон жолдорго үч жылдык кепилдик алууну сунуштап жатабыз. Азыркы мыйзамдар боюнча жаңы курулган жолдорго болгону бир жылдык кепилдик берилет.

Бишкектен “Манас” аба майданына чейинки 23 чакырым жол былтыр оңдолгон. Ага бюджеттен миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG