Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Балыкчы-Корумду жолу бүтпөй турат


Балыкчы-Корумду жолу
Балыкчы-Корумду жолу

Өкмөттөн акча которулбай калгандыктан Балыкчы-Корумду жолунун курулушу токтоп калды.

Буга байланыштуу жолду куруп жаткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын жумушчулары үч айдан бери маяна албай жатканына даттанышты.

Ошол эле кезде өкмөт аталган компания менен келишимди бузуп, аны башка бир кытайлык компанияга берүү үчүн каржылоону атайын токтоткон деген дооматтар айтылууда.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов мындай дооматтарды четке кагып, каражат ортом балансты эсептешип алуу үчүн токтоп турганын билдирди.

Оюндар бүтүп, иштер токтоду

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Корумду жолун оңдоо долбооруна өкмөттөн каражат бөлүнбөй, андагы жол тилкелеринде курулуш иштери үзгүлтүккө учурады.

Кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын жумушчулары үч айдан бери маяна берилбей, айрымдары ишти таштап кетүүгө аргасыз болгонун айтып даттанышты. Мындан тышкары ар кайсы жерден казылган жолдун чаңы ызгып, ыңгайсыздыктар жаралганы айтылды.

Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин депутаты Таалай Туйгунов өкмөт Көчмөндөр оюну өткөндөн кийин эле каржылоону чукулунан токтотуп салганын белгиледи:

- Жумушчулар үч айдан бери маяна алыша элек. Ал жерде Ысык-Көл районунун тургундары гана эмес, бардык аймактардан келген адамдар жол курулушунда иштеп жатышкан болчу. Алардын көпчүлүгү былтыр жаңы жылдын алдында айлык ала албай, үйлөрүнө кетүүгө аргасыз болду. Көчмөндөр оюну башталганга чейин акча өз учурунда которулуп, жумушчулардын маянасы өз учурунда берилип турган. Оюндарды өткөрүп бүткөндөн кийин эле өкмөт каржылоону токтотуп, андагы каржылык абал оорлоп кеткен.

Өкмөт Көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн алдында жол курулушун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн долбоорду аткарууну аталган компанияга калтырган эле. Бирок учурда каражат бөлүнбөй, айрым участоктордо иш токтой баштаган.

Бул жерде маянанын колго тийишин күтүп, үч айдан бери жолдо иштеп жүргөн жумушчулар да аз эмес. Анткени айыл жеринде башка жумуш жок. Жалпысынан бул жердеги жол курулушуна беш жүздөн ашуун жергиликтүү жумушчу тартылган. Алардын бири Тилек Деркенбаев каржылоо токтогон жагдайдын кесепеттерине токтолду:

- Айлык ала албай кыйналып жашап жатканыбызды өкмөткө жеткирип койгулачы. Анткени ушул жумушка ишенип, жол курулушуна кирип алып, эми бала-чаканы багуу кыйын болуп жатат. Арабызда банктардан насыя алгандар да бар. Абалыбыз бир топ эле оор. Компания болсо башында айлыкты жакшы эле төлөп келип, үч ай мурун өкмөт каржылоону токтотуп салганын айтты. Эми ушул компанияга бут тоспой, жол оңдоону аягына чыгарып, ар нерсени шылтоо кылбай эле каржылоону ачып койсо жакшы болмок.

Каржылоону токтотуунун себептери

Ошол эле кезде Балыкчы-Корумду жол куруу долбоорун өкмөт башка бир кытайлык компанияга өткөрүп бере турганы боюнча такталбаган маалыматтар тараган. Өкмөт каржылоону атайын токтотуп, жакын арада кытайлык “Лонг Хай” компаниясы менен келишимди бузууга даярданып жатканы айтылган.

“Жаңы доор” саясий партиясынын теңтөрагасы Жамалбек Ырсалиев бул иште Ак үйдөгү айрым бир үлкөндөрдүн "кулагы көрүнүп" жатканын белгиледи:

- “Лонг Хай” компаниясы наркы 576 миллион сомдук техникасын алып келип иштетип, аны кепилдик катары Транспорт жана жолдор министрлигине күрөөгө коюп жатса, аны жумушту аткарууга калтырбаганда кимди калтырат эле? Анан калса бул компания башында өзүнүн каражатынын эсебинен ишти баштаган. Өкмөт кийин каражат бөлүп, кийин аны токтотуп коюп, оюн башталды. Анткени башка бир “Чайна роуд” деген компания бар экен. Бул компания менен келишимди бузуп, долбоорду аткарууну “Чайна роуд” компаниясына алып берип коюшса, ортодон даана акчаны мына ошондо жасашат да. Бул жерде Транспорт министрлигинин кызыкчылыгы бардай. Сапар Исаков менен Калыкбек Султановдун ысымдары бул жерде аябай эле көп аталып жатат.

Алмазбек Атамбаев Балыкчы-Корумду жолунда, 28-июль, 2016
Алмазбек Атамбаев Балыкчы-Корумду жолунда, 28-июль, 2016

Бул маселени тактоо үчүн мурдагы транспорт министри, президенттин кеңешчиси Калыкбек Султанов менен байланышууга мүмкүн болбоду. Азыркы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов каржылоо үзгүлтүккө учураган жагдайдын себептери боюнча жалган маалымат тарап жатканын айтып, анын төркүнү такыр башка жагдайлар менен байланыштуу экенинен кеп салды:

- Мен министр катары айтып коёюн, бир компания бүтүрбөй иштеп кеткен жерге экинчи бир компания эч убакта келбейт. Бул жерде “Чайна роуд” тууралуу сөз жок. Болгону “Лонг Хай” өзүнө алган милдеттенмелерин так аткарышы керек. Мага дагы ошондой сөздөр жетип жатат. Бирок ал жалган. Бизде андай саясат жок. Акчанын которулбай жатышы эки ортодогу эсептешүү балансы чыгарыла электигине байланыштуу. Ким кимге канча карызы бар экенин тактоого байланыштуу каражат бөлүү кармалып турат. Буга байланыштуу “Лонг Хай” компаниясынын жетекчилигин жолугушууга чакырган элек. Бирок алар бүгүн да жолугушууга келбей коюшуптур.

Мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев мурдагы жылы Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча тендер өткөргөн. Сынакка катышкан төрт компаниянын ичинен кытайлык “Лонг Хай” компаниясы утуп алган. Тендер мыйзамсыз өткөн деген дооматтан улам Темир Сариев кызматтан кеткен. Бирок өкмөттөн жолдун каржы булагы жок токтом чыккан дегенден башка орчундуу мыйзам бузуу табылган эмес. Ошондуктан жолду куруу укугу мына ошол “Лонг Хай” компаниясында кала берген.

Балыкчы-Корумду жолунун узундугу 104 чакырымды түзүп, ага 7 миллиард сом каражат сарпталары айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG