Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бүгүн, 25-августта соңуна чыккан бул сынакка окурмандар блог жазып, сүрөттөрдү жиберишти. Алар менен бул жерден толук таанышсаңыз болот.

Төмөндө Сурат Жылкычиевдин жиберген эскерүүсүн сунуштайбыз.

1991-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун композитордук бөлүмүн аяктадым. “Бишкек педагогикалык колледжде сабак берүү менен ара-чолодо музыка жазып турам” деген таттуу кыялым бар эле. Ошо жылы СССР улуу державасы бир заматта урап, 15 Союздук республика эгемендик алышты. СССРдин урашы менен Кыргыз композиторлор союзу Москва шаарынын каржы булагынан айрылды. Аны менен бирге менин кыялым да арабөк калды.

Студент кезимде Шабданбай Абдырамановдун кол жазмаларына таандык “Жар-жар-ай” жана “Толубай сынчы” аттуу чыгармаларына бирөөсүнө оперетта, бирөөсүнө опера музыкасын жазып кап ортолоп калган болчумун. Андан сырткары, “Комуз күү баяны” аттуу оркестрдин 157 аткаруучусунан турган эки бөлүктүү симфониялык поэмамды аяктагам. Мына ушуларга биздин композиторлор союзу калем акы төлөп бере турган шайманы жок учурга такалганбыз.

“Базар экономикасы” делип, кимди-ким билди, Быржыбайды там басты болуп, завод-фабрика, өндүрүш, айыл чарба деги койчу, чет-четинен ыдырап, таланып-тонолуп, анча-мынча акчасы барлар коммерция менен алектене баштады. Жардылык бардык элди каптап кирди. Мугалимдик жарыбаган айлыгым, кыргыз сомуна которгондо 20дан (жыйырма сом) ашпай биздин үй-бүлөнү багууга караандаган жок. 1993-жылы кышында бутума кадимки солдат өтүгүн студенттериме билгизбей, шымдын багелегин сыртына чыгарып алып кийип чыкканымды билем.

Көмүрканабыздын бурчунда эски кожоюндан калган бош бөтөлкөлөрдү атайын конок келген учурга калтырып, аны да мейманга билгизбей дүкөнгө өткөрүп нан-пан апкелип чай берчүбүз. Эгемендик алган алгачкы жылдары элибиз абдан кыйналды. Анын кесепети мага да катуу тийди. 1995-жылы жай мезгили келинчегимди эки балам (үч жана бир жаш) менен эжекесиникине жиберип, өзүм шаарда башка, айлыгы көбүрөөк жумуш издегени калдым. Антпесем такыр эле “итке минип”, ага-туугандардын, жоро-жолдоштордун катарынан чыгып, өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп жерде жок күндү башыман өткөрө баштадым.

Моюнга алыш керек, эки айдын ичинде (июнь-июль) чайкоочулук же алыпсатарлык ишти аркалай албай койдум. Эч ким мага подреал (товарды сатып бүткөндө акчасын берүү) товар бербей койду жана эч ким мага бир айга карыз акча бербей койду. Эртең менен таң эрте бир чыны чай ичип, көчөгө чыгып кетем. Иңир киргенде үйгө келем. Анда да бир чыны чай менен кайта жатам. Көтөрүм болуп, салмагым 65 килограммдан 54кө чейин түштү.

Бир күнү кечинде үйгө келсем жеңем, “Сага Бакыт деген бала чалды. Звонок кылып койсун деп номурун калтырды” деди. Телефон чалдым, Бакыт Чытырбаев экен. Банк ачканын айтып, эгер убактым болсо бир келип кетүүмдү суранды. Эртеси тура калып эле айткан дареги боюнча жөнөдүм. Бишкектин Скрябин көчөсүнө жайгашыптыр. Оңой эле таап алып, айткан банкына барсам Бакыт мени тосуп алды. Амандашып учурашып, мал-жанды, кай жерде иштеп атканымды сурап, эмгек өргүүдө жүргөнүмдөн пайдаланып, ал күнү а жерде кечке болдум. Акча алмаштыруу жайын “Банк” дептир.

Саман-топон акчаны көрүп тимеле көзүмөн учту. Кыргыз сому, орус рубли, казак тенгеси, өзбек суму, америка доллары. Кийинки күнү кайра келдим. Бакыттан сентябрь айына жумушка киргенче карызга 10 миң сом сурап, кумшекер алып сатып, биртике болсо да акча таап алуумду айтсам, “ал сенин колуңдан келбейт. Андан көрө биздин ишканада акча санап иштеп тур. Ошо таба турган акчаңды айлык катары берем” деди.

Үч күн катары менен келип, төртүнчү күнү катардагы акча алмаштыргыч болуп ишке белсендим. Кардар келет 20-30 миң сомун долларга айлантканы. Мен ошо акчаны так, эки сыйралап санап, ошол убактагы курс менен эсептеп, кардардын колуна долларды карматам. Тескерисинче, доллар көтөрүп келгенине сомун берем.

Оор деле жумуш эмес экен. Болгону так, тыкан, кардарга аябай сылык мамиле жасап, көөнүн калтырбаш керек. Жасаган ишим бардык жамаатка жагып, мени жумушка алышты. Бишкек коллежинде алган бир жылдык айлыгымды бир айга чегерип, 1995-жылы 1000 сомго жеткирди. Жөн эле маарып жатып калдым.

Айлыгы жакшы болгон менен аябай опурталдуу экен. Акча көп жерде дайым эле ошондой эмеспи. Талап-тоноочулук, акчанын айынан өлтүрүп кеткендерди кулак сыртынан угуп калып аттык. Обменкага куралчандар кирип кызматкерлерин алдын өлтүрүп, артын аркан-жип менен байлап, болгон акчаларын алып кетип атканы тууралуу маалымат анда-санда угулуп атты.

Андай үрөй учурган окуяга мен да туш болдум. Токтогул көчөсү менен Манас көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Ордо” аттуу акча алмаштыруу жайына 2004-жылы 15-июль күнү түш ченде куралчан, көзүнө бетинин жарымын жаап турган кара көз айнек кийген бейтааныш жигит кирип келип акча алмаштыруу жайдын ээсин так жүрөккө атып, сыртта калган обменканын экинчи кызматкерин кассанын жанына чейин кууп келет.

Сырткы эшик ачык турганын көргөн канкор “жаап келе коюп, акчаны тоноп алам” дегенче, кассир көз ирмемде акча жайгашкан бөлмөнүн ичине чуркап кирип эшигин ичинен жапканга үлгүрөт. Сыртта калган канкор каалга тарапка бир ок чыгарат да куржалак, ири суммадагы акчаны албай калганына көзү жетип, изин суутуп качып кетет.

Бул окуя өз башыман өттү, кассага кире качып аман калган каарман менмин. Ар жыл сайын 15-июль күнү экинчи туулган күнүм катары ичимен эстеп коем. Каргашалуу окуя Кыргызстан эгемен алган 13-жылы болгон эле.

Сурат Жылкычиев, Бишкек

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG