Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Элдияр Жуманалиевдин сынакка келген блогун сунуштайбыз.

Бул баянды адабияттын тигил же бул жанрларына айлантпай эле болгонун болгондой жазууну эп көрдүм.

1990- жыл. Жайыл району анда Калинин деп аталчу. Алыскы Лейлек районунан, ал жакта, азыркы шаар тибиндеги Исфанадагы Ю. Гагарин атындагы орто мектепте директордун окуу тарбия иштери боюнча орунбасары болуп иштечү элем, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Калинин районуна көчүп келдим.

Лейлектин адырлуу бопбоз талааларынан, жашыл тилкелери аз, дайыма суусап турган, шыбактуу бөксөлөрдөн көз кайыгып келип, мунарыктап түндүк тарабы асман менен жер кошулуп калгандай, көз жетпеген, түштүк тарабынан ак карлуу аска-зоолору калканч болуп калдайып турган, керилген талаалары жашыл өңгө боёлгон, жол боюна бак-дарактар кырка тигилген ажайып Чүй жергеси көзгө башкача урунат.

Калинин районундагы Эриктүү орто мектебине директорлукка бекидим. Эки кабаттуу жашыл бакка чүмкөлгөн мектепти өткөрүп алдым. Иш башталды. Союз тарайт, тарабайт болуп эл арасында уу-дуу кеп.

Бир күнү таң эрте Кара-Балта шаарына барып калдым.

Борбордук көчөдөн мал базарга кетүүчү жолдун бою, азыркы борбордук базардын айлана-тегерегинин баары адамдар. Ким колунда эмне болсо алып чыгып, жерге жая салып, колуна кармап же көтөргөн бойдон сатып жаткан эл. Баарында эле кийим-кечек, көр-жер.

Алуучудан сатуучу көп. Кудум Фрунзе шаарынан көрүп жүрчү “Толчок” базарын элестетет. Заман эмнеге мынча өзгөрүп кеткенине акылы айран болгон адамдардын жалооруган кебетелери. Биз, мугалимдер аз да болсо алган айлыгыбыз, иштеген ишибиз болгондуктан бул өзгөрүштү анчалык этибарга албасак керек.

Карапайым эл жан далбастап калышкандай. Базар ичи андан бетер жык- жыйма. Базар деген базар деңизчи, анда сатып тургандарга демейде анчалык жаңылык катары карабайсың, ал эми көчө боюна кырка тизилип, ар нерсе сатып турган адамдар шыр эле башка ойго түртөт. Эмне болуп баратат, турмуш кайда барат деген күдүк ой мээңе кыттай уюп. Ыр жандуу эмесминби ошондо бул саптар куюлушуп ойго келе калган:

Алып чыгып колунда болгон түгүн,

Алып сатар болушту элим бүгүн.

Эмне болуп баратат биздин турмуш,

Эсим чыгат, көргөндө элдин түрүн.

Каз-катарга тизилген кайран элим,

Кары-жашы базарга чыгып алды.

Кайгы-муңду көргөндө жүздөрүнөн,

Кабак түшүп, көңүлүм сынып калды.

Кара-Балта мейли го, жер-сууга бай,

Кантип гана жатышат лейлектиктер.

Сугат жерден көзү учуп жашачу эле,

Суу өмүр - деп лейлектик, элеттиктер.

Кантип жатат болду экен Талас эли,

Картөшкөдөн башканы айдабаган.

Боктоп коюп, күпүлдөп жүрүшчү эле,

Бололу деп жылда эсен, айдан аман...

Ушул саптар көңүлүмө уялап, гезитке берсемби же бербесемби болуп, кырка турган элди кыдырып бара жатсам, алдыман өңү тааныш Таластын башындагы айылдан, мурда түрмөгө күн алыс түшүп жүргөн Асан деген жигит жолгуп калды.

- Ассолому алейкум.

- Алеки салам.

- Кыдырып жүрүпсүң, эмне бир нерсе сатып жүрөсүңүбү, эмнең бар Эдике, - деди тике эле.

- Эч нерсе деле сатканым жок. Секин айланып, дем алып жүрөм дедим, тамашага салып.

- Эдике, үйдө, силер, интеллигенттер кийген, кийин жашы улгайгандар кийип калбадыбы, жакасы каракүл пальтолор болчу эле го, кийитке деп сандыкка катып койгон, барбы ошолордон?

- Билбейм. Мен өзүм кийип жүргөн каракүл пальтом бар, башка жок.

- Таласта, айылда барбы, мамашалар - кийитке жарайт деп катып коюшат го.

- Аны эмне кылат элең?

- Сага бир нерсе айтайын, ошол пальтолорду кытайлар талап жатышат. Мен Таласка барып айылдан эки-үч пальто алып келдим, шыр эле өткөздүм, спорт сарайына барып. Айылдагылардан үч миң сомдон алдым эле, кытайларга он үч миңден сатып жибердим. Азыр ошондой пальто издеп жүрөм. Бизнес деген ушундай Эдике, үч пальтодон отуз миң заматта пайда көрдүм. Так что ойлон, демократия дегениң сонун экен, илгери алып сатар дешчү эле, азыр алар бизнесмен болду.

Ойлонуп калдым. Кара-Балтадан там сатып алып, ага акчам жетпей, таба-туба берем деп жүрчү элем, ойлонуп калдым, үч пальто сатсам, отуз миң пайда көрсөм, алтоону тапсам, карыздан кутулат турбаймынбы.

- Чын элеби?

- Бизди билесиң да, калп айтпайбыз, сөзгө жооп беребиз. Косяк кетирбейбиз.

- Мейли анда, - мен сыр бербей коштошуп, жолду уладым. Каз-катар тизилген элдин колунан пальто издей баштадым. Бир жерден бирөөнү көрдүм.

- Пальтоңуз канча турат?

- Он миң.

- Эмне мынча кымбат?

- Кымбат эмес, Бишкекте мындай пальтолорду кытайлар 15 миңден алып жатат. Алып барып сатып жиберсеңиз, беш миң сом чөнтөгүңүздө.

- Сиз эмнеге ошол жакка сатпайсыз?

- Бир пальтонун эмнесин сатам? Беш-алты пальто болсо бир жөн.

Мээм иштеп жатты. Ии де, Кара-Балта Бишкекке жакын, булар пальтонун баасын билип калышкан турбайбы, таластыктар билбесе керек, кой бүгүн жөнөйүн, бара көрөм да, болсо болуп калар, болбосо ата-энем менен учурашып кайтам. Шыр эле үйгө жөнөдүм.

Кечки автобус менен, Таласка кеттим.

Анда Таласка Жамбыл аркылуу каттачубуз. Түндөп жүрүп олтуруп таң эрте жетчүбүз.

Жол ката эл уктап баратты. Мен ыр саптарын кубаладым, оюма ар кандай саптар, обондордун кайрыктары түштү. Кыңылдап бараттым.

Турпагыңдан кагылайын тууган жер,

Тууруңдан чыгып кеткем жер кезип.

Айылыңа жеткиремин бүгүн деп,

Автобусум алпаратты терметип.

Эмнеге ысык тууган жердин коюну,

Нечендерди сагындырган, ыйлатып.

Айылдыктар эң бактылуу турбайбы,

Айылында жашап жаткан жыргашып..

Иш кызмат деп бөлүнөсүң айылдан,

Иш деп жүрүп каттабайсың, байма-бай.

Эл-журтуңду эстеген бир күн болот,

Элүү жашка келип калып байкабай.

Тууган жердин абасы атыр, суусу бал,

Тууган жерин ким көксөбөйт, сагынбайт.

Туур кылып жашайт адам ар жерди,

Тууган жердей бирок эч жер табылбайт.

Таң эрте, саат алтыда, Таласка келип түштүм. Таң агарып, чыгыштан күн шоолалары жерге жарык жандырып, мемиреген таңкы тынчтыкты анда- санда кыйкырган короздун үнү гана бузат. Теребел бир сонун. Айылга кетчү автобусту күтпөй, шаар аралап баскым келди.

Талас чакан шаар, баш-аягына жөө басып чыгып кетсең да болот. Эмнегедир базарын көргүм келди. Автобекеттен базарга чейин бир сааттай басып келдим. Шумдугуң кур, базарга эл батпайт, шаардын эли бүт эле базарга чыгып алгандай. Кара-Балта шаарындагы көрүнүш Таласта да орун алыптыр, жол боюна тизилбесе да ийиндешип, базар аянтына толуп алышыптыр. Таканчыктап турганга жер табылбайт. Илгери Таластын базарында бир ууч өзбектер, анча-мынча орустар эле отурар эле. Бул жолу кый-сыпыр түшүп базар бүт эле кыргыз. Менин издегеним каракүл жакалуу пальто. Оюмда ыр.

Орустардын сатып алып тамдарын,

Талас бүгүн орусу жок кыпкыргыз.

Өзүбегин сүрүп чыгып базардан,

Өзү билип базар толо жык кыргыз.

Сатуучулук өнөр болду баарына,

Алып сатар байып барат бапырап.

Эрди-катын баары чыкты базарга,

Эркектери сөгүнгөндү катырат...

Жашыл эле, токой болчу шаарыбыз,

Жапырт жайлап теректерин кыйышты.

Көчөлөргө толуп чыкты таштанды,

Эч ким билбейт, кимди кандай тыйышты.

Баягы каракүл пальтону издеп жүрүп бир жерден көрдүм. Өзүмдүн классташым сатып жатыптыр. Кайран кыз, мектепте жакшы окучу эле, сулуу эле, чоң окууну Оштон бүттү эле. "Базарга чыгып калдым, көр-жер сатып жатырмын", - деди.

- Тиги пальтоң канча турат?

- Канчага аласың?

- Айтсаң, канча турат?

- Кыйын соодалашасың го, адамды демитип...

- Сен деле.

- Жок, айтсаң канча сурап жатасың?

- Сага жети миңге берем, билесиңби, бу пальтолорду кытайлар алып жатканын, алып барып сатып жибер, он төрт миңден кетет. Бизге үч төрт-миңден өткөрүп жатышкан, эки-үч күн болду баасын көтөрүп салышты. Биз 4-5 миңден алып, 5-6 миңден сатып жатабыз.

- Сен иштеп жатасыңбы?

- Ооба, иштеп жатам.

- Ким болуп?

- Мектептин директорумун.

- Канча айлыгың?

- Жети-сегиз миң.

- Аз турбайбы. Бир пальто алып барып сатсаң, бир айлыгың, элдин баары ушинтип жатпайбы, азыр иштеп эмне, чуркаш керек, соодага өтүү керек. Бүттү илгерки заман, бүттү силердин партияңардын заманы, райкомдо да иштеп калдыңбы?

Менин райкомдо иштегеним ага жакпаса керек го деп ойлодум.

- Мейли анда бер, пальтоңду алайын, алты миңге, сатпайм кием, сенин колуңан алгам деп кийип жүрөйүн.

- Кийбей кал. Сен деле базарчы болуп алгансың го. Калп эле иштеп жатырмын демиш болуп, - пальтону жакшылап бүктөп, мага карматып жатып сынай тиктеди..

Андан ары кыдырдым. Үч пальто сатып алдым. Айылдагы үйгө да барбай калдым. Үчөөнү тең соодалашып алты миңден алдым. Кечки автобуска отуруп, кайра таң эрте Бишкекке келип түштүм. Түз эле спорт сарайына жөнөдүк. Спорт сарайынын күн батыш тарабында кытайларбы, дунгандарбы бардыгына товарларын сатканга орун берген экен, кытайлар толтура, эл көп.

Кантип сатышым керек пальтолорду? Айлам кетти. Алып келерин алып келип алып. Ушинтип кабатырланып турсам, жаныман өтүп бараткан улгайыңкы аял:

- Эмнең бар эле уулум, эмне сатып жатасың?,- деди мага кайрылып.

- Пальтолорум бар эле. Кантип өткөрөрүмдү билбей жатам.

- Мындай кыл, бирөөсүн желбегей жамынып кийип ал, кыдырып баса берсең, кытайлар өздөрү чакырат, соодалаш, алар арзан сурай берет, бербе, он төрт, он беш миң деп туруп ал. Өлүгүңдү көрөйүн кытайлар каптап кетти, - деп күбүрөнүп өтүп кетти.

Айтканды угуп, пальтону желбегей жамынып алып кыдырып кеттим. Кытайларды жалооруп карап коем. Унчугушпайт, нары өтөм, бери өтөм. Акырында бирөөсү “бери кел”- дегендей кол жаңсады. Бардым. Колунун манжаларын бүктөп, ачып бир нерселерди айтат, түшүнбөйм, орусча аласыңарбы десем алар түшүнбөйт, манжаларын эле көрсөтөт. Аңгыча жанымдагы бирөө “Тогуз миңден алам” деп жатат деди мага котормочу боло калып,”бербе мен азыр”- деп ал дагы манжаларын ачып-жумуп кытай менен соодалаша баштады. Мага кайрылып: “он эки” деп көрсөттүм, мага бирдеңке кыласыбы - дейт. Ичимен эсептейм, Таластан алтыдан алдым эле, ондон сатсам, “Котормочуга” миңин берсем, бир пальтодон эмес, үч пальтоодон айлыгым чыгып калат турбайбы, классташым саал жаңылып калган экен деп санай коюп: “макул” дедим, содасы да курусун, ансыз деле бирөө жарым көрүп калабы деп кысталып жаткам, ийнимдегини шыпыра бүктөп, калгандарын баштыгыман чыгаргыча шаштым. Кытайлар ала салышып ара бери аңтарып, жең жакаларын карай баштады. “Эмне болду, алышпайт бекен”- дейм. Алышат, энеңди урайындар, ушинте беришет, пальтолорду нары-бери оодарып жатышып, кайрадан манжаларын көрсөтө башташты. “Эмне деп жатышат”- дейм котормочуга жалдырап. Ал дагы манжаларын ачып-жумуп кайра соодалашып кирди. Кытайлар пальтолорду албай тургандай бери мен жакка жылдырып салышты. Өз ара сүйлөшүп, күлүп жатышат. Кетпеген жеримен тер кетти

- Эмнедеп жатышат, буларың?

- Энеңди урайындар, тээп жатышат.

- Тепкени эмнеси? Сен таластыксың го?!

- Түшүрүп жатышат, тогуздан алабыз деп жатышпайбы.

- Эми эле ондон алабыз дешпеди беле. Котормочу экөөбүз турабыз. Улам кытайларды карап коюп. Бир маалда нарытан бирөөсү келип, пальтолорду кайра оодарып, карай баштады. Менин котормочума карап манжаларын көрсөтүп кирди.

- Мунусу эмне дейт.

- Он беш берем деп жатат.

- Ой, бере берелик.

- Бере бересиңби. Үч пальтоңо он беш берейин деп жатат.

Дел болдум. Таластан убара болуп алты миңден сатып келсем, беш миңден кытайларга өткөзсөм, мына сага бизнес. Котормочум да кете турган өңдөнүп калды.

- Тууган дедим, сен сооданы билип калыпсың, ушул пальтолорду акчаң болсо сен эле албайсыңбы, бүгүн болбосо эртең бирөөсү алар да жакшы баага, мен Кара-Балтадан келди элем, кете берейин, ишим да бер эле.

- Эмне болуп иштейсиң, - деди менин котормочум. Директор болуп деп айта албай койдум. Мугалиммин деп койдум. “Көрүнүп турат”, - деп койду котормочу.

- Эмне, аласыңбы? Котормочу экөөбүз соодалаша баштадык.

- Канчадан берип кетесиң?

- Өзүм Таластан алты миңден алгам, ошону эле берсең болду.

- Алтыдан, буларың беш берип жатпайбы. Көрдүң го өзүң. Ташта мага мейли беш жарымдан алып калайын, эптеп сатып жиберем да. Болбосо алып кете бер үйүңө, кийит болот да. Сандыкка салып кой, нан сурамак беле.

Айлам куруду. Кайран каракүл пальтолор, котормочуга беш жарымдан бердим да, Кара-Балтага жол тарттым. Жол ката ыр саптарын кубалап келдим.

Кайран кыргыз качан соода кылчу элең,

Каалагандай жашачу элең ат минип.

Алып саткан алдамчылык экенин,

Акылыңа салып, түйүп, жат билип.

Байып алсаң катын алып кабаттап,

Басырынбай, жалдырабай бирөөгө.

Алдамчылык жаман нерсе билчүсүң,

Аны кылсаң батамын деп күнөөгө.

Кытай менин пальтомду жулкулап,

Кыргыздарды келекелеп турду го.

Куурулгандай өз жеримде басынып,

Кудай бизди так төбөдөн урду го...

Орто жолдон бирөө тапты пайданы,

Оңго-солго калчайт турмуш кургур оо... деген саптарды оюма пештедим да ошонума ыраазы болуп үйүмө жеттим.

Элдияр Жуманалиев, акын, журналист, обончу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG