Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялады. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башындагы сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө мекендешибиз Марлен Чоробековдун сынакка келген блогун сунуштайбыз.

Эгемендик алганыбызга быйыл туура 25 жыл болду. Алдыга көз салып, артка кылчайсак бир топ кызыктуу нерселер эске келет.

Менин баамымда, чейрек кылымдык эгемендикти үч этапка бөлүүгө болот. Биринчиси - 1990 - 2000-жылдар, жашоо үчүн күрөш. Экинчиси - 2000-2010-жылдар, баарынан жогору коюлган саясат күрөшү. Үчүнчүсү - 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин – чачылганды жыйноо жана үзүлгөндү улоо же кайра калыптануу мезгили.

Бул үч мезгилди колумдан келишинче чечмелеп берейин.

1. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендик алганы, кыргыз эли үчүн колхоз жана совхоздордун тарашы, ири мекеме-ишканалардын менчиктештирилиши менен эсибизде калды. Бирок ошол маалда эн чоң иш бул - жашоого болгон күрөш болгондугу күнү бүгүнкүдөй эсибизде. Ал жашоого болгон күрөш, билимден качуу же мектеп окуучулары мектептерди таштап, жогорку окуу жайлар окуу тагдырын акчага байлап, ал эми мугалим, врач жана башка кесип ээлери өз жумуштарын калтырып, соода-саттыкка умтулушкан.

Ушул жылдары кылымдардын кыйырынан бери кызыл кереге боз үйдө күпүлдөтө «Манас» айтып, улуттук руханий баалуулуктарды, түптүү маданиятты сактап келген айтылуу кыргыз журтунун бир топ жакшы сапаттарынан көз көрүнө алыстаганбыз. Себеби жашоо үчүн күрөш, ар ким өзүн жана жакындарын калкалап кароо жана соода-сатык турмушунун жазылбаган мыйзамдары бардык кыргыз артыкчылыктарын астына басып берди.

Ошол он жылдыкта «пулуң болсо кулуңмун», «таанышың болсо- таңкасын», «биринчи билим эмес, байлыгың жана бийлигиң» жана башка ушул сыңары кылымдар бою калыптанган тарбияларга каршы келген түшүнүктөр жашообузга айттырбай кирип келип, өз бийлигин апыл-тапыл жүргүзө баштабадыбы.

2. Экинчи он жылдык 2000-2010-жылдар аралыгы Кыргыз мамлекети үчүн жашоодогу эң биринчи орунга саясат деп билүүгө багыт алды. Бешиктен бели жаңы чыккан баладан тарта карылыкка моюн сунган ата-апалардан бери жалаң саясат менен жашады.

Ушул он жылдык мезгил саясаттын кайнап бышып турган мезгили экендигин эки жолку ыңкылап өзү жана ата-баланы, аялы-күйөөсүн, ага-тууганды бөлүп жарган толгон-токой шайлоолор айгинелеп турат.

Саясаттын туу чокусу дейбизби, кайнап ташып кеткендеги көрүнүшү дейбизби, кыскасы, бул он жылдыктагы эки ыңкылап менен мамлекеттин жол тандоо далалаты же анын ак-карасына, таза жана булганычтыгына, өйдө жана ылдыйына мезгил өз карашы менен жана ар кандай ыкмада баасын берип келди. Аша чаап баратканды тизгиндеп, артта калганды жөөлөп, тепсеп, кыскасы, адамзаты өтө турган бир топ багыттардын, алардын ачуу жана таттуусунун даамын байкап баштан кечирдик.

3. Үчүнчү мезгил доору 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин – кайра калыптануу аракеттеги мезгил. 25 жылдык эгемендик тагдырыбызга көптөгөн оош кыйыштар болуп, биз канчалык денгээлде «уттук» же ошол эле маалда канча нерселерде «уттурдук»? Бул суроолорго тарых өзүнүн так таразасын мезгили келгенде берээр. Алардын арасында бүгүнкү күнгө карата жасалып жаткан аракеттерди карап көрсөк, учурда мамлекет тарабынан чачылганды жыйноого жана үзүлгөндү улоого аракет жүрүп жаткандай. Алсак, 25 жылда уурдалган мүлк жана башка баалуулуктардын жүзү ачылып, аларды кайтаруу аракети, улуттук каада-салт жана тил көйгөйүн чечүү, билим менен кесиптик сапатка кайтуу жана башка ушул сыяктуу иш-чараларга басым жасалып жатат.

Туура, жоготуу ордун толтура албасак да, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнаганга аракет кылуу эл алдындагы жана мамлекет алдындагы озуйпа экендиги айдан ачык.

Жыйынтыгында, Кыргыз мамлекетинин тагдырына мындай жолду басуу канчалаган кыйынчылыктарды, анын ичинде тар жол тайгак кечүүлөрдү баштан кечиргенибиз менен, бизди келечекте кандай жол күтүп тургандыгында. Кыргызда жакшы кеп бар, "түштүн башы казандай мойну кылдай, каякка жорусаң ошол жакка бурулат" деген сыңары, биздин 25 жылдагы көргөн тагдырыбызды жакшы жакка жоруп, келечекте башынан көп нерсени өткөргөн адамзаты катары мындан ары өнүүгүгө, ынтымакка жана ыйманга бет алалы.

Ошону менен бирге илгертеден кыргыз элинин кендирин кесип келген көралбастык, ичи тардык, карасанатайлык, кутумдук, арамзалык, ач көздүк сыяктуу ыплас сапаттардан колдон келишинче алыстап, ал эми элибизге таандык ыймандуулук, айкөлдүк, даанышмандык, берешендик, сөзмөрлүк, боорукерлик, бир туугандык жана башка ушул сыяктуу асыл сапаттарды туу тутсак деген ой тилек менен өз сөзүмдү бүтүргүм келет.

Марлен Чоробеков

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG