Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Бишкекте полиграфиялык көргөзмө өтүп жатат. Бул иш-чара 21-ноябрга чейин уланат. Көргөзмөнү “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасы уюштурган. Көргөзмө китеп өндүрүшүн жандандыруу жана талапка жооп берген басмаканалар менен мамлекеттик деңгээлде китеп басып чыгаруу жана таратуу түйүнүн түзүү максатын көздөйт.

Тарых музейинде өтүп жаткан көргөзмөгө жыйырмадан ашык полиграфиялык ишкана катышууда. Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момунова китептердин сапатына баа берди:

- Китептердин сапаты бир кылка эмес. Бири мукабасын да, ички барактарын да сапаттуу кагаздан жасаган. Мисалы, “Манас”, “Семетей” китептери, Чыңгыз Айтматовдун томдуктары мыкты чыгыптыр. Эптеп эле шашылыш чыккандары да бар экен. Барактары жука, көрүнүшү жупуну. Эч кандай стандарттарга жооп бербейт.

Момунова учурда Кыргызстанда китеп чыгаруучу ишканалар көп болгону менен, китептерди элге жеткирүү чоң көйгөй экенин кошумчалай кетти:

- Бишкекте кыргыз тилиндеги китептерди саткан бир эле китеп дүкөнү бар. Бул жетишсиз. Китеп ар бир дүкөндө туруш керек. Мисалы, бизде ар бир бурчта арак саткан күркөлөр бар эмеспи. Эмнеге китеп саткан күркө жок? Ар бир айылда да китеп сатылыш керек. Болбосо руханий дүйнөбүз талкаланат. Ансыз деле 20 жылда талкаланып бүттүк. Аны кайра акырындап калыбына келтирбесек келечекке болгон ишеним жоголот.

Көргөзмө

Көргөзмө

Акындын айтымында, бир кезде өлкөнүн бардык булуң-бурчунда китеп дүкөндөрү болгон. Аларды кайра калыбына келтирмейинче китеп өндүрүшүн жандандыруу мүмкүн эмес.

Жакында түптөлүп иштей баштаган “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Рахимбек Кожобергеновдун айтымында, өлкөдө биринчи жолу өтүп жаткан полиграфиялык көргөзмө китеп өндүргөн басмаканалардын мүмкүнчүлүгүн тактап алуу максатын көздөйт. Кожобергенов жакында Кыргызстандын ар бир районунда, айылдарында китеп дүкөндөрү ачыларына ишендирди:

- 90-жылдарга чейин китеп дүкөндөрүбүз болгон. Биз аларды санап чыктык, жыйырма дүкөн болгон экен. Эгемендик жылдары алар жабылып калган. Эми биз китеп дүкөндөрдү мурдагыдан да көбөйтөлү деп аракеттенип жатабыз. Ар бир облус борборунда экиден, ар бир район борборунда экиден, алы жеткен айыл өкмөттөрүндө бирден китеп дүкөн ачууга умтулабыз. Азыр Баткенде, Кызыл-Кыяда, Ош шаарында, Сүлүктүдө китеп дүкөндөр иштей баштады. Чүйдө ачылды. Бишкек шаарында төрт китеп дүкөн ачылат.

Кожобергенов учурда аталган мекемеге мамлекеттен бул тармакты өнүктүрүүгө 34 миллион сом каралганын кошумчалап, мамлекеттин эсебинен кайра бастыра турган 600гө жакын китептин тизмеси да такталганын айтты. Мындан сырткары “Кыргыз китеп” кыргыз жазуучу, акындарынын китептерин таратууга жана келишимдин негизинде мекеменин талабына туура келген чыгармаларды басып чыгарууга да салым кошорун айтты.

2013-жылдын 27-декабрында Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу “Кыргыз китеп” ишканасын түзүү тууралуу токтом кабыл алынган. Аталган мекеме ошол токтомдун негизинде быйыл август айынан баштап иштей баштады.

Жаңы ишкананын директору Талант Ормушев мекеменин максаты өзгөчө балдар жана жаштар үчүн ата мекендик жана чет элдик адабияттардын эң мыкты үлгүлөрүн мамлекеттик тилде басып чыгаруу жана жайылтуу тутумун түзүү, өнүктүрүү экенин билдирди.

Көргөзмөнүн ачылышы

Көргөзмөнүн ачылышы

Директордун айтымында, аталган мекеменин буюртмасы менен жарык көргөн китептердин 80% мамлекеттик тилди өнүктүрүү алкагында кыргыз тилинде чыгарылат. Көргөзмөнүн дагы бир максаты - сапаттуу китеп өндүргөн өнөктөш тандоо:

- Мурда китеп чыгаруунун атайын стандарттары бар эле. Кийин аны эч ким карабай калды. Ошондуктан сапаты начар китептер да чыгып жатат. Учурда Маданият министрлигине караштуу атайын комиссия иштеп жатат. Алар 20-декабрга чейин стандарттарды иштеп чыгып, “Кыргызстандарттан” өткөрүп, мамлекеттин буйругу менен бекитилет. Китептер ошол стандарттын негизинде чыгарылат. Антпесек биз балдар үчүн китеп чыгарганы жатпайбызбы. Эгер стандарт бекибесе, балдарга чыккан китептердин бетиндеги боёктордун зыяндуу болуп-болбогонуна ким жооп берет? Мындан сырткары балдар окуй турган китептердеги тамгалардын көлөмдөрү тууралуу да атайын эрежелер бар.

Талант Ормушевдин айтымында, мамлекеттик ишкана алдыда талапка жооп берген, тендерден өткөн беш-алты басмакана менен китеп чыгаруу, таратуу жана сатуу түйүнүн түзөт.

Учурда Кыргызстанда 150 чакты полиграфиялык ишкана бар. Алардан жылына ар кандай аталыштагы 1,5 миңге чукул китеп чыгат.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG