Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Адабиятты сүйгөн муун коомго үлгү


АКШ элчилиги ЮСАИД Эл аралык уюмунун атынан Маданият министрлигине балдар китептери үчүн 18 миллион сомдук сертификат берди.

Эми бул каражатка өлкө аймагындагы китепканаларга кыргыз тилиндеги балдар үчүн 100 миңден ашык нускадагы 134 автордун китептери жеткирилет.

ЮСАИД Эл аралык уюму республикада балдар китептери боюнча изилдөө жүргүзүп, жеткинчектер үчүн чыгарылган кыргыз тилдүү көркөм адабияттар тартыш деген тыянакка келген. Андыктан аталган уюм АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү менен 18,5 миллион сом каражатка аймактарга балдар китептерин таратууну көздөйт.

Бул тууралуу ЮСАИД уюмунун адиси Светлана Кудайбергенова айтып берди:

- Республика боюнча 80 китепканабыз бар. Аларга китептер бекер таратылат. Ал китептер 1-4-класстын балдарына арналат. Бул долбоор башталардын алдында биз изилдөө жүргүзүп, кыргыз тилинде балдар адабияты жетишпей жатканын аныктаганбыз. ЮСАИДдин эң негизги максаты мектепке чейинки жана башталгыч класстагы балдарды китептер менен камсыз кылуу. Ошондуктан биз жергиликтүү авторлор жазган кыргыз тилдүү китептерди гана беребиз. Арасында чет элдик жазуучулардын котормолору да бар.

Китепканаларга акысыз таратыла турган китептерди Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасы даярдап жатат. Аталган мекеменин жетекчиси Роза Султангазиеванын айтымында, бериле турган китептердин арасында кыргыздын классик балдар жазуучуларынан баштап, бүгүнкү жазуучулардын китептери жана котормолору бар:

- Биз 200дөн ашык наамдагы китепти даярдадык. Анын ичинде жомоктор, ар кандай энциклопедиялар, орус классик жазуучуларынын кыргыз тилине которулган китептери да кошулуп жатат. Негизинен китептерди тандоодо окурмандардын талабы эске алынды. Долбоордун талабы боюнча жалаң кыргыз тилинде жарык көргөн китептердин топтомун жасадык.

Роза Султангазиева мындан сырткары Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасы төрт жыл мурун "Китеп кербени" акциясын баштап, учурда ал региондордо да уланып жатканын айтты.

Педагог-окумуштуу Советбек Байгазиев балдар адабиятын басып чыгарууда азыркы балдардын аң-сезимине ылайыкталбай калган деген оюн билдирди:

- Совет доорунда балдар үчүн көп чыгармалар жазылган. Алардын айрымдары кайра басылып жатат. Азыр сейрек болсо да мисалы, Каныбек Жунушов өңдүү балдар үчүн жазып жаткан мыкты жазуучуларыбыз бар. Анткен менен балдардын психологиясы башкача да. Алар кооз сүрөттүү китептерге кызыгат. Андыктан балдар үчүн чыккан китептери көбүнчө сүрөттөр менен коштоп берсек. Биз ушул жагынан жетишпей жатабыз.

Байгазиев балдар үчүн чыгып жаткан эпостордогу эпикалык каармандардын сүрөттөрү карикатура деңгээлинде болуп калган жагдайлар көп учураганын айтат.

Маданият министрлиги, ЮСАИД уюму, Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар китепканасы биргеликте ишке ашырып жаткан долбоор май айынын соңунда жыйынтыкталат. Маданият министринин орун басары Фархат Бекмамбетовдун айтымында, долбоор боюнча 134 автордун жүз миңден ашык китеби аймактардагы китепканаларга жетирилет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG