Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Чек арадагы чыр-чатактардан качан арылабыз?


Кыргыз-өзбек чегиндеги чырдан улам чогулган Баткендин Согмент айылынын тургундары, 2010-жылдын 28-майы.
Кыргыз-өзбек чегиндеги чырдан улам чогулган Баткендин Согмент айылынын тургундары, 2010-жылдын 28-майы.

Кыргызстандын түштүк аймактарында чек аралардагы жаңжалдарды алдын алуучу иш-чаралар өтүп жатат.

Анын чоо-жайы тууралуу “Тынчтыкты түзүүчү аялдардын түйүнүнүн” Баткен облусу боюнча координатору Токтокан Мамбетованы кепке тарттык.

- Алгач түшүндүрүп өтсөңүз, сиздер кандай жолдор менен чек арадагы жаңжалдардын алдын алууну көздөп жатасыздар?

- Негизинен биздин облустагы чек ара Өзбекстан, Тажикстан менен тыгыз байланышта турат. Демаркация, делимитация маселелери бүтпөгөнүнө байланыштуу чек ара аймактарында тез-тез ички майда жаңжалдар болуп турат. Бул негизинен суу, жол маселеси, дарыядагы таштар маселеси жана жайыт маселелеринен чыгып турат. Биз бул максатта Ош шаарында уюшулган “Голден гол” деген уюм менен кызматташып, түрдүү иш-чараларды фестивалдарды, жолугушууларды өткөрүп жатабыз.

- Бул жолугушууларга өзбек, тажик тараптагы өкүлдөр, тургундар келип жатышабы?

- Аларды чакырдык. Алар деле келип маселени оң жагына чечүүгө аракет жасап жатат. Негизи чек арадагы маселелер коңшу турган жарандар тарабынан бузулуп жатат. Мамлекет деле чечкенге аракет кылып жатат. Тургундар келип, макул биз туура эмес кылыптырбыз деп бул маселелерди мойнуна алып жатат. Бул жагдай мамлекет тарабынан чечилбесе улана берет.

- Мындай иш-чаралар канчалык көп өткөрүлгөнүнө карабастан жыл сайын кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар чыгып, жыйынтык байкалбай келет. Сиздердин аракеттен майнап чыгып жатабы?

- Биз жайыт маселеси боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жайытка уруксат болмоюнча чыкканга болбойт, бул Кыргызстандын аймагы деп, түшүндүргөнгө аракет жасадык. Акыркы мезгилде бул маселе кичине басаңдап калды. Биз ойлойбуз, эми толук чечпесек дагы жарым-жартылай бул маселени азайтып жатабыз. Ал эми акцияларыбыз элдин достугун бекемдөөгө, чыңдоого түрткү болуп жатат. Себеби биз менен байланышкан Тажикстандын жараны болобу, Кыргызстандын жараны болобу, туура эмес иш кылганын түшүнүп жатат. Аксакалдары бул башка чек ара деп балдарын тарбияланга аракет кылып жатат.

- Сиздер эл менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү менен бирге чек арада чыккан ар бир жаңжалды иликтегенге аракет кылат экенсиздер. Жыл башынан бери Баткен облусунда чек арага байланыштуу канча жаңжал чыккан? Алардын негизги себеби кандай болуп жатат?

- Майда барат чыр-чатактар көп эле катталды. Мисалы, Баткендин Боз-Адыр айылында суу талашуу, жайыт маселеси боюнча талаш болду. Андан кийин Апкан айылында болду. Анан бизде Ак-Сай менен Көк-Таш деген айылдарыбыз бар. Буларда тез-тез эле чек ара боюнча талаштар болуп турат. Ошондуктан биз көбүнчө көңүлдү ушул айылдарга бөлөбүз.

- Эми мындай кийин кандай иш-аракеттер уланат?

- Биз дагы эле чек ара маселелерин, элдин тынчтыгын, улуттар аралык достукту чыңдоого аракет жасайбыз.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG