Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Казакстандын чек ара, бажы кызматтары кыргыз жарандарын өткөрмө бекеттерде кыйнап, кордогон учурлар көп катталганы талкууланды.

Жогорку Кеңеш кыргыз-казак чек арасындагы абалды тартипке салуу боюнча тез арада эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өкмөттү милдеттендирди.

Депутаттык топ кыргыз-казак чек арасынын “Ак жол” жана “Чалдыбар” өткөрмө бекеттериндеги абалды иликтөө учурунда казакстандык чек арачылардын кыргыз жарандарына карата одоно мамилесине күбө болгон. Мындан сырткары депутаттар чек арадан өтүп бара жаткан кыргыз жарандарын уруп-сабап, мазактаган бир топ фактылар бар экендигин айтып чыгышты.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынан депутат Исмаил Исаков казак чек арачыларынын мындай мамилесине жүргүнчүлөрдүн чыдамы түгөнүп бүткөндүгүн айтты:

- Чек арадан өтүп бараткандарды кордоп-зордоп кыйнаган учурлар төбө чачты тик тургузат. Ал жерден уруп сабап, токмоктоп, же болбосо 2-3 күндөп күттүргөн жагдай кадимки көрүнүшкө айлана баштаптыр. Бул эми акылга сыйгыс нерсе да.

Ошон үчүн өкмөт казакстандык чек арачыларды тартипке чакыруу маселесин Казакстандын өкмөтүнүн алдына коюш керек. Болбосо ал жерде чоң чатак чыгып кетиши мүмкүн. Ал жерге барып, адамдар менен сүйлөшүп алардын ыйын, муңун угуп, чыдап турууга мүмкүн эмес
.

Ошол эле учурда Казакстандын чек ара жана бажы кызматтарында Кыргызстандын жарандарына карата жагымсыз мамиле калыптанганы айтылды. Ал турсун Кыргызстанды бүтпөгөн ызы-чуунун жана тартипсиздиктин өлкөсү катары баалап, анын жарандарын мазактаган маанай күчтүү экени белгиленди.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Турсунтай Салимов бул көйгөйдү жашырып-жаап отура бербей, мамлекеттер аралык деңгээлде чечүү керектигине токтолду:

- Чек арадан өтүп бара жатканда биздин жарандарды казак чек арачылары малды бир жерге камап алып, анан айдагандай мамиле кылышат экен. Анан ошол жайдын ичине 200-300 адам топтолгондо шлагбаумду ачып, малды чыгаргандай текшерип чыгарышат экен. Ошону көрүп туруп казак чек арачысынын жанына барып, "эмнеге мындай кыласыңар" десем, кайра мага “силердеги башаламандык качан токтойт” деп жанды кашайтпадыбы. "Башаламандык бизде эмес, силерде, чек арада болуп жатат" дедим.

Чаржайыттыкка чара бар

Бул боюнча Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги комментарий берүүдөн баш тартты. Тышкы иштер министрлиги болсо жакында чек арадагы ар кандай чыр-чатактарды ыкчам жөнгө салуу боюнча эки тараптуу келишим түзүлгөнүн билдирди.

"Чалдыбар" өткөрмө бекети
Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев чек арадагы өз ара түшүнбөстүктөрдүн түпкү себебин Бажы биримдигинин жаңы тартиби менен байланыштырды:

- Чек арада кандай гана маселелер пайда болбосун биз жактан жана ал тараптан турган биргелешкен ыкчам топ чечет. Бул боюнча өткөндө өкмөт башчылары Алмазбек Атамбаев менен Карим Масимов атайын макулдашууга кол коюшкан.

Мындай жагдайлар ага карабастан боло бериши мүмкүн. Себеби Бажы биримдигинин тартиби күчүнө кирди. Масимов “эгерде силер да Бажы биримдигине кирсеңер, анда бардык тосмолор алынып салынат” деп айтпадыбы. Мен ойлойм, биз мындай кыйынчылыктардан биримдикке киргенден кийин гана кутулабыз го
.

Макулдашуу көп, акылдашуучу?

Жакында Казакстандын өкмөт башчысынын Кыргызстанда болгон иш сапары учурунда да чек ара өткөрмөлөрүндөгү көйгөйлөр көтөрүлгөн. Карим Масимов аталган маселелерди өз ара түшүнүшүү менен чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, бирок бул боюнча конкреттүү жооп берген эмес.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Эсенгул Өмүралиев мурда берилген убадалардын негизинде абалды тартипке келтирүү боюнча Казакстандын өкмөтүнө кайрылуу жолдоно турганын белгиледи:

- Чек ара өткөрмөлөрүнүн санын көбөйтүү, же башкача айтканда мурда жабылып калгандарын кайра калыбына келтирүү боюнча маселени койгонбуз. Ошондой эле чек арадан өтүүнүн шарттарын жөнөкөйлөштүрүү зарылдыгын сунуштаганбыз. Биз эми "чек арадан өтүүдө биздин жарандарга туура эмес мамилелер болуп жатыптыр, ошону токтотууга чара көрүңүздөр" деп кайрылуу даярдайбыз.

Кыргыз-казак чек арасында он бир чек ара өткөрмө бекет бар. Былтыр 7-апрелден кийин анын бардыгы бир жактуу шартта бир канча айлап жабылып калган болчу. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин анын жарымына жакыны ачылып, калгандары азыркы учурга чейин жабык. Мунун натыйжасында ачык турган чек ара өткөрмөлөрдө кезек күткөн жүргүнчүлөрдүн агымы көп болуп жатканы айтылган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG