Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Чек ара коргоо - чеке жылытпайт


Кыргыз-өзбек чегиндеги кыргыз чек арачылары. Баткен облусу.

Кыргыз-өзбек чегиндеги кыргыз чек арачылары. Баткен облусу.

Түштүк облустардагы чек ара тилкелерин кайтарууда жана чек арачыларга жакшы шарт түзүүдө өкмөт тиешелүү чараларды көрбөй жатат.

Бул тууралуу 25-июнда Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитетинде чек ара маселерин талкуулаган жыйында айтылды. Мындан тышкары, чек ара аскерлерин УКМКнын курамынан чыгаруу демилгеси депутаттар менен өкмөттүн ортосунда чоң талашты жаратты.

Аткарылбаган токтом

Мамлекеттик чек араларды кайтарууну жана чек арачылардын турмуш-шартын жакшыртууну караган депутаттар өкмөттүн бул жааттагы ишин сынга алды. Өткөн жылы 29-апрелде парламент атайын токтом чыгарып, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, түштүк аймактарындагы чек арадагы кырдаалды жана андагы абалды жакшыртуу боюнча өкмөткө бир катар тапшырмаларды берген.

Коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаковдун белгилешинче, өкмөт ал токтомду аткарган эмес.

- Бул жерде Баткен облусундагы айрым чек ара тилкелерин зым менен тороо жана каражат бөлүү керектиги жазылган. Бул маселелерди канча жолу карадыңар жана кандай чечимдерди чыгардыңар?

Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашевдин өкмөттүн жасап жаткан иштерин санап бергени депутаттарды ынандыра алган жок.

- Чек ара бөлүмдөрүн күчөтүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Чек ара аскерлеринин санын 500 адамга көбөйткөндөн кийин түштүк аймактардын бөлүктөрү жана бирикмелери күчөтүлдү. Анын ичинен түздөн-түз мамлекеттик чек араларды кайтаруучулардын сандык курамы 68 пайызга, атайын багыттагы бөлүктөр 12 пайызга жана чек ара отряддары 20 пайызга көбөйдү. Атап айтсак, Баткен облусунда Чарбак жана Ак-Сай, Ош облусундагы Кара-Шыбак, Жалал-Абад облусундагы Дейрес чек ара заставаларынын жана Арап чек ара постунун курулушу жүргүзүлүүдө.

Жайында чыр-чатактар арбыйт

Анткен менен УКМКнын алдындагы чек ара аскерлеринин жетекчиси Закир Тиленов чек ара аскерлерине делген тиешелүү каражаттар бөлүнбөй жатканын мойнуна алды. Жыл башында депутаттар чек ара кызматкерлеринин айлык акысын да көтөрүүнү сунуштаган болчу.

Бирок каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошевдин айтымында, алардын айлыгын көтөрүү жагы быйылкы жылдын бюджетинде каралган эмес.

- Бюджетте бул акча каралган эмес. Азыркы бюджеттин долбоорунда да каралган жок. Бирок бизде кошумча киреше болсо, өкмөттүн тапшырмасы менен күзүндө караганга аракет кылабыз.

Ал эми ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин айтканына караганда, жай мезгилинде Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен чек ара аймактарында чыр-чатактар арбыйт. Ал чек ара аймактарындагы калктуу пунктарда коомдук коопсуздукту сактоо жаатында жасалып жаткан иштерди белгилеп, бирок каражаттын тартыштыгына токтолду:

- Чыр-чатактардын көпчүлүгү жер-суу, жайыт маселелеринен келип чыгууда. Жыл башынан бери тогуз чек ара чатактары каталган. Алардын ичинен Тажикстан менен чектешкен аймактарда 5, ал эми Өзбекстан менен чектешкен жерлерде 4 факт катталган.

Чек ара кызматы кайда карашы керек?

Мындан тышкары комитет жыйынында депутат Исмаил Исаков чек ара аскерлерин УКМКнын курамынан бөлүүнү сунуштады. Анын айтымында, коопсуздук, чек ара жаатындагы негизги үч мыйзам боюнча чек ара кызматы өкмөттүн алдындагы өз алдынча орган болуп саналат. Ал мыйзамдар бузулуп жатат жана УКМКнын алдында туруп, чек ара кызматынын иши начарлап кетти деген ойдо.

Ал эми өкмөт менен УКМКнын башчысы Шамил Атахановдун пикиринде, чек ара кызматы атайын кызматтын алдында болушу керек. Ал кошуна өлкөлөрдүн баарында ушундай түзүм сакталып жатканын жүйөө келтирди.

- Мен чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен бөлүү туура болот дегендер менен макул боло албайм. Булар бир бүтүн мекемелер. Аны бөлүүгө болбойт.

Эми бул маселени депутаттар жалпы жыйында карамай болду. Кыргызстанда мурда өз алдынча орган болуп келген Чек ара кызматы 2010-жылы өткөөл президенттин тушунда УКМК карамагына өткөрүлгөн. Ага чейин да бул кызмат бирде өз алдынча болуп, бирде кайсы бир күч түзүмүнө карап келген болчу.
XS
SM
MD
LG