Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:55

Өкмөт каражатты үнөмдөө аргасын издөөдө


Бишкек. 2015-жыл
Бишкек. 2015-жыл

Өкмөт бир катар кыскартууларга барып, мамлекеттик башкаруудагы штаттык орундарга мораторий киргизүү боюнча документке кол коюу алдында турганын билдирди.

Коңшу өлкөлөрдөгү кризис Кыргызстанды дагы буттан чалып турганда, өкмөт келерки жылы мүмкүн болушунча акчаны үнөмдөөнү максат кылууда. Премьер-министр Темир Сариев жылдан жылга бюджеттин кирешеси өсүп жатканына карабай каражат тартыш экенин белгиледи:

- Министрликтер өз сунуштарын берип жатышат. Бирок биздин чөнтөгүбүз жука болуп турат. Дүйнөдө кризис дагы күчүнө кирди. Булардын бизге дагы тиешеси бар, анткени биз ЕАЭБдин алкагында бир талаачылыкта иштеп калабыз.

Финансы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматында, мамлекеттин ички жана тышкы карызы 3 млрд. 397 млн. АКШ долларга жеткен. Бюджеттин тартыштыгы 27 млрд. сомду көрсөтүп жатканына байланыштуу, келерки жылдын бюджетинде имарат куруу, унаа жана жабдуу боюнча кыскартуулар болорун айтууда.

Министрлик үлгүнү өзүнөн баштап, 55 млн. сомдук кыскартууга барган.

- 2016-жылга бюджеттин ресурстары чектелүү болгонуна байланыштуу, имараттар жана курулмалар, машиналар жана жабдуулар боюнча каржылоо кыскартылды. Эмдиги жылга каалайбызбы-каалабайбызбы акча каражаты жок. Биринчи эле мүмкүнчүлүк пайда болгондо, министрликтердин керектүү чыгымдарына кошуп берели деп турабыз.

Премьер-министр Сариевдин белгилөөсүндө, келе жаткан жылы 100 жаңы мектеп куруу менен мамлекет дагы 100 мектепти капиталдык оңдоодон өткөрөт. Ага каражаттын бардыгы республикалык казынадан бөлүнмөкчү. Айыл чарба жаатында жардам берүү, стратегиялык жолдорду куруу иштери улангандыктан, башка тармакты каржылоого терс таасирин тийгизүүдө.

Мамкызматкерлерге - мораторий

Акчанын тардыгынан жөлөк пул алуучуларды кайрадан иликтеп чыгуу зарылдыгы чыкты. Экономика 5 пайызга өсүп жатканда, эмгекчилердин маянасына жумшалган каражат 20% жогорулады, – деген премьер-министр мамлекеттик башкарууда штаттык орундарга мораторий киргизүү боюнча документке кол коюу алдында турганын ачык айтты.

Темир Сариев
Темир Сариев

- Акы төлөө фондунун акчасы былтыркы жылга салыштырмалуу 119 пайызды түзгөн. Айлыктарды көтөрүү чечими болжолдуу финансылык баа менен өлчөнбөй, каржылоо булагы табылбай эле ишке ашууда. Ушундан улам мамлекеттик кызматкерлердин санын көбөйтүүгө тыюу салган мораторий демилгеленди. Жакын арада мен токтомго кол коём, - деди Темир Сариев.

Премьер-министр өкмөттүн жаңы жана чакан структурасы түзүлүшү керектигин айтып, министрлик жана ведомстволорду кыскартуу зарылдыгы турганын кошумчалайт.

Экономист Айылчы Сарыбаев кыскартууларды колдогону менен өкмөттүн иши чала болуп жатканын сындады. Чыгымдар саясаты жетиштүү жүрбөй жатканын айткан Сарыбаев, ички ресурстарды өкмөт туура пайдаланбай, каражат тышка кетип жатат дейт.

- Үстүртөн түшүнүк менен айтылып жаткан сөздөр болуп жатат. Бюджеттик саясат деген жүрбөй жатпайбы. Элдин кирешеси жок болсо, мамлекеттин кирешеси жок болсо, өндүрүш чыгымга иштеп салык түшпөй жатса иш болбойт да. Өзүбүздүн ички ресурстар пайдаланылбай, акчалар сыртка чыгып кетип жатат.

Республикалык бюджеттин кирешесин 119 млрд. сом деп бекиткен документте, келе жаткан жылы ички дүң продукция 5,6 пайыздын тегерегинде болот деп болжолдонууда. Казынадагы акчанын 46 пайызы социалдык тармакка жумшалса, мугалимдер, социалдык жана мамлекеттик эмес кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө 8 млрд. сом каралды.

Ошентип казынага кошумча акча алып келүү ар бир министрликке жүктөлүп оптимизация маселеси сунушталса, фискалдык органдар жаңы акча булагын караштырууга киришмекчи. Эл аралык грант жана насыяларды кечиктирбей алып келүү маселеси маанилүү болуп турганы айтылууда.

Буга кошумча өкмөт мамлекеттик мекемелерди сатыкка коюп 7 млрд. сом акча табууну 2016-жылдын бюджетине киргизди.

XS
SM
MD
LG