Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Кумаркана: ортодо акча менен тагдыр


Өлкөдөгү кризистик борборлор жана жабырлануучу ата-энелер кумарканаларды жабуу талабын коюп жатат. Мамлекеттик казынага миллиондогон акча түшүргөн оюн-зоок жайларын кимдер коргоп, кимдер колдойт? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Талкуунун катышуучулары: Оюн бизнеси боюнча ассоциациянын өкүлү – Мырза Ниязов, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси – Бүбүсара Рыскулова жана казинолордун айынан жабыркаган Азиза айым.





“Азаттык”: Казинолорду, кумарканаларды, оюн автоматтарды жабыш керекпи?

Мырза Ниязов: Бул – орчундуу маселе. Бул адамдын өзүндө эмес, коомдун алсырап, туура эмес жолго түшүп атканы. Мыйзам түрүндө казино ачылса, ошонун арты менен салык, Соцфондго акча төлөнүп атса, анын ичинде адамдар иштеп атса, ушул жагын да карап көрүш керек. Муну иретке келтириш керек.

Бизде ачыкка чыкпаган көптөгөн казинолор, оюн-зоок клубдар бар. Алар жаш бала келсе да киргизе беришет, аларга акча гана керек. Мамлекет тарабынан эч жардам жок, эч ким изилдебейт, токтото албайт.

Азиза: Биз сурасак ошол депутаттардын казинолору экен. Ошондуктан казинолорду жаптырганга биздин алыбыз жетпей атат. Биз Роза Отунбаевадан сураналы, жапсын, бул ар бир үй-бүлөдө болуп атат.
Биз тоого барып мал алып бердик, бир жыл өттү, баары жакшы болду деп ойлосок, ал малды сатып, баарын уттуруп жиберди.

Кечээ 12 жаштагы бала үйүнөн баарын ташыганынан атасы чаап өлтүрүп алыптыр. Роза Отунбаева кыргыз элинин алдында “мен Кыргызстан үчүн иштейм” деп сөз берген. Ошол сөзүнө туруп, казинолорду жапсын. Ар региондо бир бала үчүн 10 киши турат, биз талкалап өрттөйбүз, канча адам өлсө өлсүн. Оюн-зоокко берилгендер жакшы үй-бүлөнүн балдарын, кыздарын тартышат экен. Алардын акчасы түгөнгөндө карызга берет экен. Аягында аларды сойку кылып төлөтүп атат.

“Азаттык”: Сиз өзүңүздүн мисалыңызды айтып берсеңиз.

Азиза: Менин агам 30 жашта, ал үч бөлмөлүү батирин, машинасын уттурду, аялы менен ажырашып, маңкурт болуп калды. Менин жалгыз эле байкем бар.

“Азаттык”: Бүбүсара айым, сиз буга чейин кумарканаларды жабуу демилгесин көтөрүп, бир топ митингдерди өткөрдүңүз, ошонун тыянагы чыктыбы?

Бүбүсара Рыскулова: Жыйынтыгы 2-3 күндө эле болбойт экен. Биз өткөн жылдан бери алектенип келатабыз, азыр кол топтолуп атат. Жогорку Кеңеште анализ жасап, эки жолу митингге чыктык.
Кыргызстанда же бизнесибиз, же экономикабыз көтөрүлбөйт. Кептин баары өзүбүздө. Өзүбүз мыйзамды тактабай, аткарбаганыбызда болуп атат.

Конституцияда ар бир адамдын өз эрки деп айтышат. “Ойногонго адамдын эрки бар, Конституцияны бузуп атасыңар” деди. Андай болсо кыздар деле денесин сатканга, баңгилер сайынганга, аракечтер аракты канча ичсе өз эрки болуп, алакандай элибизге кызыл желекти колуна берип, эркин берели, баңгизатты дүкөңдөргө сатып, арак гүрүлдөп чыксын.

51-26-40 ишеним телефону, 0777-77-04-26 телефону күндүр-түндүр иштейт, жабыркагандар чыккыла. Мына Мырза отурат, миллиондогон акчаңарды кайтарып берет экен.

Мырза Ниязов: Биз акчаны кайтарып беребиз деген жокпуз, биз юридикалык жардам беребиз дедик.

Бүбүсара Рыскулова: Эч нерсеси жок болуп калса, юридикалык жардамдын эмне кереги бар? Психологиялык жактан жабыркап ооруканага жатып, көчөдө калып, өлүп калышууда.

“Азаттык”: Ушуга чейин канча адамга жардам бергенсиздер?

Мырза Ниязов: Биз адамга эле эмес, мыйзамсыз ачылган казинолорду жапканбыз. Лейлекте “Колизей” деген казинону жаптык, алар жаш балдарды да киргизип аткан.

“Азаттык”: Казинолордун үстүндө акчалуу ошол эле депутаттар, чиновниктер, же башкалар бар деп айтып атышат. Сизде ушул боюнча фактылар барбы?

Мырза Ниязов: Бул цивилизациялуу бизнес. Чет мамлекеттерде деле бар. Мен кимдики экенин так айта албайм.
Оюн-зоокко берилгендер жакшы үй-бүлөнүн балдарын, кыздарын тартышат экен. Алардын акчасы түгөнгөндө карызга берет экен. Аягында аларды сойку кылып төлөтүп атат.

“Азаттык”: Эгер көпчүлүк каршы чыгып атса, мамлекет элдин тагдырын ойлоп, башка жакка которуп коюу маселесин карашы керекпи?

Мырза Ниязов: Бизде Кыргызстанда же бизнесибиз, же экономикабыз көтөрүлбөйт. Кептин баары өзүбүздө. Өзүбүз мыйзамды тактабай, аткарбаганыбызда болуп атат. Жакшы нерсени туура колдонсоң жакшы болот, туура эмес колдонсоң жаман болот.

Азиза: Биз президенттен жапсын деп суранып атабыз. Жаппай эле башка жерге көчүргөндө кайда көчүрөт? Кыргызстан алакандай жер.

“Азаттык”: Салык кызматынын маалыматы боюнча казинолордон 249 млн. 406 миң сом түрүндө патент алышкан экен, бул 1-сентябрга карата маалымат. Ушунун баары бюджетке кетет, бул Кыргызстандын бюджетин көтөрүп атат деп атышпайбы?

Бүбүсара Рыскулова: Ишим дешет, фамилиясын билишпейт, жөнөкөй киши бул жерде болбойт. Мага чалып, коркутуулар да болду. Биз кол топтоо, цивилизация жолу менен, мыйзам ченеминде барабыз. Азыр кол топтоп атабыз.

“Азаттык”: Канча кол топтолду?

Бүбүсара Рыскулова: Жүздөй болуп калды. Диний уюмдар да колдоп атат. Динде муну арам акча дейт. Менин астымда Жапаров менен Жетигеновдун биринчи сунуштаган мыйзамы турат. Ошонун 15-беренесинде "эгерде адам берилип, эч нерсени билбей ойноп кетсе, үй-бүлөсү, же бирөө сотко берсе болот, анын акыл-эси жок, эч нерсеге жарабайт деп соттун чечимин чыгарып койсо болот" дейт. Эгерде ошондой чечим чыгарып койсо, анда өмүр бою эч бир жумушка албайт, эч нерсеге жарабай калат.

Эгер булар жабылса, алар ойнобой калса, жарым жылдан кийин кайра иштеп, элге кошулса болот. Азыр мыйзамды кабыл алып, 18 жашка чейин киргизбеш керек дейт. Бирок кирген адам өзү милдеттүү дейт, мен 19дамын деп кире берет экен. Коррупция ушул жерде турат.

“Азаттык”: Биз демократияга умтулган өлкөбүз. Ошол сиздер жаап койсун деп аткан казинонун ээлери чыкса эмне болот?
Бизде Кыргызстанда же бизнесибиз, же экономикабыз көтөрүлбөйт. Кептин баары өзүбүздө. Өзүбүз мыйзамды тактабай, аткарбаганыбызда болуп атат.

Бүбүсара Рыскулова: Ошолордун ээлери, жабыркаган адамдар келсин, тегерек стол уюштуралы, "менин казином, ушул жерден акча таап атам" деп коркпой өздөрү келсин. Миңдеген салык түшүп атат деп атасыңар, депутаттар айткан ал салык Кыргызстандын бюджетин түзбөйт, башка жактан деле толтура акча тапса болот.

“Азаттык”: Сизге канча адам кайрылды?

Бүбүсара Рыскулова: Күнүнө 2-3 адам кайрылат. Жарым жылдын ичинде ушундай болуп кетти. Бул проблема такыр өрчүп кете электе биздин чиновниктер ойлонуш керек.

Мырза Ниязов: Бул чоң проблеманын бири. Бирок биздин социалдык институттарыбыз кайда? Эмне үчүн балдарды жакшы жакка тартпайбыз, идеологиябызды азыркыга чейин түзө элекпиз? Биз муну мамлекеттик деңгээлде карашыбыз керек.

“Азаттык”: Азиза айым, сиздин жалгыз агаңыз казинолорго берилип кеткен экен. Жаңыдан кире баштаганда психологдорго кайрылып, жардам бергенге аракет кылып көрдүңүздөр беле?

Азиза: Биз билген эмеспиз, анткени алар алдашат. Мен акчаны уурдатып алдым, тоноп кетти дейт. Алар психологго баруудан качышат. Анткени кайра барып, акчасын утуп алганга аракет кылышат. Биз тоого барып мал алып бердик, бир жыл өттү, баары жакшы болду деп ойлосок, ал малды сатып, баарын уттуруп жиберди.

Бүбүсара Рыскулова: Кыргызстанда практика жүзүндө жардам берүү кыйын маселе. Психологго көп акча төлөш керек, анын жанында жарым жыл жүрүш керек. Кыргызстанда психологдорду 15 жылдан бери эле даярдай башташты. Бул жерде коом ойгонбосо, көңүл бурбасак өтө кыйын болот.

“Азаттык”: Көптөгөн тагдырларды угуп, сиздер Оюн-зоок ассоциациясы катары кандайдыр бир мыйзамдуу жолун, кыскартуу жолун карап, сунуштар менен чыгасыздарбы?
Мага чалып, коркутуулар да болду. Биз кол топтоо, цивилизация жолу менен, мыйзам ченеминде барабыз.

Мырза Ниязов: Биринчиден, биз казинолорду мыйзамдаштырышыбыз керек. Биз мамлекетке кайрылсак ага көз жумуп коюшат.

“Азаттык”: Менин маалыматым боюнча, 15 казино бар экен республика боюнча, сиздерде кандай маалыматтар бар?

Мырза Ниязов: Биздин ассоциацияга 6 казино кирген, калгандары кирген эмес. Алар өз билгенин жасап атышат.

“Азаттык”: Мектептердин айланасында оюн автоматтары бар, ушуларды жабууга кандай карайсыз?

Мырза Ниязов: Дүкөнгө киргендей эле нерсе бул. Жаш балага арак сатабы, аны кармаса болот, факт бар, клубдарда да ушундай кылса болот.

“Азаттык”: Сиздин конкреттүү кандай сунуштарыңыздар бар?

Бүбүсара Рыскулова: Бир жылдан бери иштеп келатабыз. Биздин кайрылуубузда казинолорду алыс жакка чыгарып жиберүү деп айтылган. 114 депутаттын ар бирине кайрылдык.

“Азаттык”: Канчасы жооп берди?

Бүбүсара Рыскулова: Мурдагы аптада кайрылдык, бирөө эле жооп берди, оозэки да жооп берип атышат, колдогондор бар. Финансы көзөмөлдөн да бир адис келип, жапсаңар Финполиция, жарандык коом көзөмөлдөйт деди. Бүгүнкү күндө күн алыс ачылып атат. Бизде толук жабыш керек.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG