Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Кытайда эшек этине, терисине талап күч


Акыркы кезде эшекти союп, саткандар көбөйгөнү айтылууда. (Сүрөттө: Соң-Көл жайлоосу)

Акыркы кезде эшекти союп, саткандар көбөйгөнү айтылууда. (Сүрөттө: Соң-Көл жайлоосу)

Кыргызстандын аймактарынан «эшек терисин саткандар кармалды, этин соодалагандар колго түштү» деген маалыматтар ушу күндөрү да коомчулукту дүрбөтүп келүүдө.

Карапайым тургундар эшек эти коомдук тамактануучу жайларга жеткирилип жатат деп кабатыр. Ал бул бизнес менен шугулдангандар продукцияны Кытайга экспорттошорун айтып келишет. "Азаттык" бул өлкөгө ташылган эшек эти менен териси эмне максатта колдонуларын сурамжылап көрдү.

Кыргызстандагы “Конфуций” институттарынын биринин кызматкери Минчжу Линин айтымында, Кытайда эшектин эти жана териси илгертен бери эле баалуу. Өзгөчө анын териси бааланат. Ли андан пайдалуу дары-дармектер жасаларын айтты:

- Кытай эли эшекти башка үй жандыктары сыяктуу эле илгертен бери багып келет. Биринчиден, үй-чарбага керектүү унаа катары колдонсо, экинчиден, анын этин жана терисин медициналык багытта пайдаланат. Өзгөчө терисинен жасалган дары кан айланууну жакшыртарын, аз кандуулукка шыпаа экенин, иммунитетти көтөрөрүн мындан эки миң жыл мурун эле кытай дарыгерлери аныктап чыгышкан. Эшек терисинен жасалган дары ошондой эле балалуу боло албай жүргөн аялдарга да сунушталган.

"Сулуулук үчүн алышат"

Минчжу Линин айтымында, соңку 50 жыл ичинде Кытай медицинасы эшектин терисин иштетүүдө дагы бир чоң ачылыш жасаган. Тагыраагы, бул жандыктын терисиндеги эцзяо (ejiao 阿胶) деп аталган желатин сулуулук каражаты катары колдонулган. Бул зат Кытайдын улуттук маданий баалуулуктар тизмесине да киргизилген:

- Атактуу Кытай медицинасында популярдуу 30-40тай элемент болсо, эцзяо ошонун бири. Кытайда эцзяо желатинине азыр суроо-талап күчтүү, эркектер да, аялдар да издеп жүрүп пайдаланат. Өзгөчө аялдар аны косметика иретинде колдонушат. Анткени ал денени жана адамдын жүзүн агартууга, жашартууга салым кошот. Эцзяонун функциясы биринчи кезекте денеде жаңы клеткаларды бөлүп чыгарууну камсыздайт, натыйжада картаюу кечеңдейт, бетте бырыш азаят. Кургак жөтөлгө, суук тийүүгө жана баш айланууга да дары. Эцзяо бетке сүйкөлбөйт, ал иче турган дары. Мен өзүм да эки-үч жолу ичкем. Көрүнүшү шоколадга окшош, желим формасында болот, даамы ширинирээк. Кааласаң өзүң да жесең болот, кааласаң чайга же башка суусундукка кошуп ичсең да болот.

China Daily басылмасынын маалыматына ылайык, 500 грамм эцзяо желатини Кытайда кеминде 710 юандан (109 АКШ доллары) сатылат. Кыргызча валютага чакканда 10 сантиметр кутудагы желатин кеминде 2-3 миң сомго бааланат.

Дүйнөгө тараган дары

Кытайда адатта эки түрдүү дарыканалардын тармагы бар: биринде химиялык жол менен алынган дарылар сатылса, экинчисинде Кытай медицинасынын дарылары сатылат. Эцзяо ошонун экинчисинде башка чөп-чай дармектер менен чогуу сатылат. Мындан сырткары компаниялардын атайын сайттарында жана herbsbuy, ebay сыяктуу популярдуу интернет дүкөндөрдө да атайын кутучулары менен сатыкка коюлган.

Эцзяо затын сатып алгандар арбыгандан улам Кытайда аны өндүрүү да акыркы жылдары кескин өрүш алган. Маселен, Шаньдун провинциясындагы “Донг-E E-Jiao” заводу өзү эле соңку төрт-беш жылда Шинжаң, Ляонин, Ички Монголия, Шаньдун, Хэнань, Ганьсу и Юньнань аймактарына эшектин терисин иштетүү боюнча 20дай ири эшек фермасын ачкан. Аталган фирма бул тармакта монополист десе да болот, анткени Кытайда өндүрүлгөн эцзяо затынын 75-80% ушул компанияга таандык. Калган продукция Fujiao аттуу башка бир компанияга таандык. Бул эки фирма продукциясын учурда Чыгыш Азияда, Европада жана Америкада сатып жатышат.

New York Times маалымат каражатына берген маегинде “Донг-E E-Jiao” компаниясынын директору Цинь Юйфэн буларды билдирген:

- Кытайда жылына кеминде 4-5 миң тонна эцзяо заты өндүрүлөт. Муну үчүн жылына 1 миллиондон ашык эшек союлат. Натыйжада акыркы жылдары эшектер бүт союлуп кетти. 1990-жылдары Кытайда жалпы 11 миллиондой эшек болсо, азыр болгону 6 миллиондой гана эшек калды. Ушундан улам да эшектин наркы аябай кымбаттады. 2013-жылы бир эшектин баасы Кытайда 500 юань болсо, азыр анын наркы 3 миң юанга (463 АКШ долларына) чыкты. Эгер эшектин терисин сыйрып, даяр алып келишсе андан да кымбат сатып алабыз. Элде азайып, калбай калгандыктан биз өз алдынча эшек фермаларын ачып, көбөйтүү аракеттерин көрүп жатабыз.

Эшек этин импорттоо күч алды

Буга улай Кытай бийликтери эшектердин породасын арттырып, кийинчерээк аны этин жана сүтүн да кайра иштетүүнү да колго алганы турат. Кытайдын Ички Монголия автономдук облусунун Аохан-Ци аймагынын мал чарба боюнча адиси Бай Готин China Daily басылмасына буларды айткан:

- Биздин аймакта мурда ат, уй баккан фермалар толугу менен өзгөрүп, эми эшек багууга өткөнү жатышат. Алтургай кээ бирлери шаарда жумушун таштап элетке келип, эшек чарбасын ачууга өтүштү. Эки жыл мурда биздин аймакта 160 миң эшек болсо, азыр алардын саны 215 миңден ашты. Биз Wu жана By деп аталган эшектин сортун да ойлоп таптык, ал башка эшектерден чоң да болот, кымбат дагы. Анын терисин саткандан улам эле толтура киреше таап атабыз. Эми анын этин, сүтүн да текке кетирбей, атайын ишкана ачканы турабыз.

Кытайдын өзүндө эшек жандыгынын тартыштыгынан улам, акыркы жылдары жакынкы өлкөлөрдөн бул жакка эшектерди импорттоо күчөгөн. Маселен Индия, Пакистан өлкөлөрүнөн эшектер Кытайга тирүүлөй алынып келинсе, Орусия, Украина, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан өңдүү өлкөлөрдөн көбүнчө териси ташылып келүүдө.

Кыргызстанда былтыр Сокулуктун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде 600дөн ашуун эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканда коомчулукка шардана болгон. Мындан улам элде эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн деген күдүк ой жаралган. Бирок аны иштеткендер эшектин жиликтерин жана терилерин Кытайга экспорт кылышарын айтышкан. Бирок анда алар эшек эттерин зоопарктагы жырткычтарга жем катары жиберишерин билдиришкен эле.

Кантсе да анын ызы-чуусу басыла элек жатып Ош шаарында, Ноокатта, Кара-Сууда, Ысык-Көлдө жана Жалал-Абадда да ушундай эле фактылар орун алган. Акыркы жолу Аксыдан үч жаран 30-40тай эшекти союп, терисин эки миң сомдон Бишкек шаарына сатканы ачыкка чыккан.

"Кыргызстан миллиондогон киреше тапмак"

Бул окуялардан кийин көбүнчө териси жок эшектердин тулкусу гана табылып аткандыктан, алардын терилери Кытайга кеткен болушу мүмкүн деген да ойлор жаралган. Оштогу эшек бизнеси алектенип жаткан “Монблан Трейд” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Сун Гуо Цзянь буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде буларды билдирген эле:

- Кыргызстандын калкы эшектин этин жебей турганын жана жактырбай турганын жакшы билем. Ошол себептүү бул жерде эч качан эшек союп сатпайм. Бардыгы Кытай мамлекетине кетет. Биз бул жерден эшектерди алып кетсек, Кыргызстандын калкына деле пайдалуу го. Биринчиден, эшекти саткандар кичине болсо да тыйын табат, экинчиден, эшектин эти желбегенден кийин ал бул жакта баары бир ыргытылат. Бекер нерсени пул кылгандын эмнеси жаман? Анүстүнө Кытайда эшектин баасы жыл сайын кымбаттап баратат. Кыргызстан бул тармакты мамлекеттик деңгээлде жолго коюп алса, эшекти экспорттоодон жылына миллиондогон кирешелерди тапмак.

Ал эми бир нече жылдан бери Кыргызстанда иштеп жаткан биздин каарман Минчжу Ли болсо Кытайга эшектердин ташылып атканы боюнча уккан эмес экен:

- Кыргызстандан Кытайга эшектер ташылып кетип атканы жөнүндө укпаптырмын. Менимче ташыса деле алар Кытайга терисин эле ташып барышат го, анткени этин алып барышса өзүн анчалык деле актабай калат. Мен Кыргызстанда бир нече жылдан бери жашасам, ушул аралыкта Кыргызстанда эшек сатылган жерди көрбөдүм. Кытай ашканасын карманган Кыргызстандагы кафелерден деле эшек этинен жасалган тамак жасашканын уккан жокмун.

Бирок ошол эле кезде Ли Кытайдын өзүндө эшек эти тамак-аш катары колдонуларын четке какпайт:

- Кытай элинде мындай бир накыл кеп бар: “асманда учкандардан эң пайдалуусу ажыдаар, жерде баскандардан эң пайдалуусу эшек” деген. Кытай эли эшектин этин кандай жакшы көрөрүн ушундан эле билсеңиз болот. Анткени анын эти көптөгөн минералдарга бай, витаминдерге бай. Эшек таптакыр оорубай турганы деле анын канчалык пайдалуу жаныбар экенинен кабар берип турат. Ошондуктан анын эти ден соолукка аябай пайдалуу экенин ар бир кытай жараны билет жана мүмкүн болушунча эшек этин жегенге аракет кылат. Бирок эшектин эти Кытайда бардык эле тамактануучу жайларда боло бербейт, кымбат баалуу, кымбат ресторандарда гана сатылат. Акыркы мезгилдери эшек азайып кеткендиктен аны экзотикалык тамак катары кээ бирлери гана жегенге мүмкүнчүлүк алышат.

Кантсе да Кытай өлкөсү үчүн эшек жандыгы эцзяо желимин өндүрүү үчүн башкы мааниге ээ бойдон кала берүүдө.

Бирок адистер акыркы мезгилдердеги Кытайда өндүрүлгөн эцзяо затынын дээрлик 40% жасалма экенин, алар жылкынын, буканын, чочконун жана башка жаныбарлардын терисинен жасалганын айтышат. Бирок Кытай компаниялары товарларын эшектин ДНКсы менен далилдеп анан сатууга даяр экенин билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG