Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

Мамлекеттик миграция кызматы "сырттан келген эмигранттарды иретке салуу жана чектөөлөрдү киргизүү боюнча" мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Кыргызстан жылына 13 миңге чукул чет элдик жаранга өлкө ичинде иштөөгө квота берсе, анын 85 пайызын кытай жарандары колдонууда. Миграция кызматы өткөн жылы 9,5 миң кытай жараны Кыргызстанда иштөөгө уруксат алганын маалымдайт. Натыйжада Кытайдан агылып келгендерден кооптонгон өкмөт квоталарды топ-топко бөлүп жатат.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов “Азаттыкка” билдиргендей, коомдук талкууга чыккан мыйзамдын негизинде өлкөдөгү завод, фабрика жана башка ири ишканаларда 20 пайыз эле мигранттар иштеши керек. Калган жумушчулар жергиликтүү элден алынышы шарт.

- Мындан ары мамлекетке кире турган эмигранттар топ-топко бөлүнөт. Алсак, бир мекемеде чет элдик жөнөкөй жумушчулар 10 пайыздан, ал эми жетекчи жана өзгөчө кызматтагылары 20 пайыздан ашпоосу шарт. Биз болгону өзгөчө талаптагы адистерге гана артыкчылык берип, андайларга чектөө койгон жокпуз.

Учурда коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоору, кошумча толуктоолордон соң парламентке сунушталат. Бирок коомдо бул мыйзам өлкөгө кирген кытайлыктарды чектеринен күмөн санагандар бар.

Кытайга мыйзам иштебейби?

Мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев, Кыргызстанда расмий эмес жүз миңдеген кытай жараны иштеп жүргөнүн айтууда. Ал эми акыркы жылдары Кытай менен ири долбоорлорду ишке ашыруу активдүү жүрүп жатканын эске алсак, коңшу өлкөнүн ишкер жана жумушчуларынын Кыргызстанга агылуусуна эч кандай мыйзам тоскоол кыла албайт деген пикирде:

"Жунда" заводунда иштеген кытай жараны

"Жунда" заводунда иштеген кытай жараны

- Кытай мамлекети дагы 40 мекемени ишке киргизебиз деп атат. Жолдордун бардыгын кытайлар куруп жатат, ТЭЦ, бир катар кендерде жүрүшөт. Эгер темир жолду да кура баштаса, алар мыйзамга карабай эле өз кишилерин иштетет. Бүгүнкү күндө 200-300 миң кытай жараны жүрөт, мыйзам менен аларды жөнгө салуу мүмкүн эмес.

Соңку жылдарда соода тармагында да коңшу кытайдын жарандары өз ордун тапканы менен өкмөт тескерисинче акыркы бир жылда бир далайы өлкөдөн чыгып кеткенин айтууда. Миграция кызматынын төрага орун басары Алмаз Асанбаев бул көрүнүш кытай товарларын ташуу көлөмү азайганынан улам болуп жатканын айтты:

- Биздин мыйзамдар чет өлкөлүк жарандардын соода тармагында иштөөсүнө тыюу салбайт. Бирок өзүңүздөр көрүп жаткандай "Дордойдо" соода солгундагандан бери көптөгөн кытай ишкерлери өлкөдөн чыгып кетти. Себеби, Казакстан темир жол менен түз Кытайдан алып калды. Экинчиден, Өзбекстан менен Тажикстанда чек ара жабылгандыктан "Кара-Суу" базарында да соода жакшы эмес. Бул көрүнүштөрдүн бардыгы чет өлкөлүк ишкерлердин бизде ишин жыйыштырууга түрткү болду.

Күнөө өзүбүздө...

Деген менен өлкөгө мыйзамсыз кирип жаткан кытай жарандарынын агымы токтогон жок дегендер бар. Мыйзамсыз чет өлкөлүк жарандарды текшерип келаткан “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замир Көчөрбаев коррупциялык схемалар кытай компанияларына өз жарандарын көбүрөөк жумушка тартууга жол ачып жатканын айтты:

Жолдо иштеген кытайлык жумушчулар. Тогуз-Торо

Жолдо иштеген кытайлык жумушчулар. Тогуз-Торо

- Биз текшере келгенде кытай компанияларын жогору жактагы айрым жетекчилер калкалап жатканын көрдүк. Кытай жумушчулары биздикине салыштырмалуу аз маянага, 10-12 саатка чейин иштей беришет. Ошондуктан студенттик, туристтик визаларды ачтырып алып завод, фабрикада иштеп жаткандары бар. Ал аз келгенсип “өзгөчө жумушту аткаруучу адис” деген документ менен кадимки эле жүк ташуучу же ашпоз болуп иштеп жүргөндөрдү көрдүк. Андыктан мыйзам кабыл алынган күндө деле иштебейт деп ишеничтүү айта алам.

Кыргызстанда сырттан келип иштегендердин 85 пайызын кытай жарандары түзүп, жалпы саны 10 миңге жетпеси айтылып жүрөт. Бирок адистер алардын саны мындан алда канча көп экенин белгилешет.

Миграция кызматы өткөн жылы Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводу 350 кытай жаранын жумушка тартканын, ушул эле багыттагы Токмоктогу заводго 167 кытай жараны жумушка алынганын маалымдады. Ага кошумча Чүйдөгү “Алтынкен” ишканасы 250 кытай жаранын ишке алса, бул жылы жол салган кытайлык “Чайна роуд” компаниясы 318 өз жаранын жумушка тартууга уруксат алды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG