Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөш


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен келишимден кийин кол алышууда. Бишкек, 11-сентябрь, 2013.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен келишимден кийин кол алышууда. Бишкек, 11-сентябрь, 2013.

Кыргызстан менен Кытайдын алака-катышы жаңы деңгээлге чыгып, Бээжин Бишкекке 3 миллиард доллардан ашык инвестиция сала турган болду.

Эки өлкөнүн лидерлери 11-сентябрда Бишкектеги жолугушуудан кийин стратегиялык өнөктөштүк мамилени орнотуу боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту. Жалпысынан 9 документке кол коюлду жана аларды ишке ашыруу үчүн Бээжин Бишкекке 3 миллиард доллардан ашык инвестиция салат. Тараптар ошондой эле экономикалык жол түзүүнү макулдашты.


Талаштуу маселе жок


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жолугушуу соңунда эки өлкөнүн алака-катышы жаңы деңгээлге чыкканын билдирди. Өлкө башчысы буга ылайык, бири-бирине пайдалуу шартта кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча жаңы талаптар керек болорун айтты:

- Биздин жолугушуунун башкы жыйынтыгы - эки тараптуу мамилени стратегиялык өнөктөш деген деңгээлге көтөрүү тууралуу чечим болду. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык алака-катышка, Кытайдан ири инвестиция тартууга өзгөчө көңүл бурулду.

Атамбаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда талаштуу маселе, келише албай турган суроо жок деп кошумчалады. Тараптардын кызматташуусу аймактагы коопсуздук жана стабилдүүлүктү чыңдоого, глобалдык коркунучтарга каршы турууга салым кошорун белгиледи.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин бул жолугушууда Улуу жибек жолу деп аталган экономикалык жол түзүүнү сунуштап, кыргыз президенти менен сүйлөшүүнү жемиштүү болду деп баалады:

- Биз жогорку деңгээлдеги түшүнүшүүгө жетиштик. 21 жылдык кызматташуунун алкагында мамилебизди жалпылаштырдык. Мамилебизди стратегиялык өнөктөш деген деңгээлге көтөрүү менен достук алака-катышты бекемдедик. Бир топ документтерге кол коюлду. Мен Улуу жибек жолу экономикалык тилкесин түзүүнү сунуштадым. Биздин биргелешкен аракет сөзсүз түзүлөт. Улуу жибек жолу келечекте жакшы жыйынтык берерине ишенем.

Кытай лидери Си Цзинпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары маалында жалпысынан 9 документке кол коюлду. Алар: экономикалык-техникалык кызматташтык, Түркмөнстандан Кытайга газ куурун Кыргызстан аркылуу алып өтүү, Бишкек жылуулук борборун оңдоого, түндүк менен түштүктү бириктирген альтернативдүү жол курууга жана РСК банкка 10 миллион доллар насыя алуу боюнча макулдашуулар.


Ири инвестицияга ишеним


Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев бул документтердин алкагында Кыргызстанга Кытайдан 3 миллард доллардан ашык инвестиция келерин маалымдады:

- Эң ириси бул түндүк-түштүк альтернативдүү жолу. Бул жакка 400 миллион доллар насыя берип жатат. Бишкек жылуулук борборун оңдоого 386 миллион доллар алабыз. Кыргызстан аркылуу кеткен 225 чакырым газ кууру курулат жана буга 1,4 миллиард доллар инвестиция келет. Андан сырткары медицина, ШКУнун саммитин өткөрүү боюнча бизге берген жардамдары бар. Ошондой эле дагы бир чоң долбоорго кол коюлду. Бул Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүү заводун дагы кеңейтүү боюнча 400 миллион доллар боюнча инвестиция берип жатат.

Темир Сариев Кытай лидери сунуштаган экономикалык жол тууралуу буларды айтты:

- Кытай илгерки Жибек жолу менен Батышка жана Перс булуңуна барчу жолдорду оңдоп, ошолорго ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү айтып жатат. Экономикалык тилке аркылуу товарлар, капитал чуркасын деп айтып жатат. Бул Бажы биримдигине каршы келбейт. Бул транзиттик жол болот.

Кыргыз-кытай лидерлеринин Бишкек жолугушуусунда саламаттык сактоо жаатында да меморандумга кол коюлду. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева анда Кытайдагы салттуу медицинанын айрым ыкмаларын колдонууга жол ачыларын айтууда:

- Бул меморандумдун алкагында Кыргызстанда салттуу кытай медицина борбору курулат. Эң негизгиси ошол жерде дагы бир илимий борбор ачылат. Бул илимий изилдөө борбору Кыргызстандагы дары чөптөрдү терең изилдеп аны биздин калкты дарылаганга кытай адистери менен бирге ошол чөп дарыларды колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Мындай кызматташуу биринчи жолу болуп жатат.

Кытай өкмөтү Бишкекте 150 орундуу оорукана куруп, жакында эле пайдаланууга берген, эми дал ушундай дарылоо жайын Ошко салганы жатат.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган алгачкы мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстанга 10-сентябрда келди. Ал 13-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитине катышат.

XS
SM
MD
LG