Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Чолпон: Москвада окуу адамды чыйралтат


Чолпон Абдырахманова Москвадагы Жогорку Экономикалык мектебинин магистранты.
Чолпон Абдырахманова Москвадагы Жогорку Экономикалык мектебинин магистранты.

Чолпон Абдырахманова Москвадагы Жогорку Экономикалык мектепте магистратурада окуп жатат. Ал Бизнес жана менеджмент факультетинде стратегиялык маркетинг боюнча билим алууда.

Чолпон "Азаттыкка” бул окуу жайга кантип тапшырганын жана окуу системасы тууралуу айтып берди.

"Азаттык": Чолпон, сен студент кезиңде эле билим алууну чет жакта улантууну көздөп, бир нече жылдан бери аракет кылып келипсиң. Москвадагы Жогорку экономикалык мектебин таңдооңо эмне түрткү болду?

Чолпон Абдырахманова: Ооба, чет жерде билим алууну мектепте окуп жүргөндө эле кыялданчумун. Кийин жогорку окуу жайда окуп жүргөндө да эл аралык студенттерди алмашуу боюнча программаларга тапшырып, өзүмдү бир нече ирет сынап көрдүм. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында акыркы курста окуп жатканда келечекте мыкты адис болуу үчүн магистратурада билим алуу керектигин түшүндүм. Магистратура боюнча программаларды карап жатканда, биринчиден, окуу кайсы тилде жүргүзүлөрү, ал окуу жай кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере турганына көңүл бурдум. Анан албетте мен үчүн акча төлөбөй, гранттык негизде билим алуу зарыл эле.

Жогорку экономикалык мектеби Орусиянын эӊ алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири, ошондой эле бул жактын окутуу программасы биринчи кезекте жогорку окуу жайды жаӊы бүткөн студенттерге, башкача айтканда, иш тажрыйбасы аз же жок бүтүрүүчүлөргө арналган. Мисалы, башка чет өлкөлүк магистрдик программалардын көбү иш тажрыйба болуусун талап кылышат. Тапшыруу эки кадамдан турат, биринчиден, бул сайттагы анкетаны толтуруу, экинчиден, программанын жетекчиси жана тандап алуу комиссиясы менен маектешүүдөн өтүү. Анкетада жеке маалыматтарды, окуп жаткан жогорку окуу жайдагы бааларыңды толтуруп, мугалим же декандан сунуштама кат жана ар кандай ийгиликтериң тууралуу мактоо баракчалар болсо аны же өзүӊ жазган илимий макалаларыӊды тиркөө керек.

"Азаттык": Окуу жылынын жарымы аяктап калды. Алган билимиңе канааттанып жатасыңбы?

Профессорлор өз сабактарына абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылышат. Ар бир лекция кызыктуу жана маалыматка бай, акыркы изилдөөлөргө таянып сабак өтүшөт.

Чолпон Абдырахманова: Окуу процесси абдан кызыктуу жана бир топ эле кыйын. Билим берүүдө студенттерге талап жогору, окуу татаал, ал эми студенттер арасында атаандаштык күчтүү. Менин группамда окуган студенттердин көбү Жогорку экономикалык мектептин, МГУнун, РУДНдин бүтүрүүчүлөрү жана алардын билим деңгээли албетте жогору экени билинип турат.

Билим берүү Болон системасы аркылуу жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө окутулуучу жана өзүӊ каалап тандаган сабактар бар, ошондой эле англис тилинде өтүлгөн сабактарды тандап алса болот, мисалы мен тандаган сабактардан экөө англис тилинде жүргүзүлөт. Магистратура болгондуктан сабактар негизинен кечкисин, бирок кээде түштө же эртеӊ менен башталып калат. Мага чындыгында Москванын жашоо ритмине көнүү бир аз кыйынчылык жаратты, негизинен эле сабактар кыйын, көбүнчө өз алдынча окууга берилет. Мындан тышкары, сабактар боюнча иш жүзүндө долбоорлор менен иштейбиз. Бардыгы практикага багытталган, ар бир теория түрүндө берилген инструментти практика жүзүндө колдонуп иштейбиз.

Жогорку экономикалык мектептин Москва боюнча 45 окуу жана иш корпусу, мындан тышкары 10 жатаканасы бар. Окуу корпустары, жатакана жана китепканаларынын абалы жогорку деңгээлде, студенттердин билим алуусу жана окуусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ал эми студенттик клубдардын саны ондоп саналат, студенттердин өнүп-өсүүсүнө арналган иш-чаралар күн сайын өтөт, аларга катышуу үчүн жөн гана убакыт болушу керек.

Профессорлор өз сабактарына абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Ар бир лекция кызыктуу жана маалыматка бай, акыркы изилдөөлөргө таянып сабак өтүшөт. Мага дагы бир нерсе абдан жакты, бул мугалимдердин студенттерге болгон сый мамилеси, тилекке каршы, мындай сый мамилени Бишкектин бардык окуу жайларынан таба албайсыӊ.

Чогуу окуган группалаштарым менен бирге
Чогуу окуган группалаштарым менен бирге

"Азаттык": Буга чейин Кыргызстанда президенттин алдындагы Башкаруу академиясында билим алдың эле, азыр эки окуу жайды салыштырып жатасыңбы? Кандай айырмачылыктар бар экен?

Чолпон Абдрахманова: Ооба, абдан чоӊ айырма бар. Биздин билим берүү системабыз абдан эле эскирип, мамлекеттик окуу жайларыбыз өзүнүн натыйжалуулугун жоготуп баратканын түшүндүм. Менимче, биздин мамлекеттик окуу жайларда билим берүү сапаты акыркы жылдары өтө эле төмөндөп кеткендей, студенттердин да, мугалимдердин да билимге болгон умтулуусу азайып калгандай сезилет. Мындан тышкары, биздин мамлекеттик окуу жайларда окуу иштерин уюштуруу жагы да аксап турат.

Мисалы, мен Жогорку экономикалык мектепте эки жыл ичинде кайсы дисциплиналар окутулары, алар боюнча окуу программасын азыртадан билем, ошондой эле окуу бөлүмүнүн менеджерлери студенттин ар кандай маселесин чечип берүүгө кызыкдар, окуу жай студенттер үчүн экендиги билинип турат. Ал эми биздин кээ бир окуу жайларда окуу программасы эмес, жөн эле тил кат алуу абдан кыйын. Жогорку окуу жай студенттер үчүн экендигин, студенттер ошол окуу жайдын кардары экендигин мамлекеттик окуу жайлар түшүнүүгө мезгил жетти деп ойлойм.

"Азаттык": Группалаштарың тууралуу айтып берсең? Алардын көбү кай жактан? Кыргыздар барбы?

Биринчи кезекте, англис тилин билүү керек, анткени гранттар тууралуу маалымат издөөдө же анкета-билдирмелерди толтурууда да англис тили талап кылынат.

Чолпон Абдырахманова: Группалаштарымдын көбү Орусиядан, ал эми эл аралык студенттердин көбү КМШ өлкөлөрүнөн. Эгер жалпы окуу жай боюнча ала турган болсок, кыргыздардын саны Жогорку экономикалык мектепте 90-100гө чамалуу, борбордогу орус мектептерден бакалавр программаларына тапшыргандар, магистратурада окугандарга караганда көбүрөөк.

"Азаттык": Окуудан тышкары эс алууга убакыт болуп жатабы? Эмне менен алектенип жатасың?

Чолпон Абдырахманова: Алгач келгенде окуу процессин жаӊы өздөштүрүүгө, жаӊы шаар, жаӊы адамдарга көнүүгө бир аз убакыт керек болду. Чынын айтсам эми гана көнүп, Москванын ритмин эми сезип баштадым. Ал эми бош убакыт болгондо шаар кыдырып, музейлерге барып, Москва менен таанышып жатам.

Бош убактымда Москваны кыдырам, музейлерге барам.
Бош убактымда Москваны кыдырам, музейлерге барам.

"Азаттык": Жалпы эле чет жактарда билим алсам дегендерге кандай кеңеш берет элең?

Чолпон Абдырахманова: Чет жерде билип алуу азыркы учурда толук мүмкүн, эл аралык көптөгөн жогорку окуу жайлар студенттер үчүн грант беришет. Ошондой эле мамлекеттер арасында түзүлгөн келишимдер аркылуу да чет элдик алдыӊкы окуу жайларда билим алса болот. Биринчи кезекте, англис тилин билүү керек, анткени гранттар тууралуу маалымат издегенде же анкета-билдирмелерди толтурууда да англис тили талап кылынат. Экинчиден, кайсы тармак боюнча билим алууну кааласа, ошол тармак боюнча конференция, конкурс, олимпиадаларга катышуу керек, себеби тандап алуу комиссиясы тапшыруучунун резюмесин окуп, анын бул тармак боюнча кызыгуусун карайт. Ал эми, үчүнчүдөн, катуу аракет керек, эгерде биринчи жолу болбой калса, капа болбой дагы тапшырып көрүү керек. Чындыгында, чет жерде окуу адамды ар тараптан өнүктүрүп, инсандык сапаттарын такшалтарына көзүм жетти.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG