Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Сооронкулова: Гезитке чыккан Конституция түп нуска


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Жогорку Кеңеште 2010-жылдагы Баш мыйзамдын түп нускасы табылбай жатканы айтылып, талаш жаралды. Баш мыйзамдын түп нускасы канчалык мааниге ээ? Мыйзамга ылайык, ал кайда сакталышы керек жана кимдер жоопкер? Бул суроолорго Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Сооронкулова: Укуктук жактан алганда түп нускасы жоголду дегенге таң калып жатам. Себеби, мыйзам же Конституция кабыл алынганда ал расмий басма сөз органына жарыяланган соң күчүнө кирди деп эсептелинет. Мисалы, “Эркин Тоо” гезитине жарыяланат. Ошол жарыяланган текст күчүнө кирген түп нуска катары эсептелет. Конституцияны ала турган болсок, референдумга чейин ал долбоор деп саналса, жалпы элдик добуш берүүдөн соң өкмөттүн гезитке жарыялануусу менен текст юридикалык күчкө ээ болот. Конституцияга ылайык, мыйзам болобу, укуктук ченемдик акт болобу, расмий басма сөз органына жарыяланбаса күчүнө кирбейт.

"Азаттык": Ошол эле учурда “Эркин тоо” гезитине жарыяланган Баш мыйзамдын тексти менен түп нускасы ортосунда айырмачылык чыгып жатат деген да пикирлер айтылды?

Сооронкулова: Кандай гана болбосун расмий кайсы текст жарыяланса, ошол Баш мыйзамдын түп нускасы болуп эсептелет. Эгер айырма бар деген маселе көтөрүлүп жатса, анда ал изилдениш керек. Мен өзүмдөгү болгон нускаларды салыштырып көрдүм. Конституциялык кеңешмеде акыркы талкууланган долбоор менен расмий басылмага жарыяланган долбоорду салыштырсам, ал жерде орфографиялык каталар эле оңдолбосо, маңызы боюнча оңдолгон эч нерсе жок.

Конституциялык кеңешме иштеп жаткан учурда атайын катчылык иштеген. Аталган катчылыкты Данияр Нарымбаев башкарган. Ошол киши жооптуу, ал кишиден сураш керек. Ал кезде кагаздарды тейлеген ошол катчылык болгон.

"Азаттык": Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоор экинчи окууда жактырылды. Бир катар эл өкүлдөрү анын тартиби өтө шашылыш, мыйзам талаптарын бузуу менен баратат дешкенине карабай, көпчүлүк депутаттар колдоп добуш беришти. Бирок талкуулар ар кандай чыр-чатактар менен коштолуп жатат. Мына ушундай жараян кийин Баш мыйзамдын легитимдүүлүгүнөн күмөн санатпайбы?

Сооронкулова: Сөзсүз түрдө доо кетирет. Себеби, Конституцияны өзгөртүү боюнча 114-беренени кеңири түшүндүргөн, өзгөртүү тартибин аныктаган мыйзам болушу керек эле. Эч кандай тартип, эрежелер жок туруп эле өздөрү каалагандай, өздөрү билгендей кетип бара жатат. Мисалы, Укуктук-ченемдик акттар боюнча мыйзамдын 8-беренесин карасак, укуктук-ченемдик акттардын иерархиясы белгиленип турат. Эң жогорку деңгээлде Конституция, анын жанында Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоору турат. Демек, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам Баш мыйзам менен эле бирдей юридикалык күчкө ээ. Учурда булар аны жөнгө салган тартип жоктугуна карабай, жөнөкөй мыйзамды кабыл алгандай эле киришип жатышат. Маселен, коомдук талкууга бир ай берилди. Бул катардагы мыйзамга тиешелүү мөөнөт. Ошондуктан, биринчиден, легитимдүүлүгүнө доо кетирүүдө, экинчиден, Конституцияны сыйлабастык, тоготпогондук болууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG