Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:47

Референдум: Конституциялык палата бийликти колдоду


Баш мыйзамды өзгөртүүнү Конституциялык палата да мыйзамдуу деп тапты. Ал арада Жогорку Кеңеш “Референдум жөнүндөгү” мыйзам долбоорду экинчи окууда кабыл алды.

Конституциялык палатанын чечими

Баш мыйзамды өзгөртүүнү Конституциялык палата да мыйзамдуу деп тапты. Палатанын судьялары 11-октябрда бул маселени карап, өзгөртүүлөрдү киргизүү учурдагы Конституцияга каршы келбейт деген бүтүмгө келгенин аталган палатанын өкүлү Назгүл Нурбекова “Азаттыкка” айтып берди:

- Кыргыз Республикасыны Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоор адамдын жана жарандын негизги укуктарына жана эркиндиктерине, алардын мүмкүнчүлүктөрүнө, демократиялык, укуктук, дин аралашпаган өлкөнүн принциптерине жана Конституциянын 114-беренесинде каралган өзгөртүү тартибине каршы келбейт деген бүтүм кабыл алынды.

Маселени кароодо Конституциялык палатанын бир гана судьясы - Эмил Өскөнбаев өзгөчө пикири бар экенин айтып, Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон эмес. Маалыматка ылайык, судья Эмил Өскөнбаев 114-беренедеги Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тартиби боюнча өзгөчө пикирде экенин билдирген.

Эмил Өскөнбаев.
Эмил Өскөнбаев.

Бул беренеде 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө болбой турганы көрсөтүлгөн.

Конституциялык палатанын көпчүлүк добуш менен "Баш мыйзамды өзгөртүү мыйзамдуу" деп тапкан бүтүмү Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккандардардын сынына кабылды.

Жарандык активист Рита Карасартованын айтымында, Конституциялык палата мурунку бийликтердин учурундагы катаны кайталоодо:

- Кечээки чечим - азыркы Конституциялык палата 10-15 жыл мурунку Конституциялык сот ооруган оору менен ооруп жатканынын белгиси. Конституциялык палата президенттик аппараттын сот системасына эбегейсиз таасирин көрүп туруп, бул мыйзамдуу, Конституцияга ылайык келет, адамдын фундаменталдык укуктарын чектебейт деп жазып бергени - алардын Баш мыйзамды билбегенин көрсөтөт.

Референдум өткөрүүгө даярдык

Ал арада Жогорку Кеңеш “Референдум жөнүндөгү” мыйзам долбоорду экинчи окууда кабыл алды. Аны жыйынга катышкан 109 депутаттын 98и колдоп добуш берди.

Аны талкуулоо учурунда демилгечилердин бири, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Конституциядагы өзгөртүлгөн ар бир беренеге өз-өзүнчө добуш берүүнү сунуштады. Анын жүйөсүндө, мындай сунуш менен Баш мыйзамдын айланасындагы талаш боюнча мунаса табууга болот:

- Конституцияга өзгөртүү, толуктоолор киргизилсе, анда бюллетенде ар бир беренеге добуш берүүгө мүмкүндүк берилиши керек. Ошондо жарандарыбыз ар бир беренеге "макул" же "каршы" экенин ачык билдире алат. Жакында эле Азербайжанда мындай ыкма колдонулуп, 29 берене боюнча жарандар өз добушун берди. Ошондой эле ар бир берене боюнча жыйынтык чыкты. Биз шайлоо мыйзамдарын кабыл алып, шайлоону ачык өткөрүү боюнча алдыда болобуз десек, мындай ыкманы колдонуудан тартынбашыбыз керек

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Сунушка Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов каршы чыгып, бул жарандар арасында түшүнбөстүктү жаратарын белгиледи:

- Баш мыйзамдын 25-беренесине 36 өзгөртүү киргизилгени жатат. Мына ушунун баарына “ооба” же “жок” деп добуш бере турган болсок, ал түшүнбөстүктөрдү жаратат. Бул атайын юридикалык билими бар адистер үчүн деле кыйынчылык жаратат. Буга кошумча техникалык жактан да мүмкүн эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындай чараны киргизүүгө убакыт тар экенин айтты. Жыйынтыгында депутаттар Бакыт Төрөбаевдин сунушун колдошкон жок.

"Референдум жөнүндөгү" мыйзам долбоорду депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Тынчтык Шайназаров иштеп чыккан. Бул мыйзам долбоору референдум өткөрүүнүн жол-жобосун учурдагы Баш мыйзамга шайкеш келтирет.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Демилгечилер мыйзамды өтө шашылыш кабыл алуу аракети жүрүп жатканын айтып, нааразы болуп келишет. Бирок бийликчил партиялар болсо мыйзамды тезинен кабыл алууга чакырышууда. Анткени Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду 11-декабрда өткөрүү пландалууда. Мына ушул убакыт аралыгында мыйзам үч окууда кабыл алынып, президент кол коюуга тийиш.

- Конституцияга өзгөртүү, толуктоолор киргизилсе, анда бюллетенде ар бир беренеге добуш берүүгө мүмкүндүк берилиши керек. Ошондо жарандарыбыз ар бир беренеге "макул" же "каршы" экенин ачык билдире алат.
Бакыт Төрөбаев.

Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси саясий кырдаалга таасирин тийгизди. Буга чейин бир тарапта болуп келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жаатташтырып, мамилесин бузду.

Буга чейин оппозиция Баш мыйзамга өзгөртүү маселеси боюнча талкуулар өтпөгөнүн сындаган.

“Референдумга - жок” аттуу кыймыл түзүп, атайын курултай өткөрүп бийликти референдумду өткөрүүдөн баш тартууга чакырган.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG