Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:44

Эгемендик: бир мектептин мисалы


Чкалов атындагы мектептин спорт аянтчасы

Чкалов атындагы мектептин спорт аянтчасы

Эгемендик аракеттенүүнүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн мезгили - Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектептин мисалында.

Өзгөрүүлөр башталган жылдар

Кыргызстан эгемендикке жетээр мезгилге утурлай СССРдин курамында болуп келген Кыргыз ССРинин саясий жана экономикалык, о.э. элдин турмушунда болгон өзгөрүүлөр, эгемендик маалында келип чыккан кыйынчылыктарды мурдатан шарттап койгон. Ошондуктан Кыргызстандын Союздук республикадан эгемен мамлекетке өтүүсү чукул жана кескин чоң өзгөрүүлөрдү туудурган деле жок.

1980-жылдардын экинчи жарымы КПСС БК генералдык катчылыгына М.Горбачевдун келиши менен шартталган “кайра куруу” идеологиясы ошол кездеги советтик империя-СССРдин андан ары өнүгүү багытына зор таасир эткен жагдай болуп калды. “Perestroika” деген сөз чет мамлекетте да таанымал орустун сөздөрүнөн болуп, “адамдык факторду” туура пайдалануу, “ылдамдануу (ускорение)” менен өнүгүү түшүнүктөрү саясий кампания гана эмес, маанилүү түшүнүктөрдүн бири болуп калды. Сергек жашоого умтулууга, аракечтикке каршы күрөшүү боюнча аракеттер жасалып жатты. Жер-жерлерде “Общество трезвости” деген коомдук уюмдар уюштурулуп, элди сергек жашоого үндөө аракети жүрө баштады.

Билим берүү тармагындагы 1984-жылкы реформа мектептин мындан ары өнүгүү багыттарын аныктап, мугалимдердин айлык акылары көбөйүп, билимдин баркын көтөрүү, мектептерге шарт түзүү боюнча көптөгөн пландар каралып калган мезгил. Союздук “Учительская газета” басмасында публицист С.Соловейчик чыгармачыл мугалимдердин тажрыйбасын жайылтып, буга чейин педагогикада, тоталитардык системанын саркындысы катары калыптанып калган айрым догматтык түшүнүктөрдү жоюу боюнча көп эмгек кылды. Эгерде буга чейин “мугалим-жакшы аткаруучу” макталып келсе, аренага “мугалим-инсан” чыга баштады. Чыгармачыл мугалимдер-Ш.Амонашвили, В.Шаталов, Е.Ильин, Н.Гузик, Н.Палтышев, С.Лысенкова, Н.Шишкин ж.б. иш тажрыйбалары чындыгында жакшы натыйжаларды берип келген. Москвадагы 1-канал ТВ (азыркы ОРТ) аркылуу чыгармачыл мугалимдердин түз эфирдеги чыгуусу, көрүүчүлөр менен жолугуусу мен үчүн мыкты артисттердин оюнунан же концертинен да ашып түштү. Биздин республикада да 1990-ж. чыгармачыл мугалимдердин слету өткөрүлүп, Б.Исаков өңдүү чыгаан мугалимдерибиздин аты кеңири элге таанымал болуп калды. Биздин мектептин география мугалими М.Жумалиев (азыр Бишкектеги №5 УКГ директору) да слетко катышып сыйлык алып келгени эсимде. 1991-ж. баштап Союзда жана республикабызда “Жыл мугалими” конкурстары өткөзүлүп Кыргызстандан барган тилчи мугалим Абдывалиева Москвадагы конкурста алдыңкы байгелүү орунга ээ болуп келген. Союздук “Физика в школе” журналы, СССР педагогика илимдеринин академиясы (АПН СССР) жана физик мугалимдеринин ассоциациясы менен биргеликте мектептин физика мугалимдеринин бүткүл союздук слетун Москванын жанындагы Дубна шаарчасында 1991-ж. март айында өткөргөн. Кыргызстандан сабак берүүнүн конкурсунун жыйынтыгы менен Бишкектик мугалимдер Л.Сусская жана В.Кочкурова менен биргеликте мен дагы слетке катышып сабак өтүп келгем. Слеттун жыйынтыгы менен уюштуруучулардын “Мактоо грамотасына” татыктуу болгом.

Бөлөк аймактардагыдай эле билим берүү реформасынын алкагында Нарын шаарында да окуу-өндүрүштүк комбинат ачылып, жогорку класстын окуучулары куруучулук, машина айдоочулук, секретарь-машинистка, ашпозчу ж.б. аймактын шартына керектүү кесипке үйрөнүп чыга башташты. Нарын шаарында пионерлер үйүндө чыгармачылыкты өнүктүрүү боюнча ийримдерден, спорт мектебинде машыгуулардан тышкары окуучулардын “Жаш техниктер станциясында”, “Жаш натуралисттер станциясында” кошумча алектенгенге мүмкүнчүлүктөрү болуп келген. Партиянын шааркомунун чечими менен ар бир мектепке 2-3 төн өндүрүштүк мекемелер бекитилип берилип, мектептин материалдык базасын чыңдоо боюнча аракеттер жасалчу. Мугалимдердин август кеңешмесин партиянын шааркомдун 1-катчысы (Ж.Акималиев, Р.Оморова) өзү алып барып, агартуу тармагына, же мугалимдердин жашоо-тиричилигине тиешелүү маселелерди чечүү боюнча мекеме жетекчилери тапшырмаларды алышчу. Мектептер дагы чарбалык жумуштардан четте калчу эмес, чөп чабык, картошка өстүрүү ж.б. айыл чарба жумуштарына айылдын гана эмес, шаардын мектептери да тартылып турушкан. Кайсы бир жылы мал тоютка деп окуучулар менен барып бактын жалбырактарын чогултканыбыз эсимде. Нарын районунун Ленин колхозуна барып картошка багууда жана жыйноодо 2 жыл катары менен жакшы жыйынтыкты көргөзүп Чкалов атындагы мектебибиз облуста алдыңкылырдан болуп, директорубуз “Жигули” автомашинасы менен сыйланган.

Реформанын алкагында мектепке даярдоо класстары 6 жаштан балдарды кабыл алып, биз сыяктуу шарты бар мектептер балдардын уктоосун уюштуруу үчүн кроваттар менен жатагын уюштурганбыз. Эмгек сабагы өтүлүүчү корпустун бир ыптасын узартылган күндөгү класстардын, ошондой эле 6 жаштагылардын окуу корпусу болуп калды. Окуу пландары реформага чейин бардык мектептердики бирдей болуп келсе, реформанын натыйжасында факультативдик сабактардан сырткары, тандоо сабактары жана тандоо курстары киргизилип, мектептин жана аймактын шартына жараша жаңы окуу предметтери киргизиле баштады. 1989-90 окуу жылы Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектептин 4-а классына жумасына бир жолу шахмат сабагын өтүп көргөмүн. Окуу жылы ичинде окуучулар шахмат ойногонду гана эмес, шахмат нотациясынын техникасын билип, контратака, комбинация, дебют өңдүү түшүнүктөргө ээ болуп, эң жөнөкөй 2-3 жүрүштүк тапшырмаларды чыгарганды, этюддарды чечкенди үйрөнүп калышкан. Шахматка кызыккандары кийин ийримдерде катышып, алды облустун окуучулар арасындагы чемпиондугуна жетишкен. 42 баладан турган класска илимдин, искуствонун жана спорттун кошулмасын (симбиоз) сабак катары өтүү чынында эле оор болгон. Шахмат спорттун жеке кармаштык түрү катары ар бир балага өзүнчө мамилени да талап кылат. Сабакты өтүү боюнча усулдук иштелмелердин жоктугу да өз кедергисин тийгизген. Бүгүнкү күнү өлкөдө шахматты өнүктүрүү боюнча республикалык деңгээлде багыттоочу чечимдер бар. Окуучулардын, алардын ата-энелеринин каалоосу да жогору. КР билим жана илим министрлиги менен ФИДЭнин ортосундагы республикабызда шахматты өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча келишим түзүлгөнү шахмат күйөрмандары үчүн жакшы кабар болгон эле. Ага ылайык 2012-жылдан тартып шахмат сабагы факультатив катары мектептерге киргизиле баштамак, бирок тилекке каршы бул иш мектептерде массалык деңгээлде аткарыла баштаган жок. Эгемендүүлүк мезгилинин ар түрдүү жылдарында Бишкек шаарынын №5 УКГ, №6, №13, №61, №68, №69, №70 жана башка мектептердин жетекчилеринин демилгеси, тренерлердин аракети менен шахмат ийрим катары жүргүзүлүп келинген.

Мектептеги окуу-тарбия иштери жергиликтүү бийликтин көңүл чордонунда болуп, мугалимдердин жетишкендиктерин моралдык болсо дагы баалоого аракет жасалчу. 1990-91 окуу жылынын жыйынтыгы менен окуу-тарбия ишиндеги ийгиликтери үчүн Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектеби партиянын Нарын облустук комитетинин, облустук аткаруу комитетинин, облустук профсоюздар кеңешинин жана облустук комсомол комитетинин өтмө “Кызыл туусу” менен сыйланган. Союз ыдыраганы жогоруда аталган уюмдар да жоюлушуп, туу биротоло мектептин менчиги болуп калды.

Демократиянын шарданында чогулуштар курчураак өтүп, бара-бара сөз көбүрөөк сүйлөнө баштады. СССР эл депутаттарынын съездин телевидениеден көрүп калам. Ал кездеги курч маселелер айтылып, тоталитардык режим кулаганы айкын болуп калды. А.Собчак, Г.Попов өңдүү депутаттар саясий идеологиялык кармаштын бир жээгинде, Е.Лигачев өңдүү КПССтин жетекчилиги экинчи жээкте турушту. Б.Ельцин КПСС БК саясий бюросунун мүчөлүгүнө кандидат эле, көп узабай эле партбилетин тыштаганга чейин барып, саясий демарш жасаганы бир топ адамдардын эсинде болсо керек.

Лоторея, самопал, жигули

Шаардык стадиондордо мезгил-мезгили менен лотереялар ойнотулуп, байгесине автомашиналар ж.б. баалуу буюмдар коюла баштады. Эгерде мурда жеңил машиналар өтө жакшы ийгилик үчүн, же чоң өң-кадыр менен алынып келинсе, бир мезгилде универмагдын алдына коюлуп, кредитке да берилген учур болду. “Финансылык пирамидалардын” алгачкылары ошол мезгилде чыга баштады. Анын бири: тизмеге 5-кирген киши тизмедеги 1-кишиге 3 сом (5 сом) телеграф аркылуу которуп, өзү 5 кишини табат. Ал 5 киши тизмедеги 1-кишиге акча которуп, өзү 5 киши табат ж.д.у.с. Натыйжада оюндун башындагы адамдар бир топ акча табышып, кийинкилери куржалак калышчу.

Жогоруда айтылган сергек жашоо айдыңына өтүү максатында, көп жерлерде вино даярдоого керектүү жер-жемиштердин плантациялары талкаланып, үйлөрдөгү самогон чыгаруучу аппараттар массалык-маалымат каражаттары аркылуу көргөзүлүп, талкаланып турган, алкоголдук ичимдиктерди чыгаруу азайган. Натыйжада мурда биз билбеген “самопал” деген сөз элге кеңири жайылып, адегенде ичимдиктерге тиешелүү болсо, кийин эл керектөөчү көптөгөн товарларга карата айтыла баштады. Башкача айтканда, мамлекеттик өндүрүштөн чыккансыган үй шартында, чала, жасалма даярдалган оокаттар пайда боло баштады. Эң негизгиси, өлкөнүн бюджетине бараандуу салымы болгон ичимдиктерден түшүүчү акчалар азайып, каржылык тартыштык башталды. Мугалимдердин айлыктары өз убактысынан кечиге бериле баштады. Инфляция да өз таасирин тийгизе баштап, нак акчанын жетишсиздиги да боло баштады. Эгерде 2 жылча мурда “Жигули” автомашинасы 5-8 миң сом болсо, 1991-ж апрелинде 1,5-2 млн сомго чыкканы эсимде. Павловдун акча реформасында 1991-ж. башында 50 жана 100 сомдук акчаларды айлануудан кыскартуу жүргүзүлүп, бир топ акча катып жүргөн адамдар зыян тартты окшойт. Аларды майда акчаларга алмаштыруу айрым суммага чейин эле жасалып, бир топ эл дүрбөп да алышты. 10 сом бекен 5 сом бекен, “алтын акчага” айланат экен дешип, аны кымбат баага сатып алышып күйгөн дагы “азаматтар” болушту. Ошол жылдары эл керектөөчү күнүмдүк товарларга таңсыктык пайда болуп мугалимдер, врачтар ж.б. бюджетте отургандар талон менен кумшекер, туз ж.б. айрым үйгө керектүү оокаттарды алып калышты. Биздин мектептин мугалимдери Кызыл аскер көчөсүндө жайгашкан №1 деп аталган дүкөндөн товарларды алаар элек.

Шайлоо өнөктүгү да “кайра куруу” шарданында альтернативалуу болсун делип 1990-ж. кыш айларында Нарын шаардык кеңешине айрым участоктор боюнча 1 депутаттык орунга 2ден адам коюлду. Бул мезгилге чейин биздин мектептин директору В.Ф.Унгефухт дайыма шаардык кеңешке депутат болуп келээр эле. Мектепке 1 орун жогору жактан белгилениптир. Ал кезге чейин, кийинки эгемендик мезгилиндегидей, ар ким эле депутаттыкка талапкерлигин көргөзө берүүчү эмес. Жогору жактан “сеткага” тууралап, мынча проценти аялдардан болсун, түкүнчөсү жумушчу болсун делип шайлоо өнөктүгү тыкыр көзөмөлдө эле. Талапкерди көргөзүү боюнча мектепте чогулуш болуп, анда директор талапкерликтен “отказ” кылган соң, бир добуштан мени көргөзүп коюшту . Бир нече күндөн кийин директор агайыбызды Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер кылып көргөздүк. Шаардык аткаруу комитети мени №50 Көтөрмө участогуна, шаардык соода мекемесинин (горторг) жетекчиси менен альтернатива кылып койгон экен. Шайлоого утурлап ар бир участоктор боюнча шайлоочулар менен жолугушуу графиги белгиленген күнү “ишенимдүү адамым” журналист А.Керимбаев менен атамын “Запорожецин” айдап алып профтех окуу жайына барып калдым. Жолугушууда 4 участоктун шайлоочулары келген экен, ар кимибиз өз программабызды айттык. Мен билим берүү тармагынын көйгөйлөрүн козгодум, жасалып жаткан жумуштар боюнча маалымат бердим. 4 шайлоо участогу боюнча 5-6 талапкер барса керек эле (жумушчу статусундагылар альтернативасыз көргөзүлүшкөн), негизги кептин нугу соода тармагындагы ичип-жемей, өөнөмөй көйгөйлөрүнө бурулуп кетти. Элдин бийликке нааразы болуп калган мезгили эле. Баалар асмандап жатса, керектүү нерселер дефицит болсо, элдин мүдөөсү толук аткарылбай калса. Бул мезгилге чейин айлык акы негизинен көбөйүп, товарлардын баасы жылдан жылга арзандап турчу. Шайлоодо мен депутат болуп өтүп кеттим. Бир топтору “чоңдон көрөк, мугалим бала экен” деп мага бюлетень салышыптыр. Ал кезде азыркыдай добуш сатмай, аракка алданмай ж.б. терс нерселер боло элек мезгил. Ал эмиКыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайлоо убагында, атаандаштыктын даана таасири билинди. Административдик ресурс менен “каршылык иретинде-протестное”добуш берүү, жердешчилик менен тууганчылык, ымалалаш менен тааныштык, уруучулук менен кесиптик, куру убада менен демагог сүйлөмөй ж.б. факторлор бүт эле аралашып жатып калды. Ошол шайлоодо депутаттык мандат алган адамдар кийин “легендарлуу парламенттин” мүчөлөрү болуп тарыхта калышты. Демократия шарданы, кайра куруу идеологиясы коштоп 1991-жаз айында бүткүл Союздук референдум өткөрүлүп, дээрлик көпчүлүк добуш менен эл СССР курамында эле жашайбыз жыйынтыгына келди. Жыл айланбай союз ыдырап кетээрин көпчүлүк эл деле ойлогон эмес.

ГКЧП - мамлекеттик төңкөрүш

1991-ж. 19- август күнү эртең менен телевизорду сайып калсам эле, ГКЧП деп өлкөдө бийлик алмашканын билдирип жатышыптыр. Кийинип алып шаардык кеңешке барсам, кабинеттер тынч, кандайдыр бир нерсе күткөндөй абал. Шаардык кеңештин жооптуу катчысынын кабинети депутаттар үчүн да ылайыкташкан эле, ал жакка кирсем 3-4 адам бар экен. ГКЧП боюнча сөз сүйлөшүп калдык. Айрымдары абайлап баа берип жатышкан, Достук айылындагы ПТУ директору М.Ажиев бул “переворот”, законго туура эмес деп далилдей баштады. Мен ал кишиге кошулдум, жаңы окуу жылына даярдык жүрүп жаткан, мектепке келип директордун кабинетине баш бактым. Кирсем ал киши да бул “переворот” деп өзүнүн пикирин ачык эле айтып жатты. Ал кездеги замандын шартында жетекчилер үчүн бул жүрөктүүлүк эле. Эгерде ГКЧП бийликте калса, ага каршы сүйлөгөндөр бат эле жазаланмак, КГБ деген күчтүү система бар эле. Ал мезгилдеги Кыргыз Республикасынын ПрезидентиА.Акаев дагы өлкөнүн өнүгүшүнүн демократиялык багытка бекемдигин далилдеп, көпчүлүк союздук республикалардын жетекчилериндей унчукпай койбой, путчка каршы өз аракетин жасаганы эсимде. 1990-ж. 15-декабрда легендарлуу парламент Кыргыз республикасынын суверендүүлүгүн жарыялаган эле, 1991-ж. 31 – август күнү депутаттар Кыргызстандын көз карандылыгын жарыя кылышты. Беловежсктеги кол коюудан кийин СССР ыдырап, Кыргызстан декларация түрүндө эмес, иш жүзүндө саясий өз алдынчалыкка ээ болуп калды.

Мектептеги өзгөрүүлөр

Окуу жылы кадимкидей эле башталды. Октябрь айында директорубуз В.Ф.Унгефухт Германияга көчүп кетээрин билдирген соң, бир нече күндөн кийин кечке маал, шаардык кеңештин төрагасы чалып, мектептеги мугалимдерди чогулткула деп айтып калды. 25-30 мугалим чогулуп калдык эле Нарын облустук кеңешинин төрагасы К.Ашыралиев, облустук билим берүү башкармасынын акими М.Субакожоев, шаардык кеңештин төрагасы О.Бектуровдор келип калышты. Директордун кабинети чоң эле, стулдардан алып кирип отуруп калдык. Кемел Жакешович сөз баштап Владимир Филипповичтин көп жылдык үзүрлүү эмгегин белгилеп, рахматын айтып калды. Сөздү О.Бектуров улап директордун кетип жатканын “зов крови” деп белгилеп, жылуу сөздөрүн кошту. М.Субакожоев дагы ал кишинин агартуу тармагындагы эмгектерин айтып калды. К.Ашыралиев сөздү улап, өз ара кеңешип көрүп Ч.Тиленбаевдин (мени айтып жатат) кандидатурасын директорлукка чечтик деп ак жол каалап директордун креслосуна отургузду. М.Субакожоев менин мектеп директору болуп дайындалгандыгым жөнүндө буйругун тапшырды. Мен дагы сүйлөп, ишеним көргөзгөндүктөрү үчүн ыраазычылыгымды билдирдим, өз аракетимди жумшаарымды белгилеп, бизге көп убакытка чейин Владимир Филипповичтин “өзгөчө колорити” жетпей тураарын айтып кеттим. Ошентип 21-октябрдан баштап мектептин директору болуп иштеп калдым. Айта кетчү нерсе, он жыл завуч болуп иштедим, мектеп директорлорунун курсун беш менен бүтүргөм, Нарын шаардык кеңешинин депутаты элем. Кайра куруу жылдарында КПССтин мүчөлүгүнө өткөм, шаардык партия уюмунун кадрлар резервинде туруп, ал жактан да курстар, окуу-семинараларга катышып турчумун. 1981-ж. завуч болуп иштей баштап, 1991-ж. директор болгонго чейин 20 чакты жолу өздүк дело толтурганым эсимде. Өздүк делону жаңы кызматка кадрларды кароодо толтуртушчу. Б.а. директор болуп дайындалууга толук моралдык даярдыгым бар эле, мектеп коллективи да колдошуп, жогорку органдарга кат менен кайрылышкан.

Союз ыдырап, Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткени мектеп эки ачакей абалга тушукту. Бир жагынан эркиндик шарданында эл өзүнчө толкунданып, илгери тилекке жетеленип, мурдагы мезгилден дагы жакшы күндөргө үмүт кылып турса, экинчи жагынан экономикалык кыйынчылыкка кабылган мамлекетибизде мектепти каржылоо жана колдоо начарлап, элде өзүмчүлдүк туюм өөрчүп, жашоо-турмуштун бардык жагын камтып келген, мектептин иш-аракетин багыттоочу коммунисттик идеология кыйрап калды. Коомдо болуп жаткан терс жагындагы өзгөрүүлөр, баалардын күн санап өсүшү, айлык акылардын 2-3 айлап кечигиши, буга чейин элде калыптанып келген баалуулуктардын кайра каралышы менен билимдин баркынын төмөндөшү, кылмыштуу чөйрөлөрдүн таасиринин күчөй башташы, массалык маалымат каражаттарында чет элдик терс таасирдүү материалдардын көбөйүүсү биринчи кезекте мектепке, мектептин окуучуларына терс таасирин тийгизе баштаган мезгил дагы келип жетти. Окуу-өндүрүштүк комбинаттардын, мектептерге жардам кылуучу базалык мекемелер менен колхоз-совхоздордун, пионерлер үйлөрүнүн, жаш техниктер жана натуралисттер станцияларынын жоюлушу, мектептен тышкаркы мекемелердин кыскарышы Нарында гана эмес, дээрлик Кыргызстан боюнча жүрдү. Мамлекеттин да, коомчулуктун да көңүл чордонунда болуп келген мектеп жетимсирей түшкөндөй болгону көпчүлүк тажрыйбалуу мугалимдердин эсинде. Мектеп реформасынын алкагында киргизилген тандоо сабактары менен тандоо курстары жоюлуп, факультативдик сааттар азайды. 1991-1992 жж.биздин мектептеги балдардын саны ага чейин 2000ден ашуун болуп келсе 1-2 жылда 1500-1600 гө чейин азайды. Негизги себептери болуп биринчиден, элде эгемендик шартында кыргыз тилин билүү эле жетиштүү деген ой пайда болсо (биздин мектеп орус тилинде болуучу), экинчиден, шаар ичиндеги автобустардын каттамы кескин начарлап кеткен, ал эми бизге бүт шаар боюнча балдар келип окушчу, үчүнчүдөн болсо биздин мектепте балдары окушкан чек ара отрядынын бөлөк улуттагы (көбүнесе славян улутундагы) кызматкерлеринин кескин азая түшкөндүгү эсептелет.

Экономикадагы терс көрүнүштөр

Мектеп өз нугунда эле иштеп жаттык, бирок мамлекетибиздеги, өзгөчө экономикалык, кыйынчылыктар күндөн күнгө мектепке терс таасирин күчөтө баштады. Мугалимдер айлык алаар күндөрү мектепте бөлөк адамдар көбөйүп калышчу. Көрсө айлык алганда төлөп беребиз деп мугалимдер керектүү нерселерди жаздырып ала башташкан, келген адамдаркарыздарын алганы келишчү экен. Айлык акылардын 1-2 айлап кечигиши көндүм болуп калган эле, өзгөчө өргүү (отпуск) акыларынын кечигиши абдан кыйноочу. Мектептин коросуна кирип келе жатканда “отпускной” акчалары боюнча кабарды күтүп отурган мугалимдердин үмүтүнүн акталбаганын билдирүү мен үчүн да чоң кыжаалаттыкты пайда кылуучу. Инфляция дагы мурдагыдан күчөй баштады. Союз ыдыраганга чейин машина алганга деп 9 миңдей сомду чогултуп, атабыздын эсебинде сактык кассада эле, биз дагы эки кызыбыз мектепти бүткөндө алабыз деп камсыздандыруу жасап койгонбуз, кийин алардын ордуна, одоно айтканда, тыйын эле алып калдык. Акчанын инфляциясынан олжолуу болгондор деле болушту, бирок алардын саны аз эле. Мисалы, “Демилге-88” деп айрым каалаган, шарты туура келген адамдарга Нарындын РТС аймагынан, ж.б. жерлеринен там салууга деп кредит берилген. Кийин ал адамдар кредитинен аз акча менен эле кутулушту.

"Забастовка"

1992-ж. апрель айында “Жыл мугалими” конкурсуна катышып бир жумадай Бишкекте болуп калдым. Келсем биздин мектептен айрым мугалимдер, Ленин мектебинин айрым мугалимдери болуп иш таштоого- “забастовкага” чыгуу маселесин сүйлөшүп алышыптыр. Чогулуш өткөрүп, өткөөл мезгилде кыйынчылык болоорун айтып, өкмөт менен эл биргелешип аракет кылса турмуш оңолуп кетээрин түшүндүрдүм. Ал эми ата-энелер, окуучуларыбыз бизди кандай карайт эле. Ынандыра алган жокмун, ниеттенип алган нерседен кайтыш кыйын тура. Бир чети бул көйгөйлөрдү жергиликтүү бийликке мурда деле айтып келгенбиз. Чогулушта бийлик алдына коюлуучу талаптарыбызды талкуулап алып, эртеси кечинде акимчиликтин чоң залына шаардык агартуучулар профсоюзунун жетекчилиги менен бирдикте шаардын жетекчилиги менен жолугушууга бардык. Профсоюздун активдүү мүчөлөрү Кадыркулова Н., Кыдыралиева А. ж.б. чыгып сүйлөштү. Шаардын акими өзүнүн жүйөөлөрүн, аткара турган иштери боюнча маалыматтарын берип жатты. Жыйынтыгында аткарылуучу иштер, алардын мөөнөтү боюнча чечимге келип таркадык. Көпчүлүк талаптар толук деле аткарылган жок, бирок эки нерсе чечилди: жергиликтүү бийлик мугалимдерден “сестенип” калышты, шаардын ылдый жагынан мугалимдерге картошка ж.б. өсүмдүктөрдү айдап алганга жер бөлүп беришти. Иш таштоо болгон жок.

Билим берүү тармагында жалпы өлкө боюнча жаңы заманга ылайык кайра куруу маселеси турду. Билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы талкууланып жатканда да биздин мектеп, өз пикирибизди “Мугалимдер газетасы” аркылуу билдирдик. 1992-ж январь айында “Советская Киргизия” гезитине “Слово учителя” рубрикасында “Сеем. А что взойдет?”деген аталышта менин статьям чыкты. Ал статьяда билим берүү жаатындагы көйгөйлөр, аларды чечүү боюнча ойлорумду билдирдим. Мектеп директору алдыңкы педагог болуусу керек деп эсептейм. “Жыл мугалими” конкурсунда Нарын облусунда 1-орунду алдым. Апрель айында Бишкектеги ВДНХ жакта жайгашкан№58 мектепте республикалык туру өткөрүлүп, лауреат болдум. Сабакты мен 8-класстын окуу программасына ылайык, “Магнетизм” темасында өткөрдүм.

Кыш

Биринчи эле кышта шаардык борбордоштурулган жылуулук системасынын начар иштей баштаганынан мектептин жылуулугу начарлай баштады. Акт жазып, шаардык бийликке билдирип жатканыбыз менен майнап деле чыккан жок. Мектептин негизги корпусу 3 кабат имараттан туруп, шаардык борбордоштурулган жылуулук системасынын тутумунун четки (акыркы) жери болгондуктан бизге жылуулук жеткиче жолдон бир топ калориясы азайып калчу. Өлкөдөгү системалык жетишсиздик жылуулук берүүчү ишканада деле болгон. Адегенде спорт залдагы система тоңо баштады, адан соң, четки бөлмөлөр муздай баштады. Жылуулук системасына бир жылда төлөнүүчү акчаны эсептеп көрүп, шаардык бийликтен мектепке өзүнчө электр жылуулук системасын орнотууга сунуш алдык. Себеби, жылуулук үчүн каралган акчага мектептин автономиялуу жылытуу системасын орнотуу мүмкүн экен. Электр ишканасы (ПЭС) биздин мектеп жайгашкан аймакта кошумча электр кубаттуулугу бар экенин эсептеп, мектепке өзүнчө подстанция курганга уруксат берди. 1992-ж. жаз менен шаар ББ завхозу Курманбек, мектептин завхозу А.Курманалиев болуп Бишкектин электр жабдуу саткан ишканаларын кыдырып чыктык. Кишинин көңүлүн бурган дагы, бузган дагы нерсе - абдан чоң складдар, ичи каңгырап бош. Жай бою иштеп 630-КТП подстанциясын мектептин короосуна орнотууга жетиштик. Ар бири 160 КВт болгон үч жылуулук казанын (котел) орнотуп (экөө иштеп, бирөө запаста), 17 ноябрда жылуулук системаны ишке бердик, ал эми 18 ноябрда кар жаап кыш өзүнүн өкүмүн жүргүзө баштады. Нарындын суусунун составына ( “жесткость” воды) жараша, о.э. электр энергиясынын тартыштыгынан улам пайдаланылуучу электр кубаттуулугу 70-80% тегерегинде болуп жатты. Бул да болсо жылуулук чыгарууда өз таасирин тийгизет. Жылуулук казандары подвалга орнотулган, ал бөлмөгө керебет орнотуп, кабар алышып турганга жарыш (параллель) телефон тарттык. Таң атпай саат 6-00 дө электр режимине ылайык электр бериле баштаганда телефон чалып текшерип, кечкисин саат 8-9 га чукул мектепке барып жеринен текшерип турчумун. График боюнча 1 суткада 3 жолу электр казандарын 2-4 сааттан өчүрүп турчубуз, натыйжада жалпы линияда “веердик” ыкма менен жеңилдик болуп тураар эле. Менчик үйлөр негизинен электр тогу менен “козелдер” аркылуу жылытылуучу (бир тобу уурдап), жагылган көмүрдүн түтүнү айрым үйлөрдөн эле чыгуучу. Ошол жылдары кышкысын январь айында, үч жумадай мезгилде, үйдүн балконунда орнотулган термометр таңкы саат алтыларда минус 40 градус суукту көргөзөөр эле. 1994-95 жылдар кышында кар аз жаап, электр тартыштыгы күч болуп, шаардын жетекчилиги электр менен жылытылуучу мектептерди 1 айга каникулга таратып, жылуулук системадагы сууларды төгүү чечимин чыгарды. 29-декабрь күнү жаңы жылдык балаты майрамдарын өткөзгөн соң, эртесинен баштап системадагы сууларды төгө баштадык. Жылуулук системаларынын түтүктөрүнүн ылдыйыраак болгон жерлеринен 20 чакты жерден дюбель мыктар менен тешип чыктык. Больницадан плазма куйган кичинекей түтүкчөлөрдү алдырып, тешик аркылуу сойлотуп жиберип, шприц аркылуу сарыккан сууларды сордуруп турдук. 3 күн сордургандан кийин суунун сарыкканы токтоду. Мектептеги гүлдөрдүн бир тобун бир кабинетке топтоп жылыткычтардан сайып койдук. Каникул бүтүп январь айынын аягында кайрадан жылытуу системасын ишке берүү аракетине кириштик. Мектептин ичиндеги температура минус 10-15 градус тегерегинде, система зыңгырап тоңгон. Бир сыйра системада жарылып кеткен жери жокпу деп текшерип чыктык. Мурда жасалган тешиктерди жыгачты учтап кагып бүтөп чыктык, себеби нымдашып көпкөндөн кийин жыгач тешикти жакшы бүтөйт. Ал эми түтүк бойлоп кеткен жараканы велосипеддин камерасы менен байлаштырып, зым менен эки учунан бекитип коюу жакшы натыйжасын берди.Бензин менен иштеген ширетүүчү (паяльная) лампалардан 6-8 чактыны чогултуп, мектептин ичиндеги системаны бир нече сыйра ысытып чыктык. Мектептин ичи түтүн эле болуп жатып калды, дубалдын сырлары бүт күйүп, айрым бурч жерлердеги шыбактар да ажырап кеткен. Электр казанын кайнаганга чейин жеткирип, системаны кое бердик эле, жылуулук кеткен жок. Түнкү саат 10дорго чейин жылуулукту жүргүзө алган жокпуз. Эртеси бөлөк ыкманы колдондук. Жылуулук казанынан 2 түтүк кетет- “подача” жана “обратка”. Алар болсо ар бир этаждагы “стояктар” аркылуу кабинеттерге тарап кетишет. Бирок бул системада “вентильдер” аркылуу айрым кабинеттерди системадан ажыратып койсо деле жалпы система иштей берет. Биз, корпустун башталгыч мектеп жагындагы системаны бир беткей кылып бөлүп алып, ысытып чыктык. Ошол эле мезгилде башталгыч мектептеги көмүр менен жылытылуучу от казанды да ысытып туруп, эки корпусту кошуп турган жылуулук түтүктөрү бар эле, анын вентилин ачтык дагы кошумча жылуулук бердик. Башталгыч мектептин түтүктөрү эскирип, дат деле басып калган болчу. Эки мектептин системаларын бир кошуу опурталдуу эле. Ар бир мектепте 2К6 деген сууну айдоочу насостор бар эле, басым чыңалуусунун чоңдугунан эски түтүктөр көтөрө албай иштен чыгып калса, кошумча түйшүк тартмак элек, б.а. 2-окуу корпусу да жылытылбай калмак. Ойдогудай болуп 3-этаждагы “стояк ” жылый түшөөрү менен ( бул болсо системада циркуляция кетти дегенди билдирет) башталгыч класстын системасын ажыратканга шаштык. Ошентип түнкү саат бирлерде суу болгон, чарчаган биз бактылуу болуп үйлөрүбүзгө кайттык. Ысык суу системанын бир ыптасынан жүгүргөн соң, калган ыпталарын кошуп алуу оңойлукка эле турат. Ошентип 3 күндө системаны толук ишке киргизип алып, окуу кадимки шарттагыдай уланып кетти. Ал эми шаар боюнча 4 мектептин суусу төгүлсө, анын ичинен биздин эле мектеп жылуулукту бере алдык. Калган 3 мектеп өз убагында жылуулугун бере алышкан жок, кийинчерээк, а.и. Жакыпов атындагы мектеп жай мезгилинде, көптөгөн чыгымдар менен жылуулук системасын калыбына келтиришти. Бул эксперименттин жыйынтыгы: электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк болду, бирок чыгымы бир топ эле ашып түштү. Сыры күйүп калган панелдерди кайра сырдаганга, шыбактарды оңдоп актаганга, жылуулук системасынын түтүктөрүн кайрадан бүтөп чыкканга бир топ эле адамдык, каржылык жана материалдык ресурстар кетти. Бир топ гүлдөрүбүз үшүп да кетти. Февраль айында келген окуучуларыбыздын бир тобу мектепке жаңы окуу жылына келип жатышкандай таасир калтырды, окуу ритми да өзгөрдү.

Ишеним

Мына ошондой мезгилде окууда болобу, тарбия жаатында болобу, кичинекей болсо дагы, алгылыктуу жакшы иштердин жасалышы, ийгиликтердин болуусу мектеп жамаатына дем берип, окуучулардын дымагына кошумча болоорун да баштан өткөрдүк. Мектеп кандай абалга туш болбосун окуу иштеринен тышкары, окуучулардын спортко жана өнөргө, жаңы нерселерге кызыгуусунун кала берүүсү табигый нерсе. Бүгүнкү күндө дагы бул нерселер актуалдуу болуп келмекчи.

Мектеп ашканалары совет мезгилинде “общепит” тармагы аркылуу иштетилип келген. Ал ишкана жоюлганы ашканалар да иштебей калышты. Биз болсо өзүбүздүн мугалимдер М.Мажанчинова менен Т.Шамуратовалардын жоопкерчилигине өткөрүп берип, ижара акысы үчүн мектептин 10 активдүү окуучусуна жумасына 2 жолу ысык тамак берүү маселесин чечип алдык. Ашкана да тонолуп жоголбой, жумушчу абалында сакталып калды. Кече ж.б. иш-чараларды ашкана залында өтүүгө мүмкүндүк түзүлдү.

Мектептин радиосун оңдотуп, чоң тыныгууда кулактандырууларды, мектепте болуп жаткан жаңылыктарды, куттуктоолорду окуучулар берип турушту. 1995-ж. Нарын облустук ТВ аркылуу “Наристе” балдар телестудиясы делип мектептин жаңылыктарын окуучулар өздөрү эки жолу алып чыгышты. 1995-ж. баштап мектептик “Вестник школы ” гезитин чыгарып, ата-энелер чогулушунда, шаардагы китепканаларга окуу залдарына таратып калдык. Жылыга “мыкты классты” аныктап, алар “Эстелик туунун” алдында сүрөткө түшүшчү.

Алгачкы билим берүү мыйзамы

Эгемендүү Кыргызстандын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы прогрессивдүү болгон. Эгемендик шарданында каржылык мүмкүнчүлүктөрү бар, жетекчилиги колдогон Бишкекте, Караколдолицей, гимназия өңдүү жаңы типтеги мектептер пайда болгон. Окуу пландары вариативдүү болуп, мектептин өзгөчө программаларды тандап алуу укугу пайда болду. КР билим берүү системасында “Себат” билим берүү уюму пайда болуп,лицейлерди ача баштаган. 1993-ж. Түркиядан Ахмед-бей деген адам биздин мектепке келип, Нарында кыргыз-түрк лицейин ачуу боюнча даярдык иштерин жүргүзүп кеткен. Бир аз убакыттан кийин Нарында да лицей ачылды. Мектепке чейинки мекемелерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында да бир топ өзгөрүүлөр жүргүзүлө баштады.Комсомол, пионер уюмдары жоюлуп, окуучулардын өздүк башкарууусунун жаңы түрлөрү пайда боло баштады. Ош облусунда “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” окуучулар уюмдары жайылтылып жатты. Коммунисттик идеологиянын ордуна, жалпы адамзатка тиешелүү баалуулуктарга тарбиялоо аракети башталды. Ыйман сабагын киргизүүгө аракеттер болуп, айрым мектептерде молдолор сабак бере баштаган. Кендирди кескени каржылык тартыштык эле. 1996-ж. КР Президенти тарабынан “Билим” программасы бекитилип, билим берүү жаатында, анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана билим сапатын көтөрүү боюнча багыттар аныкталып, билим берүү системасына колдоо көрсөтүү боюнча кадамдар жасала баштады. “Манастын жети осуяты” иштелип чыгылып, мектептик тарбия иштердин багытын аныктоочу идеологиялык негиз болуп калды. Азия өнүктүрүү банкынын-АБР билим берүү тармагын реформалоо жаатындагы кредиттери жана гранттары алгачкылардан болуп агартуу тармагына жумшалуучу ири каржылар эле. Кийин Бүткүл дүйнөлүк банк, Каталитикалык фонд ж.б. эл аралык жана чет элдик уюмдардын каржылоосу уланды.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жусаева учурдун талабын түшүнө билген, демократиялык мүнөздөгү адам эле. Нарындагы төрт мектептин директорлорун өзү салып алып, Караколдогу лицейдин, Бишкектеги №5, №13, №70 лицей-гимназиялардын иштери менен тааныштырып чыкты. Келгенден соң жаңы типтеги мектеп болсок деп, эсеп-кысабын чыгарып бердим. 1993-ж. баштап мектеп-эксперименталдык аянтча статусун алып иштеп калдык. Мэриядан да колдоо болду. Эксперименталдык мектепте атайын класстардын мугалимдери айлыгына 20% кошумча алышчу, ийрим, кошумча сабактарды өтүүгө, психолог, техкаражаттар боюнча инженер штаттарына каражат бөлүндү. Окуу пландарын мектептин шартына жараша өзгөртүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.Эки жылдан соң, жобоңор убактылуу экен, акча такыр эле тартыш болуп жатат деген шылтоо менен кошумча каржыны финансы органдары токтотуп койду. Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө дагы лицей, гимназиялар убактылуу жобо менен иштешет.

Мектепке келген жардамдар

Мектепке биринчи келишкен уюмдар катары эл аралык ЮНИСЕФ жана “Долон” ЖЧКны атап кетмекчимин. ЮНИСЕФтен окуу иштерине керектүү бор, ж.б. каражаттар, үй шарты начар балдарга кийим-кечек, о.э. ВР-5 деген талкан печеньеге окшошкон брикет коробкалар келди. Ал брикет печеньелерин нормадан көп жеп алышып, ичтери ооруган балдар да болду. “Долон” ЖЧК президенти К.Деркенбаев жаңы жыл алдында балдарга гуманитардык жардам алып келип тараткан. Мектепке магнитофон белеги менен келген 1- чет элдик адам-жапон Н.Такаги болгон. Биздин мектепти алтын медаль менен бүтүргөн А.Турганбаева университетте иштеген Х.Ито аттуу жапон атуулуна турмушка чыккан. Күйөө жолдошу Такаги Айзада окуган мектепти көргөнү келиптир.

Мектептен сырткары, балдар менен байланышта иштеген көптөгөн мамлекеттик, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар пайда болушту. Алар менен алака түзүү, биргелешип иштөө оң натыйжасын берээри белгилүү жана аларды качан бизге келет деп күтпөш керек, аларды издеш, аларга өнөктөш болуу максатында баруу керек. Илгери грек акылмандары айтчу делет: “Караңгы түндү миң сөккөндөн, бир шам жаккан артык”. Конфуцийге дагы таандык кылып жүрүшөт.Бул сөздөрдүн тууралыгы биздин заманга дагы ылайык келет.

Ыктыярчынын келгени

1994-ж. май айында АКШ “Тынчтык корпусунун” Борбордук Азия боюнча жетекчиси Э.Мэтьюз Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги менен облустун мектептерин кыдырып, жаңы окуу жылынан баштап англис тилин үйрөтүүчү өздөрүнүн “волонтер” (ыктыярдуу) деп койгон мугалимдерине мектептерди ылайыкташтырып жүрүштү. Короодон тосуп алып, мектепке ээрчитип кирдим. 3-4 кабинетке киришип, окуучулар менен сүйлөшүштү. Менин кабинетиме киргизип кыскача маалымат бердим. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин узатып короого чыктым. Бир кезде эле Э.Мэтьюз мектепти карап, колун булгалап калды. Кайрылып карасам терезелер ачылып, окуучулар кол булгалашып коштошуп жатышыптыр. Атайын даярдалган эмес эле, бирок окуучулар тараптан чын дилинен чыккан ишарат эле. Шаардан биздин мектептен тышкары “Кыргызстандын 60 жылдыгы” атындагы жакшы мектепти да көрүп чыгышыптыр. Бир айдан кийин биздин мектепке америкалык мугалим англис тилин үйрөтө тургандыгы тууралуу маалымат келди. Шарт боюнча биз мугалимдин үй-шартын камсыз кылып берип, 1-класска жумасына 4 сааттан кем эмес оку жүктөмменен жогорку класстардан беришибиз керек экен. Жумалык жүктөмү 18 сааттын тегерегинде болуп, иштеген эмгек акысы бекер. Мэрия мектептин маңдайынан 5-этаждан 2 бөлмөлүү батир чечип берди, бир сыйра ремонтун жасап, даярдап койдук. Август айында АКШ “Тынчтык корпусунун” Бишкектеги офисине чакырышты. Облус боюнча 2 мектептен (бизден тышкары Кочкордон Н.Жүндүбаева атындагы мектеп) директор, акимдин орун басарлары, облустукбилим берүү бөлүмүн орун басары Э.Сатывалдиева болуп барып калдык. Жолугушуу №67 мектепте болду, короого атайын бозүй тигип коюшкан экен. КР президенти А.Акаевдин келишин да күтүп жатышты. Жолугушууда волонтер-мугалимдин иштөө шарты боюнча айтылып, алар менен таанышуу интерактивдүү шартта өттү. Кечкисин мектеп ашканасына тамакка чакырышты, бир тобубуз “фуршет” дегенди ошондо биринчи көрүппүз.

Эртеси ар кимибизди иштей турган мугалимибиз менен тааныштырышты. Биздин мектепке Дж.Хилмайер аттуу жаш жигит бөлүнүптүр. Жылдыздуу жигит экен, бизге жагып калды. Өлкө боюнча 13 мектепке, 1 университетке волонтерлор иштейт экен. Волонтерлор өздөрү вундеркинд деп эсептеген Т.Драммонд да алар менен чогуу эле. Кийинчерээк жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанга биринчи киргенде АКСЕЛСтин биздеги жетекчиси катары ал бир топ иш жасады. Кечкисин “Тынчтык корпусунун” Чокморов көчөсүндөгү офисине барып тааныштык. Сый тамак беришти.

Эртеси акимдин орун басары Р.Шалтаевдин машинасына түшүп алып Жек менен Нарынды көздөй жөнөп калдык. Кечки тогуздарда жеттик, батирге кирсек завучтар, чет тил мугалимдери болуп дасторкон жайып күтүп отурушуптур. Каалоо- тилектерибизди айтып үйлөрүбүзгө тарадык. Эртеси бардым. Суунун басымы жетишпей, чоргодон суу чыкпай жатыптыр. Газ плитасы турду эле, бирок борбордоштурулган газ 2 жыл мурда Нарында жоюлган. Чорго менен газды көргөзүп эмне үчүн суу, эмне үчүн газ жок деп сурайт. Түшүндүрөбүз, баары бир түшүнбөй койду. Түштөн кийин жолдошум үйгө тамакка чакырган. Манты заказ кылыптыр, жолдошумдун маңдайына отуруп алып, кантип жасалаарын жазып жатты. Чет элдик адам келип жатса, крахмалданган салфеткаларды коюп, Европалык этикетке ылайык даярданышты. Манты жеп, аркы-беркини сүйлөшүп отурабыз. Америкадагы, Кыргызстандагы жашоо, билим берүү маселелери. Аңгыча шашып кеттиби салфетканы караган деле жок, май колун футболкасына ачып койду. “Өзүбүздүн жигит” экен деп ойлоп койдук. Кыргыз адабий тилинде сүйлөгөндү үйрөтүшкөн экен, шаршембиде тигинтем деп коет. Биздин мугалимдер бири-биринен сурап калышат, бул кайсы күн деп, биз болсо 3-күн деп көнгөнбүз. Мектепте кимдикинде жакшылык болуп калса ээрчитип алабыз. Кыргыздын “сыйын” түшүнбөйт, бизде “ич-ич” демей бар эмеспи. Ал болсо “бул-адам укугун бузуу, ким канча кааласа ошончо ичет” деп эле калат. Анын иштөө ыкмасы биздин мугалимдердикинен айырмалануучу. Өзүнчө кабинет бөлүп бергенбиз. Парталарды тегерете коюп, сабакты активдүү өтчү. Оозеки сөз өстүрүүгө көңүлдү көп буруучу, оюн түрүндөгү, практикалык мисалдарды көп келтирчү.

1994-ж. сентябрь айында “Кутбилим” газетасына Кыргызстан-Сорос фондусунун (КСФ) пилоттук мектептерди тандоо боюнча кулактандыруусу чыгыптыр. Мектеп администрациясында ортого салдым, бирок мөөнөтү чукул болгондуктан өзүм эле долбоор жаздым. Почта аркылуу жиберсекпи деп сүйлөшүп жатсак, чет тилчи мугалимдер Джек Бишкекке барганы жатыптыр деп калышты. КСФ ал кезде азыр өкмөт жайгашкан имаратта жайгашчу. Джек ал имаратты билет экен. Ал Бишкекке барып, КСФ кабинетине кирип, отургучка жайгашкан соң: “Мен Нарындык Жек боломун” деп өзүн тааныштырат. Ошол окуядан кийин аны билгендер Нарындык Жек деп калышкан. 1996-ж. Жектин иштөө мөөнөтү бүткөндөн кийин “Тынчтык корпусуна” биз кайрылып, кийинки эки жылга Сара Бейли аттуу волонтер-мугалимди кабыл алдык.

Күзгү каникулда мектептин завучу О.Лепеева экөөбүз Бишкекке Ысык-Көл мейманканасына КСФ уюштурган “Мектеп лидерлерин трансформациялоо” аталган семинарга чакырылып калдык. Залга 1-жолугушууга билим берүү министри А.Какеев, КСФ аткаруучу директору Ч.Жакыпова, мектептер башкармасынын акими Г.Сооронкулов ж.б. адамдар келишиптир. Сөздү Программанын директору Г.Султаналиева алып, семинардын максаты, милдеттери жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун аяк жагында ал киши долбоорду жакшы жана эң биринчилерден болуп жиберген мектеп боюнча айтып, жакшынакай мактоолорун да аяган жок. Аягында ал мектепти атады, көрсө бизди айтып жатыптыр. Завуч экөөбүздү тургузуп рахматын дагы айтты. Республикадагы ар кайсы региондон тандалып кийинчерээк пилоттук мектептердин саны 20га чукулдаган. Жылына эки жолу, көбүнесе каникул мезгилдеринде, жолугушуулар болуп турчу. Тренингдерди, АКШ Колумбия университетинин профессору Дейл Манн жетекчиси болуп, чет элдик профессорлор Л.Финкель, Д.Финк, В.Бриллер ж.б. өткөрүштү. Эки жылда билим берүүнүн жаңы парадигмасы, жамаат менен иштөөнүн жолдору, мектепти пландаштыруу сыяктуу көптөгөн жаңы нерселерди үйрөндүк. Ошол эле мезгилде КСФ семинарлары КРдагы алдыңкы мектептердин тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп калган. Пилоттук мектептердин ичинде Бишкектен №5, №13, №61 гимназия-лицейлер, Ош шаарынан Калинин атындагы мектеп, Ноокат районунан “Ноокат билимканасы”, Жалал-Абаддан №14 лицей, Таластан Грозный мектеби, Караколдон Сатылганов атындагы лицей, Кара-Балтадан №1, Шопоковдон №2, Кызыл-Кыядан №2 ж.б. Кыргызстанда аттын кашкасындай таанымал инновациялык мектептер болгон. Бир жолку семинар мезгилинде мугалимдер күнүнө арналган республикалык кеңешме өтүп жаткан, биз телевизорду карап отурганбыз. КР президенти А.Акаев сөз сүйлөп жатып “мугалимдин бийик наамына татыктуу болушту” деп келип бир нече мугалимге кошуп, Чкалов атындагы мектептин директору Ч.Тиленбаев деп менин фамилиямды атап калды. Андан соң кагаздан көзүн алып “Мыкты мектеп, мен дагы бул мектептен окуп кеткем” деп сөзүн улап кетти. Жанымда чогуу ТВ көрүп отурушкан кесиптештер менен куттуктап калышты. КСФ семинарларды өткөрүүдөн тышкары пилоттук мектептерге аудио-видео техникаларды, компьютерлерди, мебелдерди берип турушту. Алардан алган ксерокс, видеокамера, компьютерлер, сканерди, телевизорду, аларды иштетүүдө керектелүүчү материалдарды максаттуу пайдалануу багытында компьютердик-маалымат борборун-КИЦ ачтык.КИЦ окуучулар даярдаган мектептик гезитти көбөйтүүгө, ар түрдүү сабактар боюнча видео материалдарды көргөзүүгө, графопроекторго пайдаланылуучу схемаларды жана таблицаларды китеп ж.б. булактардан алып ачык түссүз пленкаларга чыгарууга, кандайдыр бир окуяларды, иш-чараларды видеого тартып, аны иштеп чыгууга мүмкүндүк түздү. КСФ багыттары көп түрдүү эле. Жогоруда белгиленгендерден тышкары: окутуунун мазмунун өзгөртүү жана жаңы муундагы окуулуктарды чыгаруу, мектептерде тил үйрөнүү борборлорун ачуу, англис тилин, экономиканы окутуу боюнча, мектептерди компьютерлештирүү, дебат клубдарын уюштуруу, башталгыч класстар үчүн “Кадам артынан кадам”, “Мөлтүр булак” музыкалык конкурсу, окуучулардын өздүк башкаруусун өркүндөтүү, Ысык-Көлдүн жээгинде окуучулар үчүн “Эвергриния” жайкы лагери ж.б. багыттарда иш алып барган. КСФ программасы аркылуу биздин англис тили мугалимибиз Д.Касымова Шотландиянын Эдинбург шаарында стажировкага барып келсе, 10-класстын окуучусу М.Жумакадырова АКШ мектебинде бир жыл окуп келген. Билим баркы төмөндөп, өткөөл мезгилде мамлекеттин чамасы чектелүү болуп, билим берүү системасы ”аксай” баштаган мезгилде Кыргызстан-Сорос фондусунун пайда болушу жана аракети көптөгөн билим берүү мекемелерине жөлөк болуп, шыктандырууга шарт түзгөн. Ошол эле мезгилде жаңы замандын шартында бөлөк мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарга үлгү болоорлук заманбап иш-аракеттин, түзүүчүлүк (созидающее) агымдын мисалы болуп калды. Фонддун билим берүү тармагында алгылыктуу жана натыйжалуу иштерди жасаганы анындиректору Ч.Жакыпованын ишмердигине да байланыштуу болду деп ойлойм. КСФ бүгүнкү күндө дагы өлкөнүн турмушунда көптөгөн иштерди жасап, коомубузда өзүнүн белгилүү орду бар.

Англис тили борборун ачуу

Глобалдашуу доорунда, мамлекет менен мамлекеттердин, элдердин ортосундагы мамиле мезгил өткөн сайын чырмалышып, илимий-технологиялык жетишкендиктер экономикалык-өндүрүштүк абалга таасирин көбүрөөк тийгизип, жалпы эле элдин турмушу алака түзүүдөн көп эле көз каранды боло баштаган заманда элдердин ортосундагы байланыштын көпүрөсү-тил билүүнүн мааниси алдыңкы орундарга чыгып келүүдө. Элет жергесинде, өзгөчө айыл жеринде, мектеп эң негизги социалдык мекеме болгондуктан (дээрлик айылдагы ар бир үй-бүлөдөн окуучу же мектеп кызматкери бар, айылга келген бюджеттик акчалардын көпчүлүгү да мектепке тиешелүү), ал жеке эле агартуучулук эмес, социалдык, маданий таануучулук, саясий жана өнүктүрүүчүлүк ролго да ээ. Көп эле айыл мектебинде тил борборлорун уюштуруу мүмкүндүгү жана зарылчылыгы бар. Ал үчүн биринчи кезекте төмөндөгүлөр зарыл. Мектеп жетекчилеринин каалоосу, эрки жана аракети.Мектеп жамаатында, же ата-энелердин арасында бул иштин көзүн билген, мүмкүнчүлүгү бар адамдардын тобунун болушу.Мектептин буга чейинки иштери менен, жасала турган жумуштардын актуалдуулугун, айылга да пайдалуу экендигине потенциалдуу донорлорду ынандыра алуу. Тил борборлору жеке эле мектептик эмес, айылдык, балким аймактык деңгээлде иштөөсүн кепилдик кылуу менен жергиликтүү өнөктөрдү табуу. Борбор түзүлүп жана иштей баштаганда, уюштуруучулардын жеке коммерциялык кызыкчылыгынын болбоосу. Ар бир жасалып жаткан иштин ачыктыгы жана айкындуулугу. Мына ушул нерселерди эске алып, биз англис, немис жана орус тилдерин өнүктүрүү борборлорун түзүп алдык.

1994-ж. аягында англис тили мугалими Жек Хилмайер менен окуучуларыбыздын англис тилин өздөштүрүү маселесин талкуулап отурганбыз. Джек “Тынчтык корпусунан”, АКШдагы өзү окуган мектептен китептерди алсак болот, мен кат жазам деп калды. Анда биротоло Англис тили борборун түзөлү деген чечимге келдик. КСФ дагы биздин борборду колдоого алаарын билдиргенде, биз эсеп-кысабын даярдап калдык.

Башталгыч мектептеги Жектин кабинетинин жанында жайгашкан китепкананы орто жана жогорку класстар окуган 1-корпуска которуп ремонтун жасап койдук. Натыйжада англис тили борборуна сырттан дагы каалоочулар келип окуп кеткидей шарт түзүлдү. Англис тили кабинети менен англис тили борборун байланыштырган эшикти ачып, мектептин ичинен дагы киргенге ылайыкталды. КСФ борборду 12 магнитофон наушниктери, кассеталары менен, телевизор, компьютер жана аларга видеоматериалдар, видеокамера, графопроектор ж.б. техника, англис тилиндеги адабияттардан камсыз кылышты. “Тынчтык корпусунан” англис тилиндеги адабияттар, Жек окуган АКШдагы мектептен окуу китептери жана англис тилиндеги китептер келип борбор 1995-ж. жай менен толук кандуу иштеп калды. Шаардагы англис тилин үйрөнгүсү келген окуучуларга, жаштарга Жек саат 17-00дө атайын курс ачты. Ошол мезгилдерде Азия өнүктүрүү банкынын Р.Шелхаммер жетектеген миссиясы “Билим берүү реформасы” долбоорунун биринчи модулун даярдап Кыргызстандагы мектептер менен таанышып жүргөн. Биздин англис тили борборун карап көргөндөн кийин котормочусу Татьяна, мындай борбор Кыргызстан боюнча жок деп айтканда, бир чети биз сыймыктангандай болсок, экинчи жагынан чоң жоопкерчиликти да сездик. Бизге удаа КСФ Бишкекте, ал кездеги аталыш боюнча Ленин библиотекасында, да жакшынакай англис тили боюнча борборду ачкан. Мектептеги борбордун, ага кошумча волонтердун англис тилинен мугалим болуп иштегендиги бат эле жакшы натыйжасын бере баштады. Эгерде көп эле мектепте бүтүрүүчү англис тилинен сүйлөөгө дарамети жетпесе, биздин окуучулардан бир тобу англисче турмуштук деңгээлде сүйлөгөнгө жарап калышты. Ошол жылдары “Легаси интернэшнл” уюму аркылуу А.Сатаров жайкы лагерде АКШда болуп кайтса, М.Абдыкапаров Венгрияда өткөн эл аралык дебат турниринде Кыргызстандын командасынын курамында катышып келди. Жылына 1-3 окуучубуз АКШ мектептеринде АКСЕЛС программасынын алкагында 1 жылдан окуп келишкен. Айрымдарын атасам-Арунова А., Жээналиева Г., Сатаров А., Моңолбаев Р., Тезекбаева Г., Айтиева М. жана Албанова А., КСФ аркылуу- Жумакадырова М. Айта кетүүчү нерсе, Айтиева Медина Калифорния штатындагы мектептен окуп, окуудагы ийгиликтери үчүн АКШ президенти Б.Клинтондун жана АКШ Агартуу министринин колдору коюлган ардак грамота менен сыйланган.

Орус тилин окутуу

Жогоруда мен жазып кеткендей, мамлекетибиз эгемендик алганы мектепте балдардын саны азайып кеткен эле. Турмуш көргөзгөндөй, азыркы шартта орус тилисиз көпчүлүк балдардын кеңири келечегин элестетүү кыйын. Орус тилин билүүгө кайрадан муктаждык келип чыкты. Өзгөчө бүгүнкү күндө жүз миңдеген жердештерибиз Орусияда мигрант болуп жүрүшсө. Кайрадан ата-энелер, 2-3 жылда эле, биздин мектепке балдарын көбүрөөк алып келе башташты. СКФ өткөрүп жаткан семинарлардын биринде Фонддун жетекчиси Ч.Жакыпова болуп Нарын өңдүү элет жериндеги орус тилинин абалы жөнүндө баарлашып калдык. Ошол жолугушууда ал киши биздин мектептин базасында жалпы эле Нарындын окуучулары катыша алгыдай орус тилин өнүктүрүү жана маданияты борборун түзүү идеясын сунуш кылып калды. Завуч О.Лепеева экөөбүз керектүү каражаттардын, мебелдердин эсеп-кысабын чыгарып, моделин түзүп чыктык. Англис тили борборунун жанынан кабинет бошотуп, ремонтун жасап чыктык. Нарын облустук администрациясынан китеп коюучу стеллаждарды алдык. КСФсунан “Волтмейстер” баяны менен бирге бөлөк музыкалык аспаптардан, орус тилиндеги адабияттардан, аудио-видео техника, жазылган кассеталардан алдык. Ошондой эле ремонтко жетиштүү акча каражатын беришти. Кыргызстандагы Славян фонду жана Кыргыз-Орус (Славян) университетинин жетекчилиги да жардамдарын сунушташты. Жергиликтүү орус улутундагы элден, алулутка тийешелүү үйдө колдонулуучу оокаттардан чогулттук.1996-ж. январь айында Орус тилин өнүктүрүү жана маданияты борборунун ачылышы болду. Борбордун базасында шаардык, облустук орус тил мугалимдеринин тажрыйба алмашуу аянтчасы түзүлдү. 1996-ж. борбордун базасында шаардык деңгээлде “Славян маданияты жана жазуусу”, 1998-ж. облустук деңгээлде ушул эле фестиваль-майрам өткөрүлдү. Активдүүлөр республикалык деңгээлдеги майрамга катышышты. КРСУ жана Славян фонду тарабынан өткөрүлүүчү орус тили боюнча олимпиаданын шаардык жана облустук туру да борбордун базасында өткөрүлө баштады. Борбордун ийриминин катышуучулары “Поговорим, поспорим...” гезитин чыгара башташты. Кийинчерээк борборду Россиянын Кыргызстандагы элчилиги колдоого ала баштады, 2010- жж. баштап Орус тилин өнүктүрүү жана маданияты борборунун активдүү катышуучулары Россияда өтүүчү эл аралык “Грамотный русский язык” олимпиадасына жана интеллектуалдык конкурсуна катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып калышты. Айта кетүүчү нерсе, борбордун иши мектептин орус тилчи мугалимдеринин аракети менен жүрүп келүүдө, ал эми анын куратору завуч О.Лепеева Россиянын Пушкин премиясынын лауреаты.

Мектепте окутулган башка чет тилдери

Совет мезгилинде биздин мектеп немис тили боюнча атайын мектеп болуп келген. Бул багытта ишти жандандыруу, немис тилин окутууну жаңы деңгээлге көтөрүү максатында 1995-ж. КР билим берүү министрлигинин 2-этажында жайгашкан Германиянын өкүлчүлүгүнө кызматташуу боюнча кирип, абалды түшүндүрүп бердим. Өкүлчүлүктүн жетекчиси фрау Б.Барнбек бир аз убакыттан кийин биздин мектепке келип, окуучулар, мугалимдер менен жолугушуп, таанышып кетти. Жолугушуу учурунда ал адам өзгөчө эмоциясын билдирген жок, салкыныраак мамиледе болгонсуду. Биз кызматташуу болбой калды го деген ойдо калганбыз. Көрсө, биз буга чейин жолугушуп жүргөн чет элдиктер, өзгөчө америкалыктар, ачык-айрымыраак келишет экен. Б.Барнбек болсо немис элине мүнөздүү деп айтылып жүргөн тактык, тыкырлык, эмоциясын көп билдире бербеген адам экен. Немис тили боюнча волонтер-мугалим алуу ойдон кайттык, себеби өзүбүздүн немис тилчи мугалимдерибиздин сааты аздан эле. Анын себеби болсо, эгемендик алгандан баштап, балдардын ата-энелери англис тилин тандашып, немис тилине кызыгуу төмөн түшүп кеткен. Өкүлчүлүк бизге немис тилиндеги адабияттардан, окуулуктардан, окутуучу кассеталардан жардамдашты. Натыйжада, мектептин бухгалтери отурган бөлмөнү бошотуп, немис тил борборун түздүк. Жабдылышы ЦАЯ менен ЦРРРЯКга жеткен жок, бирок алгачкы кадамдар жасалды. Ал эми башталгыч мектептин бир ыптасына үч тил борборлору (англис, орус, немис) жайгашып, кошумча тыштан эшик аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгү менен, жалпы каалоочуларга дайыма ачык болуучу.

Чет тилдерин өздөштүрүүдө окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында түрк жана кытай тилин сабаккка киргизүү боюнча да аракет жасадык. 8-класстын окуучулары жана ата-энелери менен сүйлөшүп чет тили катары түрк тилин киргиздик. Сабакты Түркия жараны болгон Эмин-бей өткөрчү. Бир окуу жылы сабак өтүлүп, экзамен беришкен соң, кийинки жылы окууну уланткан жокпуз. Себеби, Нарын кыргыз-түрк лицейи өздөрү каалоочулар үчүн түрк тилин сабактан тышкары үйрөтө башташты, б.а. бизден каалаган окуучулар лицейден түрк тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

1994-ж. Нарынга, биздин мектепке чукул жайгашкан “Облустук керек-жарак коомунда”, ошондой РТС аймагында Кытай жарандары жашашчу. Дунган улутунан таанышты ээрчитип алып эки жерге тең бардым. Кытай тилин мектепке киргизүү маселесин талкулайбыз деп ойлогом. Алар болсо баштарын чайкап эле, көп деле уккусу келген жок. Көрсө жүн, тери менен гана иштеген адамдар экен.

Педагогикада тарбия борборлору-ТБ түшүнүгү бар. ТБ жеке эле кандайдыр максатта түзүлгөн материалдык базаны гана эмес, тиешелүү деңгээлдеги тарбиялык иштердин жүргүзүлүшүн, ал иштерди татыктуу деңгээлде жетектей ала турган адамдардын болуусун шарттайт. ТБ базасында балдардын жеке кызыкчылыгына жана жөндөмүнө, шыгына жараша ишмердүүлүгү жүргүзүлүп, жалпы мектептик тарбия иштери менен бир нукта, коомчулукка пайдалуу шартта болуусу абзел. Борбордун иштешинде жана ага катышкан балдардын өз ара мамилесинде оң эмоционалдык маанайдын жана чөйрөнүн болуусу, адамдардын ортосундагы бири бирине ишенген, жакшылык каалаган, бир максатташ, жамааттык сезимге сугарылган, кыйынчылыктарды бөлүшүп, биргелешип чече алышкан инсандарды тарбиялоого өбөлгө болмокчу. ТБ ар түрдүү жаш курактагы окуучулардын шыгына жараша уюшулган бир максаттагы база. Бул болсо жалпы мектептик жамааттын өнүгүү факторлорунун бири болуп эсептелет. Себеби, мектептеги ар түрдүү муундардын ортосундагы байланыш, салт катары улуудан кичүүгө бирге жасалган иш-аракеттер аркылуу берилип жүрүп отурат. ТБ уюштурууда, анын эшигинин каалаган окуучуга ачыктыгын камсыз кылбаса, ага такай катышкандардын мектеп жамаатынан обочолонуп, өзгөчөлөнгөн абалда “жылдыз оорусуна” кабылданып, “өздүк баасын” бекемдөө, өзүн өзү көтөрмөлөө каражатына айланып калуусу мүмкүн. ТБ ар түрдүү багытта болуусу, окуучулардын түрдүү багыттагы шык-жөндөмүн арттырууга өбөлгө болмокчу. ТБ мектеп менен коомчулуктун, мектептен тышкаркы уюмдардын ортосунда байланыштыруучулук ролду да аткарат. Ишмердүүлүгү жакшы жолго коюлган ТБ, мектептин гана эмес, кичи аймактын, же айылдын деңгээлиндеги тарбиялык-өнүктүрүүчүлүк борбордун макамына жетүүсү мүмкүн. Чкалов атындагы мектептин англис жана орус тилдерин өнүктүрүү борборлору аркылуу шаардык жана облустук деңгээлдеги иш-чаралар уюштурулуп келинген.

Спорт да унутта калган жок

Билим берүү бюджети кыскарып, мектептерде ийрим, тандоо курстарын жана сабактарын өтүүгө каражат жоюлган мезгилде ата-энелердин, балдардын тагдырына кайдыгер карабаган атуулдарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн издедик. Биздин максаттардын бири мектеп көйгөйлөрүн чечүүдө, жаңы багыттагы ишмердүүлүктөрдү уюштурууда коомчулуктун көңүлүн бурдуруу, өнөктөштөрдү табуу аркылуу өзүбүздүн ресурстарды кеңейтүү, тарбиялык иштер жүргүзүлүүчү аянтчаларды көбөйтүү эле. Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектептин подвалындагы эки комнатага маттарды таап таэквондо ийримин, залына облустук спорт мектебинин ага машыктыруучусу Б.Эсенов жана Ж.Момуналиев ринг орнотуп, бокс секциясын, мектептин коридор залына бөлмө тургузуп шахмат боюнча ийримин баштадык. Мектептин спорт залында кечкисин спорт мектебинин баскетбол секциясы иштеп калды. Физкультура мугалимдеринин иш-аракети менен мектеп шаардык, райондук спартакиадаларда алдыңкы орундарды камсыз кылып келген. Окуучулардын арасында “Брейн-ринг” тапкычтар мелдеши, дебат ийриминин иштеши (биздин команда орус жана кыргыз тилдеринде Сорос-Кыргызстан фонду-СКФ өткөргөн республикалык мелдешке катышып турган ), балдар өздүк башкаруусунун аракети, окуучулар гезити жана балдар телестудиясынын иштеши, тил борборлорунун ишмердүүлүгү, окуучулардын музыкалык ансамбли, мектептик китепкана сыяктуу тарбия борборлорунун иш-аракеттери балдардын өсүп-өнүгүүсүнө оң таасир берген. Бул аталган тарбия борборлорунан тышкары окуучулар шаардык спорт мектебинде, искусство мектебинде, балдардын чыгармачыл борборунда, китепканаларда тарбия жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Дебат клубун орус тили мугалими Н.Малабашева жетектөөчү. А.Абдыкапаров англис тилинде эл аралыкдебат турнирине катышканын жогоруда жаздым. Айрым окуучулар кийин дагы дебат жүргүзүү өнөрүн студент кезинде улантышкан. 2004-ж. Жесап кубогуна оюн түрүндөгү сот процесси боюнча Бүткүл дүйнөлүк конкурста биздин мектепти бүтүрүп кетишкен КРСУ студенттери Айжан жана Нуржан Албановдордон турган Кыргызстандын командасы 85 мамлекеттен келген 94 команданын ичинен 17-орунду камсыз кылып, Шериктеш мамлекеттердин командаларынын ичинен эң мыкты жыйынтыкты көргөзүшкөн.

Билим - инвестиция

1995-ж. июнь айында мугалимдерди, мектептин бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, мектептин 1985-ж. бүтүрүүчүлөрү келишти. Бул, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн уюшуп келгендиги 1-жолу болгон. Бүтүрүүчүлөр арасында лотерея ойнотушуп, башкы байге 500 сом (70 доллар) ж.б. сыйлыктар болду. Мугалимдерге белек-бечкегин тапшырып, короодо Нарындын тарыхындагы 1-фейерверкти окуучулардын мектепти бүтүүсүнө арнап аттырышкан. Уюштуруучулардын бири А.Чикеев мектепке 500 доллар тапшырып, демөөрчүлүк кылган. Бул иш-чара традициялуу болуп, кийинки бүтүрүүчүлөрдөн да мектепке мебель алып келип, эстелик орнотушуп, класстардын ремонтун жасап жүрүшөт. Мектепке кошумча каражат табуу бүгүнкү күндүн да актуалдуу маселеси болуп келүүдө. Мектепке бөлүнгөн бюджеттик акчалар мектепти толук кандуу каржылоого жетишпейт. Бүгүнкү замандын талабы (ата-эненики деле) орто мектеп орто окуучуну эмес, аракетчил, дымактуу жана билимдүү бүтүрүүчүнү даярдап чыгуусу кажет. Ал болсо кошумча аракетти жана ресурсту талап кылат. Менин жеке ынанымым, ата-эне мурункудай “баланын кийими бүтүн, курсагы ток, ден соолугу таза болсо болду” деген психологиядан арылыш керек. Баланын билим алуусуна “инвестиция” кылуу зарыл. Күчтүү мамлекетти билимдүүлөр гана кура алат, ыймандуулар аны сактап калат, мекенчилдер (патриоттор) дем берет. Ата-эненин балага, анын окуусуна жана тарбиясынажумшаган моралдык, материалдык жана рухий салымдары мамлекеттин келечегине кошкон салымы. Ал эми мектептке кошумча каражатты табуу үч нерсеге негиздениш керек: максаттуулук, айкындуулук жана ыктыярдуулук. Бүгүнкү күндөгү, өзгөчө шаардык мектептердеги, көйгөйлөр бул принциптердин бири эле аткарылбай калган учурда чыгып келүүдө. Окуу китептерин жаңыртуу максатында Бишкекте, Чүй облусунда киргизилген китепке аренда акысын (1 китепке 10 сом) алууну биз да киргизе баштаганбыз. Бирок 1 китепке 2 сомдон эле чогултчубуз.

1995-ж. баштап апрель, май айында ата-энелердин эсебинен мектепке даярдоо класстарын ачып, түшкөн каражат мугалимдердин айлыгына жана бор ж.б. керектүү нерселерди алганга жумшачубуз. Райакимчиликтен “Келечек” кооперативин ачууга руксат алып, мектептен депкир өңдүү үйгө керектелүүчү буюмдарды жасап, “шаар күнүндө” элге саттырчубуз. Түшкөн каражатты, канчасы мугалимге, окуучуга жана мектепке деп, атайын комиссия бөлүштүрүүчү. Мектептин ошол каражатын, азыркы тил менен айтканда микрокредиттик компания принцибинде иштетчибиз. Баланс, канча түштү, канча жана кайда чыгым болду, ай сайын отчет берилип турулчу, отчет мугалимдер бөлмөсүндө илинип турчу.

Спирт жыттанган аба

1993-ж. жаңы жыл алдында мектептин завхозу А.Курманалиев экөөбүз Нарын шаарына чукул жайгашкан колхозго барып калдык. Ал колхоз биринчилерден болуп дыйкан чарбаларга тараган эле. Самынга, тузга, өтөмөнчө аракка (кытайдын спиртине), акчага кой-козуларды алмашып жатышканын укканбыз. Биздин максат арзаныраак мал болсо, сатып алып мектептин чарба жумушунда иштеген адамдарына жаңы жылга карата таратып берүү эле. Биз барган кезде арзан мал сатылып бүткөн экен. Бирок мени таңгалтырганы-конторго чукул эл көп чогулуучу жерге барып токтогондо абанын спирт жыттанып тургандыгы болду. Мына ушундай абалды 1995-ж. жана 2000-ж. КР ЖК депутаттарды шайлоолор мезгилинде айрым айылдардан байкадым. Азыр, кудайга шүгүр, элдин ичкилик ичкени бир топ эле азайып калды. Ал кездерде элет жеринде спирт “барктуу” болуп, колонкадагы сууну кошуп ийип эле арак деп тойлордо дагы пайдаланылып калынган. Көп адамдардын боору ошол кездерде бузулду го деп ойлойм.

Мектеп жана маданият

Мектеп каражат иштеп таап, биринчи сатып алган буюмубуз төрт гана аккорддуу “Скерцо” синтезатору болгон. Күчөткүч аппаратты өзүбүз таап курап, гитара ж.б. музыкалык аспаптарды чогултканбыз. Биринчи составда У.Бактыгулов, А.Таштанбеков аттуу окуучулар гитараларда ойношкон. Мектеп КСФнун пилоттук мектеби болгондо “Ямаха” синтезаторун тапшырышкан. “Ямаха” синтезатору “Скерцого” салыштырмалуу көбүрөөк функционалдуу болуп эсептелет, ырчыларыбызды коштоо мурдагыдан жогорку деңгээлге жеткен. Мектептин ансамблинде ырчылардан бөлөк, комузчулар, бийчилер, күлкүлүү номерлерди аткаруучулар, темир комузчу болушуп Бишкекке чейин келип концерт бергенбиз. №5 УКГда окуучулар үчүн, “Сейтек” балдар борборунда Чкалов мектебин мурдагы бүтүрүүчүлөр үчүн концерт койгонбуз. Ансамблдин жетекчилери болушуп Каныкей жана Кумар аттуу жаштар (азыр алар Кыргыз драма театрында иштешет), бий жагын Гүлхан эжей, комузчуларды Асанкул агай, күлкүлүү номерлерди орус тилин өнүктүрүү борборунун катышууучулары даярдашчу. Мектептин музыкалык тобунан “Мээрим” Фонду өткөргөн республикалык жаш таланттар кароо-сынагынын баш байге ээси манасчы Ө.Токтогулов (1995-ж.), СКФ өткөргөн республикалык “Мөлтүр булак” кароо-сынагынын (1996-ж.), кийинчерээк “Сделано в KG” сынагынын, ЕврАзия жылдызы (2016-ж.) баш байге ээси Ж.Идрисова, республикалык кароолордун жеңүүчүсү С.Абдылдаева өсүп чыгышкан. Өмүрбек бүгүн дагы манас айтып, Жийдеш Казакстандагы “Артек” тобунда (азыр Кыргызстанга келди), Силима республикалык иш-чараларда ырдап жүрүшөт, мектептин мааракелеринде такай келип катышып калышат. 1993-ж. башталгыч класстардын жаңы жылдык балаты майрамында жолдошум катышып, жакшы ырдаган кичинекей кыз бар экен деп калды. Тарбия завучу А.Самакова да ал кыз жөнүндө кеп салып калды. Ал Жийдеш эле. Мектептин ансамблине солистка кылдык, кыргыз ырларын көбүрөөк ырдачу, апасы педагогикалык окуу жайда ыр мугалими экен. Республикалык конкурста “Маленькая страна” ырын ырдап, “Ялла” тобунун жетекчиси Ф.Закиров төрагалык кылган жюри тарабынан “Мөлтүр булак” кароо-сынагынын Гран-приси ыйгарылган. Ал эми Өмүрбекти Асанкул агай “Манас” китебинен берип, жаттаткан, дастан , манас айтуу боюнча конкурска даярдаган. Көрсө, Өмүрбекте тубаса манас айтуу таланты болгон экен. 4-5 жашында манас үйүндө айтканда чоң энеси тыйып коюптур, көз тийбесин деп. Жогоруда жазылган Гран-прини “Каныкейдин Тайторуну чабышын” айтып жеңип алган. Улам көбүрөөк айткан сайын, кызууланып жакшы айтчу, бирок элирбесин деп 5-6 мүнөттөн кийин токтоттуруп коелу деп өзү менен сүйлөшкөнбүз. Кийин Облустук билим берүү башкармасында иштеп калганымда, мектептин ансамбли Ак-Талаага жана Ат-Башыга барып окуучуларга концерт койдурганбыз.

1996-ж. январь айында “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда концерт бергенибизде, министрликтин мектептер башкармасынын башчысы Г.Сооронкулов, “Сейтектин” директору С.Челпакова колдоо көргөзүштү. Концерт бүткөндө сөз сүйлөп, мектептин бүтүрүүчүлөрүн окуу жылынын аягында болжолдонуп жаткан телемарафонго чакырып кеттим. 50- 60-жж. бүтүрүүчүлөрдөн дагы адамдар сүйлөшүп, рахматын айтып ыраазычылыгын билдирип жатышты. “Адам-оркестр” наамына татыктуу болгон К.Азыкбаев да колдоо көргөзөөрүн айтып, мектептин бүтүрүүчүсү экенин белгилеп кетти.

Марафон

Май айында Нарында мектепте марафон өткөрдүк. Мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы Д.Айтиев, ардагер мугалимдер В.И.Панфилов менен Р.Насыровалар эсептөө комиссиясы болушту. Сценага чукул айнек кутучаны (урнаны) орнотуп, салынып жаткан акчалар көрүнүп турду. Мен марафонду сөз сүйлөп ачып, мектептин келечеги боюнча ойлорумду кыскача айттым. Сөз сүйлөгөндөрдүн арасында окуучулардын концерттик номери коштоп турду. КР Президентинин администрациясынан Н.Касымов сөз сүйлөп, Президенттин атынан куттуктоо папкасын тапшырды. Мектепке башталгыч мектептин от казанын реконструкция кылуу үчүн 50 миң сом которулаарын билдирди. КР ЖК депутаты И.Кадырбеков Жогорку кеңештин МЧЖ атынанкуттуктоо папкасын тапшырып, “эртеңки куйруктан, бүгүнкү өпкө” деп туруп, 5 миң сом накталай акча салды. КР билим жана илим министринин орун басары Ж.Жаманкулов, Нарын губернаторунун 1-орун басары О.Бектуров куттуктоолорун айтышты. КСФ жетекчиси Ч.Жакыпова куттуктоосун айтып, компьютер классын тапшыраарын билдирди. Ата-энелер, мектептин бүтүрүүчүлөрү сүйлөп, кошумчаларын урнага салып жатышты. Айрымдары унчукпай келип салым кошкондору деле болду. Ырчы М.Ырсалиев (Мерген Турган) эки ырын ырдап, келип кетти. Мектеп ашканасына сый тамак уюштуруп койгонбуз, келген коноктор сыйдан ооз тийип жатышты. Марафонду жыйынтыктап, чогулган ата-энелерге, мугалимдерге эсептөө комиссиясы отчетун беришти. Облустук “Теңир Тоо” гезитине жыйынтыгын айтып, катышкандарга ыраазычылыгыбызды билдирдик. Накталай акча 17 миң сомдон ашыптыр, ал кездеги курс боюнча 2,3-2,4 миң доллардын тегерегиндеги акча. Жаңы окуу жылы башталганда, өзүбүздөн акча кошуп, 30 миң сомго мектепке жаңы үлгүдөгү ПАЗ автобусун сатып алдык. Автобус шаардын ылдый жагынан окуучуларыбызды мектепке ташып турчу.

1997-жылы британиялык “Балдарды коргойлу” (Save the Children) коомдук фонду Кыргызстанда инклюзивдүү билим берүү багытында өз ишмердүүлүгүн баштаган. Алгачкылардан болуп Нарын шаарындагы Чкалов орто мектебинин мугалими Т.Шамуратова жана ал уюштурган “Баястан” коомдук уюмунун долбоору аркылуу, билим берүү органдарынын көмөгү, “Балдарды коргойлу” уюмунун жетекчиси Т.Джайлстын аракети менен Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектебинин базасында инклюзивдик класстар ачылган. Кийинчерээк №7 орто мектебинин базасында ресурстук борбор, ошондой эле класстар дагы ачылган.Тагыраак айтканда, аялуу балдар окуй турган класстар аныкталып, мугалимдери атайын даярдыктан өтүшкөн. Материалдык, финансалык жана методикалык жардамды “Балдарды коргойлу” фонду, уюштуруу, ремонт жана жабдуу маселесин мектеп жетекчилери жана мугалимдер көтөрүшкөн. Инвалиддик коляска мектепке кире алгыдай кылынып пандустар жасалып, окуу кабинеттери да ыңгайлаштырылган. Аялуу балдарды окууга тартуудагы көп эле көйгөйлөр биргелешип чечилип, эң кыйыныраагы ата-энелерди көндүрүү болгон. Айрым ата-энелер балдарын ден соолугу таза балдарга аралаштыруудан ийменишчү, балким, психологиялык жактан өздөрүн күнөөлүү сезип келишкен. Аялуу балдарды окуу процессине интеграциялоо боюнча биринчи тажрыйбалар оң натыйжасын берген жана коомчулукта буга чейин калыптанып келген майып балдар өзүнчө тарбиялануу стереотибинин өзгөрүшүнө алып келген биринчи кадамдар эле. Майып балдардын коляскаларын түртүп жылдырууга классташтарынын дилгирлиги жакшы болуп, эки-үч айдан кийин аялуу балдар класстын, андан соң мектептик деңгээлдеги иш-чараларга аралашып калышкан. Аялуу балдар толук кандуу традициялык окуу программаларынын негизинде билим ала алышкан жок, б.а. мектепти бүтө алышкан жок, бирок алардын коомго аралашуусу, жөнөкөй билим сабатына ээ болушу, окуучулар арасында аралаша алуу мүмкүнчүлүгүнүн түзүлүшү, “кадимки балдардын” аялуу балдарга болгон мамилесинин туура жолго коюлушу ж.б. көптөгөн оң таасирлерди айтмакчымын. Инклюзивдик билим берүү боюнча иштер “Балдарды коргойлу” коомдук фондунун көмөгү менен Кыргызстандын көптөгөн жерлеринде аткарыла баштап, бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги документтерде, укуктук-нормативдик базаларда өз ордун тапты.

1997-ж. Нарын облустук билим берүү башкармасында, 2000-ж. баштап Министрликтин жалпы орто билим берүү башкармасында башчы болуп иштедим. 2004 ж. АБРдин долбоорунда иштеп пенсияга чыктым. Убакыт узарган сайын өткөн күндөрдө жасалган иштерге мезгил сыноосу берүүчү баа тагыраак болсо керек. Эгемендик алган жылдардын башталышында Нарын шаарындагы Чкалов орто мектебинде түптөлүп кеткен нерселер, иш-аракеттер бүгүнкү күндө дагы өз жемишин берүүдө. Мугалимдер жамаатынын аракетинин натыйжасы- мектеп “Даңк” медалы менен сыйланып, 2010-ж. республикадагы алдыңкы инновациялык мектеп аталды. Татаал мезгил кошумча мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылат деген сөз туура демекчимин. Ал үчүн аракет керек.

Чолпонбек Тиленбаев, 1981-1991-жылдардагы Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектептин завучу, 1991-97 ​- жылдары директору

Учурда Бишкек шаарында жашайт, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин жана “Тиленбаеванын балдар шахмат борборунун” шахмат тренери

XS
SM
MD
LG