Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Кытайга ташылган асыл таш


Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кытайга Нарын аркылуу мыйзамсыз ташылып бараткан 8,5 тонна нефрит ташын кармап, кылмыш иш козгоду.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын аныктамасына ылайык, кармалган асыл таш 4,5 миллион сомго бааланды. Бул факт боюнча УКМКнын Нарындагы башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинде (аткезчилик) каралган кылмыш белгилери боюнча иш козгогонун УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

- Оор жүк ташуучу унаада тоголоктолгон жүндүн арасында 8,5 тоннага чукул нефрит ташы табылган. Азыр тергөө жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кайсы өлкөнүн жарандары кармалганы айтылбайт.

Кытайга жүк ташып иштеген жеке ишкер Автандил Молдосалиев нефрит ташы ал жакта кымбат баалангандыктан аз көлөмдө, бирок көп эле ташылып кетерин угуп жүрөт. Анын айтымында, нефриттен Кытайда баалуу сувенир, шуру-сөйкө, айкелдер жасалат.

- Майдалап алып киришет деп жүрүшөт. Бул таш Кыргызстанда көп жок. Бүт эле Орусиядан ташылып келет. Нефрит Кытайда өтө жогору бааланат. Айрым жерлерде таштын касиети бар деп андан Будданын айкелин жасашат жана колдоочу катары ишеним кылып моюндарына шуру жаcатып тагынышат.

Кыргызстанда Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда нефрит ташы болушу мүмкүн экенин окумуштуулар айтып жүрөт. Бирок толук изилдене элек. Илимдер академиясындагы Геология институтунда эмгектенген академик Апас Бакиров:

Нефрит ташы
Нефрит ташы

- Кыргызстанда геологдор тапкан, катталган нефрит жок. Бирок Ысык-Көлдө ошондой таш бар деп жүрүшөт. Ал азырынча изилдене элек, - дейт.

Интернет булактарындагы маалымат боюнча дүйнөдөгү эң чоң нефрит Кытайда табылып, салмагы 260 тоннаны түзгөн. Андан Будданын айкели жасалган. Нефрит өзгөчө кытай элинде алтын-күмүштөн жогору бааланып, бир нече кылымдык тарыхы менен байланышкан.

2013-жылдын апрель айында УКМК Казакстандан ташылып келаткан ундун арасынан баасы 7 миллион сомдук, салмагы 16 тоннадан ашык нефрит кармаган.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG