Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Абак мөөнөтү улам узарган "экстер"


ЖЭБ
ЖЭБ

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого Кытай бөлгөн 386 миллион долларга байланыштуу жемкорлук боюнча айыпталып жаткан мурдагы аткаминерлердин тергөө абагындагы мөөнөтү улам узартылууда.

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан кийин коррупция боюнча айыпталып жаткан мурдагы жетекчилер Жантөрө Сатыбалдиевдин, Сапар Исаковдун, Осмонбек Артыкбаевдин, Айбек Калиевдин жана Кубанычбек Кулматовдун иштери азырынча сотко өтө элек. Төртөө тең 2018-жылдын июнь айында камакка алынган.

Бишкектин мурдагы мэри Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев анын камалышы да, абактагы мөөнөтү улам узартылып жатканы да мыйзамсыз деген пикирде.

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

- Албетте, мыйзамсыз жана негизсиз, - деди ал. - Мен дайыма эле айтып келе жатам – Кулматовдун бөгөт чарасы мыйзамга негизделген эмес. Ал Кыргызстандын жараны, туугандары жана үй-бүлөсү бул жерде. Өлкөдөн чыгып кетишине эч кандай себеп жок. Экинчиден, анын башка жакка чыгуу укугу чектелген. Аны тергөө абагына камоого себеп болгон да эмес, жок дагы. Тергөөнүн да, прокурордун да, соттун да буга негизи жок болчу.

Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыкка» билдиргенине караганда, анын ишин тергөө 17-декабрда аяктады.

Бирок адвокаттар ишти сотко өткөрөр алдында материалдар менен таанышып чыгууга да уруксат сурагандыктан Кулматовдун абак мөөнөтү соттун чечими менен 31-январга чейин узартылды.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү 5-январга чейин, ал эми дагы бир мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин жана “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевдин абактагы мөөнөтү 13-февралга чейин узартылган.

ЖЭБдеги авариядан кийин коррупцияга байланыштуу айыпталып жаткандардын көбү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бийлик тепкичинен жогорулагандар, анын жакын санаалаштары экени белгилүү.

Ал 3-октябрда атайын билдирүү таратып, «Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди, Осмонбек Артыкбаевди, Айбек Калиевди жана Салайдин Авазовду "ЖЭБди реконструкциялоонун наркын жогорулаткан" деп кантип айыптоого болот? ЖЭБди оңдоп, Бишкекти узак жылдарга жылуулугу, суусу, жолдору жок калтыруучу кыйроодон сактап калгандар бүгүн камакта отурушат» деген.

Тергөө жүргүзүп жаткан УКМК мындай дооматтарды четке кагууда. Атайын кызматтын өкүлү Сулайманов «ЖЭБ боюнча коррупцияга шектүүлөрдүн тергөө мөөнөтү негизсиз узартылып жатат» деген сөздөргө комментарий берүүнү туура көргөн жок.

Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаеванын айтымында, тергөөнүн мөөнөтүн Жазык-процессуалдык кодекстин 166-беренеси жөнгө салат. Анда «өзгөчө учурларда мөөнөттү узартса болору» жазылган.

- Баш мыйзамдын 93-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат, - деди ал. - Тергөө бүткөнгө чейин камакта кармоо тергөө органынын өтүнүчү менен ишке ашат. Соттор мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн карап берет. Азыр күчүндө турган КРнын Жазык-процессуалдык кодексинин 166-беренесинин 5-бөлүгүндө «Тергөөсү өтө татаал болгон иштер боюнча тергөө мөөнөтү башкы прокурордун орун басарлары тарабынан тогуз айга чейин, ал эми өзгөчө учурларда анын мөөнөтүн андан ары узартуу башкы прокурор тарабынан жүргүзүлөт», 6-бөлүгүндө «тергөөнүн мөөнөтүн узартуу зарыл болгондо тергөөчү бул жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарууга жана аны тиешелүү прокурорго тергөөнүн мөөнөтү аяктаганга чейин жети сутка калгандан кечиктирбестен берүүгө милдеттүү» деп жазылган.

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Байтемир Ибраев да тергөө мөөнөтүн узарта берүүнүн чеги жок деп эсептейт. Анын айтымында, буга экспертизаларга, документтерди талдоого талап кылынган убакыт себеп болушу мүмкүн.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

- Учурунда тергөө бүтпөй калса аны узартуунун жолдору мыйзамда каралган, - деди Байтемир Ибраев. - Албетте, оюнан чыгарып, ар кандай шылтоо менен тергөө мөөнөтүн чойгонго болбойт. Жүйөлөштүрүп берсе, прокуратуранын макулдугу болсо сот органдары узартып бериши мүмкүн. Эң жогорку чек жок. Ар кандай себептер болушу мүмкүн. Экспертизалар дайындалат. Сиз айткан иштер боюнча маалыматым жок, айта албайм, бирок чоң экономикалык кылмыштар каралып жатканда тергөө органдары экспертизаларга кайрылат. Мурда бухгалтердик экспертиза, керек болсо кол коюлган кагаздарды текшертүү максатында ким койгонун тактай турган, даана аныктай турган эксперттердин корутундусу чоюлуп кеткендиктен узартып келчүбүз.

2018-жылдын 26-январында Бишкекти жылуулук менен камсыз кылып туруучу ири ишкана – ЖЭБде авария болгон. Бир нече күн бою кыш чилдеде шаар тургундарынын көбү электр жарыгысыз жана жылуулуксуз калган. Бул окуядан кийин ишкананы модернизациялоого Кытай бөлгөн 386 миллион доллар насыянын максаттуу пайдаланылышы суроо жаратып, төрт кылмыш иши козголгон. Жалпысынан 14 адамга айып коюлган, алардын 11и камакта. Жетөөнүн соту Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Насыяны Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкынан» үстүнө 106 миллион доллар кошуп төлөө шарты менен алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG