Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду 5-январга чейин камакта калтырды


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн 2019-жылдын 5-январына чейин узартуу тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу Исаков мүчө болгон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы билдирди.

Райондук соттун чечими 1-декабрда чыккан. Буга макул болбогон Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Исаковду камакта кармоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчтү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүлөрү берген. Муну алар Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча курулуш-техникалык экспертиза даяр эмес болуп жатканы менен негиздешкен.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келүүдө.

Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган. (ErN)

XS
SM
MD
LG