Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:02

Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтү 5-январга чейин узартылды


Сапар Исаков
Сапар Исаков

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн 2019-жылдын 5-январына чейин узартты. Бул тууралуу анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Исаковдун камакта кармоо мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүчтү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү берген. Муну Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча курулуш-техникалык экспертиза даяр эместиги менен негиздешкен.

Буга чейин Исаковдун мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. Ал өзү бул иште "саясий боёк" бар экенин айтып келүүдө.

Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган. (SЕ)

XS
SM
MD
LG