Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 16:00

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жумушчу тобу Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин канааттандырарлык эмес деп тапты.

Бул жумушчу топ быйыл жыл башында паспорттордун мыйзамсыз берилиши, жасалма паспорттор, коррупция жана дагы башка мыйзам бузууларды текшерүү үчүн түзүлгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын иштен убактылуу четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашев болсо кемчиликтер менен катар эле жетишкендиктерди да эске алуу керек деп эсептейт.

Паракорчулукка каршы күрөштүн жолу

Бир жыл мурун Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги жетекчиси Тайырбек Сарпашевдин буйругу менен алгач Бишкек, Ош шаарларында, андан кийин бүтүндөй Ош облусу боюнча той-топур өтө турган жайларда нике күбөлүгүн салтанаттуу тапшырганы үчүн акы алган жаңы пилоттук долбоор башталган.

Буйрукка ылайык, мындай кызмат көрсөтүү Мамкаттоонун алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына берилген жана баасы 5423 сом деп бааланган. Түшкөн кирешенин теңин аталган ишкана, калган жарымын Мамлекеттик каттоо кызматы алары көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин Мамкаттоо системасындагы мыйзам бузууларды иликтөө үчүн түзүлгөн жумушчу тобунун корутундусу боюнча комментарий берген Тайырбек Сарпашев аны коррупцияны тыюу аракети деп түшүндүрдү:

Тайырбек Сарпашев

Тайырбек Сарпашев

- Мен жаңы жумушка келгенде Жарандык актыларды каттоо мекемелеринин баарын кыдырып чыктым. Никени барып салтанаттуу каттаган кызмат бар экен, акысы 2,5 миң сом турат экен. Бирок ЗАГСтын кызматкерлери аларга келгендерди келип катталды деген жерге гана кол койдуруп, 200 сом алып, кечинде тойго барып салтанаттуу катталды деп той ээлеринен 100 доллар алып өз чөнтөгүнө салып кетчү. Бул коррупция аябай тамырлашып кетиптир. Кечинде тойго ЗАГСтын кайсы кызматкери барат деп талаш чыкчу экен. ЗАГСтын чоңунун тууганы гана барчу экен. Мамлекетке 2,5 миң сом түшпөй эле кызматкерлер 200 сомдук кызматты гана жазып коюп, өздөрү барып салтанаттуу түрдө каттай беришчү экен. Биз күбөлүктү тапшырууну гана салтанаттуу кылып койдук. Мыйзамды бузган жокпуз. Бир жыл ичинде 800 жолу ушундай кызмат көрсөтүлдү жана 4 миллион сом таза киреше түштү.

Мындай "ноу-хау" башка эч жакта болбосо керек. Никени мамлекеттик кызмат каттаса, анан нике күбөлүгүн башка ишкана тапшырса, ал үчүн акы 25 эсе көбөйсө, бул кайсы жагынан караба туура эмес.

Сарпашевдин бул жүйөсү комитет мүчөлөрүн ынандырган жок. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова коррупция менен күрөштүн мындай жолун сынга алды:

- Коррупция менен күрөшүүнүн ушундай жолу бар дегенди биринчи жолу угуп жатам. Анда келгиле, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баарынын акысын эки эсе көтөрүп салалы. Ушундай кылса коррупция болбой калат деген негизи кызыктай түшүндүрмө. Эми пара алгандар менен антип күрөшпөш керек да. Эгер силерде ошондой фактылар болсо, анда кызматкерлерге бир-эки эле катуу дисциплинардык чара көрүлсө эле бул көрүнүш токтомок. Силер мыйзамсыз ыкма тандап алгансыңар. Мындай "ноу-хау" башка эч жакта болбосо керек. Никени мамлекеттик кызмат каттаса, анан нике күбөлүгүн башка ишкана тапшырса, ал үчүн акы 25 эсе көбөйсө, бул кайсы жагынан караба туура эмес.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Дастан Догоев нике күбөлүгүн той-топурда салтанат менен тапшырууну мамлекеттик кызмат көрсөтүү эмес деп далилдегенге аракет кылды:

- Бул мамлекеттик кызмат эмес. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тууралуу мыйзамда эмне мамлекеттик кызмат болуп саналат деген критерийлер көрсөтүлгөн. Бул өз эрки менен акы төлөнө турган кызмат болуп эсептелет. Никени жерине барып каттоо эмес, бул нике күбөлүгүн салтанаттуу түрдө тапшыруу болуп жатат.

Чыгымы тышкы карызга тете тойлор

Изилдөөчүлөрдүн баамында, Кыргызстанда бир жыл ичинде 500 миңден ашуун үй-бүлө чоң-кичи маараке өткөрөт. Ага жумшалган акча өлкөнүн тышкы карызына тете деген божомолдор бар.

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жумушчу тобунун жетекчиси, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Искендер Матраимов бул ыкманы элден кошумча акча жыйноо аракети катары айыптады:

- Силер муну мамлекеттик кызмат дебей жатасыңар. Ал акчаны эмне кылдыңар? Силер жеке менчик ишкана эмессиңер. Акча алганга акыңар жок. Экинчиден, мындай кызмат көрсөтүүнүн баасын көбөйтүү зарыл беле? Биз элге бергендин ордуна кайра элден алып жатабыз. Той кылса барып алып жатабыз, дыйкан түшүмүн жыйнаса андан барып алып жатабыз. Дагы кошумча акча алуу ыкмаларын киргизүүнүн зарылдыгы бар беле деген суроо туулуп жатат.

Жумушчу топтун маалыматында Мамкаттоо бул кызмат боюнча Монополияга каршы агенттик менен макулдашкан эмес, агенттик пилоттук долбоор мыйзамдарга каршы келери тууралуу үч жолу кат жөнөткөн деп айтылган.

Монополияга каршы агенттиктиктин жетекчисинин орун басары Кеңешбай Тайлаков мындай түшүндүрмө берди:

- Акы төлөп кызмат көрсөтүү боюнча өкмөттүн 85-токтому бар. Ал жерде кайсы органдар акы төлөнө турган же төлөнбөй турган кызматтарды көрсөтө алат деген тизме бар. Ошол жерде никени барып каттаган кызматтын акысы 2,5 миң сом деп белгилеп бергенбиз. Булар бизге нике күбөлүгүн салтанаттуу тапшырууда акы алуу тууралуу кайрылганда биз өкмөттүн 85-токтомуна ылайык иш алып баргыла деген чечимибизди бергенбиз. Быйылкы Мамкаттоону пландуу текшерүү июнь айына белгиленген. Ошондо ушундай жагдайлар чыкса, мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөт.

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бул кызматты текшерип, укуктук баа берүүнү Башкы прокуратура менен Эсеп палатасына да тапшырды.

Баш прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов Мамлекеттик каттоо кызматынын мыйзам бузган кызматкерлеринин жазасыз калып жаткан айрым жагдайларын белгиледи:

- Бул маалымат бизде буга чейин болгон эмес. Биз текшерип чыгалы. Негизи бардык нерселер укуктук-ченемдик актылардын негизинде кабыл алынышы зарыл. Булар азыр мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн реестерине кирбейбиз деп жатышат. Бул да туура. Бирок бардык нерсе ушул жерде жатат. Реестрге кирбегенден кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын көп кызматкерлери жазасыз калууда. Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси, кызматтык кылмыш менен жоопко тартылбай, 221-берене аягында документтерди жасалмалоо менен өтүп кетип жаткан учурлар абдан көп. Ошол эле учурда кызматын улантып жаткан кызматкерлер да бар. Буга сөзсүз түрдө баа беребиз. Бүгүнкү күндө өкмөт кээ бир кызмат көрсөткөн мекемелерди реестрге киргизип жатат. Мамлекеттик каттоо кызматы калк менен эң жакын иштеген мекеме. Ошондуктан бул мекеме реестрге сөзсүз кириши керек.

Коррупцияга каршы күрөш кагазда калдыбы?

Жогорку Кеңеш депутаттарынан турган жумушчу топ Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупцияга каршы чаралардын аткарылышын да иликтеп чыккан. Бул топтун жетекчиси, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Искендер Матраимовдун маалымдашынча, Коопсуздук кеңеши коррупцияны жоюу боюнча берген пландын басымдуу бөлүгү ишке ашты деп отчет тапшырылганы менен, анын жарымынан көбү кагазда калганы аныкталган:

- Текшерүүдө коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу аткарылган иш-чаралар тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганы аныкталды. Отчеттор маалыматты жашыруу, бурмалоо менен берилген. Мисалы, программанын 75,3 пайызы аткарылды деп жазылганы менен, чынында 36 пайызы гана аткарылган. Жарым-жартылай аткарылды деген 21 пайыз иштин 15,8и гана аткарылган. Аткарылбай калган иштер үч пайыз деп көрсөтүшкөн, чынында бул 45,8 пайызын түзгөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын соңку коллегиясында коррупцияга каршы күрөш маселелери талкууланган эмес, мекеменин алдындагы тиешелүү бөлүмдөр да бул багытта отчет беришкен эмес.

Матраимов Мамкаттоо мамлекеттин коррупцияга каршы күрөш саясатынын алкагында өзү ички программа кабыл албаганын кошумчалады.

Мамкаттоодогу коррупция боюнча прокуратура органдары 2016-жылы 41 кылмыш иш козгогон.

Жасалма паспорттор жагдайы

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүү, жасалма паспортторго байланыштуу 228 кылмыш иш козголгон. Анын негизинде сотко 125 иш жөнөтүлгөн. 50 иш боюнча тергөө уланып жатат. Калган иштер айыпталуучунун кайда экенин аныктоо мүмкүн болбогондуктан жана кылмыш жообуна тарта турган адамдар аныкталган жок деген жүйө менен токтотулган.

Баш прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов Мамлекеттик каттоо кызматында мыйзамсыз иш-аракеттерди тыюу аракетинен натыйжа чыкпай жатканына токтолду:

- Мамлекеттик каттоо системасында мыйзам бузуу, кылмыш жасоо дагы токтобой, кайталанып келе жатат. 2015-жылы 90, ал эми 2016-жылы 96 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Быйылкы жылдын биринчи кварталында мындай жоопкерчиликке 35 кызматкер тартылды. 2015-жылы Мамкаттоонун 15, 2016-жылы 33, ал эми быйылкы жылдын биринчи кварталында төрт кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылды. Мамкаттоону көзөмөлдөө системалуу жумуш. Буга чейин болуп келген жана бүгүнкү күндө уланууда.

"Казандын сырты көө..."

Мамкаттоо жасалма паспорт, паспортторду мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш иш козголгон кызматкерлери негизинен жазасыз калаары, эркинен ажыратылбай айып пул төлөө менен чектелери маалым болду. Мисалы, былтыр Жалал-Абад шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери боюнча бөлүмдүн ошол кездеги жетекчиси Өзбекстандын жаранына кыргыз паспортун бергени жана башка бирөөнүн сүрөтүн чаптап паспорт жасаганы боюнча кылмыш иши козголгон. Шаардык сот аны күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратылсын деген өкүм чыгарган. Бирок иш соттун жогорку инстанциясына жеткенде эркинен ажыратуу тууралуу өкүм өзгөргөн жана 400 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирген.

Жогорку Кеңештин депуттарынан турган жумушчу топ мындан сырткары кадр маселелеринде, жарандардын кайрылуулары менен иштөөдө, айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө жана унаа каражаттарын каттоодо, тендер боюнча бир катар алешемдиктерди аныктап чыккан.

Паспорт мафиясын ким калкалайт?

Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?

Жумушчу топтун корутундусунда ошондой эле Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган 50дөн ашык кыргыз жаранына алардын аты-жөнүн корейче өзгөртүп, жасалма документтерди берүү фактысы белгиленген. Андан сырткары былтыр Түркиянын Стамбул шаарында аэропорттон уйгур тектүү 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалышы өңдүү фактылар көрсөтүлгөн. Бул факт боюнча былтыр август айында Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон жана аны тергөөнү УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнө жөнөткөн. Бирок бир айга жетпей эле кылмыш жоопкерчилигине тарта турган адамдар аныкталган жок деген негизде ишти тергөө токтотулган. Депутаттар бул фактыны териштирүү керек деп эсептешет.

11-апрелде парламент комитетинин жумушчу тобунун корутундусу каралып жатканда бул мекеменин иштен убактылуу четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашев айрым бир кемчиликтер кеткенин моюнуна алды, бирок ошол эле кезде жетишкендиктерди эске алууга чакырды:

- Албетте отто турган казандын арты кара, көө болот. Бирок бул жерде ак чыны-чайнекти дагы жазуу керек эле. Жасалма паспорттор боюнча бизге тиешелүүсүнө биз жооп беребиз. Ал эми башка жерден жасалган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп жатат ,алар боюнча укук коргоо органдары менен мындан ары да иштешебиз. Мамлекеттик каттоо системасында соңку эки жылда жасалма паспортторду берүүнү азайтуу максатында 18 автоматташтырылган система кирди. Силер казандын арты кара экен деп, ошону эле жаза бергенсиңер, жетишкендиктерди деле айта кетсеңер, мүмкүн бир катар маселелер болмок эмес.

Башкы прокуратура быйыл февраль айында премьер-министрге Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу тууралуу сунуштама жөнөткөн. Мыйзам боюнча өкмөт башчы бир ай ичинде чечим чыгарышы керек эле. Вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков Сарпашев боюнча түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын иши дагы бир ай узартылганын, ошондон кийин гана чечим кабыл алынарын билдирди:

- Берилген сунуштама боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Бул жерге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы, Юстиция министрлиги жана башка тиешелүү бардык органдар кирген. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жаткандыктан ошолор аягына чыксын деп биз бул комиссиянын ишин экинчи ирет узаттык.

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы, "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев Башкы прокуратурадан келген сунуштаманын премьер-министрдин буйругу менен узартуунун мыйзамдуулугунан күмөн санады:

- Башкы прокуратурадан келген сунуштама же аткарылат, же кызмат абалы өйдө турган адамга муну жокко чыгаруу боюнча, кайсы бир себептер менен аткарбай турганы тууралуу арыз менен кайрылат. Менин юридикалык тажрыйбамда премьер-министр баш прокурордун орун басарынын сунуштамасын узартып койгонун биринчи жолу угуп жатам. Башкы прокуратура бул маселени да такташы керек. Бул жерде маселе Сарпашев мырзада эмес, маселе мыйзамда. Бул дагы сиздердин институтуңарга ишеним жарата турган маселе.

Өткөн айдын этегинде Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу иштен четтетилген жетекчиси Тайырбек Сарпашевге кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен иш козгогон болчу.

Ал 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү даярдоого керектелген бланктарды сатып алуу боюнча тендерге байланыштуу "мыйзамсыз протоколдук тапшырма берген" деп айыпталып жатат. Сарпашев өзүнүн күнөөсү жоктугун айтууда.

Буга чейин Кыргызстанда 2012-2013-жылдары төрөлгөн 40 миңдей баланын күбөлүгү жараксыз экени аныкталган. Документте “туулгандыгы тууралуу күбөлүк” деген жазуунун алдында майда тамгалар менен "нике күбөлүгү" деп ката жазылып калган.

Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматынан ушул жылдын февраль айында убактылуу четтетилген. Буга мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык Бишкек шаарындагы бир гектар жердин сатылып кетиши боюнча козголгон кылмыш иши негиз болгон. Сарпашев бул иште дагы анын күнөөсү жоктугун айтып келет. Жердин сатылышын мекемелер аралык комиссия да иликтеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook Forum

XS
SM
MD
LG