Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:55

Коомчулукта июнь каргашасынан кийинки этникалык кырдаалды жакшыртууга багытталган эл аралык жардам беймаани сарпталып, натыйжасыз колдонулууда деген пикирлер үстөмдүк кылууда.

Алардын бири катары БУУнун тынчтыкты орнотуу корунан бөлүнгөн 7 миллион доллар кандайча сарпталгандыгы боюнча күмөн саноолор күч. Аталган каражат БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аркылуу өздөштүрүлгөн.

Президенттик аппараттын этникалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карабаева каражатты өздөштүрүү боюнча тышкы аудит жана эл аралык байкоочулар миссиясы оң баасын бергенин белгиледи.

Бүдөмүк жагдайлар айтылды

2010-жылы июнда өлкөнүн Ош жана Жалал-Абад аймагындагы этникалык кагылышуунун кесепеттерин жоюу жана жарашууга өбөлгө түзүү үчүн кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен Бириккен Улуттар уюмунун тынчтыкты орнотуу кору 3 миллион доллар бөлгөн. Аталган гранттык жардамдын 4 миллион доллар өлчөмүндөгү экинчи траншы 2011-жылы берилген. Бул каржылык жардам
этникалык кырдаалды жөнгө салууга багытталган.

“Эркин Эл” жаштар кыймылынын төрагасы Мавлян Аскарбеков аталган каражат кандайча сарпталгандыгы коомчулукка белгисиз экенин айтып чыкты:

- Мына ошол каражат кандай максаттарга жана кайда жумшалып жатканын эч ким билбейт. Болбогон бир чыгымдарды айтышып, мына ошол багыттарга ошончо миллиондогон акча жумшалды дегенге мен ишенбейм. Мына ошол каражаттар этникалык кагылышуунун кесепеттерин жоюу, өз ара ынтымакты бекемдей турган конкреттүү долбоорлорго жумшалышы зарыл эле. Бирок аз эле чыгымды талап кылган майда-барат иш-чараларды уюштура коюшуп, олчойгон акча кетти деп отчет бергенди биздин бийликтегилер гана эмес, ошол эле эл аралык уюмдардын бул жактагы өкүлдөрү да өнөкөткө айландырып алышты.

16-июнь, 2010-жыл, Ош, Шарк району

16-июнь, 2010-жыл, Ош, Шарк району

Этникалык маселелер боюнча эксперттер жараштыруу миссиясын аткаруудагы жана коогалаңдын кесепеттерин жоюудагы натыйжалуу жана ийкемдүү механизмдердин иштелип чыкпагандыгын мисал келтиришет.

Коогалаңдан кийин элдин ынтымагы жана достугу деген курулай ураандардын алдында уюштурулган ар-кандай иш-чараларды өткөрүүгө көбүрөөк басым жасалгандыгы белгиленүүдө. Мына ушуга окшогон долбоорлорду каржылоого миллиондордун сарпталышы этникалык кырдаалдын жакшырышына өбөлгө боло албайт дешет серепчилер.

Адис-конфликтолог Санжар Тажиматов кырдаалды турукташтырууга өтө көп каражат жумшалганы менен анын натыйжасы көрүнбөй жатканына токтолду:

- Мына ошол июнь окуясынан кийин кырдаалды жөнгө салуу үчүн негизги үч маселеге өзгөчө көңүл бурулушу керек эле. Булар: гуманитардык жардам көрсөтүү, каршылашкан тараптарды йиге келтирип, алардын ортосундагы мамилени жөнгөрүү жана окуянын себептерин объективдүү иликтөө. Менимче мына ошол үч маселе тең үстүртөдөн жымсалданып жасалды. Эл аралык каржылык жардам мына ошол милдеттерди терең карап, чечүүгө жумшалыш керек болчу. Гуманитардык жардам көрсөтүлгөнү менен аны дарегине жеткирүү боюнча да маселе көп болду. Жараштырууга өбөлгө боло турган конкреттүү чаралар көрүлүп, өз ара түшүнбөстүктөргө негиз болгон тоскоолдуктарды алып салууга жол салынган жок. Мына ошондуктан азыркы орногон тынчтык пассивдүү латенттик фазага өтүп кетти. Бул маселе жөнгө салынды дегенди билдирбейт.

"Доомат жок"

Тынчтыкты орнотуу корунан бөлүнгөн алгачкы 3 миллион доллар этникалык кагылышууда үй-жайы өрттөнгөн жарандардын документтерин калыбына келтирүү, укуктук жана психологиялык жардам берүү сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууга жумшалган. Мындан сырткары каражаттын кайсы бир бөлүгү Кара-Суу районундагы 44 чакырымдык Увам суу каналын калыбына келтирүү үчүн чыгымдалган.

Ошондой эле аялдардын жана жаштардын тынчтыкты сактоого өбөлгө түзүүчү тармактарын түзүү боюнча долбоорлор каржыланып, чакан ишкердикти колдоо боюнча аракеттер көрүлгөндүгү белгиленген. Жалпысынан этникалык кырдаалды жөнгө салууга өбөлгө боло турган 65 долбоор иштеп, дагы 25 долбоор жакын арада ишке кирише тургандыгы жазылган.

Бул боюнча БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн сайтында жалпылама гана маалыматтар келтирилген.

Президенттик аппараттын этникалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карабаева чыгымдалган каражаттын туура өздөштүрүлгөндүгү боюнча тышкы аудит жана байкоочулар миссиясы оң баасын бергенин белгиледи:

- Алар айрыкча чыр-чактан кийинки кырдаалда берилген ар бир тыйынга тыкыр көз салып, көзөмөлдөп турушат. Мен былтыр тынчтыкты куруу корунун байкоочулар кеңешинин жыйынына катышып, буга ынандым. Биз менен бир учурда гранттык жардам алган Гаити сыяктуу өлкөлөр менен биздеги абалды салыштырганда бизге бөлүнгөн каражаттар абдан натыйжалуу пайдаланылганын айтышты. Анткени мына ошол коогадан кийин бир да үй-бүлө кышында кароосуз калган жок. Бул өтө маани бере турган чен-өлчөм. Бир нече жолу эл аралык аудиторлор жана байкоочулар миссиясы келип текшеришип, каражаттын туура өздөштүрүлгөнүнө күбө болушуп, өз баасын беришкен.

Аталган гранттык жардамдын экинчи траншы 2011-жылы келип түшкөн.
Ал улуттар ортосундагы ынтымакты чыңдоо жана этникалык негиздеги чыр-чатактарды алдын алуу сыяктуу долбоорлорду каржылоого багытталган.
Аз эле чыгымды талап кылган майда-барат иш-чараларды уюштура коюшуп, олчойгон акча кетти деп отчет бергенди эл аралык уюмдардын бул жактагы өкүлдөрү өнөкөткө айландырып алышты.

Тынчтыкты орнотуу корунан каралган каражат Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн эсебине түшүп, гранттык кеңештин чечими менен уткан долбоорлорду каржылоого жумшалат.

Долбоорлор жергиликтүү коомдоштуктар жана Кыргызстан элдер ассамблеясы тарабынан сунушталгандыгы белгиленди. Бирок Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов мындай долбоорлор туурасында кабары жок экендигин билдирди:

- Мына ошонун бардыгын этникалык саясат боюнча президенттик аппараттын бөлүмү координация кылып жатса керек. Биздин ага түздөн-түз тиешебиз жок. Мына ошол долбоорлор же аларды каржылоо боюнча анча-мынча жашырып жатышкандай го. Бул боюнча менин толук кабарым жок экен.

Президенттик аппараттын этникалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карабаева аталган гранттык жардамдын алкагында аткарылган долбоорлор жана алардын натыйжасы боюнча кошумча баяндама жакын арада жарыялана тургандыгын кошумчалады. Аталган гранттык жардам этникалык саясат боюнча концепцияны иштеп чыгуу жана анын шарттарын ишке ашырууга багытталган.
XS
SM
MD
LG