Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Депутаттын "саясатташкан" саламаттыгы


Акматбек Келдибековдун жактоочулары өткөргөн акция. 2-декабрь, 2013-жыл.
Акматбек Келдибековдун жактоочулары өткөргөн акция. 2-декабрь, 2013-жыл.

Коррупциялык иштерге аралашкан деген шек менен кармалган депутат Акматбек Келдибеков ооруканада жатканына карабай тергөөчүлөр ага айып тагууга далалат жасашып жатканын адвоткаты айтып чыкты.

Акматбек Келдибековдун адвокаты №4 шаардык ооруканада дарыланып жаткан депутатты азырынча суракка алуу, тергөө иштерин жүргүзүү мүмкүн эместигин айтып чыкты. Келдибековго бир нече ирет операция жасаган академик Сабыр Жумабеков учурда ага дагы бир операция жасаларын айтууда:

- Буга чейин Келдибековдун тизесине бир жолу, чыканагына эки жолу операция жасаганбыз. Тизесине жасалган операциядан кийин ал бир топ убакыт калыбына келүү убактысында жүрүш керек эле. Ага болбой эле башка ооруканага которуп салышты, ал жерден жарат кайра ырбап, тизеси үч-төрт эсе шишип кетиптир. Эми дагы операция жасайбыз. Биз өз милдетибизди аткарып жатабыз.

Келдибековго бардык операцияларды академик Жумабеков өзү жасап жатат. Биз коррупция боюнча шектелип жаткан депутаттын өзүнө да жолугууга аракет кылып көрдүк, бирок аны кайтарып жаткан коопсуздук кызматы палатага киргизген жок. Врачтар болсо депутат күнү-түнү кайтарууда экенин айтышты:

- УКМКданбы билбейбиз, айтор күзөтчүлөр сөзсүз болот. Күндүз бирөө кайтарат, кечинде дагы экөө келет. Камераларды орнотуп койгон.

Айыпталуучунун адвокаты Татьяна Чильникина 8-майда маалымат жыйынын өткөрүп, Келдибековдун ишин тергөөдө мыйзам бузулуп жатканын, айыпталуучу ооруканада жатканына карабай тергөөчүлөр айыбын угузууга шашып жатышканын айыптады:

- Менин коргоп жаткан адамды азыр суракка алууга болбойт. Ал дарыланып, кийинки операцияга кам көрүш керек. Башкы прокуратура оорукананы тергөөчү жайга айландырбай, Келдибековдун дарылануусуна жолтоо болбошу абзел.

Анткен менен Баш прокурор Аида Салянова өткөн айда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Келдибеков ар кандай шылтоо менен иштин сотко өтүшүн создуктуруп жатканын айткан эле. Анын айтымында, Келдибеков тергөөнүн жыйынтыгына кол коюудан качып жатат:

- Тергөө бүткөн. Айыбын уккандан кийин сотко өтүш керек. Ар кандай себептер менен, анын ичинде ден соолугу, айтор Келдибеков токтомго кол коюудан баш тартып келатат. Күнөөсү жок болсо соттон акталат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттеги оппозициялык "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков мамлекеттин миллиондогон акчасын жөнсүз короткон деген айып менен өткөн жылдын күзүндө камакка алынган. Ал өзү жана оппозиция өкүлдөрү муну саясий көз карашынан улам деп билдирип келишет. Бирок өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам миллиондогон байлыгын таза жол менен чогултканынан күмөн санагандар да четтен чыгат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG