Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Бажы биримдиги: өкмөт кошумча убакыт сурайт


Бажы биримдигине кирүүгө каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014.
Бажы биримдигине кирүүгө каршы акциядан. Бишкек, 5-май, 2014.

Өкмөт Бажы биримдигине кошулуу боюнча жол картасын кабыл алганы калды. Бирок өткөөл мезгил үчүн бир жыл убакыт сураганы жатат.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча айрым жагдайларды ачыкка чыгарды. Анын айтымында, өкмөт биримдикке кошулуу боюнча жол картасын кийинки аптада кабыл алганы жатат.

Өкмөт өткөөл мөөнөткө убакыт берүүнү өтүнөт

Премьер-министрдин айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча жол картасы дээрлик даярдалып бүтүп калды. Аны кийинки аптада кыргыз өкмөтү талкуулап, бекитүүнү мерчемдөөдө. Өкмөт бекиткенден кийин жол картаны Бажы биримдигинин негиздөөчүлөрү кабыл алууга тийиш.

Бирок өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жол карта кабыл алынса эле Кыргызстан Бажы биримдигине дароо кошулду дегенди билдирбей турганын эскертти. Алгач өлкөдөгү бир нече мыйзамды биримдиктин эрежелерине ылайыкташтыруу зарыл:

- Жол карта - бул абдан чоң документ. Анын алкагында Кыргызстан жүзгө жакын жаңы мыйзам кабыл алышы зарыл. Ошондуктан Бажы биримдигине кириш үчүн дагы бир жыл керек. Бул убакытты биз “өткөөл мезгил” деп атап жатабыз. Бул “Дордой” сыякту базарлардагы ишкерлер үчүн кыйла жеңилдик болот. Эгер биз жол картаны бекитсек, Бажы биримдигинин негиздөөчүлөрү аны кабыл алса, анда бир жыл ичинде өткөөл мезгил катары бизге берүүнү өтүнөбүз.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, Кыргызстандын мындай сунушуна Орусия баштаган Бажы биримдигинин айрым мүчөлөрү алдын-ала макулдук берүүдө. Ал тургай Орусия менен биримдикке кирүүдөгү жеңилдиктер боюнча келишим даярдалып жатат. Келишимдин мазмуну тууралуу жакын аралыкта коомчулукка маалымат берилет.

Ошол эле учурда өкмөт жол картаны кабыл алуу боюнча жараянды тезирээк бүтүрүп, май айынын аягындагы Евразия экономикалык шериктештигинин саммитинде Кыргызстан саясий чечимди жарыялоону көздөөдө:

- Жол картаны биз кабыл алган соң, Евразия экономикалык комиссиясы талкуулайт. Андан соң биз Жогорку Кеңешке алып барып, макулдугун алышыбыз керек. Бирок биз бул жараянды майдын аягындагы Евразия экономикалык шериктештигинин саммитине чейин бүткөрүүнү көздөп жатабыз. Бирок биз демократиялык өлкө катары коомчулуктун пикирин угуп, талкуулайбыз.


Тездетилген жараян


Анткен менен айрым эксперттер Бажы биримдигине мүчө өлкөлөр кыргыз өкмөтүнүн өткөөл мөөнөт суроо боюнча өтүнүчүн орундатаарынан күмөн саноодо. Маселен, экономист Азамат Аттокуров Орусия геосаясий максаттан улам Кыргызстанды өз кучагына алууга аракет кылганы менен Казакстан жана Беларус мындай сунушка макул болоору арсар деген ойдо:

- Биз башынан эле мындай жеңилдиктерди сурап келе жатабыз. Башында буга макулбуз деп билдиргени менен Казакстан, Беларус акыркы учурда каршылыгын ачык эле айтып жатат. Орусия болсо бизди геосаясий максаттан улам колдошу мүмкүн. Анткени Украинадагы окуялардан соң алар экономикалык эмес, саясий максатты көздөп калды.

Чындыгында эле буга чейин Бажы биримдигин айрым мүчөлөрү жол картасындагы Кыргызстандын талаптарын кабыл албай турганын айтып чыккан. Маселен, Казакстандын биринчи-вице-премьери Бакытжан Сагынтаев Кыргызстандын талаптары Бажы биримдиги эмес, андан соңку баскычтагы Евразия экономикалык союзунда каралышы керектигин билдирген болчу.

Ошентсе да кыргыз бийликтери акыркы учурда Бажы биримдигине кошулуу боюнча жараянды тездетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. ЖККУнун бейформал саммитине катышуу үчүн Москвага кеткен президент Алмазбек Атамбаев 8-майда орус президенти Владимир Путин менен жолугуп, Бажы биримдигине кирүү боюнча сүйлөшөөрү расмий кабарланды.

Ошол эле учурда кыргыз коомчулугунда бул биримдикке кирүүгө каршылар да күн санап көбөйүүдө. 5-майда Бишкекте “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы, “Реформа”, “Демократиялык альянс” партиялары биргелешип акция да уюштурган. Өзгөчө интернеттеги социалдык тармактарда аталган кыймылды колдогондордун катары улам калыңдап баратканы байкалат.
Тасмада: Бажы биримдигине кирүүгө каршы акция, Бишкек, 5-май
Бажы биримдигине каршы акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG