Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Бажы биримдигине каршылардын катары калыңдоодо


Бажы биримдигине каршы кыймылдын кайрылуусунда бул уюмга каршы болгон Украинадагы кырдаал да эске салынган. (Сүрөттө: Украинанын Бажы биримдигине кошулуусуна каршы митинг. Днепропетровск, 5-апрель, 2013.)
Бажы биримдигине каршы кыймылдын кайрылуусунда бул уюмга каршы болгон Украинадагы кырдаал да эске салынган. (Сүрөттө: Украинанын Бажы биримдигине кошулуусуна каршы митинг. Днепропетровск, 5-апрель, 2013.)

Интернет колдонуучулардын арасында катары улам калыңдап бараткан “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” коомдук кыймылы кыргыз өкмөтүн олуттуу маселеде ойлонуп чечим кабыл алууга чакырды.

Аталган кыймыл өткөн жуманын соңунда жарыялаган кайрылуусунда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү чечими алды-артын ойлонбой чыгарылган, шашылыш кабыл алынган чечим катары бааланып, бул уюмга кошулууга каршылык билдирилген.

Жол картасына "жашыруун сыр" катылганбы?

Коомдук кыймыл Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарттары жана бул боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ачык-айкын болбой жатканын да сынга алган. Маселен, “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылынын мүчөлөрүнүн бири Аида Алымбаева Кыргызстандын жол картасынын долбоору жашыруун документ катары гриф коюлуп, ачык жарыяланбай жатканына нааразы:

- Жол картасы деген документти экономика министри жетектеген жумушчу топ түзгөн экен. Бирок ал коомчулуктун талкуусунан өткөн эмес. Башында өкмөттөн бул боюнча талкуу өткөн дешти эле. Бирок биз документтин долбоорун окуп чыгуу үчүн суроо-талап жөнөтсөк, аны берүүдөн баш тартышты. Анткени бул документке "кызматтык пайдалануу үчүн" деген гриф коюлуптур. Негизи бул маселе коомчулукта ачык талкууга алыныш керек эле. Бирок аны жаап-жашырып, маалымат чыгарбай жатышат. Анткени бул документте экономикалык эле маселе эмес, кандайдыр бир саясий тобокелчиликтер да болуп калышы ыктымал.

Бажы биримдигине кирүү боюнча жумушчу топту жетектеген экономика министри Темир Сариев болсо мындай дооматты четке кагып, жол картасы кызыкдар тараптар менен бирге ачык-айкын талкууланып жатканын билдирди. Анын айтымында, эксперттик кооомчулуктун жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен Бажы биримдигине кирүүнүн жол картасы буга чейин тогуз жолу талкууланган. Министр анда жашыра турган маселе жок экенин айтып, Бажы биримдигине кирүүнүн шарттары Минскиде өтө турган саммитте да караларын, документ иштелип бүткөн соң, кол коюлганга чейин да бир топ талкуудан өтөөрүн белгиледи:

- Жол картасы учурда дагы деле иштелип жатат. Анда дагы бир 4-5 маселе боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Биз мына бүгүн Москвага учуп жатабыз. Анда дагы ошол жол картасындагы айрым маселелер сүйлөшүлөт. Документ иштелип бүткөн соң, сөзсүз түрдө парламенттин кароосунан өтөт. Анан коомдук талкууга коюлат. Буга чейин деле кызыкдар тараптар менен жол картасындагы шарттарды талкууга алганбыз. Анан эми кээ бир уюмдар ага катышпай калса жана бул туурасында маалыматы жок болсо, анда бул алардын маселеси. Анан бир нерсени толук түшүнбөй туруп эле кыйкыра бергендин кереги жок.


Кыргызстан эмнеге шашып жатат?


Темир Сариев буга чейин парламент жыйынында ага ишкерлер тобу кайрылып, Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин тездетүүнү талап кылганын билдирген болчу. Буга ал чек аранын жабыктыгынан кыргызстандык өндүрүшчүлөр товарларын сыртка чыгара албай жатканын мисал келтирген.

“Реформа” партиясынын өкүлү Мирсулжан Намазалиев болсо өкмөт Кыргызстанды Бажы биримдигине батыраак киргизүүгө далалат кылып жатат деп эсептейт:

- Бул жерде бир эле экономика министри Сариев эле эмес, өкмөт башчысы менен президент дагы Кыргызстанды “Чоң коңшуну” көздөй сүйрөп жатышкандай. Мында канадйдыр бир буйрук болгондой, биздин бийлик башчыларыбыз бир нерсени айта албай жаткандай элес калтырат. Эгерде бийлик азыр жол картасын коомчулукка ачык-айкын талкууга койсо, анда ал курч талкууланат. Көп маселелер ачыкка чыгып кетиши күтүлөт. Ошондуктан алар азыр болушунча жашыруун шартта документти кабыл алып салып, андан кийин эл нааразы боло тургандай болуп турат.

"Кыргызстан Бажы биримдигине каршы" коомдук кыймылынын кайрылуусунда Украина менен Орусиянын ортосундагы чырдан улам Кыргызстандын бийлиги эгемендикке байланыштуу бул олуттуу маселеде ойлонуп чечим кабыл алууга тийиш экени да эскертилген. "Украинага каршы Орусиянын баскынчылыгы мурдагы советтик өлкөлөрдү өздөрүнүн эркиндиги, мамлекеттүүлүгү тууралуу ойлондурушу керек. Кыргыз өлкөсүнүн Бажы биримдигине кошулуусу алды-артын ойлонбой чыгарылган, шашылыш кабыл алынып жаткан чечим катары баалайбыз", - деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле Украина менен Орусия ортосундагы чыр-чатактар чечилбей турган шартта Кыргызстан бул уюмга кирүү аракеттерин токтото турушу керектиги белгиленип, Жогорку Кеңешке экономика министри Темир Сариевге ишеним көрсөтпөө жарыялоо чакырыгы ташталган.

Ошол эле кезде бажы биримдигине кирүүнүн жактоочулары мындан саясий себеп издөөнүн кажети жок деген турумду карманышууда.

"Кыргызстан Бажы биримдигине каршы" кыймылы интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу табышкан санаалаштардын биримдиги катары 2013-жылдын декабрь айында түзүлгөн. Расмий каттоодон өткөн эмес. Кыймылды түзүүчү демилгечил топто 25 адам бар. Азыркы убакытка карай кыймылдын мүчөлөрү үч миңден ашканын "Азаттыкка" демилгечи топтун өкүлдөрү билдиришти.

Бул уюшма Фейсбук тармагындагы эң эле активдуү интернет форумдардын бири катары да таанылып калды.

XS
SM
MD
LG