Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Бажы биримдигине кирүүгө каршылык


Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе "Дордой" сыяктуу ири базарларда да соода солгундаары айтылууда.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе "Дордой" сыяктуу ири базарларда да соода солгундаары айтылууда.

“Реформа” саясий партиясынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө каршы акция өткөрүштү.

Акцияга чыккандар Кыргызстан биримдикке кошулса эгемендигин жоготуп, саясий эркиндиги чектелээрин жана өлкөдө орто жана чакан бизнес жабыркап, баалар 25-30% кымбаттаарын айтууда.

Бажы биримдигинен пайда жокпу?


22-январда Бишкекте өткөн “Эгемен Кыргызстан - Бажы биримдигине каршы” деген акция-көргөзмөнүн уюштуруучулары биримдикке киргенге чейинки жана андан кийинки абалды изилдеп чыккан. Ага ылайык, Кыргызстан бул биримдикке кошулса өлкөдө азык-түлүк жана чийки товарлардын баасы кыйла өсүшү мүмкүн.

“Реформа” партиясынын лидерлеринин бири Мирбек Асангариевдин белгилешинче, Бажы биримдиги орто жана чакан бизнеске терс таасирин тийгизип, ишкерлер экономикасы кубаттуу Орусия, Казакстанга атаандаш боло албай калат:

- Эл-журтка бир топ эле кыйын болот. Абдан көп товарлар кымбаттайт. Мисалы кийимдерге баа 25-30 пайызга өсөт экен. Мунун экономикага тийгизген таасири чоң, көп ишкерлер ишин мурдагыдай жүргүзө албай калат. Товарды сатып алуучу кардарларга да терс таасирин тийгизет. Мисалы тигүү тармагын алалы, алар өзүнө керек сырьёну Кытайдан алышат. Курулуш материалдары, фурнитуралардын баасы өскөндүктөн ошол эле терезе чыгарган ишканалар жана башкалар товарларын кымбаттатат. Биз Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн уюмга киргенге чейинки жана андан кийинки абалын карап салыштырып көрдүк.

Тасмада: Бажы биримдигине кирүүгө каршы акция



Бажы биримдигине кирген мамлекеттер - Казакстан, Орусия жана Беларуска салыштырмалуу Кыргызстан экспортко караганда, көбүрөөк импортко көз каранды өлкө. Акцияны уюштургандардын баамында, биримдикке кошулгандан кийин сырттан товарларды алып кирүүдө да көп чектөөлөр пайда болот. Анын айынан өлкөдө баалар 25-30 пайызга өсөт.

Мындан сырткары уюштуруучулар Бажы союзуна кирген өлкөлөр менен Кыргызстандын экономикалык, саясий системасында айырма чоң экенин белгилешүүдө.

Мирбек Асангариев уюмга кошулуу менен Кыргызстан эгемендигин жоготуп, саясий эркиндиги чектелет деп эсептейт:

- Беларус, Казакстанда авторитардык, жарым авторитардык режимдер. Ал жакта шайлоо институту деле Кыргызстандыкындай эмес. Адам укуктары, демократия, сөз эркиндиги жаатында да айырмачылык көп. Бажы биримдигинин аркасында бирдиктүү валюта киргизүү турат. Орусия биримдикти түзүүчү катары рублди киргизгенге аракет кылат. Экинчиден, Тышкы иштер министрлиги сыяктуу орган, анан жалпы парламент болот. Акырындап өзүбүздүн эгемендигибизди жогото баштайбыз.

Маселе мартта чечилет

Бажы биримдигине кирүү же кирбөө тууралуу маселе Кыргызстан үчүн саясий эмес, биринчи кезекте экономикалык жактан маанилүү экенин биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев IDEAS эл аралык уюмунун өкүлдөрү менен жолугушууда айткан болчу. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев да Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбосо биримдикке кирбей турганын айткан.

Талдоочулар бул ириде саясий чечим болуп жатканын айтышууда. Алардын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков:

- Биздин бийлик коркконунан, өздөрүнүн бийлигин кармап калуу аракети үчүн Кремлге жагынып жасап жаткан чечимдеринин бири. Экинчиден, кыргыз экономикасын бир топ кыйын абалга алып келет. Биздин ишкерлердин бардыгы Орусия менен Казакстандын ишкерлерине атаандаша албайт. Андыктан биздин ишкерлердин баары иштеринен ажырайт.

Кыргыз өкмөтү Бажы союзуна кошулуунун экономикага тийгизе турган оң таасири дагы болоорун айтып келет. Мисалы айыл чарба, тигүү тармагында утуш болорун белгилешүүдө.

Кыргызстан казак президенти Нурсултан Назарбаевдин “Бажы биримдигинде бекер момпосуй жок” деген сөзүнө карабай биримдикке кирүүдө финансылык жардам көрсөтүлүшүн, "Дордой", "Кара-Суу" жана "Мадина" базарларына жеңилдик берилишин көздөөдө. Мындан сырткары мигранттар боюнча, санитардык-ветеринардык лабораториялар боюнча маселени чечүү, аталган үч базардын уюмдун ыргагына кирүүсү үчүн 7 жылдык мөөнөт берүү да суралууда.

Экономика министринин мурдагы орун басары, президенттин кеңешчиси Олег Панкратов Бажы биримдигине кирүү боюнча келишимдин көпчүлүк пункттары макулдашылганын “Азаттыкка” белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын Бажы союзуна кошулуу боюнча “жол картасы” ушул жылдын март айына белгиленген Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин жыйынында кабыл алынышы мүмкүн.

- Базарларга байланыштуу Кыргызстандын сунушу түшүнүү менен кабыл алынып жатат. Андыктан бул базарлар 5-8 жылдай кескин өзгөрбөй иштей берет. Мүмкүн ишмердүүлүгү бир аз өзгөрүшү ыктымал. Ал эми “жол картасынын” долбоору бар, бирок айрым пункттары каралууда. Эгер сүйлөшүүлөр конструктивдүү жүрсө, “жол картасы” аталган кеңештин март айында боло турган жыйынында кабыл алынышы ыктымал. Айрым такталбаган маселелер Кыргызстан менен Орусия президенттеринин февраль айында, Сочи олимпиадасынын ачылышындагы бейформал жолугушуусунда сүйлөшүлөөрү күтүлүүдө.

2013-жылдын 24-декабрында Москвада Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жыйынында Кыргызстандын уюмга кирүү мөөнөтү жылдырылган болчу. Бажы биримдигине учурда Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. 2010-жылы түзүлгөн Бажы биримдигине Кыргызстан 2011-жылдан тарта эле кошулуу ниетин билдирип келет. Коомчулукта болсо уюмга кошулуу жаатында пикирлер бир беткей эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG