Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Рысалиев: Аскаровдун иши атайын создуктурулган жок


Азимжан Аскаров, 15-март 2011-жыл.
Азимжан Аскаров, 15-март 2011-жыл.

Бүгүн Жогорку Сотто июнь окуясы боюнча айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамдын соту уланат. Соттук жараяндын чоо-жайы тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” маек курду.

- Азимжан Аскаров баштаган айыпталуучулардын Жогорку Соттогу иши башталгандан бери бир жылга чукулдап калды. Бул соттук жараян эмне себептен мынчалык узакка созулууда?

- Өзүңүздөр билесиздер, акыркы соттук жараян 29-ноябрда өткөн. Соттолуучулардын жактоочуларына 17-ноябрда эле чакыруу кагазы жөнөтүлгөнүнө карабастан, алар белгисиз себептер менен соттук жараянга келбей койгонуна байланыштуу сот бүгүнкүгө жылдырылган.

Бул жолу соттолуучулардын жактоочуларына буйрутма чакыруу кагазын жөнөттүк. Алардан "алдык" деген жооптор келди. Буйруса, бүгүн бардык толук курамда өтөт деген ойдо турабыз.
Албетте ар бир өтүнүчтөр сот тарабынан эске алынат. Бирок сот мыйзам чегинде гана чечим чыгарат.

- Жабырлануучулардын көбү соттук жараяндын создугушуна сот күнөөлүү, бул жерде билинбеген себептер бар деп айтып жатышат. Анткени жаз айында берилген өтүнүчтөр күздө араң териштирилип бүтүптүр. Негизи бул дооматтар канчалык жөндүү?

- Айтылган сындардын баары негизсиз деп айтат элем. Себеби буга чейин “Азимжан Аскаров кармалып жаткан жай талапка жооп бербейт” деген өтүнүч жактоочусунан түшкөн. Жогорку Сот бул өтүнүчтү кабыл алып, Аскаровдун жактоочусунун жүйөлөрүнүн аныктыгы текшерүү боюнча тийиштүү мамлекеттик мекемелерге кат жолдогон.

Тийиштүү мекемелерден кат алдык. Кат алганга чейинки мөөнөт, соттун создугушуна себеп болду. Эч кандай атайын создурайын деген аракет жок. Баары мыйзам чегинде өтүп жатат.

- Сотко айыпталуучулардын жактоочуларынан да дооматтар бар. Маселен, адвокаттар билдирүү кагазын убагында албай калганбыз деп билдиришкен. Деги эле сот башталгандан бери ушундай кемчиликтер болгон беле?
Тийиштүү мекемелерден кат алдык. Кат алганга чейинки мөөнөт, соттун создугушуна себеп болду.

- Өзүңүздөр билесиздер, бул соттук жараян ачык өтүп жатат. Ага байкоо жүргүзөм деген өкмөттүк эмес, мамлекеттик уюмдар, эл аралык уюмдар жана массалык маалымат каражаттары да катыша алышат. Азыр почта кызматы союз кезиндегидей жакшы иштебейт. Ошондуктан бул жолу атайын буйрутма менен жөнөттүк.

- Беделдүү адамдар өлкө жетекчилигине кайрылып, Аскаровдун ишин адилет чечип берүүнү өтүнүп жатышат. Соттук жараянда бул өтүнүчтөр, алардын ойлору эске алынышы мүмкүнбү?

- Албетте ар бир өтүнүчтөр сот тарабынан эске алынат. Бирок сот мыйзам чегинде гана чечим чыгарат. Мыйзамдан четтеп кеткенге соттун да акысы жок. Өтүнүчтөр эске алынса да, бардыгы мыйзам чегинде чечилет деп ойлойм. Канчалык деңгээлде күнөөсү аныкталган, далилденген болсо, тийиштүү өз жазасын алат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG