Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58

Жогорку Сот өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону бүгүн улантып, бирок аны кароону кайра 20-декабрга жылдырды.

Иштин жылышына Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамдын айрымдарынын адвокаттарынын бүгүнкү жыйынга келбей калышы себеп болду.

Жогорку Сот бул жолу жабырлануучу тарап менен айыпталуучу тараптын арыздарын чогуу караары айтылган. Алардын бир тарабы өкүмдү күчүндө калтырууну, экинчи тарап жокко чыгарууну сурап жатышат. Азимжан Аскаров баштаган 8 айыпталуучуга байланышкан Базар-Коргон райондук соту өкүмүн былтыр 15-сентябрда чыгарган.

Жабырлануучулардын апелляциялык арызын облустук сот 10-ноябрда карап, өкүмдү күчүндө калтырган. Акыркы инстанция саналган Жогорку Сот тараптардын датын бир жылга жакын убакыттан бери кармап турат. Акыркы жолу отурум 12-апрелге белгиленип, бирок, айыпталуучулардын кайрылууларын текшерүү максатында деп, белгисиз мөөнөткө жылдырып койгон.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бакыт Рысалиевдин билдиргенине караганда, айыпталуучулар абак жайда алардын укуктары корголбой жатат, шарты начар деп кайрылышкан:

- Мамлекеттик кылмыш-жаза өтөө мекемелерине Жогорку Сот кат жолдогон. Аларды иликтеп-териштирүү максатында белгисиз мөөнөткө жылган. Азыр алардан жооп келди.

Анткен менен ушу тапта айыпталуучу тарап да, жабырлануучу тарап да кылмыш ишин создуктуруп жатат деп Жогорку Сотко нааразы. Маселен, Азимжан Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакунов Жогорку Сот бүгүн ишти дагы жылдырат деп болжоп турат. Мунун себебин Жалал-Абаддагы адвокаттарга бүгүнкү отурум тууралуу маалымат жетпегендиги менен түшүндүрдү:

- Соттордо ушундай коррупциялык система бар. Алар маалыматтарды заказ кат түрүндө жибериши керек. Булар жөнөкөй кат менен жиберишет, алган-албаганы белгисиз болуп калат. Бул жолу деле адвокаттар келбесе иш каралбаш керек.

Нурбек Токтакуновдун ынанымында, райондук сот акыйкат чечим чыгарган жок, анткени, ал жактап жаткан Азимжан Аскаровдун күнөөсү далилденбей калды. Ошого жараша Жогорку Сот кылмыш иши боюнча кандай чечим кабыл аларын билбей айласы кетип турат:

- Соттор кандай чечим чыгарарын билбей калышты. Көз карандысыз сот жок бизде, чиновниктер отурушат, үстүнөн бийлик эмне деп айтат деп. Элден да коркот, иши кылып эмне кыларын билбей атат өздөрү.

Жогорку Соттун ишти создуктуруп жатышынын себебин маркум Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова эл аралык уюмдардын, укук коргоочулардын басымы болуп жатышы мүмкүн деп болжойт. Сот актоочу чечимдерди чыгарса жабырлануучу тарап да кандайдыр бир аракеттерге барарын белгилеген Бечелова жергиликтүү соттун өкүмү күчүнө кирсе нааразылыктар чыкпайт деп билдирди:

- Эч качан жаңжал чыкпайт, эгерде күнөө жасаган адам жазасын алса. Базар-Коргондо 28 мин өзбек бар. Ошолор айтып атат, уюштургандар кылгылыкты кылып, биздин бетибизди көө кылып койду деп. Издөөдөгүлөр бар беш-алтоо. Ошолорду да тапсын, жазасын алсын. Биз да – жалпы өзбектер жаманатты боло бербейли деп атышат.

Июнь окуясына байланышкан соттук териштирүүлөр боюнча эл аралык коомчулук, укук коргоочулар ушу күнгө чейин өздөрүнүн санаркоолорун билдирип, Кыргызстан бийлигине өз сунуштарын берип келатышат. Акыркы жолу бул өңүт Хьюман Райтс Вотч уюмунун жаңы бийликке кайрылуусунда да бар. Санаркоолор дээрлик адвокаттардын коопсуздугунун кепилденбей жатышы, камактагы кыйноолор, соттордун күмөн жараткан чечимдери, июнь окуясы боюнча соттолгондордун басымдуу бөлүгүн өзбек улутундагылар түзүп жаткандыгы өңдүү фактылар менен байланыштырылып келатат.

Алардын катарында Мыктыбек Сулаймановдун өлүмү боюнча сот иши да калыс тергелген жок деген пикир кеңири тараган. Мындай көз карашты тутунган укук коргоочу Азиза Абдрасулова Жогорку Сот ишти кайра кароого жибериш керек деп эсептейт:

- Бул ишти кайра караш керек. Бирок, билбейм бир жылдан бери кармап отурушуп эми эрки жетеби ошого? Көз карандысыз жай караш керек. Базар-Коргон, Жалал-Абад эмес. Бишекеккеби, Чүйгөбү, Ысык-Көлбү же Нарынбы, башка көз карандысыз жакка алып барып караш керек. Таң калып атам, кандай чечим чыгарышат эми? Мына күнөөсү жок адамды камап алышты. Курман болгон милициянын туугандарын ушу күнөөлүү деп ишендирип алышты. Мунун чыга турган кандай жолу бар? Туугандары жол тосуп, күчүндө калсын деп ызы-чуу болуп атышат. Алар да ишенип атышат да.

Адвокат Нурбек Токтакуновдун билдиргенине караганда, күнөөлүү деп табылган 8 адам учурда Бишкектеги 47 камак жайда отурушат. Адвокат алардын шарттары кыйла жакшырганын, бирок алардын катарында өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун саламаттыгы ойдогудай эмес экенин белгилеп, муну тергөө учурундагы кыйноолордун кесепеттери деп түшүндүрдү.

Укук коргоочу менен кошо райондук сот күнөөлүү деп тапкандардан бешөөнө өмүрүнүн акырына чейин абак, экөөнө 20 жылдан, бирөөнө 9 жыл жаза чектеген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG