Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Жабырлануучулар Жогорку Сот Аскаровдун ишин кароону созушуна нааразы


Базар-Коргондогу митинг, 15-март.
Базар-Коргондогу митинг, 15-март.

15-мартта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда митингге чыккан жүз чамалуу адам укук коргоочу Азимжан Аскаровго берилген жазаны күчүндө калтырууну талап кылды.

Алар Аскаров июнь окуясында улуттар аралык араздашууга, киши өлтүрүүгө жана барымтага алууга катышкан деген ойлорун кайталашты.

Митингге чыккандар облустук сот өмүр бою эркинен ажыраткан укук коргоочу Азимжан Аскаров менен укук коргоочуларды айыптаган жана Жогорку Cотту адилеттүүлүккө чакырган плакаттарды кармап турушту. Былтыр 12-июнда Ош-Бишкек жолун торогон адамдардын колунан мерт болгон Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспектору Мыктыбек Сулаймановдун энеси Карамат Сулайманова укук коргоочу Аскаров баш болгон сегиз адамга карата кылмыш иши эки айдан бери токтотулуп турат деп, Жогорку Сотко нааразылыгын айтып турду:

- Буга окшогон укук коргоочунун бизге кереги жок. Эмне үчүн менин балдарымдын укугун, биздин укугубузду жана уулумдун жетим калган төрт баласынын укугун эмнеге коргобойт? Ошо укук коргоочулар ошо тополоңдон кийин качып кетип, издөөдө жүргөн төрт-беш адамды эмне үчүн телевизордон айтышпайт? Мен Жогорку Соттун эки айдан бери жыйынтык чыгарбаганына өтө катуу нааразы болуп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн баламдын достору, туугандары, балдары, кошуна- колоң, жалпы эл менен бирге айласыздан чыктым акцияга...

Нааразылыктын чыгышына “Жогорку сот Азимжан Аскаровду бошотот имиш” деген айың кептин тарашы себепкер болгон. Маркум милициянын капитанынын жесири Чынара Бечелова күйөөсүнүн өлүмү, массалык башаламандыктар боюнча айыпталган сегиз адамдын күнөөсү толук далилденгенин кайталайт:

- Жабыр тарткан он беш милиционер айтып атат, ошо жерде болгон, окуяны көргөн күбөлөр башка жабырлануучулар да айтып атышат, эмне үчүн биз ошолорго, күбөлөргө, милицияга ишенбешибиз керек? Аскаровго окшогондорду түрмөдөн бошото берсе, бизге жаза берише албайт экен дешип, эртең дагы тополоң чыгарып, бүлүк салбайт деп ким кепилдик бере алат? Өкмөт же башка биздин сөзүбүздү укпаса... Окуя болгондон бери тогуз ай өттү. Ошо тогуз айдан берки биздин ыйыбыз эмне үчүн ошолордун жүрөгүнө жетпей жатат?

Маркумдун агасы Нурмамат Сулайманов өткөн жылкы башаламандыктарда жакындарынан айрылган адамдардын моралдык жана материалдык чыгымдары эске алынбаганын айтуу менен Жогорку Сот Аскаровго чыгарган мурдагы өкүмдү күчүндө калтыруусун талап кылды:

- Алар мамлекетке каршы чыккан адамдар болуп атат, канча карапайым эл ушулардын айынан кыйналып атат. Булар мамлекетке канча зыян алып келишти? Муну эмне жогору жакта олтургандар, соттор эске алышпайт? Мен Жогорку Соттун ишине барып катышып келдим, булардын адвокаттары кесилгендерге чымын кондурбай атат. Буларда күнөө жок дешет, а күнөөсү болбосо, кантип ошо миң адамдын ичинен ушуларды алпарып, камашат? Жогорку Сот чечим чыгарбай кармап отурат. Азим Аскаров деген укук коргоочуну чыгарабыз деген аракеттер болуп жатыптыр. Эгер аны чыгарса, бул жерде бир эле менин иним өлгөн эмес, башка адамдардын да туугандары бар, алар менен чогулуп чыгып... Ошон үчүн Жогорку Сот райондук жана облустук соттун өкүмүн күчүндө калтыруусун суранамын.

Митингчилердин алдына чыккан Базар-Коргон райондук сотунун төрагасы Данияр Багышов сот акыйкат өкүм чыгарат деп митингчилерди ишендирип жатты:

- Бардыгы камакта отурушат. Республиканын Жогорку Соту тарабынан даттанууга жатпайт деген чечим чыгат. Азырынча райондук соттун да, облустук соттун дагы өкүмү күчүндө. Акыркы чекитти Жогорку Сот коюш керек, бирок акыркы чечим кабыл алына элек. Чечим кабыл алынса, ошо күнү эле телевидениеден, интернетттен берилет. Жогорку Соттун өкүмүн туугандарына беребиз.

Акцияга чыккандар менен кездешкен Базар-Коргон районунун акими Кубатбек Артыков айтылган талаптар жогорку бийликке жеткирээрин убада кылды:

- Базар-Коргондо эми стабилдүүлүк орноп, жарандарыбыз эми кичинеден бири-бирине ишенип жашап жаткан мезгилде соттун чечими чыкпай, күмөн санатып, акталат экен деген сөздөр чыгып,ошого нааразы болуп, ушинтип митингге чыгып жатасыздар. Анан кармалгандардан сырткары да ошо тополоңду уюштургандар чет жакаларда, коңшу өлкөлөрдө жүрөт дешет, аларды да кармап келишибиз керек. Жалпы ушу элдин атынан мыйзамдуу талап коюп, кайрылуу кабыл алып жиберсеңиздер. Биз жогорку жак менен, Жогорку Сот, Президент менен байланышып, маселени чечишибиз керек. Бизге тынчтык керек.

Район акими Кубатбек Артыков былтыр 12-13-июнь күндөрү болгон этностор аралык араздашуу маалында өзү да жабыркагаганын кошумчалай кетти.

Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамга июнь коогасы учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлуп, өткөн жылдын сентябрь айында Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду жана 5 кишинин үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун иши боюнча көзөмөл арызды быйыл январь айында карап баштаган эле. 8-февралда Жогорку Сот адвокат Нурбек Токтакуновдун Азимжан Аскаров кармалган жайдын шартын текшерүү өтүнүчүн канааттандырып, ишти белгисиз мөөнөткө жылдырган.

Аскаров болсо өзүнө коюлган күнөөлөргө макул болбой келет. Укук коргоочулар жана эл аралык байкоочулар буга чейинки сот жараяндары мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилеп келишет.

Чехиядагы "Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму болсо 8-мартта Азимжан Аскаровго белгилүү эл аралык Homo Homini сыйлыгын ыйгарды.

XS
SM
MD
LG