Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

"Абактагы укук коргоочуларга - эркиндик!"


Бишкекте бир катар укук коргоочулар абакта жаткан кесиптеши Азимжан Аскаров, казакстандык укук коргоочу Евгений Жовтис жана беларус укук коргоочусу Алес Беляцкийди колдогон акция өткөрүштү.

Укук коргоочулар абактагы кесиптештери ак жеринен камалып, түрмөдө ар түрдүү кыйноолорго тушугуп жатышканын айтышууда. Бирок мамлекеттик органдардын жетекчилери укук коргоочулардын мындай дооматтары менен макул эмес.

10-декабрь - Адам укуктарынын коргоо күнүнө карата уюштурулган акция Бишкектеги №47 абаккананын жанында өттү. Акциянын уюштуруучулары дал ушул абаккананын жер төлөөсүндө өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров бир жылга жакын убакыттан бери соттун акыйкат чечимин күтүп жатканын белгилешти.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова иш-чара боюнча буларды айтты:

- Укук коргоочу Азимжан Аскаров акыйкат сотту күтүп отурат. Коррупцияланган системада түрмөдө отурган адамдар азаттыкка чыгышы керек. Бул жерде жалгыз гана Азимжан Аскаров жөнүндө сөз болгон жок. Беларустагы авторитардык режимдин кесепетинен биздин шериктеш укук коргоочубуз Алес Беляцкий түрмөдө отурат.

Муну менен катар Казакстандагы чырмалышкан коррупциялык система укук коргоочу Евгений Жовтиске да акыйкат сот камсыз кыла алган жок. Ошондуктан ушул үч адамдын тагдыры тууралуу Кыргызстанга, аймакка жана дүйнөгө өз үнүбүздү кошуп жатабыз.


Исмаилованын белгилешинче, абакта Азимжан Аскаров ар кандай кыйноолорго тушугууда, бирок буга Аскаровдун ишин караган сот көңүл бурбай, көз жаздымда калтырууда.

Сот иши создугууда

Анткен менен айыпталуучунун адвокаттары буга чейин Аскаровдун түрмөдөгү жашоо-шарты жакшырып, ага мамиле оңолуп калганын белгилешкен. Акциянын алкагында укук коргоочулардын атынан Аскаров менен жолугушуп чыккан Чолпон Өмүрканова да мындай маалыматты тастыктады.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрайымы Чолпон Өмүрканова буларды айтты:

- Аскаровдун сөзү боюнча №47 абаккананын кызматкерлери адамкерчилик, ак пейилдик менен кызматтарын аткарып, ага гумандуу мамиле кылып жатышкан экен. Андан сырткары доктурлар күндө көрүп жатышат. Аскаровдун абактагы шарттары боюнча эч кандай дооматы жок.

Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова
Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова
“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулованын билдиришинче, Азимжан Аскаров Базар-Коргондо активдүү укук коргоочулук ишмердүүлүк жүргүзүп, милиция кызматкерлеринин айыбын ачканы үчүн гана камакка алынды:

- Азимжан Аскаровдун күнөөсүз экенине мен ишенем. Бул жерде Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүн изилдеген тартип коргоо кызматкерлери Сулаймановдун өлүмүнө Аскаров күнөөлүү деп, анын үй-бүлө мүчөлөрүн ишендирип алышты. Бул жөн гана Азимжан Аскаровдон өч алуу болду. Себеби ал акыркы 15 жыл ичинде Базар-Коргондогу милиция кызматкерлери тарабынан жасалган кыйноолоордун бетин ачып, канчалаган милиция кызматкерлерин, прокурорлорду жоопко тарттырган эле.

Анткен менен июнь коогасы учурунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Базар-Коргон райондук милициясынын кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жакындары Аскаровдун күнөөсү толугу менен далилденгенин айтышууда.

Маркум капитандын жесири Чынара Бечелованын айтымында, Аскаровдун жазасын алышына эл аралык уюмдар кийлигишип, сотко басым жасоодо:

- Райондук сотто, облустук сотто күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен Аскаровдун күнөөсү далилденген. Бирок соттук териштирүүлөрдө АКШнын элчилери, ЕККУнун өкүлдөрү келип, бизге басым жасашууда. Аскаров деген Кыргызстандын жараны, эмне үчүн буга кызыгып жатышат, мен түшүнбөйм.

Укук коргоочулардын айтымында, быйыл жайында Беларуста камакка алынган укук коргоочу Алес Беляцкий Кыргызстандагы абал менен жакындан тааныш болгон. Ал 2010-жылдагы коогалаңдан соң Кыргызстанга келип, өз иликтөөсүн жүргүзгөн.

Укук коргоодогу абал оңолгон жок

Укук коргоочулар акыркы учурда КМШнын аймагында укук коргоочуларды куугунтуктоолор көбөйгөнүн айтышууда. Анын ичинде эки ирет ыңкылып болуп, демократиялык жолго түштү деген Кыргызстанда деле абал өзгөрбөй жатат дешет.

“Адам укугун бузууну алдын алууда акча аяп, андан соң анын оор кесепеттерине кириптер болуп жатабыз”, - дейт Азиза Абдирасулова:

- Кыргызстанда 24-марттагы, 7-апрелдеги окуялардан кийин деле адам укуктары боюнча абал оңолуп кеткен жок. Биз бир нече жылдан бери аракет кылып кыйноолорду алдын-алуу боюнча борбор түзө турган мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштаган элек. Бирок болгону 9 миллион сом таба албайбыз деп, өкмөт муну колдоодон баш тартып жатат. Ошол эле учурда ар кандай белгилүү адамдардын тойлорун, мааракесин өткөрүүгө миллиондогон сом сарпталууда.

Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамга июнь коогасы учурунда Базар-Коргон райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө, тополоң уюштурууга катышты деп айыпталып келет.

2010-жылдын сентябрь айында Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Бирок Азимжан Аскаровдун адвокаты мындай чечим менен макул болбой Жогорку Сотко кайрылган эле. Ушул жылдын 29-ноябрына белгиленген соттук отурум Аскаров менен кошо айыпталып жаткандардын айрымдарынын жактоочулары соттук жараянга келбей калганынан улам 20-декабрга жылдырылган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG