Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызпатент мекемесинин казынасына автордук чыгармаларды пайдаланган тараптардан сегиз миллиондон ашык каражат түшкөн.

Учурда түшкөн каражат жергиликтүү жана чет элдик авторлорго берилип жатат. Кыргызпатенттин сый акысын алгандардын арасында колго тийген сумманын аз экенине нааразылар бар.

Эл артисти Гүлнур Сатылганованын аткаруусундагы ырлар акыркы жылдарда телерадио, кафе-ресторандарда бир эле күндө бир нече жолу ырдалышы мүмкүн. Бирок Гүлнур Сатылгановага Кыргызпатенттен өтө эле аз сый акы бөлүнөт.

- Кичинекей эле калем акы алабыз. Ырдын сөзүн жазган акынга өзүнчө, музыкасын жазган авторго өзүнчө бөлүнгөндөн кийин мага да аткаруучу катары берилет. Мисалы, мен кечээ Кыргызпатенттен жарым жылдык калем акымды алдым. Жети миң сом болду.

Саламат Садыкова Татарстанда өткөн фестивалда. 2010-жыл.

Саламат Садыкова Татарстанда өткөн фестивалда. 2010-жыл.

Эл артисти Саламат Садыкова да кечээ жакында Кыргызпатенттин кассасынан алты миң сом жарым жылдык калем акысын алды. Бирок Эл артистинин айтымында, калем акылардын минтип аз болуп жатканына Кыргызпатент күнөөлүү эмес. Ал ырчылардын чыгармаларын пайдаланып, бирок Кыргызпатентке автордук укук үчүн акы төлөбөгөн теле-радиолор көп деген пикирде:

- Маселен, кээ бир радиолор эмнеге эл тааныбаган ырчылардын ырларын кайра-кайра бере берет? Себеби, аларга калем акы төлөбөйт. Тескерисинче, ырын радиого чыгарганы үчүн акча алышат. Ал эми биз аларга бир да тыйын бербейбиз. Ошондуктан биздин чыгармалар жаңырбайт. Эгер пайдаланышса, ага акча төлөбөйт. Ал эми аткарылган чыгармалардын тизмесин так жөнөтүү ар бир теле- радионун өз абийирине байланыштуу.

Кыргызпатенттин Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын жетекчиси Рыс Турсуналиеванын айтымында, ар бир радио же теле ошол жерде аткарылып жаткан чыгармалардын тизмесин, авторун өздөрү жөнөтүп турат. Кыргызпатент өздөрү түздөн түз көзөмөлдөй албайт. Ал эми ырчылардын чыгармаларын пайдаланган кафе, ресторандар, соода борборлору, тойканалар - жайгашкан жери, сыйымдуулугу жана тамак-ашынын баасына жараша 150 сомдон 6 миңге чейин акы төлөйт.

- Былтыр 2013-жылы Кыргызпатент 8 миллион 300 миң чогултсак, 2014-жылы 8 миллион 600 миңден ашты. Бул былтыркыга караганда 17 пайызга көп. Телерадиокомпаниялар бизге жыл сайын отчет берет. Кайсы авторлордун чыгармалары аткарылып жатканы тууралуу. Анан ошого жараша түшкөн акча бөлүштүрүлөт. Бул эгер кыргызстандык авторлордун чыгармалары болсо алардыкын бөлүштүрүп беребиз. Чет элдик чыгармалардын калем акысы чет өлкөлөргө кетет. Себеби, теле радиолор жалаң гана жергиликтүү авторлордун чыгармаларын пайдаланбайт да. Айтор түшкөн акчанын 90 пайызы авторлорго кетип, 10 пайызы жергиликтүү авторлорду колдоо үчүн калтырылат. Маселен, жыл сайын акын-жазуучулардын китептери чыгып атпайбы. Бул ошол он пайыздан калган каражат.

Рыс Турсуналиева муну менен кошо өз чыгармасы телерадиодон аткарыла баштаган авторлордун калем акысы автор Кыргызпатентке келип өз чыгармасын каттатканга чейин үч жыл бою сакталып турарын айтты. Автору албаган калем акылар кайрадан Кыргызпатенттин коруна түшөт. Ал эми чыгармага төлөнө турган калем акынын суммасы мыйзамда көрсөтүлгөн чек боюнча белгиленет.

Соңку учурда акын-жазуучулар автордук укук маселесине көңүл бурулбай жатканын айтып келишет.

Соңку учурда акын-жазуучулар автордук укук маселесине көңүл бурулбай жатканын айтып келишет.

Көзү өткөн авторлордун чыгармалары 50 жылдан кийин мамлекеттин карамагына өтөт. Ага чейин мураскери алганга укуктуу.

Жазуучу Олжобай Шакирдин пикиринде, Кыргызпатентке барып чыгармасын каттатып, калем акы алуу маселесине келгенде айрыкча акын-жазуучулар көңүлкош мамиле жасайт.

- Дүйнөлүк адабиятта кайсы бир жазуучунун “Калем акыга келесоо автор гана кызыкпайт” деген сөзү бар эле. Анын сыңары калем акы маселесине келгенде чыгармачыл адамдардын ырчы-чоорчулардан башкасы ойлонбойт. Чыгармаларын өйдө-төмөн жарыялайт да Кыргызпанет менен тыгыз иштешкенден аксап жүрүшөт. Мен өзүм деле ошондоймун.

Олжобай Шакир ушундай себептерден улам учурда Кыргызстанда автордук укук темасы чети оюлбай жатканын, Кыргызпатентте сахна адамдарынын калем акысын бөлүштүрүүдө ачык-айкындык жоктугун белгиледи.

Учурда Кыргызпатентте үч миңден ашык автор, 18 миң музыкалык чыгарма расмий түрдө катталган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG