Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Пара чыры: прокурор 20 жыл жаза сурады


Азимкан Жусубалиев.
Азимкан Жусубалиев.

Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча жараян Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өттү.

18-июлдагы соттук жараянда мамлекеттик айыптоочулар Азимкан Жусубалиев жана аны менен бирге айыпталган эки адамдын күнөөсү далилденгенин билдирди.

Биринчи май райондук сотунун маалымат катчысы Асел Равшанбекова прокуратура мурдагы министрдин орун басарын 20 жылга кесүүнү соттон өтүнгөнүн билдирди:

"Прокуратура Жусубалиевди күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну жана 500 миң сом айыппул салууну сурады. Аны менен бирге айыпталган Болот Токтобаевдин үй- мүлкүн мамлекетке чегерүү менен кошо төрт жылга кесүүнү жана Бехруз Гулрузовго козголгон кылмыш ишин 314-беренеге өзгөртүү менен 2 миллион сом эсеп көрсөткүчүндөгү айыппул салуу сунушталды".

Кийинки жараян 30-июлга белгиленди. Анда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөп, андан соң өкүм чыгарышы керек.

Бирок Жусубалиевдин жактоочусу прокуратуранын өтүнүчүнө каршы чыкты. Адвокат Жыргал Бабаевдин айтымында, тергөө Жусубалиевдин күнөөсүн толугу менен далилдебей туруп катаал жаза берүүгө аракет кылууда:

"Тергөө Жусубалиевди "Todini" компаниясынын кызыкчылыгын көздөп, тендерде утканга жардам берген деп жатат. Бирок аталган компания өздөрү акча бербегенин айтты. Ал эми компаниянын өкүлү Гулрузов деген киши ишкананын атынан эмес, өзүмдүн акчамды бергем деп айтып жатат. Чынында эле Гулрузовдун "Todini" компаниясынын кызыкчылыгын коргойт деген тилкаты жок экен. Ошондуктан, Жусубалиевге тагылган айып коррупцияга каршы күрөш деген кампаниянын бир көрүнүшү болуп калды деп эсептейбиз".

Улуттук коопсуздук комитети Жусубалиевди өткөн жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаганын жарыялаган.

Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары акчаны өлкө аймагында курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан италиялык "Todini" компаниясынын өкүлдөрүнөн пара катары алган.

Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган.


УКМКнын маалыматы боюнча, андан мурда Жусубалиев ортомчулар аркылуу 120 миң доллар алган, ал эми ортомчулук милдетти анын туугандары аткарган.

Сот бул иш боюнча Азимкан Жусубалиевден башка эки кишини: Италиянын "Todini" компаниясынын Алматы шаарындагы филиалынын коммерциялык директору Бехруз Гулрузовго жана ортомчу болду деген Болотбек Токтобаевге айып таккан.

Бул иш убагында абдан чоң талкуу жаратып, президент Сооронбай Жээнбеков министрликтин ишин сынга алган. Мындан соң ошол кездеги транспорт министри Жамшитбек Калилов жумуштан кеткен.


Учурдагы бийликтин тарапкерлери Жусубалиевдин ишин коррупцияга каршы күрөштүн чыныгы далили катары сыпатташкан.

Ошол эле учурда коррупцияга айыпталган аткаминерди катаал жазага тарткан менен бул күрөштөн натыйжа чыкпай, жемкорлуктун аягы тыйылбаганын айткандар да арбын.

Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы сезилбей, чиновниктер андан сабак алган жок деген пикирде:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

"Коррупцияга каршы күрөштөн сабак алгандар жок. Өкмөт, өкмөт башчысы катуу киришип, бул жаатта ишин дагы күчөтүшү керек. Мына инвестиция жок, инвестор келбей жатат деп жатабыз, экономикалык көрсөткүчтөр артка кетти. Эгер биз коррупциялык көрүнүштөрдү тыйып, анын жыйынтыгын көрсөтүп, сабак алгандай комплекстүү иш алып барбасак, Түштүк Кореянын же башка өлкөнүн премьер-министри келип, миң жолугушуу өткөрсө да инвестиция келбейт".

Коррупция менен күрөш президент Сооронбай Жээнбековдун башкы ураандарынын бири болууда. Бул жаатта Бишкек ЖЭБи, Тарых музейин оңдоо сыяктуу бир нече чуулгандуу иштер ачыкка чыгып, мурдагы премьер-министрлер баш болгон көп сандагы аткаминерлер камакка алынды.

Бирок оппозиция камакка алынгандардын көпчүлүгү учурдагы бийликтин каршылашы болгонун жана бул күрөш саясий өңүттө жүрүп жатканын билдирүүдө.

Ошол эле кезде байкоочулар бажыдагы коррупция бир нече жолу көтөрүлгөнүнө карабай ага каршы чара көрүлбөй турганы, бул күрөшкө көлөкө түшүрүп жатканын белгилешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG