Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Абакта отуруп киллер жалдагандар


Кыргызстандагы абактардын бири
Кыргызстандагы абактардын бири

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы Бишкекте буюртма берип, адам өлтүрүүнүн алдын алды.

Ички иштер министрлигинин маалымат борбору баш калаада жашаган Орусиянын жаранын өлтүрүүгө түрмөлөрдүн биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адам буюртма бергенин аныктап, аны уюштурууга жана аткарууга аракеттенгендерди таап чыкты.

Жазаларды аткаруу кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, буга абакта отурган адамдын аялын кызгануусу себеп болушу мүмкүн.

Абак жайларындагы абал менен тааныш талдоочулар ал жактагылардын сырткы дүйнө менен байланышы күчтүү экенин белгилешип, кримчөйрө өкүлдөрү өзүнүн үй-бүлөсү турсун, ири ишкерлер тууралуу маалыматтарга ээ экенинен кеп салышты.

Түрмөдөн түшкөн “буюртма”

Жакында Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгы адам өлтүрүүгө буюртма берүүгө жана аны уюштурууга аракет жасаган кылмыштын бетин ачты. Буга байланыштуу адам өлтүрүүгө уюштуруучу жана аткаруучу катары даярданган эки адам кармалды.

Абактагы тузакка түшкөн кыз-келиндер

Абактагы тузакка түшкөн кыз-келиндер

Сизге кокустан чалган адам абакта экенин кантип билсе болот? Эмнеге кыз-келиндер үй-бүлөсүн таштап соттолгон адам менен бирге болууга макул болушат?

Мындан башка буюртма берүүчү катары шектелген жак түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адам экени аныкталып, териштирүү иштери башталды. Милиция тергөөнүн купуялуулугунан улам, бул ишке катышы барлардын ысымын жашыруун кармоодо.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев бул тууралуу буларга токтолду:

- Ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда мына ошол адам өлтүрүүгө буюртма берүүчү катары шектин изи түрмөдө жаткан адамга барып такалды. Ал адам 2014-жылы адам өлтүрүү беренеси боюнча көп жылга эркинен ажыратылган экен. Анан ал бирөөнү жалдап, акчанын жарымын берип, Орусиядан жакында келип, Бишкекте убактылуу жашап жаткан кишини өлтүрүүгө буюртма берген. Анын сүрөтүн жана сүйлөшүлгөн акчанын жарымын түрмөдөн башка бир адам аркылуу берип жиберген. Азыр ага кылмышты уюштурууга жардам бергендер да кармалды. Албетте, буюртма адам өлтүрүүнү аткарууга белсенип калган киллер дагы колго түштү.

Кылмышка түрткөн кызганыч

Бул факты боюнча тергөө Кылмыш-жаза кодексиндеги “кылмышка даярдануу жана адам өлтүрүүгө аракет” деген беренедеги кылмыш белгилери боюнча иш козгоду. Милиция өз учурунда абак жайларынан алынган ыкчам маалыматтардын негизинде бул буюртма адам өлтүрүүгө даярдыктын бети ачылганын белгиледи.

Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат катчысы Эленора Сабатарованын айтымында, түрмөдө отурган кишинин сырттагы адамды өлтүрүүгө буюртма беришине жубайын кызганганы себеп болгон:

- Буюртма адам өлтүрүү болушу мүмкүн деген маалыматтын негизинде биздин ыкчам кызмат менен уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы биргеликте иш алып барышты. Ал абакта отурганда аялы башка бирөөнү таап алганы тууралуу маалымат угуп, көңүлдөшүнүн көзүн тазалоого даярдана баштаганы тууралуу бир версия бар. Бул жерде түрмөдө отурган адам аялын кызганып, буюртма бериши мүмкүн экени каралууда. Мында бул ишти аткаруу үчүн 2 миң доллар тууралуу сөз болгону көрсөтүлгөн. Бирок соттолуучу жаткан баракты тинтүү учурунда жалданма адам өлтүрүүчүгө бериле турган акча табылган эмес. Бул иштин башка жагдайлары дагы азыр иликтенип жатат.

Телефон аркылуу абакка кирген миллиондор

Телефон аркылуу абакка кирген миллиондор

Эркинен ажыратылгандар түрмө жетекчилиги менен бирге Президенттик администрация жетекчиси Данияр Нарымбаевдин атын сатып, телефон аркылуу аткаминерлерди алдаганы ачыкка чыкты.

Бирок тергөө муну кылмыш уюштурууга түрткөн версиялардын бири катары гана кароодо. Ошондуктан абак жайында отурган адам менен ал өлтүрткүсү келген орусиялык жарандын ортосундагы мамиленин башка бир жагдайлары териштирилип жатканы айтылды. Талдоочулар абак жайларында отургандар эркиндиктеги абалдан дайыма кабардар экенин белгилеп келишет.

Кылмыш дүйнөсү тууралуу жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу абактагы уюшкан топтордун байланыш каналдарын төмөндөгүчө мүнөздөдү:

- Абак жайларында отургандар сырт менен кадимкидей эле байланышы турушат. Мында маселе деле жок. Рейд учурунда алардын телефондору тартылып алынды деген жөн эле маалымат. Колдонгондор колдоно беришет. Абакта отурган адамдын жанагындай маалымат алганы анын жеке үй-бүлөлүк иши. Кызганычтан адам ар кандай жолго барышы мүмкүн. Ошол эле кезде ал жактагы кримчөйрө сырттагы ири ишкерлер жана алардын каржылык абалы тууралуу оңой эле маалымат алып турушат. Буга чейин айрым кримтөбөлдөр абактан түнкүсүн чыгып алып, “салык” төлөбөй койгон ишкерлерге барып, маселесин чечип, кайра түрмөгө кирип кетет деген такталбаган маалыматтар да болгон.

Буга чейин жазаларды аткаруу кызматы түрмөдөгүлөрдүн сырт менен байланышын чектөө үчүн бир катар чаралар киргизилгени жарыяланган болчу. Буга байланыштуу абак жайларында чөнтөк телефондору сыяктуу байланыш каражаттарын колдонууга тыюу салынып, бул режимди бузууга карата жаза чаралары күчөтүлгөнү айтылган эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG