Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:45

Өлкө түрмөлөрүндө чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынганы менен абактагылардын телефон чалууларына алдангандар аз эмес.

Кыргызстанда бир гана абакта уюлдук байланышты басаңдатуучу аппарат орнотулган. Бул калган түрмөлөрдө мөөнөтүн өтөп жаткандар түрмө жетекчилигине билдирбестен чөнтөк телефон колдонуп, керек болсо интернетке кире алат дегенди билдирет.

Түрмөдөн "түгөй" тапкандар

Мындан кеминде бир жыл мурда бишкектик студент Керезге (аты өз өтүнүчү менен өзгөртүлдү) белгисиз жигит телефон чалат. Студент кыз өзгөчө жагымдуу сүйлөгөн жигит менен таанышып, телефон аркылуу сүйлөшүп калат.

Арадан убакыт өтүп, экөө ынак боло түшкөндө жигит түрмөдө экенин, бирок күнөөсү жоктугун билдирген. Керез бир чети анын айтканына ишенип, бир чети аяп, абактагы адам менен сүйлөшүүнү уланта берген.

- Кезигели деп чакыра берет экен. Мен бара албайм деп жүрө бердим. Бир жолу телефонума бирдик салып бер дегенинен өтүнүчүн аткардым. Аядым... Дагы бир жолу "келип кет" деди. Барсам, так ошол маалда ачкачылык жарыяланып, митинг болуп жатыптыр. Ал жактан формачан адам чыгып, “бул жерге силерди телефон менен эле алдап чакырганын билем, катышпай эле койгула” деди. Ошондо гана ага мен керек эмес экенимди, мени пайдаланып жатканын түшүндүм. Кетип калдым. Бирок ал бала дагы эле чала берди, актанды. Анан барбай койсом, ал “өзүңдү өзгөчө сезбечи, сендей кыздар көп эле” деп айтып, урушуп кеттик. Андан кийин номурумду алмаштырып салдым. Ошол боюнча жок болду.

Керез өңдүү түрмөдөгүлөр менен кокусунан телефондон таанышып, сүйлөшүп калгандар аз эмес. Арасында абакка тамак-аш киргизип, түрмөдөгү адамды күтүп калган кыздар да бар.

Өзүн Моника Молдалиева деп тааныштырган Бишкектин тургуну өз курбу кызы кабылган окуяны айтып берди.

- Мени таң калтырганы - түрмөдөгү баланын “мен банан жегим келип жатат, мен шоколад жегим келип жатат” дегени... Кудайдын куттуу күнү бирдик салдырат. Аягында кийим алып бере баштады. Курбу кызым сүт, айран киргизсе, “сен мени ооруканада жатат деп ойлоп жатасыңбы? Мага колбаса, тамеки киргиз”, - деген буйруктарды бере баштады.

- Курбуңузду коркуткан учурлар болбоптурбу?

- Мен ал бала менен сүйлөшүп, “сенин качан келериң белгисиз, кызды алдаба” десем, мени коркуткан. “Сен антпе, сыртта балдарым бар, сабатым кетем” деген коркутуулар болду.

Адатта абактан түшкөн мындай коңгуроолордун сценарийи дээрлик окшош: "жигиттер" өтө жагымдуу жана ишенимдүү сүйлөгөнгө аракет кылышат.

Интернеттеги форумдардан эркинен ажыратылган адам менен телефон аркылуу сүйлөшүп, бактылуу үй-бүлө курган кыздардын таржымалын табууга болот. Бирок бардык учур бактылуу аяктайт деп ким кепилдик берет?

Макаланын аудиоверсиясын бул жерден угуңуз.




Абакта отуруп, акча жасоо

Кантсе да абакта отургандар телефон аркылуу алдамчылык кылган окуялар аз эмес. Маселен, Таластын тургуну Келсиндин жашы өтүп калган атасына белгисиз бирөөлөр телефон чалып, белек утуп алганын айтышкан экен. Телефон чалгандар утушту алуу үчүн белгиленген номерге бирдик салып турууну талап кылышкан. Жыйынтыгында эч нерседен шек санабаган карыя миң сомдон ашык каражатын алдамчыларга алдырып койгон:

- "Бир нерсе утасың, марага аз калдың, дагы бирдик сал" дей беришиптир. Атам бирдик сала берген. Акырында мынча бирдик салсаң бул утушка ээ болосуң дегенинен бирдикти салып, ал номурга чалса, жок болуп кеткен. Ортодо миңден ашык акча күйүп жатат. Муну абактагылар жасабаганда ким жасайт?

Адатта бул өңдүү алдамчылык фактыларын абактагылар же эркин адамдар жасаганын так аныктоо кыйын. Байкоочулардын баамында, көбүнчө абактан чалгандар акчаны кайсы бир банктагы эсепке, дарекке жөнөтүүнү же кайсы бир кишиге берүүнү талап кылышпайт. Болгону башка телефонго бирдик которуу же бөлөк бир номурга акча салууну сурашат. Түшкөн бирдикти акчага айландырып алуу же башкасына которуп алуу кыйынга турбайт.

Интернеттеги “Фейсбук” түйүнүндө жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, абактагылар көбүнесе карапайым адамдарга кайсы бир лотореядан белек утуп алдың деп чалышат экен. Мындан тышкары өздөрүн кайсы бир мобилдик компаниянын, мамлекеттик органдын же министрликтин өкүлү катары тааныштырып, акча талап кылгандар бар. Маселен, уюлдук байланышты текшеребиз деп, телефондон ар түрдүү сандарды тердирип, бирдикти которуп алгандар кездешет. Орусия, Украинада да окшош ыкмалар колдонулаарын абактагылардын алдамчылыгын ашкерелеген интернет сайттардан көрүүгө болот.

Айрым “Фейсбук” колдонуучулары билдиргендей, соңку мезгилде “жакын адамыңыз кырсыкка кабылды, же каза болду” деп жалган айтып, ага жардам берүү үчүн телефонго акча салууну сурагандар пайда боло баштаптыр. Бирок кандай гана алдамчылык болбосун, убагында баамдап, чара көрүүгө мүмкүн дейт, мындай окуяга кабылган Бишкек тургуну Зарина Жусупова:

- Мага Орусиядагы тууганыбыздан посылка келди деп чалып калышты. Чалган киши телефонуна 214 сом жүктөп койсом, посылканы такси менен жөнөтүп койорун айткан. Мен анын номуруна бирдик салдым. Бирок анын таксиси таптакыр эле биздин үйгө жетпей койду. Анан байкап калгандан кийин салган акчаны операторго барып, кайра алдырып салдым. Кийин ошол байке кайра чалып, аябай ызаланып, сөгүндү. Анын айткан сөздөрүн мен азыр айтып бере албайм.

Мени таң калтырганы - түрмөдөгү баланын “мен банан жегим келип жатат, мен шоколад жегим келип жатат” дегени... Кудайдын куттуу күнү бирдик салдырат.
Абакта жаткандар же телефон аркылуу алдамчылык кылгандар телефон номурларын кантип табат? Бул маселеге арналган интернет форумдардагы маалыматка ылайык, түрмөдөгүлөр телефонду туш-келди териши мүмкүн же гезиттердеги жарнак, теле-радиолордогу таанышуу жарыяларынан алышы ыктымал. Жоголгон документин табуу үчүн жарыя бергендер да мындай алдамчылыкка кабылышы ажеп эмес. Мындан тышкары телефондон жүз кишиге бирдей маанидеги кыска билдирүү жөнөтсө, алардын ичинен сөзсүз бирөө жарым алданып калышы мүмкүн экен.

Бишкектеги биринчи тергөө абагынын жетекчиси Марс Жусупбеков түрмөдө мындай фактылар бар экенин тастыктап, алдангандарды укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды:

- Азыр интернет деген балакет бар эмеспи. Ар кайсы жакка реклама берип жатышса, таанышып жатышса, биз алардын баарын изилдей албайбыз да. Бирдик жүктөп, посылкаларын алып келип жатса, бул да кыздардын өздөрүнөн. Алар да каякка барып, кимге келип жатканын ойлошу керек. Мындан тышкары машина, муздаткыч утуп алдың деген алдоолор бар. Мындай фактылар бизде кездешип жатат. Булар боюнча телефондорду аныктоо иштери жүрүп жатат.

Түрмөгө телефонду ким киргизет?

Кыргызстандын мыйзамдары эркинен ажыратылган адамдарга чөнтөк телефон колдонууга тыюу салат. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жабык жайлардагы адамдардын саны 10 миңге чукул. Өлкө боюнча 11 түзөтүү колониясы, 6 тергөө абагы жана 14 жатак абагы бар. Алардын биринде гана, башкача айтканда Чүйдөгү Алга айылындагы абакта гана уюлдук байланышты басаңдатуучу аппарат орнотулган.

Уюлдук байланыш бар жерде интернетке да кирсе болот.

Уюлдук байланыш бар жерде интернетке да кирсе болот.

Бул жагдай эркинен ажыратылгандардын басымдуу бөлүгү жашыруун жолдор менен телефон колдоно алышат дегенди билдирет. Эгер телефондун мүмкүнчүлүктөрү туура келсе, байланыш бар жерде интернетке да кирсе болоору маалым.

Бирок түрмөлөргө телефон кантип киргизилет? Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова ой бөлүштү.

- Түрмөлөргө мен кирбейм, силер кирбейсиңер. Анда ким алып келип берет? Туугандары кирбейт. Керек болсо адвокаттарын да текшерип, телефондорун калтыртып туруп түрмөгө киргизет. Анан кантип эле түрмөгө телефон кирип калат деп баары таң калышат. Ошол жерде иштегендер өздөрү алып келип берет. Башка эч ким алып кирбейт. Алып кирип бергени үчүн, телефондорду таап алып, кайра кайтарганы үчүн акча алышат. Айланып, айланып келип эле акчанын кызыкчылыгы...

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарованын маалыматы боюнча, абактарда маал-маалы менен тинтүү иштери жүргүзүлүп келет. Табылган телефондордон кимдерге чалынганы такталып, маалымат укук коргоо органдарына жөнөтүлөт. Бирок чөнтөк телефондун баарын түрмө кызматкерлери киргизет деген туура эмес дейт, Элеонора Сабатарова:

- Тыюу салынган буюмдар кээде адамдык факторлордон улам, кээде башка себептерден улам түрмөгө кирип калат. Адвокаттары, туугандары деле киргизиши мүмкүн. Болжошуп алып, целлофан баштыктарга салып, тосмодон ыргыткандар болот. Бул болуп келген, боло берет. Түрмөдө отургандар чалды делген окуялардын канчасы далилдүү экени талаштуу маселе.

Деги эле түрмөдөн түшкөн коңгуроолор боюнча абакта жаткан адамдар өздөрү кандай пикирде? Түрмөдөгүлөр менен байланышууга аракет кылганыбызда, абактагылар жазылбаган мыйзамдар менен бул темада сүйлөбөй турганын билдик. Ошентсе да Кыргызстандагы абактардын биринде мөөнөтүн өтөп жаткан, өз аты ачыкка чыгышын каалабаган адам менен баарлашууга мүмкүн болду:

- Абакта жатып алдамчылык кылгандар барбы?

- Билбейм, андай балдарды көрө элекмин. Аны айта албайм дагы. Ким билет? Бир нерсе айтыш кыйын го...

- Сиз кандай ойлойсуз, эркинен ажыратылгандар телефон колдонушу керекпи?

- Албетте, үйдөгүлөр менен сүйлөшүп туруш керек да. Мындай алганда бизди эркиндигибизди гана чектеп коюшту. Башка нерседен ажыратуунун кереги жок. Биз деле адамбыз го... Башка мыйзам бузуу кылган жокпуз го...

- Телефонду жашыруун колдоносузбу? Билинип калса эмне болот?

- Ооба. Билип калса, кошумча мөөнөт берип калышы мүмкүн.

- Телефондон интернетке кире аласыздарбы?

- Жок. Бизде андай телефон жок.

Кылмыш дүйнөсүнүн бейформал лидерлеринин түрмөдөгү турмушунан көрүнүш.

Кылмыш дүйнөсүнүн бейформал лидерлеринин түрмөдөгү турмушунан көрүнүш.

Камактагы адам чөнтөк телефон колдонсо, кылмыш дүйнөсү менен байланышы сактала берери айтылып келет. Андыктан дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө түрмөдө чөнтөк телефон колдонууга тыюу салынган. Грузияда болсо түрмөдөгү адам телефон менен кармалса, анын камактагы мөөнөтү узарышы мүмкүн.

Кыргызстанда былтыркы түрмөлөрдөгү тополоң жана ачкачылык акцияларынан кийин абак ичинде телефон колдонгондорду жазалоо, жабык жайларга байланышты басаңдатуучу каражаттарды орнотуу демилгеси көтөрүлүп келет. Бирок Жаза аткаруу кызматы абактарга атайын аппараттарды орнотууга азырынча каражат жетишсиз экенин билдирүүдө.

Андыктан жарандар түрмөдөн түшкөн коңгуроодон сактануу үчүн өздөрүнө гана ишенүүгө туура келүүдө. Байкоочулар шектүү телефон чалуу болгондо, маселенин анык-бышыгына жеткиче шашылыш чечим кабыл албоого чакырышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG