Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Караколдо абактагылар ачкачылык жарыялады


№ 23 тергөө абагы, Каракол шаары, 5-декабрь, 2012.
№ 23 тергөө абагы, Каракол шаары, 5-декабрь, 2012.

Караколдогу 23-тергөө абагында 60 чакты адам 42 талап менен ачкачылык кармоодо.

Ысык-Көл облусунун борборундагы бул тергөө абагындагы ачкачылык акциясы 4-декабрда эртең менен башталган. Кечээ ачкачылык жарыялагандардын саны 80ге чукулдаганы кабарланса, бүгүн 64 адам тамак ичүүдөн баш тартып жатканы белгилүү болду. Жаза аткаруу кызматынынан берген маалыматка караганда, алар тергөө абагындагы айрым камераларды ачуу, тамак-аштын сапатын, кармоо шарттарын жакшыртууну талап кылышууда. Жалпысынан алар абак жетекчилигине 42 талап койгону айтылууда.

Тергөө абагынын жанында болсо эки күндөн бери абактагылардын жакындары алып келген тамак-аштарын ичкери киргизе албай, котолоп турушат.

Алардын бири Гүлзат Шакирова абактагы уулу эмне үчүн тамактан баш тартып жатканын түшүнбөй жатканын айтат:

- Кечээ келе албай калгам, бүгүн келсем минтип ачкачылык деп турушат. Тамак киргизейин десем албай жатат.

Дагы бир эне - Айымкан Сейдекматова быйыл эле бул абакта экинчи жолу ушундай иш болуп жатканын белгиледи:

- Мындай нааразылык быйыл ушуну менен экинчи жолу болуп жатат. Менин уулум бир жарым жылдан бери ушул жакта. Мурун мындай болчу эмес.

№ 23 тергөө абагынын башчысы Таалай Асаналиев болсо журналисттерге нааразылыктын чоо-жайын мындайча түшүндүрдү:

- Бул жерде отургандардын өздөрүнүн чоңдору бар. Алар “каалаган убакта каалаган камерага киришибиз керек, жумасына бир жолу абактагылардын баарын жыйнап, сүйлөшүп турушубуз керек”, - деген талаптарын койгон. Мен бардыгы мыйзам чегинде болсун деп макул болбой койсом, ушундай кадамга барып жатышат.

Таалай Асаналиевдин айтымында, ачкачылык жарыялагандардын тамак-аштын сапаты жана жашоо шарт начар дегени жөн гана шылтоо. Ал камактагылар коюп жаткан 42 талаптын ичинде мыйзамга таптакыр каршы келгендери бар экенин да кошумчалады:

- Эт, балык, сүт, айран, каймак, май деп жатышат. Алардын баары берилет. Тамагы убагында эле берилип жатат, алар кабыл албай жатат. Жебегендерин акт түзүп төгүп жатабыз. Учурда канча тамак төгүлгөнүн эсептеп, мамлекетке канча чыгым болуп жатканын аныктап жатабыз.

Акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Болот Абдиев ачкачылык жарыялап жаткандар менен эки күндөн бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал абактагылардын талаптарына мындайча токтолду:

- Жашоо-шартты оңдогула деп атышат. Тамак-аш, ич кийим, төшөнчүлөрдөн өйдө айтып атышат. Полго тактай төшөлсүн, сыз болуп, нымда жатабыз деп жатат. Анан электр жабдыктары, идиш-аяк менен жетиштүү камсыздагыла деген да талаптарды коюшууда.

Акыйкатчы өкүлү абактагылар коюлган 42 талаптын баары аткарылмайын ачкачылыкты токтотпостугун айтып жатканын да кошумчалады.

Бизге бул күнү ачкачылык жарыялагандардын өздөрү менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Тергөө абагынын жетекчилиги бул жерде жалпысынан канча адам кармалып турганы тууралуу маалыматты берүүдөн да баш тартты. Айрым укук коргоочулардын маалыматына караганда, болжол менен бул тергөө абагында 130дай адам отурат.

Кыргызстандын абактарында мындай нааразылык акциялар соңку жылдары утур-утур чыгып турушу жаңылык деле болбой калды. Быйыл жыл башында Бишкектеги абактарда да ачкачылык жарыяланып, оозун төөнөп алгандар да болгон.

Айрым серепчилер буга чейин айтканы айткандай аткарылып келген түрмөдө отурган кылмыш чөйрөсүнүн төбөлдөрү мындай ыкманы абактын жетекчилиги менен эсептешүү, шарт кою чарасына айлантып алган деп эсептешет. Ошол эле учурда шарттын чындап эле начардыгын, абактарда тартип жок болуп, башаламандык өкүм сүргөнүн айткандар да бар.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG