Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Милицияга ок аткандар аныкталууда


Бишкек шаарынын 8-кичи районундагы милиция кызматкерлери окко учкан үй, 5-январь, 2011-жыл
Бишкек шаарынын 8-кичи районундагы милиция кызматкерлери окко учкан үй, 5-январь, 2011-жыл

“4-январда милиция кызматкерлерине динге жамынган топтордун мүчөлөрү кол салган” деп билдирди ички иштер министри Зарылбек Рысалиев. Алардын буга чейинки бир катар чуулгандуу иштерге катышы бардыгы аныкталганын министр тастыктады.

Бишкектин 8-микрорайонундагы 8-үй эң биринчилерден болуп курулган 16 кабаттуу үй. Бул үйгө барганыбызда жашоочулардын үрөйү учуп, 4-январдын түнү болгон окуяны талкуулап жатышкан экен.

Милиция кызматкерлерине кол салуу болгон бул үйдүн биринчи кабатындагы мейманкананы укук коргоо кызматкерлери кайтарып турушту. Аталган үйдүн комитетинин башчысы Шайыр Алыбаева да түндөгү атышуудан кийин көргөн билгендерин мындайча баяндап берди:

- "Эже, сыртка чыгыңыз, ызы-чуу болуп жатат" деп ГОМдун жетекчиси мага чалды. Чыксам эшикте органдын кызматкерлери көп экен. Баары келишиптир, этажды суу аябай каптап жатыптыр. Үчөөнү атып кетишкен экен. Ысык сууга ок тийип труба жарылып кетиптир. Биз аны оңдоп подвалда жүрдүк.

4-январда кечки саат сегиз жарымдар чамасында Бишкектин 8-кичи районундагы 8/1 үйдүн бир батирине Бишкек шаардык Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери иликтөө иштери менен барган.

Аталган үйдүн биринчи кабатындагы мейманканага кире бериш жерде милиция кызматкерлерине белгизсиз бирөөлөр ок аткан. Натыйжада автоматтык куралдардын огунан милициянын капитаны Самат Жээнбеков, милициянын ага лейтенанты Алмазбек Сулайманов, милициянын лейтенанты Пиридинбай Исманов набыт болушкан. ИИМдин маалыматы боюнча, тартип коргоо кызматкерлери далысына көбүрөөк ок жешкен. Натыйжада кылмышкерлер милиция кызматкерлери аларды байкай электе эле ок чыгарышкан деп болжолдонууда. Ок аткандар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Күбөлөрдүн айтымында, милиция кызматкерлерине кол салды деп шектелип жаткандар мейманканага 3-январда келип бөлмө алышкан экен. Алар 4-январда дээрлик бөлмөдөн чыкпай жатышкан. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдиргендей, бул кылмышка шектүү деген беш адамга издөө жарыяланды. Мындан сырткары алардын буга чейинки чуулгандуу окуяларга катыштыгы аныкталды:

- Бул кылмышка тиешелүү деген бүгүнкү күндө беш кишинин аты жөнү аныкталды. Бул кылмышкерлер милиция кызматкерлерин атуунун алдында Бишкек ИИБнин алдына жардыруучу зат салынган машина алып келишкен, андан кийин Спорт сарайынын алдындагы жардырууга, Сокулукта АКШнын жаранына карата каракчылык иштерди жасаганы аныкталды. Биз аларды кармайбыз.

Марат Иманкулов, Зарылбек Рысалиев, Рахматулло Ахмедов
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Иманкулов милиция кызматкерлерине кол салган топту “жихадчылар” деп атады. Анын айтымында, “Жихад” уюму бир катар чет өлкөлөрдөгү уюмдардын идеясын туу туткан уюм катары Кыргызстанда мындан эки жыл мурда түзүлгөн. Бул уюмдун 20 мүчөсү бар. Учурда алардын жетөө кармалып, милиция кызматкерлерине кол салды дегендери издөөдө жүрөт. Марат Иманкулов бул уюм өлкөдөгү абалдын туруксуз болушун эңсеп, халифат куруу идеяларын багып жүрүшкөн дейт:

- "Жихадчылар" билинбей динге жамынып алып жүрүшкөн. Биз диндин кишилерибиз деп коюп, акырындап идеяларын бышыра беришкен. Бул деген чет өлкөлүк террористтик, экстремисттик уюмдардын идеяларын алып, ошолорду окуп, ошолорго камынып келген. Буларды уюштургандар сөзсүз болгон. Алардын кээ бири кармалды. Калгандарын издеп жатабыз.

5-январдын кечинде Бишкек четиндеги Беш-Күнгөй айылында жашырынып жүргөн белгисиз адамдарга каршы атайын операция өттү. Анда куралдуу каршылык көрсөткөндөрдүн бирөө тирүүлөй кармалды. Ал адам 4-январда милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө тиешеси бар делип издөө салынган 25 жаштагы Эдил Абдрахманов экендиги аныкталган.

Маалыматка караганда, террорчу делип шектелгендерди кармоо операциясы учурунда УКМКнын бир кызматкери окко учту. Каршылык көрсөткөндөрдүн экөө жок кылынды. Окуя болуп аткан жерден күч органдарынын жетекчилери билдиришкендей, бүгүнкү куралдуу каршылык көрсөткөндөр мурдагы террордук иш-аракеттерге жана кечээ күнү милиция кызматкерлеринин өлүмүнө тиешеси бар деген шек бар.

Беш-Күнгөй айылында террорго каршы чара өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

XS
SM
MD
LG