Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Ачылбаган кылмыштын “жоголгон” күбөсү


Камила Дүйшөбаева.
Камила Дүйшөбаева.

Мындан эки жыл мурунку Камила Дүйшөбаева аттуу студент кыздын табышмактуу өлүмүнө байланыштуу чуулгандуу кылмыш иши ачыла элек.

Жакында “Вечерний Бишкек” басылмасы Ички иштер министрлигиндеги булагына таянып, бул иштеги маанилүү күбөлөрдүн бири, саунанын администратору дайынсыз жоголгонун жазып чыкты. Ошондой эле басылма бул иштеги дагы бир күбө, мурдагы баш прокурордун агасы Калыбек Салянов бизнесин сатып, өлкөдөн чыгып кеткен жагдайлар тууралуу маалымат таратты. Парламент депутаты Аида Салянова бул кылмыш иши учурда саясатташып, ага жана анын жакындарына басым көрсөтүүнүн куралына айланып калганы тууралуу билдирди.

“Чубактын чуусундай” чубалган чуу

Мурдагы баш прокурор, учурдагы парламент депутаты Аида Салянова соңку мезгилде бийликке жакын маалымат каражаттары аркылуу анын агасы күбө катары өткөн кылмыш ишиндеги айрым жагдайларды атайылап бурмалаган маалыматтар таралып жатканына тынчсызданды. Оппозициялык маанайдагы саясатчы айым бул кылмыш иши боюнча анын агасы ондогон күбөлөрдүн бири катары өткөнүнө карабастан, негизги көңүл ага бурулуп, аны бул иште кылмышка шектүү адам катары көрсөтүү далалаты жүрүп жатканын айтты.

2014-жылы жазында киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаева аттуу 19 жаштагы студент кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши ички иштер министринин көзөмөлүндө болчу. Андан бери төрт министр алмашты. Ар бир ички иштер министри кызматка киришкенде бул чуулгандуу кылмыш иши ачыларын айтып, бирок изкубарлар ушул кезге чейин анын аягына чыгыша элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова бул кылмыш иши саясий кысым көрсөтүүнүн куралына айланып калганын айтып чыкты:

- Убагында мен баш прокурор болуп турганда ушул маалымат чыгып, анан “Салянова башкы прокурор болгондуктан тергөөгө таасир этип, бул кылмыш иши ачылбай жатат” дешкен эле. Бирок менин ал кызматтан кеткениме эки жыл болду. Эгерде мен чын эле ошол ишти ачтырбай, токтотуп, жылдырбай келген болсом, мына өткөн эки жыл аралыгында аны заматта эле ачып, айыптууларды жоопко тартышпайт беле? Мен башынан эле ким күнөөлүү болсо, ал жооп бериши керек деп айтып келе жатам. Анан күнөөсү жок болсо, анда азыркыга окшогон карандай эле каралай берүүнү токтотуу керек. Анткени ал агамдын үй-бүлөсү чоң. Беш баласы бар. Жалган маалыматтарды жайылтуу аларга аябай оор тийип жатат. Анан мен кайсы бир саясий маселе боюнча билдирүү менен сүйлөп калсам эле мага басым көрсөтүү үчүн улам бул маалымат чабуулун көтөрүп, унчукпай калсам, кайра токтоп калышат. Натыйжада мунун кесепетинин бардыгы агамдын үй-бүлөсүнө тийип жатат.

Күбөнүн көрсөтмөсү күбөлөнгөнбү?

2014-жылы 10-мартта 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып кетип, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң – 16-март күнү анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган.

Мен башынан эле ким күнөөлүү болсо, ал жооп бериши керек деп айтып келе жатам. Анан күнөөсү жок болсо, анда азыркыга окшогон карандай эле каралай берүүнү токтотуу керек.

Маркумдун атасы Эшмамбет Дүйшөбаев каргашалуу окуяга чейин анын кызы менен байланышып, тергөөгө көрсөтмө бергендердин арасында ошол кездеги баш прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Салянов бар экенин айтып чыккан.

Анткени Калыбек Салянов 2014-жылы 9-мартта ал студент кыздын суранычы менен кафеге барып, карызын төлөп, аны башка бир кафеге жеткирип койгону боюнча көрсөтмө берген. Ички иштер органдары маркумдун соңку телефондук байланыштары текшерилип, иш боюнча ондогон адамдар күбө катары сурак бергени маалымдалган. Жакында “Вечерний Бишкек” басылмасы Камила Дүйшөбаеванын сырдуу өлүмүнүн ачылбай жаткан жагдайлары боюнча ИИМдеги өзүнүн булагына таянып маалымат таратып, анда бул иштеги маанилүү күбөлөрдүн бири, саунанын администратору Дилнура Назаркулованын жоголуп кеткенин жазып чыкты.

Мурдагы баш прокурор Аида Салянова басылма ал адамдын тергөөдөгү көрсөтмөсүн атайын бурмалап жазып, түрдүү түкшүмөл ойлорго түртүп жатканын белгиледи:

- Маанилүү маалымат берген ал күбөнү эки жылдан бери кандайча жоготуп жиберишти, эмнеге анын өздүк маалыматтары дагы Мамкаттоонун базасынан өчүрүлгөн деген маалыматтар мен үчүн да абдан кызык. Бул жерде мына ошондой чуулгандуу иш боюнча ошентип көрсөтмө берди делген күбөнүн изин суутуу таптакыр эле баланын оюнуна окшош болуп жатат да. Ошол саунада иштеген Назаркулова деген аял “ошол кызды башка бир компания менен көргөндөй болгом, ал компанияны мен жакшы билем” деп көрсөтмө берген экен. Анан башка күнү жана башка жагдайда Калыбек Салянов жана Осунбек Жамансариев менен саунага келген тиги башка эки кызды дагы тааныйм деген экен. “Раматылык мына ошол Камила деген кыз башка бир компания менен келген. Анын буларга тиешеси жок” деп тергөөчүлөр бардыгын көздөштүргөн учурда көрсөтмө бериптир. Эми бул иш саясатташып, ал аялдын көрсөтмөсүн бурмалап, эки башка компания, эки башка күнү саунага келген жагдайды атайылап чаташтырып туруп, “саунанын администратору маркум Дүйшөбаеваны мына ошол Салянов менен чогуу көргөн” деген жалган жалааны жайылтып жатышат.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

Ошол эле кезде аталган басылмада жарык көргөн макалада бул иштеги негизги күбөлөрдүн бири Калыбек Салянов жакында Бишкектеги бизнесин сатып, өлкөдөн чыгып кеткени туурасында кошумча маалымат таратты. Кылмыш ишиндеги айрым жагдайлар боюнча көрсөтмө берген Калыбек Саляновдун азыр каякта экени белгисиз. Бирок анын кызыкчылыгын коргогон адвокат Айжан Орозакунованын айтуусунда, бул кылмыш иши боюнча Калыбек Салянов күбөлөрдүн бири катары гана өткөндүктөн тергөө органы анын кыймыл-аракетине кандайдыр бир чек койгон эмес. Мына ошондуктан адвокат Айжан Орозакунова аны өлкөдөн качып кетти деп айтууга негиз жоктугун айтты:

- Мен кызыкчылыгын коргоп жаткан Калыбек Салянов “качып кетти” деген туура эмес. Эгерде андан шаардан эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынып, эскертилсе же болбосо аны күбөдөн шектүүгө которуу боюнча тергөөнүн токтому чыкса гана ага карата бөгөт чарасы колдонулмак. Ошондон кийин гана ал шаардан сыртка чыгып кетсе, тергөөдөн качты дегенге негиз болот. Бул жерде азыр ага карата эч кандай шаардан чыкпоо тууралуу эскертүү дагы берилген эмес. Ал бул иш боюнча башка күбөлөр сыяктуу эле өлкөгө эркин кирип-чыгуу укугуна ээ. Аны бул укуктан эч ким ажыраткан эмес. Ошондуктан алдын ала эле аны качып кетти деп каралоо мыйзамга сыйбайт. Буга чейин ал тергөөгө чакырганда барып, күбө катары бардык суроолорго жооп берген.

Бурмаланган жагдайлар

“Вечерний Бишкек” басылмасынын маалыматы боюнча, бул ишти иликтеген изкубарлар Калыбек Салянов жана анын шериги эс алууга барган саунанын администраторун аныкташкан. Басылма анын тергөөгө берген көрсөтмөсү деген маалыматта Дилнура Назаркулова аталган эки адам 2014-жылы 10-март күнү кечинде үч саатка саунага буюртма берип, эки кыз менен келишкенин ырастаган. Анан ал “13-март күнү Камила Дүйшөбаеванын дайынсыз жоголгону тууралуу телеканалдан көргөнүн айтып, андан үч күн мурун саунага келген кыздардын бирин ага окшоштурганын айтып, тергөөгө көрсөтмө берген” деп жазып чыккан эле. Бирок басылма ал кийин өлкөдөн чыгып кетип, учурда Өзбекстандын аймагында болгондуктан тергөө эми анын көрсөтмөсүн пайдалана албастыгын кошумчалаган.

Бирок мында эки өлкө ортосундагы атайын келишим боюнча кылмышка шектүүлөрдү же күбөлөрдү кошуна өлкөдөн издеп табуу кыйын деле эмес экенин басылма негедир эске алган эмес. Ошол эле кезде Калыбек Саляновдун адвокаты Айжан Орозакунова иштин материалдары боюнча 10-марттан 16-мартка чейинки аралыкта анын коргоосундагы адам менен каза болгон кыздын телефон чалуулары болгон эмес. Камила Дүйшөбаеванын ага 9-март күнү бир жолку телефон чалуусу катталган. Анын эртеси ал үйдөн чыккандан кийин башка телефондук байланыштары да болуп, болжол менен 10-март күнү түшкө жакын анын телефону өчкөнү иштин материалдары аркылуу белгилүү болгон. Мына ошондуктан жактоочу тарап кылмыш ишиндеги күбөлөрдүн бири Дилнура Назаркулованын көрсөтмөсү “Вечерний Бишкек” басылмасында бурмаланган деген негизде гезитти сотко берүүгө даярданып жатканын белгиледи.

Ошол эле кезде Калыбек Саляновдун шериги деп саналган Осунбек Жамансариев басылмада келтирилген фактылар атайын чаташтырылган деп эсептеп, ага карата минтип оңдоо киргизген комментарий берген болчу:

- Саунанын администратору Назаркулова деген адам менен бизди тергөө учурунда көздөштүрүшкөн. Ал мени таанып тергөөгө ошентип көрсөтмө берген. Ошондой эле ал менин ал жакта караокеде отуруп, тамактанып, анан Салянов Мээрим жана Клара деген эки кыз менен чыгып кеткенин жана мага башка адамдар келип, алар менен дагы бир аз сүйлөшүп отургандан кийин биздин чыгып кеткенибизди ырастаган. Чүй облустук ички иштер башкармалыгында мына ошол Мээрим, Клара деген кыздар келип, Калыбек Салянов болуп 4-мартта ошол жерде болгонубузду ырастап, көрсөтмө бергенбиз. Биздин баарыбызды мына ошол Назаркулова деген адам менен көздөштүрүп туруп дагы сурашкан.

Осунбек Жамансариев.
Осунбек Жамансариев.

ИИМ жоромолго комментарий бербейт

Бул чуулгандуу кылмыш иши боюнча өткөн эки жыл аралыгында маркумдун жакындары, туугандары, курдаштары, бирге окугандары жана окутуучулары болуп жалпысынан төрт жүзгө жакын адам күбө катары суралган. Тергөө мына ошого байланыштуу кылмышка шектүү адамдардын алкагын аныктоо үчүн каргашалуу окуяга чейинки жагдайлардын таржымалын түзгөн. Бирок, улам жаңы министр алмашкан сайын бул кылмыш иши кайрадан жанданганы менен, ушул кезге чейин тергөө органдары негизги илинчектерди таап чыгып, кылмышка шектүү адамды аныктай алышкан эмес.

Ички иштер министринин тергөө иштерин көзөмөлдөгөн орун басары Данияр Абдыкаров тергөө материалдарына шилтеме берип, “Вечерний Бишкек” гезитине жарыяланган жагдайларды төгүндөгөн да, ырастаган да жок:

- Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык биз азыр тергөөнүн купуялуулугун сактап, андагы айрым жагдайлар боюнча маалыматтарды ачыкка чыгара албайбыз. Ал маалыматты аталган гезит каяктан алып жазганын дагы билбейм. Ошондуктан ал макала чынында эле тергөө материалдарына таянып жазылганбы же жокпу аны айтыш кыйын. Себеби биз буга окшогон маалыматтарды эч качан эч кимге берген эмеспиз. Аны бергенге тергөөчүдөн башка эч кимдин укугу жок. Ошондуктан буга мен дагы жооп бере албайм. Негизинен ишти иликтөөнүн жүрүшү көзөмөлдө. Бирок ал тууралуу биз азыр бир нерсе деп айтууга акыбыз жок.

Тергөөнүн тегеренген “тегирмени”

Бул кылмыш ишин башында Чүйдүн Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы козгоп, кийин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы ишти иликтөөнү өзүнө алган. Ошол кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаев бул кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөөгө чет элдик эксперттер тартылганын айткан болчу. Малайзиядан келген мобилдик байланыш тармагы боюнча адистер каза болгон кыздын телефонундагы каттоого алынганы тастыкталбай жаткан чалууларды жана кат жазышууларды изилдеп, бирок жыйынтык чыгара алган эмес. Анткени тергөө үчүн баалуу маалымат чыгышы мүмкүн делген WhatsApp тармагындагы байланыштардын түйүнү ачылбай калган.

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далил-жүйөлөрдүн негизинде Калыбек Саляновдун бул ишке тиешеси жок экени ырасталганын кийин билдирген:

- Биздин тушубузда андай нерсе аныкталган эмес. Биз бардык жазууларды көтөрүп чыгып, иликтеп чыкканбыз. Азыр деле ошонун бардыгын кайрадан көтөрүп жатышпайбы. Анан азыр иликтөө ишинде кандайдыр бир жылыштар болуп жатабы же жокпу менин кабарым жок. Биздин убакта бардыгы толук иликтенип чыккан. Ага карата эч кандай илинчек табылган эмес. Анан азыр эле кандайдыр бир жыйынтык чыгарып жиберишсе, анда алар азамат. Менде бир ишти жашырып жаба турган менде эч нерсе жок. Адам баласы күнөөсү болсо, анда ал жазасын тартышы керек.

Мелис Турганбаев.
Мелис Турганбаев.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүн ырастаган корутунду чыгарган. Бирок зордуктоонун же кыйноонун кандайдыр бир өзгөчө белгилери табылган эмес. Бирок жабырлануучу тараптын айтымында, экспертиза анын өзүнүн моюн орогучу менен муунтулганын тастыктаган. Мына ошондон кийин милиция каза болгон кыздын окуяга чейинки байланыштарынын изине түшкөн.

Бул иш боюнча Камиланын сүйлөшкөн жигити деп айтылган Кылыч аттуу жаран дагы тергөөгө көрсөтмө берген. Ал 10-март күнү Камила менен жолукмак болуп, бирок жолугуша албай калганын айткан. Бирок тергөөдө анын кылмышка катышы бар экени тастыкталган эмес. Буга чейинки ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин тушунда дагы бул кылмыш иши бир жолу жанданып барып, кайра токтоп калган болчу. Анда Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Бакыт Сеитов бул иш боюнча мурда көрсөтмө бергендерден кошумча суроолорго жооп алуу үчүн алар кайрадан суракка чакыртылганын мындайча ырастаган эле:

- Кылмышка шектүү болуп калышы мүмкүн деген негизги фигуранттарды кайрадан чакырып, кайра башынан тергөө амалдары жүргүзүлдү. Мына ошонун алкагында алар тергөөгө чакыртылган. Бул жерде кимдир бирөөнүн буюртмасы же кандайдыр бир жол менен бирөөдөн өч алуу дегенге болбойт. Бул жерде тергөөнүн өзүнүн кызыкчылыгы бар. Анын жүрүшүн көзөмөлдөй турган прокуратура органдары бар. Ошондуктан кандайдыр бир суроолор пайда болуп калса, тиешелүү адамдар суракка чакырылганы мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Ошол эле кезде тергөө органдары бул иш боюнча кылмышка шектүүлөр ушул кезге чейин аныктала электигин белгилеп келе жатат. Калыбек Саляновдун адвокаты Айжан Орозакунова учурда бул иш боюнча анын кызыкчылыгын коргоо үчүн тергөөдөн жаңы материалдарды сурап, бирок жооп алалбай жатканын билдирди. Адвокат Айжан Орозакунова “Вечерний Бишкек” гезити жарыялаган маанилүү күбөнүн жоголуп кеткен жагдайлары жана анын тергөөдөгү көрсөтмөсү боюнча кошумча материалдар менен таанышууга тергөөгө өтүнүч келтиргенин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG