Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда соңку эки-үч жылда аялдар арасындагы кылмыштуулук өсүүдө.

Кылмыш кылган кыз-келиндердин саны жыл сайын эки миңден ашат. Айрымдар муну өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начардыгы менен байланыштырса, кээ бири кыргыз кыз-келиндерине таандык сабырдуулук, токтоолук, кайраттуулук сыяктуу асыл сапаттардын жоголуп баратканынан көрүшөт.

Учурда соттолуп, абакта күн өткөрүп жаткандардын басымдуу бөлүгү шылуунчулук, маңзат жана адам өлтүрүү беренелери менен отурушат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, аялдар аралашкан кылмыштардын саны жыл сайын 100-200гө чейин көбөйүүдө. 2010-жылы 1612 кыз-келин кылмыш кылса, 2013-жылы алардын саны 2148ге жеткен. Жыл өткөн сайын кыргыз кыз-келиндери оор кылмыштарга аралашып жатканын адистер тынчсыздануу менен белгилешүүдө.

Жашы кырктан өткөн Турсунай (аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) шылуунчулук үчүн соттолуп, эки жылга жакын мөөнөткө эркинен ажыратылган. Турсунай жер жана үстөк пайызы менен арзан насыя алып берүүнү убада кылып, бир нече кишиден акча алат. Бирок акырында күрөөгө койгон үйлөрүн да кайтарып бере албай калат. Өзү болсо турмуш-шарттын начардыгынан жана алданып ушул жолго кириптер болгонун айтууда.

- Баары жокчулуктун айынан болду. Мен күйөөм менен ажырашып, балдарым жаш эле. Бир кызым майып да болчу. Ошондой учурда эки аял "жакырчылыктан чыгарабыз, үйдүн документин берсеңер үстөк пайызы жок он миң доллар беребиз. Дыйканчылык кылып, күзүндө ошол эле акчаны кайтарып бересиңер" дешкен. Мени ал аялдар менен бирөө тааныштырган болчу. Алар бизди Бишкекке алып барып, "кимиңердин таанышыңар бар, ошол жактан насыя алганга үйдү күрөөгө коюш керек" дешет. Мен чогуу иштеген бир эже менен тааныштыргам. Ал эже да акча издеп жүргөн эле. Ошентип беркилерге алдангам. Ал акчаны баарыбыз бөлүп алганбыз, мага да беришкен. Мен чындыкты айтам деп туруп алдым. 1,5 жыл отурдум, кайра чыгарып алышты.

Абактагы тигүүчү цех

Абактагы тигүүчү цех

Бул ишке аралашкан жана уюштурган үч-төрт аял топтолгон акчаны бөлүп алышкан. Ошондо Турсунайга да 5 миң долларга чукул акча беришет. Кийин ошол акчаны деле бирөөлөргө алдатып жибердим, мага буйруган жок”, - дейт ал. Анын айтымында, чогуу жүргөн аялдардын бири азыр эркиндикте экен. Экинчиси Кытайда оор кылмыш кылып, түрмөгө түшкөн.

- Алган акчамды кайра эле башка адамдарга алдатып жибердим. Бул ишти уюштургандардын бири Кытайда оор кылмыш кылып, өмүр бою кесилиптир деп уктум. Сүйлөшүп отурганда "эмнеге бул ишке бардың" деп сурайсың да. Баары эле тиричилик, көр оокаттын айынан барганын айтышат. Ошол акчаны алса, насыясын төлөйт элем деп ойлошот. Болбогон нерсе үчүн, ишенчээктиктен отургандар да бар. Бир орус кыз биринчи жолу эки бөлкө үчүн, кийин кайра эле ошондой себептер менен камалган экен. Түрмөдө экинчи-үчүнчү жолу отурам деп мактангандар да бар.

Аялдар абагы

Аялдар абагы

Ушу тапта аялдар абагында 400дүн тегерегинде кыз-келин жаза мөөнөтүн өтөөдө. Алардын басымдуу бөлүгү шылуунчулук, алдамчылык менен кесилгендер. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Абдылдаева билдирди:

- Кыргызстанда аялдардын жалгыз абагы бар. Анда кылмыштын бардык түрү менен соттолгон 400дөй кыз-келин жазасын өтөп жатат. Пайыз менен алганда басымдуу бөлүгүн шылуунчулук менен отургандар түзөт. Экинчиси - маңзат ташуу, сатуу беренеси менен соттолгондор. Үчүнчүсү - адам өлтүрүү. Калган бөлүгүн башка кылмыш кылгандар түзөт.

Аял - назик, аял - алсыз, аял - аруу, аял - эне, боорукер, мээримдүү жан дейбиз. Анда эмнеге соңку жылдары оор кылмыш кылган кыз-келиндердин тизмеси узарып баратат? Буга эмне түрткү болууда?

Адистер муну өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начардыгы менен байланыштырууда.

Журналист Жаркын Темирбаева экономикалык, социалдык теңсиздик, аялдардын абалын жакшыртуучу саясаттын жоктугу, коомдогу көңүлкоштук кыз-келиндерди кылмышка түртүп жатат деген ойдо.

- Биринчиден, муну мамлекетте абалдын өтө начарлап кеткени менен байланыштырса болот. Аял киши өтө оор кылмыш кылганга алсыз, анын табити ошондой, жумшак, назик дегендей. Бирок соңку учурда аялдарды аёо мамиле анча сезилбей, курал катары колдонуу басымдуу болгондуктан, кылмыш кылган кыз-келиндердин саны көбөйүп жатат. Өз үйүндөгү теңсиздикке, укуксуздукка, басмырланууга каршы чыгам деп кылмышка кабылгандар арбын.

Аялдардын “Мутакаллим” коомдук бирикмеси абакта отурган жана түрмөдөн чыккан кыз-келиндер менен он жылдан бери иштешип келет. Алар соттолгондорду ыйман жолуна салып, мындан кийин кылмышка аралашпоого үндөө иштерин жүргүзөт.

Жамал Фронтбек кызы

Жамал Фронтбек кызы

Бирикменин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы абактан чыккан кыз-келиндерди колдоп, кайрадан коомго аралашуусуна шарт түзчү мүмкүнчүлүктөр жок болуп жатканын белгилейт. Анын айтымында, мындай абал алардын кайрадан кылмыш жасап, түрмөгө барышын шарттоодо.

- Эки-үч жолу соттолгон адамдар реабилитация болуп, жашоого кайра киришүүсү кыйын болуп калат. Учурда алар менен иштешип, психологдор сүйлөшө турган борбор же эки-үч ай жөлөкпул төлөп турчу шарт жок. Өзгөчө киши өлтүрүү беренеси менен отургандардын турмушу өтө кыйын. Алардын балдары да уялат. Же үйүнө бара албайт, же башка жакка кете албайт, оор абалда калууда. Иштейин десе иш жок. Ошондуктан кээде атайылап кылмыш жасап, түрмөгө түшкөндөрү да жок эмес.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда соңку эки-үч жылда аялдар арасындагы кылмыштуулук өсүүдө. Деген менен кыйын кезең, көр оокат аялдарды кылмышка түртүүдө дегенге таптакыр кошулбагандар бар.

Мирзохалим Каримов

Мирзохалим Каримов

Кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим Каримов аялдар темасында бир топ чыгармаларды жазган. Буга байланыштуу алардын кулк-мүнөзүн көп изилдедим дейт ал “Азаттыкка” курган маегинде.

- Кылмыш кылган аялды бирөө түрттү, алданды, азгырды деген шылтоо менен кыз-келиндерди жоопкерчиликтен алыстаткан ой-пикирлер бар. Мен ошого каршымын. Мен аялдар темасында көп чыгармаларды жазып, анын айынан алардын психологиясын жазып жүрөм. Аял-эркектин укугу бирдей болгондон кийин кылмыш кылганда ошого жараша жазасын тартыш керек. Өзүнүн жоопкерчилигин сезип, билип туруп деле кылмышка баргандар жок эмес. Тескерисинче, мен аялдарга талап азыраак коюлуп жатабы деген ойдомун. Талап болсо, ташталган балдардын саны азаят эле.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аялдар жасаган экстремисттик кылмыштар, радикалдык идеяларды жайылтууга аракет кылган кыз-келиндер көбөйгөн. 2005-жылы мындай мүнөздөгү кылмыштардын 1 пайыздан ашуунун аялдар жасаса, азыр бул көрсөткүч 23 пайызга жеткен.

Ал эми биз башында сөз кылган Турсунай кыз-келиндерди кылмыштан алыс болууга, жеңил жашоого кызыкпоого чакырууда. Анын кесепетин биздин каарман эселеп төлөөдө. Үй-бүлөсүнөн, ден соолугунан ажырап, балдарына керек учурда мээрим төгө албай калганы үчүн ушул күнго чейин өкүнүп келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG