Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Турганбаев: Садыркуловдун иши шайлоо саясаты эмес


Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча иштин тегерегиндеги суроолорго жооп берди.

«Азаттык»: Мелис мырза, өткөн аптада Садыркуловдун ишине байланыштуу кылмыш болгон кезде күч структураларын көзөмөлдөгөн бир нече жетекчи суракка чакырылат деген маалымат тарады эле. Кээ бир булактар алар да айыпталууда деп атышат?

Мелис Турганбаев: Ошол кезде күч структурасында иштеген жетекчилердин бардыгы ММКларга чыгышып бул жол кырсыгы, эч кандай кылмыш болгон эмес деп жалган жалаа менен Осмоновду 12 жылга соттоп жиберишкен. Апрель революциясынан кийин Осмоновду 14 жолу бычак менен сайып, мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Ошол окуянын изин жашыруунун аракеттерин жасашкан. Бүгүнкү күндө тергөө болуп атат. Ошол этапка жете элекпиз, азыр биз окуянын кандай болгондугун түзүп, ар бир кармалган кылмышкерлерди алып чыгып кандай болгонун көрсөтүү, изилдөө иштерин өткөрүп атабыз. Ошол кезде ким чыккан, ким жолдомо бергендиги боюнча, ошол жердеги жетекчилер айтышкан да мындай кылып бурмалагыла, же мындай кылгыла деп, суроо иштери башталат. Ошол кезде күч структураларын жетектеп турган жетекчилердин баарын чакырабыз.

«Азаттык»: Элмурза Сатыбалдиев, Молдомуса Конгантиев, Адахан Мадумаровдун аттары аталууда. Ошол кишилер Садыркуловду өлтүрүү иши жөнүндө кабардар болушкан деп шектенип атасыздарбы?

Мелис Турганбаев: Билишкен эмес. Бул жерде ишти бурмалагандыгы үчүн, ошону жакшы көзөмөлгө албаганы үчүн аларды биз суракка чакырабыз.

«Азаттык»: "Сөөмөй, кулак" кылмыш иши 8 күндүн ичинде ачылган. Бул кылмыштын башында да Жаныш Бакиев турган деп сиз айтыптырсыз. Ошондо жакшылап тергелишине жол берилсе, балким Садыркулов өлбөй калат эле деген сын айтылып атат. Буга эмне деп жооп бересиз?

Мелис Турганбаев: Президенттик администрациянын башчысы болуп аткандан кийин мага жашыруун тапшырма берип ушул кылмышты ачып бер деген. Мен 6-8 күндөн кийин ачып, бардыгын алып келгенден кийин Жаныш Бакиевге келип такалган. Мен ошондо эле ал кишиге (Садыркуловго) айткам, сизге ушундай нерселерди алып барып белек катары берип аткандан кийин, сизге эскертүү берип атат, сиз чектен чыгып атасыз, эмкиси бөлөкчө болот деген белги менен берип атат, мындан сак болуңуз дегем. Ишти андан ары чыгарууга уруксат бериңиз дегенде болбой коюшкан. Мен Садыркуловдун өзүнө кайрылгам. Андан кийин мени куугунтуктап, иш козгоп, ар кандай жалааларды жаап туруп иштен алып коюшту.

«Азаттык»: Ал киши эмне үчүн баш тартып койду?

Мелис Турганбаев: Президент менен өзү сүйлөшсө керек, ал жагын бизге түшүндүрүп айткан жок. Бул кылмыштын артынан бир жарым жылдан бери биздин топ иштеген. Керектүү материалдардын баарын убагында алып топтоп койгонбуз, ошонун негизинде ачылды.

«Азаттык»: Убакыт шайлоого дал келип атат, албетте айрым суроолор пайда болуп жатат.

Мелис Турганбаев: Мен анда шайлоодон кийин ачалы деп токтотуп коюшум керек да, убакыт ошого келип калды, ошол маалда ачылды. Былтыр Ошто окуялар болуп кетти, мен түштүктө жүрдүм. Бул ишти сотко өткөрүп жиберишкен. Кайра ишти таап Жогорку Сотко алып барып берип, алар кайра карап чыгышып, бизге кайра жибергенге 2-3 ай убакыт өтүп кетти. Бул жерде шайлоонун алдында саясат кылып атат деген туура эмес. Бул төрт адамдын өлүмү болгон оор кылмыш. Буга биз Осмоновдун өлүмүн ачып туруп андан кийин чыктык. Дагы көп нерселердин бардыгы белгилүү болуп, анан Садыркуловдун, Слепченко, Сулаймановдун өлүмү ачылып атат.

«Азаттык»: Бул топ Садыркуловду өлтүрүш үчүн эле негизделгенби, же туруктуу иштеген бир топ беле?

Мелис Турганбаев: Мунун башында Жаныш Бакиев турган. Бул жерде эки топ болгон. Биринчи Жаныш Бакиевдин тобу, бул жерде мамлекеттик күзөттүн балдары, чек ара кызматкерлери бар. Андан сырткары Анапияевдин тобунда жүргөн криминалитеттер турган бул топто. Баары биригип келип кылмыштуу топко айланып калбадыбы. Бүгүн Жаныш Бакиевге айып койдук Садыркуловдун өлүмү боюнча. Эми биз кылмышкер катары ага издөө жарыялайбыз. Көп мамлекеттер саясий мотивде издеп атасыңар деген. Ошон үчүн биз ага кылмышкер катары издөө жарыялайбыз, Интерпол боюнча да жарыялайбыз. Бүгүнкү күндө ушунун баарын угуп туруп, башка мамлекеттерге дагы -Тажикстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстанга айтып бердик.

«Азаттык»: Ансыз да издөөдө жүргөн да?

Мелис Турганбаев: Азыр беттери ачылды. Жакында биз Курманбек Бакиевге да ушул иш боюнча айып коёбуз.

«Азаттык»: Анын ролу кандай эле?

Мелис Турганбаев: Мамлекет жетекчиси болуп турган да. Анын ролун тактап атабыз. Биздин маалыматтар боюнча ал кишинин уруксаты жок мындай иштер жасалбайт.

«Азаттык»: Жаныш Бакиев менен Курманбек Бакиевдин ролун бөлүп айтсаңыз. Мисалы Жаныш Бакиев ишти уюштурган киши, Курманбек Бакиев заказ бергенби?

Мелис Турганбаев: Жаныш Бакиев ишти уюштурган, жасаган аягына чейин, топторду түзгөн катары өтүп атат. Курманбек Бакиевге маалымат топтоп атабыз, мен ал киши буйрук берген деп айта албайм. Азыр тактап атабыз, анын буйругусуз мындай чоң иштер жасалчу эмес.

«Азаттык»: Эки журналист: Сыргак Абдылдаев жана Асыран Айдаралиев биздин радиого интервью берип, Садыркуловдун ишине байланыштуу кызыктуу жагдайларды айтып беришти. Ал кишилер дагы суракка чакырылышы мүмкүнбү?

Мелис Турганбаев: Эгер ал кишилер Бишкекке келсе, биз алардын коопсуздугун тейлеп беребиз. Тиешелүү маалыматтар болсо, биз кызыкдарбыз, бизге жардам берсе жакшы болот эле. Биз алар кайда экенин билбейбиз. Радио аркылуу мени угуп атса, же сайтыныздардан окуп калса айтып коёюн, келсин, алардан күбө катары маалыматтарды алып иштөөгө даярбыз.

«Азаттык»: Мелис мырза, азыр кармалгандардын тарапкерлери нааразылыгын билдирип, атүгүл чыкканы жатышат деген маалыматтар даяр болууда. Кандай аракет көрөсүңөр?

Мелис Турганбаев: Кыргызстанда бул көнүмүш адат болуп калбадыбы. Чыкса чыга берсин, алардын өзүнүн эрки, мыйзам чегинде баарына жооп беребиз. Ал балдардын ата-энелери, адвокаттары келип көрүп атышат, аларды эч ким кыйноого, мажбурлоого алган жок. Бул жөнүндө кимге барып айтам дегенге даяр болуп калган кези экен, бардыгы жүрүп аткан тергөөгө өзүнүн ыктыяры менен жооп берип атышат. Күнөөсү жеңил, күбө катары өткөндөрдүн кээ бирин коё бердик. Азыр дагы карап көрөбүз, күнөөлөрү жеңил болгондорун иргеп акырындап коё беребиз. Бүгүнкү күндө тергөө иши жүрүп аткандан кийин кээ бирлери абакта отуруп турганы жакшы болот го деп ойлойм. Себеби булардын өмүрүнө коркунучтар бар, күбө катары өтүп аткандар бар. Мен туугандарына айтат элем, чыкса жооп берербиз. Бирок бүгүнкү ачылып аткан кылмыштын артында ошол жылдары болгон оор кылмыштарга да жакын аранын ичинде чыгабыз го деп ойлойм. Ошонун үстүнөн да иш жүрүп атат.

«Азаттык»: Бул кайсы иштер, айта аласызбы?

Мелис Турганбаев: Руслан Шаботоевдин өлүмү, аны ачылды деп ошол кезде бурмалашкан. Санжар Кадыралиевдин өлүмү да бар. Ал кезде бизде көп маалыматтар бар болчу, ошол кылмыштарды күнөөсү жок адамдарды уруп-сабап мойнуна илип койгон деген. Садыркуловдун өлүмүнө тийиштүү кылмыштын жана башка кылмыштардын окшош жактары бар.

«Азаттык»: «Кандуу жол» деген китепти окудуңуз беле?

Мелис Турганбаев: 90 пайыз окшоштук жактары бар экен деп айткандыктарынан мен да окуп көрсөм, чындыгында окшоштуктары бар экен. Автору бүгүнкү күндө ачыкка чыкты. Ал киши менен жакында жолугуп сүйлөшөбүз.

«Азаттык»: Бул сырттагы киши, бул ишке тиешеси жок?

Мелис Турганбаев: Жок, тиешеси жок. Бул маалыматтарды кайдан алгандыгы тууралуу сүйлөшөбүз.

XS
SM
MD
LG